Тоолор - дүйнөдөгү
суунун баш мунарасы
Дүйнөдөгү негизги дарыялардын башаты тоолор. Жер шарындагы адамдардын жарымы тоодон келген сууну ичкенге, үй-тиричилигинде пайдаланганга, сугарганга, өндүрүшкө жана энергетикага пайдаланышат. Суу жашоонун, жашыл айлана-чөйрөнүн, дүйнөдөгү жаңылануунун булагы, ал тоодогу жана анын айланасындагы шаарларда жашаган калктын очор-бачар болушун камсыздап турат. Аба-ырайынын өзгөрүшүнүн айынан бир жерде суу тартыш болуп жатса, бир жерде суунун көптүгүнөн суу кирип, сел болот. Мындай чоң масштабдуу процесстер тоолуу региондордун өнүгүшүнө таасир берип, көп жерлердин азык-түлүк менен камсыз болуусун үзгүлтүккө учуратат.
o Тоонун кургакчыл региондору ошол дарыя бассейндерине үстүңкү агымдын 80-100 берет, бул региондордо экономикалык өнүгүү үчүн тоо суусу абдан олуттуу. Жай маалында да жамгыр жааган региондордо тоонун суусу абдан маанилүү нерсе. Дүйнөдө 1,35 миллиард адам же болбосо калктын 20 Гималайдагы Гиндукуш тоосундагы чоң дарыялардын бассейндеринде отурукташкан. Бул региондогу экономикалык тез өнүгүү да көпчүлүгүндө тоо суусунун шарапатына байланыштуу.
o Суунун тартыштыгына карабай аны пайдаланууда уруш-талаштын ордуна кызматташуу басымдуу болууда. Мамлекеттердин бири-бири менен болгон мамилесин караганда акыркы 50 жылда 263 дарыянын 67 бири-бири менен макулдукта пайдаланылып, 28 гана талаш-тартыштуу мүнөзгө ээ болгон. Мындай кырдаалды сактап же жакшыртуу үчүн атайын аракеттерди жасоо керек.
Натыйжалуу саясат жасоонун мисалдары:
o Тоо суусун акыл-эстүү башкаруу фактысын моюнга алуу дүйнөдөгү приоритеттүү курс - суу кризисине байланыштуу болуп эсептелет.
o Тоо суусунун ресурстарын башкарууну жакшыртуу үчүн олуттуу чара көрүү мындай жол менен ишке ашышы керек:
- Сууну тиричилик жана өндүрүштүк, сугат максатында эффективдүү пайдалануу.
- Сууну жыйноонун потенциалын баардык деңгээлде арттыруу.
- Мамлекет ичинде жана мамлекет аралык деңгээлде суу бассейндерин биргелешип башкарууда кабыл алынган токтом жана конвенциядагы теңчилдиктүү келишимдердей болгон институционалдык чаралар.
- Рейн же Меконг дарыяларынын бассейндери боюнча Комиссияларындай болгон үлгүлөрдү карап, ошондой механизмдердин негизинде жакшы натыйжаларды, сабактарды алуу керек.

"Ключевые участники
глобального устойчивого
развития" деген аталыштагы брошюрадан которулду




