Суу башында-суу тартыш
Жайдын ар бир күнү кыштык азык, деп коет эмеспи элибизде. Андай болсо эгинди, мөмө-жемиштердин гүлдөп өсүшүнө зор өбөлгө болор суу сугаруунун өз маалында жүрүшү зарыл. "Бирок бизде суу тартыш болууда" - дешти Кемин шаарчасындагылар. Ушул себептен улам өзүн суу чарбасынын директорумун деп тааныштырган Бакиров Кылычбек Жолдошовичке кайрылдык.
-Суу чарбасынын абалы мактанарлык эмес. Биздин карамагыбызда 350 гектар сугат жерибиз бар, анын 255 гектары фермерлерге тийешелүү болсо 100 гектары Кемин шаарчасынын тургундарына тийешелүү огороддору болуп саналат. 2005 -жылы биз суу чарбасын уюштурганбыз, элге бир топ жеңилдик болгон эле. Кийин суу чарбасын Чүй регионалдык департаментке каратып койду. Ошону менен башкы суу түйүнүнөн сууну жалаң өтүнүч кат аркылуу алабыз. Бизге болгону 500 литр суу берилет. Ошол 500 литр сууну элге жеткире албай жатабыз. Суунун жерге сиңип кеткени болот, башка коромжуга чыгары бар, ошолор эсепке алынбай жатат. Бизге 700 литр суу бөлүнсө жакшы болмок, бирок ал берилбейт. Ошентип суу башында туруп сууга жетпеген күндөр болуп жатат. 700 литр сууну алган күндө да биз ал үчүн акысын төлөй албай калуу коркунучу бар. Биз "Калмак каналдан" баштап элге суу беребиз, жаман жери суу барчуу арыктардын бардыгы эскирип кеткен. Жыл сайын элди алып чыгып кол менен казып тазалайбыз, бирок ал кубаттуу техникалар менен тазалаганга окшобойт. Быстровка менен Кемин шаарчасынын бардык таш жолдорунда көпүрөлөр бар. Алар дагы тээ атам замандан бери тазаланбай кум, топурак уюп, таштандыларга ширелип калган. Асфальтты ачып, тазалайбыз бирок өкмөттөн каражат бөлүнбөгөндүктөн кыйынчылык туулат. Өзүм райондук кеңештин депутаты болгондуктан депутаттарга кайрылгам, өкмөттөн 70-80 миң сом бөлдүрүп бергиле, деп, себеби арык торчолорунун бардыгы өкмөткө карайт. Мен ал акча менен жумушчуларды жалдап иштетип арыктарды, көпүрөдөгү толуп калган жерлерди тазалатмакмын. Элдин дагы бир бөлүгү иш менен камсыз болмок, ошол сөзгө эч ким макул болгон жок, ал эмес жаңы шайланган айыл округ башчысы Сабыр Арстанбеков дагы кол койбой койду да ишке тоскоолдук болуп калды. Суу чарбасында АВП, УОС, Чүй регионалдык башкармалык болуп, үч кожоюн болгондугу да бизге ыңгайсыз болуп жатат. Бирок оңдоп-жөндөө иштерине көңүл бурулбай кала берет. Ошонун азабынан, биз берген суулар элге жетпей, асфальттын үстүнөн ашып, жолду каптап кетет да, элге суу толук жетпейт. Бизге ушул маселелер чечилип берилсе дейбиз.
Фермердик чарбалар да суудан кыйналганы менен биринчиден, сугатты толук аякташкан, учурда эгин оруп-жыйноо иштери жүрүп жатат, экинчиден, суу берүүнү да колдон келишинче жолго коюуп жатабыз.
Өсүмдүктүн канына айланган суу арыкта жылжып агып жатат. Ал эл жашаган айылга келгенче канча арыктан агып канча кишини бейпайга салды ал белгисиз. Бири суунун арыктан ашып жолду каптаганына бушайман болсо, бири өз огородуна жеткире албай зарыгат. Айтор, Кемин шаарчасындагы калың эл суу маселесинде кездешкен кыйынчылыктарды жеңип, быйылкы жылдын мол түшүмүн талаада калтырбай жыйнап алышса деген тилек менен кайттым.




Нан баарынан улук
Мен "Айыл деми" гезитине алгач тандыр нан тууралуу маалымат бергим келет. Ар бир айымдын камырды жуургандан нан бышырганга чейинки кадамдары ар кандай. Төмөндө тандырдын наны тууралуу маалымат.

