Кургак учук-жугуштуу дарт
"Кай жериң ооруса жаның ошол жерде"-деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Бирок баардык илдетти алдын алууга неге болбосун. Бул жолу биз кургак учук ооруусу тууралуу маалымат берүүнү чечтик. Дарыгер дарылайт деп эмес, өзүбүз алдын ала сактаналы.
Жабыркоо
Жыл сайын кургак учук оорусу менен дүйнө жүзүндө 8 млн.дон ашык адам ооруйт. Өлүмгө дуушар болгондордун саны 2 млн.дон ашат.
Кургак учук оорусу - жаратылышта жугуштуу оорулар менен катар социалдык ооруларга да кирет. Ошондуктан кургак учук оорусу менен ооругандар социалдык-экономикасы төмөн, өрчүп келе жаткан жумушсуздук, миграция көрүнүштөрү көп өлкөлөрдө кездешет. Ага Индия, Кытай, Орто Азия өлкөлөрү кирет.
Кохтун таякчалары
Негизинен бул оору өпкөсүндө кургак учук оорусу бар, ал карыганда бактерияларды бөлүп чыгарган кишиден жугат. Бактериялар демекчи, бул көзгө көрүнбөгөн абдан кичинекей туберкулёз таякчалары, мисалы аларды лабораторияда микроскоп алдында 1000-1200 эсе чоңойтуп караганда гана көрүнөт. Бул микробду 1882-жылы 24-мартта немец окумуштуусу Роберт Кох ачкан. Ошондуктан бул бактерияларды көпчүлүк жерде Кохтун таякчалары деп келишет. Ушул таякчалардын ачылуусунун негизинде 100 жылдан кийин бүткүл дүйнөлүк ден-соолукту сактоо закону бул күндү кургак учук менен күрөшүү күнү деп белгилеген.
Кургак учук таякчалары 3 айга чейин кургакчылыкта -26 градус С ге чейин муздаткычта, спиртке да өлбөй туруштук беришет. Түз тийген күндүн нурунда жарым саатка чейин жашашат. Бул микробдун мындай өзгөчөлүктөрү кургак учук оорусунун канчалык коркунучтуу экенин, аны менен күрөшүү канчалык кыйынчылыкты туудурганын ачык-айкын далилдейт.
Таралуу жолдору
Негизинен кургак учук оорусу өпкөсү ооруган киши жөтөлүп, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө, какырык менен шилекейинде кохтун таякчаларын бөлүп чыгаруу менен таралат. Бул жерде эл арасында айтылып келген ачык туберкулёз деген түшүнүктү айтып кетүү зарыл. Мындай оорулар менен чогуу жүргөн, бирге жашаган, көп убакыт бирге байланышта болгон кишилер ушул ооруга чалдыгышы мүмкүн.
Ачык түрүндөгү өпкө кургак учугу менен дарыланбай жүргөн оорулуу киши бир жылда 10-15 кишиге жуктурушу мүмкүн.
Кургак учук таякчалары организмине кирген кишилердин баарысы эле ооруй бербейт. Оору өөрчүп, белгилери пайда болуш үчүн белгилүү шарттар керек.