  ЖАҢЫЛЫКТАР

"Чыгышэлектр"
кошумча каражат берет
"Чыгышэлектр" ААК басма сөз кызматы билдиргендей, өмүрүнө кооптуу болуп эсептелинген 400дөн ашык кызматкер акча каражаты менен камсыздандырылды. Жумуш учурунда айрым кырсыктар болуп кетсе, жабыр тарткандарга буга чейин төлөм жүргүзүү жагы каралган эмес. Ишкананын жетекчиси Жыргалбек Турускулов белгилегендей, "Чыгышэлектр" ААКнын кызматкерлерин камсыздандырууга мекеме жылына 118 миң сом төлөп турат. Ал эми камсыздандыруучу компаниядан 66 млн. сомдон ашык каражат каралды. Эске сала кетсек, жогорку кубаттуулуктагы аба чубалгыларын калыбына келтирүү иштери боюнча Ысык-Көл областында 145 электро монтер, 79 айдоочу, Нарын дубанында 136 монтер, 46 айдоочу аткарат. Бир кызматкерлерге каралган лимит эки жылдык айлык маяна фондуна барабар. Бул багыттагы бардык келишимдерге кол коюлуп, макулдашуулар күчүнө кирди.
31-августта туура 20 саат 20 мүнөт 20 секундада "Спартак" стадионунда театрлаштырылган оюн-зооктор башталат
16-августта, КР президенти Роза Отунбаева Курманжан датканын 200 жылдыгын жана эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын өткөрүү боюнча Башкы дирекциянын директору Султан Раевди кабыл алып, мааракелик иш-чараларга көрүлүп жаткан даярдыктарды талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын өткөрүү боюнча негизги майрамдык иш-чаралар Кыргызстандын бардык аймактарында 30-31-августта өтмөкчү. С.Раев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын жана Курманжан датканын 200 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, Бишкекте Ч.Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи 30-августта, ал эми Ала-Тоо аянтында "Айкөл Манас" эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи 31-августта өткөрүлмөкчү. Ушул эле күнү кечинде туура 20 саат 20 мүнөт 20 секундада "Спартак" стадионунда театрлаштырылган оюн-зооктор башталат. Мамлекет башчысы майрамдык иш-чаралар эң бийик уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүшү керектигин белгиледи. "Ушул жылы биз республикабыздын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына чоң салым кошкон элибиздин белдүү кыздарынын бири, мамлекеттик ишмер Курманжан датканын 200 жылдыгын өткөрүп жатканыбыз өзгөчө символикалуу десек болот. Ушул мааракелик иш-чаралар эң жогорку деңгээлде өткөрүлүшү керек", - деди Р.Отунбаева

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 9-октябрда болот
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 9-октябрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Президенттин "Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүн дайындоо тууралуу" жарлыгына ылайык, 9-октябрда Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңешин, Тогуз-Торо ройонундагы Көкирим, Атай айылдык кеңешин, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Конор, Жерге-Тал айылдык кеңешин, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешин, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешин, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешин жана Ош шаардык кеңешин шайлоо өткөрүлөт. "Жергиликтүү кеңешти шайлоо тууралуу" мыйзамына ылайык, Ош, Каракол, Токмок шаарларынын депутаттыгына талапкерлерди шайлоонун алдындагы үгүт иштери 9-сентябрда башталат.

Ош шаарында 60 жана 40 батирлүү үйлөр колдонууга берилет
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекция тарабынан 7 имарат колдонууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик дирекциянын басма сөз кызматы билдирди. Ош шаарында 3 көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери аяктоо алдында турат. Эгемендүүлүк күнүнө карата Анар кичи районундагы 5 кабаттуу 60 батирлүү үй жана 4 кабаттуу 40 батирлүү үй колдонууга берилет. Бул имараттарда бардык курулуш, монтаждоо иштери аяктаган. Атабаева көчөсүндөгү 5 кабаттуу 30 батирлүү үй да тапшырууга даяр. Жалал-Абад облусунда 2 кабаттуу 16 батирлүү үй курулуп бүттү. Жаңы окуу жылынын башталышында Жылкелди айылындагы Т.Алымбеков атындагы орто мектеп ишке кирет. Бул мектеп 520 орунга ылайыкташтырылган. Шарк айылындагы Сары-Мазар аймагында жайгашкан Курманжан Датка күмбөзүн реконструкциялоо иштери да аяктоо алдында турат. Эгемендүүлүк күнүнө карата согуштун жана эмгек ардагерлеринин Ош областтык кеңешинин жана укук коргоо органдарынын имараттарын оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлөт.

Кыргызстанда быйыл 99 миң бала 1-класстын босогосун аттайт
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева билдиргендей, жаңы окуу жылында 99 миң жеткинчек 1-класстын босогосун аттайт. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу миң балага көптүк кылат. Жаңы мектепке кире турган өспүрүмдөрдүн жарымынан көбү мектепке чейинки даярдыктан өттү. Кыргызстанда 2197 орто билим берүү жайлары бар. Өлкөдөгү жалпы мектеп окуучуларынын саны 1 миллиондун тегерегинде.

