Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Сурагыла жооп беребиз
Урматтуу окурмандар, сиздерде турмуштук кандай гана суроо болбосун бизге кайрылсаңыздар болот. Адистердин жардамы менен сиздин жүрөгүңүздү өйүгөн суроолорго жооп алып берүүгө даярбыз. Суроолоруңар болсо акысы төлөнгөн купон аркылуу же редакциянын дарегине кайрылыңыздар. Бишкек шаары, Ош көчөсү 36. Байланыш телефону (0312) 54 23 46


-Мен квартирамды сатып, нотариалдык конторага сатуу келишимин түзүүгө келсем, нотариус жубайымдын макулдугу болмоюнча, сатып алуу келишимин түзүүгө болбойт дейт. Ал эми жубайым Кыргыз Республикасынан тышкары башка шаарга кеткен. Жакында келбейт. Нотариустун талабы туурабы же жокпу? Ушул суроого жооп берсеңиздер?
Манас,Талас шаары

-Албетте, нотариустун талабы мыйзамдын негизинде. Эгерде сиз жубайыңыз менен никеде туруп, үй мүлкүн сатып алган болсоңуз, анда милдеттүү түрдө жубайыңыздын макулдугу керек. Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлө" кодексинин 35-беренесинде "жубайлардын ортодогу менчиги болуп, никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкү, алардын ортосундагы менчиги болуп саналат" деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан, азыркы убакта жубайыңыз келмейинче сиз өз алдынча квартираны сата албайсыз. Эгерде кандайдыр бир амалдардын негизинде квартираны сатып жиберсеңиз, сатып алуу жана сатуу келишими боюнча түзүлгөн бүтүм, келишим сот аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
ooo ooo ooo
-Биз никеде турганбыз, эки бөлмөлүү квартира сатып алып аны үлүштүк менчик катары өзүбүзгө жана ортодогу балабызга жазганбыз. Жубайым жакында эле өлгөн. Жубайымдын энеси квартиранын үлүшүнөн мурас катары алганга укугу барбы?
Асел, Нарын шаары
- Жубайыңыздын ата-энеси мураскорлордун биринчи кезегине кирет, ошондуктан жубайыңыздан калган мүлккө алардын укугу бар. Квартира силер никеде турганда сатылып алынгандыктан жана балаңызга жана сизге жазылгандыктан, сиздин атыңызга жазылган квартиранын бөлүгү никеде турганда чогуу тапкан мүлк болуп эсептелинет. Андыктан мүлктүн сиздин атыңызга жазылган бирден эки бөлүгүн тең бөлүктөн мурас катары алат (ар бир жубайга бирден эки бөлүктөн). Сиздин жубайыңыздын энесинен башка дагы мураскорлордун биринчи кезегине сиз жана силердин балаңыздар киргендиктен, жубайыңыздын атына жазылган мүлктүн бөлүгүнө экөөңүздүн укугуңуздар бар. Ошондуктан жубайыңыздын атына жазылган мүлктүн бөлүгү үч мураскерге бөлүнүш керек. Андыктан жубайыңыздын энесинин квартиранын 1/12 бөлүгүнө укугу бар.
ooo ooo ooo
-Менин агам Советтер Союзу убагындагы кызыл паспорту менен жүрөт. Жакында Россия Федерациясына кеткени жатат. Агам эч бир өлкөнүн жараны эмес болсо да Кыргызстандан чыгып кете алабы?
Барчын, Ысык-Ата району