Кургак учук менен кандай адамдар оорушат?
Ден-соолугу таза кишиде белгилүү деңгээлде иммунитети болот, б.а. микробдор, вирустар жана башка ооруну чакыруучу агенттер менен күрөшүү механизмдери иштейт. Анын төмөндөп кетүүсүн, башка жугуштуу оорулар, кокустук жарат алгандар, жашоо шарты начар, тамак-аш сапаты төмөн, белок, витаминдер жетишпеген балдар, аялдар арасында төрөттөн, аборттон кийинки мезгилдер алып келет.
Кимден жана
эмнеден жугат?
Кургак учук 90 га чейин аба аркылуу жугат. Ошондуктан чаңдан, турмуш эмеректеринен жана тамак-аш аркылуу жугушу мүмкүн.
Эгерде өпкө кургак учугунун өтүшүп кеткен оор, аябай тараган түрү менен ооруса энеден курсактагы балага жугушу мүмкүн, бирок, көпчүлүк учурда ымыркай төрөлгөндөн кийин энесинен жуктурат.
Кургак учуктан уулануу
Негизинен кургак учук жаш балдарга бакча жана мектеп курагындагыларга жугат. Бул кезде балдардын организмине ар түрдүү өзгөрүштөр менен байкалат. Мисалы, баланын айлана-чөйрөгө кызыгуусу азаят, тез чарчайт, ачуусу бат келип, тамакка болгон табити төмөндөйт, дененин ысышы пайда болот, мектеп курагындагылардын окуу деңгээли төмөндөшү байкалат. Муну биз кургак учуктан уулануу деп атайбыз.
Кургак учуктун
белгилери:
Үч жумадан ашуун жөтөл;
Жалпы алсыздык жана тез чарчоо;
Табиттин (аппетит) жана салмактын төмөндөшү;
Чыйрыгуу;
Түнкүсүн тердөө;
Көкүрөктүн оорушу;
Бул белгилердин бирөөсүн байкасаңыз, токтоосуз өзүңүздүн үй-бүлөлүк дарыгериңизге медициналык жардамга кайрылыңыз! Дарыгер өпкөдө кургак учуктун болушуна күмөн санаса, анда оорулуудан какырык анализин алат.
Кургак учукту толугу менен айыктырууга болот, эгер сиз:
Врач-фтизиатрдын айтуусу менен канчалык эрте дарылана баштасаңыз;
Дарыларды үзгүлтүксүз толук айыккыча ичсеңиз. Кургак учукка каршы дарылоо 4-5 түрдүү дарыны 2-3 ай ооруканада ичүү менен, андан кийин 4-5 ай жашаган жериңиздеги медициналык мекемеде медицина кызматкеринин түз кароосунда жүргүзүлөт.
Сиздин организмдин коргоо күчтөрү сизди кургак учуктан сактай алат.
Ал үчүн сиз:
Таза, күчтүү тамак-аш жеңиз;
Таза абада көбүрөөк болуңуз;
Гимнастика менен машыгыңыз;
Тамеки, алкоголдук ичимдиктер жана баңги заттардан алыс болуңуз.
Дартты аныктоо
Дартты аныктоо азыркы мезгилде жакшы системага коюлган. Ар бир дарыгер кайрылган оорулууларда кургак учук күмөн болсо какырыкты 3 жолу изилдегенге жөнөтүшөт. Бул ыкма дартты тез жана оңой жол менен дарылайт. Себеби какырыктын ичинде кохтун таякчалары табылат. Кээ бир мезгилде өпкөнүн кайсыл жагы сезгенгенин аныкташ үчүн рентген сүрөттөр жасалат. Оорулуу дарылоо курсунан өтөт. Тилекке каршы жаңы табылган оорулардын ичинен 15-20 пайызынын өпкө көңдөйлөрү жабылбай, оору өтүшүп, дагы деле кургак учуктун таякчаларын бөлүп чыгаруусу улана берет. Мындай учурда өпкөнүн ооруга чалдыккан жерлеринен өнөкөттүү көңдөйлөрдү алып салып, таза айыктырууга толук шартыбыз бар.
Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе
Оорулуу жана аны курчап тургандар үчүн өздүк жана жалпы гигиенаны сакташ зарыл. Буларга көрүнгөн жерге какырып, түкүрбөө, эл арасында, транспортто жөтөлгөндө оорулуу мурдун бет аарчы менен тосуу, үйбүлөдө орулууну өзүнчө бөлмөгө бөлүп, идиш-аяктарын 2 соода эритмесинде кайнатып тазалоо, бөлмөлөрдү шамалдатуу, төшөнчү, жаздыктарды күнгө жаюу, убагында эс алып, тамеки тартпай, спирт ичимдиктеринен алыс болуусу шарт.

Кургак учуктан сактаныш, аны көзөмөлгө алуу, эл ичинде азайтуу бир гана дарыгерлердин иши эмес, ал жалпы коомдун иши. Эгерде кызыккан суроолоруңуздар болсо, кургак учук боюнча тагыраак маалымат алгыңыз келсе улуттук фитизиатрия борборуна кайрылыңыздар.
Даярдаган К. Исмаилова




Компьютер картайтабы…
Компьютердин адам баласынын ден соолугуна тийгизген терс таасири туурасында көп эле жолу уксак да,
азыркы техника өнүккөн заманда жумуштарыбыздын көбүн компьютер менен бүтүрүп, узак мөөнөткө иштөөгө
аргасыз болуп келебиз. Бүгүн биз британиялык окумуштуулардын изилдөөсүнүн натыйжасында алынган
компьютердин зыяндуу жактары туурасында кеңири маалымат беребиз.

