Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Даталуу күндөр
o 3-август - Темир жолчулар күнү
o 10-август - Курулушчулар күнү
o 12-август - КРнын жаза аткаруу системасынын кызматкерлеринин күнү
o 24-август - Ички аскер күчтөр күнү.
o 30-август - Архив кызматкерлеринин күнү
o 30-август - Көмүр кенин
o 31-август - Көз карандысыздык күнү.

1934-жылы, 1-август Кыргыз АССРинин партия комитетинин чечимине ылайык, Фрунзеде Н.Чернышевский атындагы Мамлекеттик китепкана чоң салтанат менен ачылган.
1920-жылы, 2-август: Пишпек уезддик жаштардын I съезди жыйынтыкталган..)
1825-жылы, 3-август: Ысык-Көлгө атайын экспедиция менен келген Ф.Зибберштейн Ысык-Көлдүн жаратылышына жана анын географиялык өзгөчөлүгүнө токтолуп, мындан өткөн кербен жолун сүрөттөгөн.
1930-жылы 4-август Кыргыз атчандар дивизиясынын эки эскадрону Ош шаарына келген. Аларга жашырынып жүргөн басмачылар отрядын талкалоо милдети жүктөлгөн.
1916-жылы, 6-август Айрым маалыматтарга караганда, кыргыздардын 1916-жылкы боштондук күрөшү дал ушул күнү Пишпек уездине караштуу Атаке жана Ботбай болуштуктарында башталган.
1916-жылы, 9-август Үркүн Кара-Кече, Жумгал, Курман-Кожо, Кочкор, Абайылда болуштуктарын кучагына алган.
1916-жылы, 11-август Көл аймагындагы кыргыздардын көтөрүлүшүн дунгандар колдоп, кыргыздар менен бирге Пржевальск шаарын камоого катышышкан.
1943-жылы,13-август СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалы Фрунзе шаарында салтанаттуу түрдө ачылган. (68 жыл мурун.)
1920-жылы, 15-август Пржевальск шаарында негизделген "Призыв к труду" гезитинин биринчи саны жарык көргөн. (91 жыл мурун.)
1966-жылы,15-август СССРде режиссёр Андрей Кончаловскийдин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Мосфильм" жана "Кыргызфильм" киностудиялары тарабынан тартылган "Биринчи мугалим" тасмасы экранга чыккан.




АНОНС
6-августта Тамчы айылында "Тайган жана бүркүт" фестивалы өткөрүлөт.
Фестивалда улуттук оюндар " Улак тартыш", "Тыйын эңмей" болот. Ошону менен катар азем буюмдарын да сатып алсаңыз болот. Кийизден жана жибектен жасалчу моюн ороочторго да Чебер-класстар өткөрүлөт.
13-августта "Кыргыз көчү" фестивалы Соң-Көл жайлоосунда өткөрүлөт.
Анда жайлоого көчүп-конуудагы каада-салттар менен катар оюндар өткөрүлөт. Ошондой эле улуттук ыр-күү менен коштолгон фестивалда "Кыз Куумай", "Тыйын Эңмей", "Эр -Эңиш" сыяктуу оюндар болот. Эң кызыгы жасалгалуу боз үйлөрдү улуттук музыканын коштосунда болот.

20-августта Ысык-Көл облусунун түштүк тарабында жайгашкан Бел-Там айылында "Алгыр куштар" фестивалы болот.
Программанын алкагында фольклордук ыр-күү ойнотулат. Улуттук тамак-аштын түрлөрүнөн даам сызсаңыз болот.




Китепчеден маалымат ал
Айыл чарбасындагы дан өсүмдүктөрүнүн негизги ылгамдарынын көрсөтмөлөрү тууралуу маалыматты "Основные показатели сортов сельскохозяйственных культур" китепчесинен ала аласыздар. Аталган китепчеде ылгамдардын түшүмдүүлүгү, ооруга чыдамдуулугу сапаттуулугу деги эле агрономиялык мүнөздөмөсү тууралуу кеңири маалымат алууга болот. Арпа, буудай, жүгөрү, буурчактын түрлөрү, күн карама дагы ушул сыяктуу өсүмдүктөрдүн түрү жана ылгамы тууралуу маалымат алууга кызыккандар төмөндөгү дарекке кайрылса болот. Бишкек шаары, Киев көчөсү 96 А, тел: 0312 62 53 67


"Айыл деми" сынак жарыялайт
Урматтуу окурмандар, "Айыл деми" гезити сынак жарыялайт. Анын жол жобосу жөпжөнөкөй. Басылманын ар бир чыгарылышында купонго өзгөчө (оригиналдуу) сунуш-пикир жазып, редакция менен тыгыз байланышта болгон окурманга жана гезитке жазылуу жүргүзүлгөн учурда жигердүү катышкан айыл башчыларына, элеттеги демилгелүү топторго баалуу белектерибиз бар. Кеңири маалыматты редакциядан алсаңыздар болот.
Бишкек шаары, Ош көчөсү 36,
Байланыш телефондору: 0312 54 23 46. түз байланыш 0555 500 609




кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??