Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

"Гезитти жардамчыларым окуп берет"
Редакциянын телефону кечке тынбайт. Окурмандарыбыз райондо же айылда не кызыктар болуп атса бизге кабарлагандарына кубанбай койбойсуң. Айылда болуп аткан окуялар, элдин турмушу, айыл өкмөткө жана акимдерге болгон нааразылык, айылдын ооруканасы, мектеп көйгөйлөрү… деги койчу, бардык кызыктар биздин окурмандарда. Бул жолу да түш оой тээ Кочкор районунун айылынан чалып жатам деп бир апа чалды. Алгач телефонду орус тилдүү биздин администратор алганда бир топ нерсени жобурап, акыры биздин айылга келип кеткиле дегенди түшүндүрдү. Анан кайрадан менин кол телефонума чалып, дарегин айткан.

Элеттеги ар бир окурмандын сураныч, тилегин орундатып жүрөбүз. Айрымдар атайы адистерден кеңеш алууну кааласа бул жолу биз Кочкор районундагы демейде өздөрү райондун "конечныйы" деп атап алган Талаа-Булак айыл округунун Дөң-Алыш айылынын кадырлуу тургуну 90 жаштан ашкан Сагынбүбү апанын кеңешин угуп кайттык. Барганыбызда жылуу үйдө неберелери менен отурган экен.
-Аппей,кайдан келдиңер, булар кимдер деп алгач айыл өкмөттөн барган өкүлдөрдү тааныган жок. Алар да тамашалай "Апа, мен Сагынбекмин. Тээ калаадан бир кызыңыз издеп келиптир" дегенде гана мени менен учурашып, ал-жай сурашып келген жайымды түшүндүрдүм.
-Апа ден соолугуңуз кандай, неберелер менен эрмектешип балалыгыңызды сагынгандырсыз?
-Ден соолугум жакшы кыбырап кирип-чыгып балдарга жөлөк болуп отурам.
-Канча балаңыз бар, небере, чөбөрө…
-Айланайын кудайдын кулагы сүйүнсүн 17 балам бар. Алардын экөө кыз. Баары өз бүлөө, оокаты менен алек. Ылайым ошондой болсун. Неберелеримдин, чөбөрөлөрүмдүн, кыбыраларымдын жакшылыгына күбөө болуп, минтип аларга жөлөк болуп отурам. Күйөө балдарым, келиндерим эстүү, кебимди эки дешпейт. Мен да алардын обонуна көнөм. Абышкам да ушул жакшылыктарды көрсө болмок деп калам. Балдарың эстүү чоңоюп, эл кызматында же өз бүлөөсүн тың багып кеткенин өзү чоң ийгилик.
-Тээ сиздердин убакта таалим-тарбия башка эле. Эми минтип бары өзгөрүп, тарбиянын да мааниси кеткендей. Бала тарбиялоонун да үлгүсү болобу?
-Болбой койчу беле… Биздин убакта балдарды эмгекке тарбиялачубуз. Ата-эненин же өзүнөн улуу адамдын айтканы аткарылчу. Азыр заман башка. Бирок билимге, эмгекке умтуруп тээ деңиздин ары жагына чейин барып окуп келген жаштарга ыраазымын. Кай бирлер ошол жактан ата-энесине акча жөнөтүп багышат деп угам. Өзү жөнсүз жүргөн адам башкага тарбия бере албайт. Биринчи тарбияны өзүбүздөн башташыбыз керек. Атасы кетмен кармабаса же энеси ийне саптабаса аны кантип мээнеткеч дыйкан же колунан көөрү төгүлгөн уста бол дешет. Мен балдарымды кичинесинен эле эч кимдин акысын жебеш керек, калптын казаны кайнабайт деп үйрөткөм. Азыркы жаштар бир эсептен жыргал жашоодо. Баары өнүккөн, чет элге саякаттаса же ошол жактан иштейм десе мүмкүнчүлүктөрү бар.
Бир чети бары кымбат. Союз учурундагыдай тыйын менен соода кылган заман буларга жомок. Мен небере, чөбөрөлөрүмө 3 тыйындын, 5 тыйындын кадыр баркын же ошол учурдагы азык -түлүктүн наркын тыйын менен айтсам абдан таң калышат. Кай бирде "чоң апамдар жыргап жашачу экен" деп калышат. Чындыгында биз Үркүндү, согушту, андан кийинки жетишсиз турмушту баштан кечирдик.
-Гезит-журналдардан, теледен көз албай маалымат алат экенсизда?
-Ооба, күндөлүк жаңы­лыктарды, балдарымдан, неберелеримден, теледен угам. Гезиттерге көзүмдүн курчу жетпейт. Андайда жардамчыларым окуп беришет. (небере, чөбөрөлөр К.И.) Силердин гезитинер да айылга келип калат. Бул чыгарылышын да балдарыма окутуп алам. Мал ылаңдарына каршы дары-дармектер, нукура көөнөрбөс байлыктарыбыз тууралуу да көп-көптөн жазып тургула. Элеттеги элге кеңеш керек. Мал чарбачылыгы биздин байлыгыбыз. Силер да гезитиңерге кызыктуу макалаларды үзбөй берип тургула. Анда-санда эмес, колубузга ар дайым тийишине биз дагы аракет кылабыз.