-Паспорту жок болгондугу жарандыгы жок адам дегенди билдирбейт. Эгер эски паспорту болсо, демек ал СССР убагындагы бир өлкөнүн жараны. Кайсыл өлкөнүн жараны болсо, ошол өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө паспорт алуу үчүн кайрылуусу керек. Андан кийин гана Россия Федерациясына кете алат. Эгерде агаңыз Кыргыз Республикасынын жараны болсо, анда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунан тышкары, жалпы жарандык паспорт алуусу керек.
ooo ooo ooo
-Мен никеде турбайм. Баламдын атасы туулгандыгы тууралуу күбөлүккө жазылбайт. Эгерде мен балама өзүмдүн эмес башка фамилияны берсем "жалгыз бой эне" болуп эсептелеминби?
-Сиз балаңызга, өзүңүздүн фамилиядан башка фамилия бере албайсыз, балаңыз сиздин фамилия боюнча жазылат, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө Кодексинин 54-статьясына ылайыктуу "Бала никеде турбаган энеден төрөлсө, ата-энесинин биргелешип жазган арызы болбосо, же атасынын ким экендиги тууралуу соттун чечими жок болсо, баланын фамилиясы туулгандыгын жазуу китебине энесинин фамилиясы боюнча жазылат, баланын аты жана атасынын аты жана улуту энесинин көрсөтмөсү боюнча жазылат".
Балаңыздын атасы, өзүнүн аталыгын аныктаганда же болочок жубайыңыз балаңызды официалдуу түрдө асырап алганга чейин сиз жалгыз бой эне болуп эсептелинесиз.
ooo ooo ooo
Мен балама алиментти банктан алып турчумун. Экинчи жолу күйөөгө чыгып, фамилиямды алмаштырдым, анан эле банктан акча ала албай калдым. Сот аткаруучу жаңы фамилияга жазылган жаңы аткаруучу баракча алып кел деп сурап жатат, судья болсо нике күбөлүгү жетиштүү деп ал баракчаны бербей жатат. Эмне кылуу керек?
Саадат

Эч ким жаңы фамилияга кайрадан аткаруучу баракча жазып бербейт. Сот аткаруучу жаңы баракча талап кылып жатканы да туура эмес. Сиз учурда төмөнкүдөй кылууңуз керек: турмушка чыкканыңызга байланыштуу фамилиям өзгөрдү деген арызды сот аткаруучулардын кызматына жазышыңыз керек, буга нике күбөлүгүнүн жана жаңы фамилия жазылган паспорттун көчүрмөсү тиркелет. Сот аткаруучу күйөөңүздүн иштеген жерине алимент алуучунун инициалдары өзгөрдү деген билдирүүнү жөнөтөт жана банкка которула турган алименттер эми жаңы фамилияга келе баштайт.




  Айылдан кат келди

Абдраев Алтынбек,
Миң-Булак айылынын тургуну:
-Бизге САМР Ала-Тоо коомдук фонду көптөгөн семинарларды өткөрүштү. Андан турмушта керек болчу маалыматтарды алдык. Конфликттин алдын алуу менен катар андан чыр-чатаксыз чыгуунун жолдорун үйрөндүк. Өзгөчө Солтон-Сары жайлоосундагы чыр-чатакты чечүүдөгү берген сабактары мага жакшы таасир берди. САМР Ала-Тоо коомдук фондуна алкыш айтам. Ушундай сабактар көп болуп турса айыл эли үчүн жакшы болот эле.

Замира Чорова, Москва районундагы,
Теген -Суу айылынын тургуну:
-Ар бир айым ашкана сырын билиши керек деп ойлойм. Канча жылдан бери кыям кайнатып жүрсөм да пайдалуу кеп-кеңештерди окуп билгенге кызыгам. Быйыл да жылдагыдай кыям кайнатуу менен алектендим. Кыямга шекер канчалык көп кошулса, ошончолук узакка сакталат деген ой туура эмес. Тескерисинче, көп өлчөмдөгү кошулган шекер кыямдын сапатын начарлатып, банканын түбүнө уюп, ашыкча суюктукту пайда кылат.
Кыям даяр болгонун билиш үчүн суюктугунан кашыктын учуна алып кагаздын бетине төгүп көрсөңүз болот. Эгер быша элек болсо эки жакка агып кетет, бышса бир орунда уюп калат. Кыямды кайнатууга ылайыктуу идиштердин бири - эмаль мискей. Алты литрден чоң көлөмдөгү идиштерге кайнатуу сунушталат. Анткени, идиш канчалык тар болсо, ичиндеги кайнатылып жаткан жемиш ошончолук бат эзилет. Жер-жемишти идишке салып, үстүнө керектүү өлчөмдөгү кумшекерди салгандан кийин айрым кожейкелер таң аткыча чылап коюшат. Мындай кылган туура эмес, өтө көп убакыт чыланган жер-жемиш кайнатканда бат эзилип кетиши мүмкүн. Банкага кыямды куюп, капкак менен жапкандан кийин капкактын жээгин вазелин менен сүртүп койсоңуз, кыямыңыз атпай, көпкө сакталат.

