Добуш
Элдин турмушу барган сайын оорлоп барат. Кайсыл адамга кайрылба, бардыгы жашоосуна нааразы, кымбатчылык, жокчулук, жакырчылыкта жашап жатканын айтышат. Алар менен жолугуп, айыл турмушу тууралуу маектешип, көгөйү менен катар кубанычына да күбө болдук. Анда кеп кезегин элеттеги күжүрмөн элге берели.

Байтолева Кызылгүл,
айыл тургуну:

-Аракет кылгандардын жашоосу жакшы. Эч кимден жардам күтпөй өз эмгектери менен элетте күн кечирген элге берилген насыялардын мөөнөтү узартылып, үстөгү азайса жакшы болмок. Айылдарда бир эмес, бир канча насыя бөлүмдөрүнөн акча алгандар үчүн жакшы болмок. Элдин экономикасы көтөрүлөт эле деген ойдомун.

Сартов Жаныбек,
айыл тургуну:

-Мен жайдыр кыштыр курортко (Ак-Суу эс алуу жайына) айран, сүт, жумуртка алып келип сатам. Үйдө апам экөөбүз эле жашайбыз. 70 тен ашык тоогубуз бар. Кай бирде бул жакта эс алып дарыланып жүргөндөрдүн уйкусун бузуп эшиктерин такылдатам. Кээ бири түшүнөт. Кээде "эмне таң атпай кыйкырып атасың", дегендер да бар. Бирок менин ишим, айран, сүт, жумуртканы өткөрүп үйгө акча алып баруу. Атам жол кырсыгынан каза болуп калган, апамга жардам берип эптештирип каражат таап жүрөм. Жаман эмес, көпчүлүк болгон соң, бирде болбосо бирде болот. Апам экөөбүз ушул тапкан каражат менен жашайбыз. Эжемдин өз бүлөсү бар.

Айманов Таалай,
Төлөк айылынын тургуну:

- Элде акча жок дегенибиз менен аш-тойлордун саны жылдан жылга арбып баратат. Демек элибиз жетиштүү эле турмушта десем болот. Мен Кашка-Суу жайлоосундамын. Жайлоонун касиети жакшы, ар күнү таң менен кошо босогого ырыскы кирет. Түндүктү түрүп жыбыраган жылдыздарга биз эле эмес чет элден келген меймандар да кызыгып жүрүшөт.

Талапов Майрамбек,
Исакеев айылынын
айыл башчысы:

-Эл күйүүчү майдан кыйналып жатат. Кайсы гана май куючу жайга кайрылба баарында кезек. Андан да 10 литрден ашык куймай жок. Талаачылык иштери менен алектенген эл үчүн кезекке турганга убакыт жок. Карапайым элеттеги эл өз күнүн өзү көрүп, эмгек кылып жатышат.

Асылбек Өзүбеков,
маданият кызматкери:

-Биз бала кезибизден эле кыргыздын оймо-чиймелерин жадыбызга сактап өскөн элбиз. Олтурсак оюулары келишкен ала-кийиз, шырдактар, өйдө карасак не бир сонун көркөмдүү туш кийиздер болду. Ата-энелерибиздин колунан чыккан боз үйдүн жасалгаланышын айтып түгөтүүгө чамам жетпейт. Муну биз жакшы билебиз. Бирок азыркы муундагылар анчалык биле бербей калды. Улуттук кол өнөрчүлүктүн бардык түрүн элге көрсөтүп, аларды жаштарга тааныштырууда Эл аралык деңгээлде өтүп жаткан "Оймо фестивалынын" аткарган иши арбын экен. Мен ыраазы болуп турам. Жаш кезимде Ташкенте окуганмын. Азыр Самарканддан келген кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын көрүп, жаштык кезге кайрылгандай болдум. Биздин бала кездегиден айырмасы азыркы учурда боектордун көптүгү, уздардын колунан жаралган буюмдардын ажары ачыла түшкөндүгү кубантат. Уз чеберлердин колунан төгүлгөн сыйкыры аркылуу жаралган кийимдерди кийип чыккан моделдердин сулуулугу артыла түшүп жатпайбы. Жаштар келечек муундар кыргыздын нукура оймолорун үйрөнүп, аны улантып кетсе деген тилектемин.