Илимий изилдөөнүн натыйжасы…
Британиялык врачтар компьютерде узакка отуруунун кесепети өзгөчө аялзаты үчүн физикалык жактан коркунучтуу жыйынтыктарга алып келерин аныкташты. Алардын изилдөөлөрү боюнча, компьютерде узакка отурган аялдарда убакыттын өтүшү менен "компьютердик жүз" пайда болот экен. "Компьютердик жүз" бул - чекеге, көздүн тегерегине жана моюнга түшкөн бырыштар ошондой эле салаңдаган ээк. Мына ушундай көрүнүш буга чейин Британия өлкөсүндө күнү-түнү компьютерде иштеген аялдар арасында жүргүзүлгөн эксперименттин жыйынтыгында белгилүү болгон. Адам компьютерде бир калыпта башын салаңдатып отургандан улам моюндун булчуңдары алсызданып, акырында экинчи ээк пайда болот. Ал эми экранды караган сайын чекени тырыштыруу, үтүрөйүү бырыштын эрте түшүшүнө алып келет. Ошондуктан британиялык дарыгерлер компьютер менен иштеп жатканда денени түз кармоого жана ашыкча мимикаларды жасабоого чакырат.
Компьютерден чыккан нурдануу терини кургатып жибергендиктен, көздүн алдында грыжа келип чыгып, көздүн алды шишимик тартып, бөйрөгү ооруган адамдын жүзүндөй болуп, көздүн эти алдыга салаңдап калат. "Мындай картаюуну алдын алуу үчүн аялдар компьютердин жанына күзгү коюп алуулары оң. Анткени жумуш убагында өзүн күзгүдөн көрүп, картайып кетпейин деп убак-убагы менен эс алат. Ошондой эле, бырыш түшпөөсү үчүн бетке жана моюн булчуңдарына көнүгүү жасап турат" - дешет британиялык врачтар.

Компьютерден пайда болгон оорулар
Омуртканын кыйшаюусу жана остеохондроз...
Остеохондроз - муундардын, кемирчектердин бузулушу. Көбүнчө омуртка аралык кемирчектер бузулат. Эмне дегенде компьютердин маңдайында жылбай көпкө отуруу омурткалардын булчуңдарына күч келтирип, чыңалып турушуна алып келет. Булчуңдардын дамамат чыңалуусу акырындап омуртка дискинин (анын ичинде кемирчектин) бузулушуна жеткирет. Ал эми адам туруп турганга же жатканга караганда отурганда омуртканын дискисине күч көп келет. Ушундан улам сколиоз (омуртканын кыйшайышы) же омуртка аралык грыжа келип чыгуусу мүмкүн.

Колдун нервинин
сезгениши…
Компьютердин клавиатурасы менен активдүү иштөө колго күч келтирет. Манжалардын башынын сезимдүүлүгү начарлап, жансызданат. Мындай абал күн сайын кайталанып жүрүп отурса, колдун нерви, муундары жабыркап, сезгенет.

Колдун булчуңдары гипертрофияга (булчуңдардын өлчөмүнүн кичирейиши) учурайт.
Геморрой…
Бир орунда узакка отуруу жамбашта кандын жакшы айланбашына алып келет. Башкача айтканда, жамбашта кан уюп калат да, вена тамырларга күч келтирет. Демек, геморройдун жаралышын шарттайт. Алдын алуу үчүн дале убак-убагы менен басуу, эс алуу керектелет.

Көзгө, териге тийгизген терс таасири…
Компьютерден бөлүнүп чыккан электр-магниттик нурлануу терини жана көздү кургатып жиберет. Андыктан компьютерде узакка отургандардын үчтөн экиси "кургак көз" оорусунан жапа чегишет. Бул көздүн көрбөй калышына жеткирбесе да, көздүн ичинин дайыма кургап турушуна алып келет. Алтургай көзгө күч келип, кандын куюлушун шарттайт.

Мээге тийгизген
таасири…
Компьютерден бөлүнүп чыккан электр-магниттик нурлануу жана электр-статикалык талаа адамды абдан чарчоого, баш ооруга, уйкунун бузулушуна, стресске алып келет. Башкача айтканда, жаш адамда оорукчан, кары кишиникиндей мүнөздөр, көрүнүштөр пайда болот да, компьютерде узак иштеген адам ачуулуу болуп калат. Андыктан көзгө жана мээге зыян келбеши үчүн компьютерде отуруунун мөөнөтүн сактоо керек.
8 сааттык жумушчу күндө адам компьютердин маңдайында бир отурганда 3 сааттан ашык отурбашы шарт. Эгер андан көп отуруу талап кылынса, эс алып, көнүгүүлөрдү жасап, анан кайра жумуш кылуу кажет. Ал эми мектеп окуучуларынын компьютерде отуруу нормасына келсек, 1 сабакта 1-4-класстын окуучулары компьютерде 15 мүнөт, 5-7-класстар 20, 8-9-класстар 25, 10-11-класстар 30 мүнөттөн ашык отурбоолору керек экен.

Маалымат интернет
булактарынан даярдалды.