Үч эм балдардын
жарык дүйнөгө келиши
Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгындагы Шамшиевдердин үй-бүлөсүндө үч эм - 2 эркек, 1 кыз төрөлдү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта жазылгандай, ата-энеси балдарынын ден соолугу чың, өздөрүнө бек болсун деп, аларга Бектур, Бекбол жана Бегимай деген ысымдарды коюшту. Ош шаарынын мэриясы Шамшиевдердин үй-бүлөсүнө 15 миң сом акча каражатын бөлүп берди."Ар бир үй-бүлөдө баланын төрөлүшү - чоң бакыт. Ал эми үч эм балдардын жарык дүйнөгө келиши - жалпы Кыргызстандын кең келечеги. Ош шаарынын мэриясы Шамшиевдердин үй-бүлөсүнө ар тараптан жардам көрсөтүп, үч эм балдардын чоңоюусуна көмөктөшүп турат", - деди Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев. Ымыркайлардын энеси Айжамал Шамшиеванын айтуусунда, балдардын абалы жакшы.

Жаңылыктар "Баракелде" сайтынан даярдалды




"Айыл деми"сиздин гезит
Урматтуу окурман журтчулугу! "Айыл деми" гезитинин бул чыгарылышында адаттагыдай эле салтка айланып калган рубрикалардын алкагында маалымат берүү менен бирге басылманын кызыктуу, окумдуу болушуна аракеттендик. Чоң-Алай районундагы элдин кытайлык компания келип алтын иштетип жатканына нааразы экендиктери менен катар Нарындан келген катта Солтон-Сары жайлоосундагы Бучук аймагынын кытайлык компаниялар иштеткенине болгон Миң-Булак айылынын тургунунун пикирин эч оңдоосуз бердик. Биринчи беттеги сүрөт Эгемендүүлүктүн 20 жылдык мааракесине карата берилди. Айтканга оңой болгон менен ошол 20 жыл ичинде Кыргызстанда жакшы иштер аткарылганы айтканга арзыйт. Баардыгыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм. Ар дайым түндүгүбүз бийик, керегебиз кенен болуп, дастарконубуз нанга толсун! Ар бир айылдагы карапайым калктын добушун, айылдын ажайып кооз ажарын, көңүл жаздымда калган көйгөйлөрүн ачык билдиргенге басылмада толук мүмкүнчүлүк бар. Андыктан биз менен байланышыңыздар. Элеттеги эмгекчил элдин көптөгөн тажрыйбалары да айтканга арзыйт. Мына ушул багытта редакцияга кат жөнөтүп, каалаган суроолоруңуздарга жооп алсаңар болот. Гезит окумдуу болуш үчүн сиздердин, тактап айтканда окурман журтчулугунун ой-пикирине муктажбыз. Уюткулуу элибиздин улуттук көрөңгөсүн таба билүүбүз зарыл. Дыйкан-фермердин деги эле элеттин кызыкчылыгын жогору коюп, анын өнүгүшүнө өз салымын кошсом деген "Айыл деми" гезити сиздердин кеңешиңиздерди да укканга даяр. Сиздердин пикириңиздерди билип туралы деп купонду уюштурдук. Гезиттин 15-бетиндеги акысы төлөнгөн купонго өз сунуш, пикириңизди, түйшөлткөн сурооңузду, кубанткан кубанычыңызды жазып, бизге жөнөтсөңүздөр болот. "Айыл деми" басылмасынын ар бир чыгарылышын калтырбай окуйм десеңиз, жазылуу да жүргүзүлүп жатат. 15-беттеги жазылууга кайдыгер болбоңуз. Бир айлык гезит үчүн болгону 6сом, 36тыйын гана төлөйсүз. Айыл тургундары үчүн саптык жарнамалар бекер. Ал эми модулдук жарнамалардан түшкөн каражат гезиттин келечекте туруктуу басылма болушуна жумшалат. Биздин гезит окурмандарга издегенин таба турган, ич жылытып жага турган гезит болсо деген тилек. Аталган басылмага жазылсаңыз жаземдебейсиз.Тоодо болобу, шаардабы биз силер мененбиз урматтуу окурмандар! Тартынбай биз менен байланышып, сырдашып чер жазып алгыла. Жок, көйгөйүбүздү да, кубанычыбызды да жеринде көргүлө деп байланышсаңар болот.
Кундуз Исмаилова