Кундуз Исмаилова
Бишкек-Кочкор-Би шкек

P.S. Ар бир айылдын сыймыгы кадырман карылар. Алардын айткан кеби ташка тамга баскандай. Жогоруда айткандай бала тарбиялоонун да үлгүсү бар экени талашсыз. Көөнөрбөс кут, берекке айылда. Айылдагы кубанычыңар же жанылыгыңар тууралуу бизге кат жазып кабарлашкыла.




Аксыдан кат келди
Гезитке Аксы районундагы , Ак-Суу айылынын тургуну Али-Шер Чомоновдон кат келген. Каты кубанып окудук. Албетте бул биздин гезиттин айылдарга жетип, окурмандар өз пикирлерин айтууга шарт түзүлгөндүгү десек болот. Алгач гезиттин жамаатына чыгармачылык ийгилик каалап өз сунушун жазып жөнөтүптүр. Айыл деми гезитинин редакциялык кеңешине, жамаатына, башкы редакторуна Алтын Казык Аксынын Ак-Суусундагы окурмандардын ыраазычылык каты.

"Эми гезит апта сайын чыгып, жазылууда саны көбөйүп 10 миң чыкса дейбиз. Тоолук айылдардагы рационализатор, ойлоп табуучулар, ишкер инсандар жөнүндө көбүрөөк жазыңыздар. Айыл чарба азыктарына болгон баалар, алдыңкы тажырыйбалар. Алдыңкы техногогияны колдонгондор менен катар айылдагы мектептерге да бет арнап койгула. Элибиздин көөнө тарыхы, каада-салты, жерди иштетүү унутта калбасын. Поззияга, көркөм табитти калыптандырууга көңүл буруңуздар. Эми "Айыл деми" гезитине жазылабыз башка газеталардай биздин жүйөлүү добушубузду укпамыш болуп, уктамыштыкка салып койбоңуздар" деген кат келди.


Көңүл айтуу
Гезитти басмаканага даярдап жатканда Али-Шер аганын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын угуп ичибиз ачышты. Кап, эмдиги иш сапарымда жоолугуп, баарлашсам деген элем. Биздин эле гезитти эмес, республикабызда жарыкка чыккан басылмаларды үзбөй окуган, өз пикирин башкалар менен бөлүшө билген эң негизгиси өзүнүкүнөн да башкалардын жакшылыгына кубана билген мыкты инсан эле. Айылда карапайым адамдардын катарын толуктаганы менен жан дүйнөсү, руханий байлыгы мол болчу. Качан барсаң бөлмө толо китептерин барактап отурчу. Ырларын барактап жогорудагыларды гезитке жарыяладык.
Али-Шер аганын
балдарына, бир туугандарына көңүл айтуу менен бирге аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Не дейбиз… Али-Шер ага жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торколуу болсун.
"Айыл деми" гезитинин редакциялык
кеңеши жана жамааты






я

кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??