Бурулуш Жаманбаева, Нарын районундагы, Миң-булак айылынын тургуну:

-Элеттик аялдар үй-бүлө түйшүгүн көбүрөөк тартары барына белгилүү. Айылда мал кармап, жер иштетип оокат кылгандан тышкары кол өнөрчүлүк менен алектенгендер арбын. Биз Нарын районунда он беш аял биригип атайын топ түзүп иштей баштаганыбызга төрт-беш жыл болуп калды. Биздин долбоорду ИКАРДА-ИФФАТ уюмдары колдошот. Бизге жүн тытуучу, кийиз жасоочу станокторду сатып берген. Бизден тышкары Нарын облусу боюнча дагы үч топ бар. Жасаган буюмдарыбыз үчүн меринос, кроз-брет породасындагы койлордун жүнүн алабыз. Кылчыктуу жүндөрдөн жасалган буюмдар сапатын жоготот. Жасалган чокойлорубузду, төшөнчүлөрүбүздү 300-350-400 сомдун тегерегинде сатабыз. Кирешебиз айтарлыктай болбосо да келечекте үмүтүбүз акталат деген ойдобуз.

Исабаев Ырыс, Теңдик
айылынын айыл башчысы:

- Учурда элетте эл кыштын камын көрүп, эмгектенип жаткан учуру. Өткөндө күндүн көзү ачылбай жамгыр жаап, бедени жыйнаш кыйын болуп жаткан. Эми күн жылып чөптү чиритпей жыйнап алуу менен алекпиз. Жазында үрөөндөн кыйналгандар болду. Бирок эптештирип эл эмгек кылып жатышат.





Абдылдаев Тынайбек, Ысык-Ата райондук Агро өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары.
Жүгөрү талаа "ханышасы"
Ысык-Ата районундагы дыйкандар кылкандуу дан эгиндери менен катар жүгөрү өстүрүүнү колго алышкан. Канча жылдан бери толук кандуу иштей албай келген Канттагы канаттуулар фабрикасын иштетүүгө далалат жасаган ишкер табылды. Быйыл Э.Узакбаев бул фабрика иштеши үчүн тоют топтоо керектигин туура түшүнүп, жаз алды менен дыйкандарга жүгөрүнүн үрөөнүн таратып берди. Натыйжада "Кочкорбай", "Нурманбет", "Красная речка" айыл округдары жүгөрүнүн "Пионер"-деген ылгамын эгишти. Дыйкандарга күйүүчү май, жер семирткичтерди да үрөөн алганда кошо таркаткан.Насыя түрүндө берилген күйүүчү май, жер семирткич, үрөөндүн акысын күздө түшүм жыйналганда кайтарып алышат. Жүгөрүнүн бул ылгамы гектарына 100-110 центнерден түшүм берет. Күздө дыйкандар алдын ала келишимде көрсөтүлгөндөй жүгөрүнү базар баасы менен сатышат. Биздин райондун дыйкандарына жакшы жардам болуп калды.




Мукаров Доктурбек, Кочкор районундагы, Көк-Жар айыл округунун башчысы:
Иштегендин иши асыл
-Биздин айыл райондун борборуна жакын. Элибиздин турмушу деле жаман эмес. "Эр эмгегин жер жебейт" дегендей эмгек менен биримдикте иш аткарып жатышат. Эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдары Кыргызстан үчүн көп гуманитардык жардамдар келчү. Аны алган адамдардын турмуш-тиричилиги, социалдык абалы ар кандай бааланчу. Кай бирде кол ийрисине тартат болуп, гуманитардык жардамдар да туура эмес бөлүштүрүлдү, дегендер болчу. Бирок баардык нерсени бир канча адамдан турган комиссия чечкени менен көпчүлүктө кайчы пикир болбой койбойт. Мына ошол кайчы пикирге бөгөт коюу менен чыныгы муктаждарга жардам берүү үчүн биз келген жардамдарды майыптарга, жетим-жесирлерге берип калдык. Ошондо чыр-чатак болбойт экен. Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө десек "мен дагы аз камсызмын" дегендер болчу. Ал эми жаңы тиричилик баштаган жаш аялмет, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү жакшы турган бүлөлөргө бекитип бергенбиз. Ошолор жардам берип, муктаждыктарын чечип берип турчу. Эми андай деле жардамга муктаждар жок. Ар кимиси өз аракети менен турмуш тиричилигин жакшыртууда.