Мамырканов Кубатбек,
Миң-Булак айылынын тургуну:
Солтон-Сары жайлоосундагы Бучук участкасындагы Кен байлыктарды Буга чейин бир канча жолу изилдеген болсо дагы кытайлык компанияга дагы изилдесин деп элдин кыжырлануусуна алып келип жатышат. Элдин ишенич кетип, эч кимге ишенбөөчүлүк пайда болду.
Редакциядан: Кубатбектин катын окуп чындыгы бар экенине ынандык. Гезиттин кийинки чыгарылышында Миң-Булак элинин Солтон-Сары жайлоосуна болгон пикирин беребиз.






"Рио +20" аттуу сынак жарыялайт
2012-жылы Дүйнө БУУнун айлана чөйрөнү өнүктүрүү жөнүндө болуп өткөн (1992- жылы) Рио де Женейро шаарындагы Конференциясынын 20 жылдыгын белгилейт. Бул 2012-жылы боло турган тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча БУУнун мамлекеттер аралык жыйыны калк арасында "Рио +20" деп аталып келе жатат.
Бүгүнкү күндө 2012-жылы жыйында көтөрүлүүчү бир топ маселелерди дүйнө боюнча жалаң гана окумуштуулар арасында эмес, журналисттер жана жөнөкөй калк арасында да талкуулап жатышат.
Учурда аалам адам баласына жаңы маселелерди жөнөтүп турат. Дүнүйөнүн заманбап өнүгүүсү айлана чөйрөгө өзүнүн терс таасирин тийгизип, табигый ресурстарыбыздын баарын түгөтүп, биосферабыздын балансын бузбай койбойт.
Байкап жаткандай, азыркы күнү климаттын өзгөрүшү бүткүл дүйнөдө сезилип жана көрүнүп жатат. Мындай көрүнүш социалдык маселелергеэгедер кылып, алдыга өнүгүүдө кыйынчылыктарга туш кылат
Бул көрүнүштү калкка туура жеткирүү жана маалымат таркатуу максатында Борбордук Азия боюнча жаңы долбоор баш алып: "Калк арасында Рио+20 иштери жөнүндө маалымат таркатуу" иштери Борбордук Азиядагы Тоолуу Коомчулуктар Альянсы (АГОЦА) уюму аркылуу ишке ашып турат. АГОЦА уюму тоолорду өнүктүрүү жана ал жакта жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча Борбордук Азия аймагында иштейт.
Айтып өткөн "Калк арасында Рио+20 иштери жөнүндө маалымат таркатуу" долбоорунун алкагында,
Сынакка бүткүл республика боюнча коллективдүү, жеке же чыгармачылык коомдор, теле, радио журналисттер катыша алат.
Сынакка алып келинген материалдар ар кандай жанрда кабыл алынат: интервью, репортаж, очерк, фоторепортаж, маселелүү статья, ж.б.

Сынакка материалдарды кыргыз жана орус тилдеринде жөнөтсө болот. Материалдар рецензияланбайт жана кайра кайтарылып берилбейт.
Эң жакшы материалдын авторун атайы түзүлгөн комиссия чечип, ай сайын "Айыл деми" газетасына бастырылып турат. Сынактын маанилүү критерийлери:
-"Рио+20" иштери боюнча жалпы түшүнүк :
-1992-жылдан бери мамлекеттик деңгээлде жана аймактык деңгээлде болгон өзгөрүүлөр: анын ичинде кандай жетишкендиктер жана жетишпегендиктер болду.
- Айлана чөйрөнү өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда жасалган конкреттүү иштер:
-Мындан аркы көрүнүш: "жашыл" экономикага киришүү Кыргызстанда кандай жол менен ишке ашат.
Материалдарды Бишкек шаары, Ош көчөсү 36 же gulzada@camp.elcat.kg электрондук дареги боюнча "Рио +20" сынагына деген шилтеме менен 2011-жылдын 20-август айынан кеч эмес тапшыруу зарыл. Кеңири маалымат алууну каалагандар төмөндөгү сайттан маалымат алууга мүм­күнчүлүктөрү бар
www.ca-dialogue.blogspot.com
Келген каттарды карап чыгып, ай сайын чыгуучу "Айыл деми" гезитине жарыялайбыз. Долбоордун аягында эң жакшы макала берген жеңүүчүнү баалуу сыйлыктар күтөт.







кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??