Тандыр нан - улуттук нан. Борбордук Азия элдеринде (кыргыздарда, казактарда, уйгурларда, өзбектерде, тажиктерде) тандыр нан, улуттук колдонмо болгон - тандырда бышырылат. Тандыр нандын курамына - буудай уну, суу, ачыткы, каймак, маргарин, түрдүү уруктар, кунжут, мак ж.б. киришет. Негизинен тандыр нандын өзүн же түрдүү тамак-аштар (аш, шишкебек, шорпо ж.б) менен жешет. Тандыр нанды ысык кезинде каймак, сары май менен жеген даамдуу болот. Тандыр нанды жасагандын көрчүлүк түрү бар, ар бир улут өзүнчө даамдуу бышырышат.
Калия Кочкорова,
Кызыл-Кыя шаарындагы,
Ынтымак айылынын тургуну




Тез жардам деген болчу эле…
Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын түштүк тарабында жайгашкан оорукананын башкы дарыгери Уулбүбү Стамкулова бир чети кейип бир чети сыймыктана сүйлөп отурду. Көк-Сай айылында бүгүнкү күндө 4851 адам каттодо турат.
Ага кошумча Арчагул айылынан 1150 адам бизден дарыланат. Ооруканада дасыккан дарыгерлер, педиаторлор, акушер-гинекологдордун барлыгы менен сыймыктанабыз. Медайымдарыбыз дагы жогорку деңгээлде кызмат көрсөтө алышат. Бирок баары ойдогудай деп айкандан алыспыз. Асма уколдорду сөзсүз түрдө жатып алышы керек. Үйлөрүнө жаткырып уколду жасоого туура келет. Ал жерде шарт башкача, медайым кетип калгандан кийин эрежени толук сактабай калышат. Өзгөчө кан басымы жогорулап, инсульт алгандарга кыйын болуп калат. Өлкөбүздө эң башкы орунда адам турса адамдардын саламаттыгын сактоодо биз толук кандуу иш жүргүзө албайбыз. Кээде райондук борборлоштурулган ооруканага жеткирүү керек. Биз машине издөөгө аргасызбыз. Анткени биздин ооруканада тез жардам машинеси жок. Колго турбай чырылдаган наристеге жардам көрсөтө албаган мезгил болсо врачтык кесипти таңдап алганыңа өкүнүп да кетесиң. Оорулуунун жакындары жан алекетке түшүп машина издейт, ага күйүүчү май таппай кыжаалат болот, ал ортодо алтындай убакыт өтүп жатат.
Жамаатыбыз ынтымактуу. Алты миңден ашуун элди тейлеген ооруканабызга боору ооругандар болор бекен дейбиз. Башкы демилгечи мамлекет тарабынан болмоюнча иш башталчудай эмес. Мамлекет тарабынан камкордук болсо калганына билек түрүнө ишке киришет элек.




Кол өнөрчүлүктү аздектеп ааламга жол ачты
Кыздын назик салааларын ого бетер сулуу көрсөткөн шакектер менен аккуу моюнга көрк кошкон шуруларды жасаган уста зергерлерге тең келип, сайма сайып, оюларды келиштире ойгон чебер уздар кыргыз кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүп келет.

Бала кезинен энелеринин колунан чыккан не бир сонун ала кийиздер менен шырдактардын оюуларына суктанып чоңойгон, Фариза өзү да бул түркүн түскө боелгон кийиздерден алыстай албасын түшүндү. Көкүрөккө уялаган асыл максаты кызды Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына жетелеп келди. Окуу жайды аяктагандан кийин ал кездеги эң чоң ишканалардын бири Нооту комбинатына сүрөтчү-дизайнер болуп орношту. Түркүн түстөр менен кооздуктун эң бир сонун айкалышы комбинаттан чыккан кездемелерде көз жоосун алып турар эле. Анан союздун тарашы менен комбинаттадагы иш солгундап, көптөгөн мекендештериндей эле Фариза Шейшейеева дагы өз алдынча иштөөгө бет алды.
Эмки максаты байыртадан келе жаткан кыргыздын кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүүгө салым кошуу болуп калды.Талыкпай жасаган мээнет, үзүрүн көрсөтпөй коймок беле? Өз колу менен жасаган буюмдарын чет өлкөлөрдө өткөрүлчү көргөзмөлөргө чейин алпарууга жетишти. Кийизден жасалган сувенирдик буюмдарына суроо-талаптар көбүрөөк болгону анын каражаттан көз карандылыгын жоюуга мүмкүнчүлүк болуп калды. Жасаган эмгеги текке кетпей Туркияга үч жолу, Германияга, Чехияга, Кытайга баруусуна жол ачты. Ар бир чет өлкөгө барганда Фаризанын колунан чыккан буюмдар мактоого арзып, ийгиликтер коштоп жүрүп олтурду. Эл аралык көргөзмөлөрдөн жеңүүчү болуп, дипломдор менен сыйланып келди. Эң башкысы ЮНЕСКО аркылуу сапаттын алтын белгисине татыганы болду. Ала кийиздин түрлөрүн, чакан паннолорду, кийизден жасалган баштыкчалар менен сумкаларды жасап келди. Учурда кийизден жасалган оюнчуктарга басым жасап жатат. Анткени кийизден жасалган оюнчуктар балага эч кандай зыян тийигизбей кандайдыр бир жагымдуулук тартуулайт, деп жүрүшөт.
Кыргыздын чыныгы жүзү болгон оймолорун даңазалап, бүгүнкү күнгө ыңгайлаштырып жаңы боектор менен алып чыгып жүргөн кыргыз кызына ийгиликтерди кааладык.
Урматтуу окурмандар, Фаризанын эмгектери менен жакындан таанышам десеңиз төмөндөгү номурга кайрылыңыз болот
0312 37 50 53.