Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кемчиликтен арылууга мезгил жетти
Кыргыз элинин жашоо тиричилигинин орчундуу бөлүгүн алган мал чарбасы экендиги талашсыз. Жайкы убак колдогу малды семиртип кышка даярдоочу мезгил. Андай болсо өлкөбүздө күчүнө кирип иштеп жаткан Жайыт мыйзамынын да аракети баса белгиленер учур ушул кез.

Чүй облусунун аймагында бул мыйзамдын толук кандуу иштеп кетишине анчалык көңүл бурулбай жаткансыйт. Иш-аракеттер бар, аны танууга болбойт.Ошентсе да жалпы Чүй облусундагы 103 айыл окургдагы Жайыт комитеттеринин иши жакшы жолго түшө албай жатат. Анткени айрым райондордо Жайыт комитеттеринин түзүлүшүнө райадминстрациядан жетишээрлик көңүл бурулбай келет. Жайыт комитети түзүлдү, төрагасы шайланды деген менен ал кагаз жүзүндө гана калгансыйт. Алардын олтуруп иштөөгө иш кабинеттери жок. Керектүү эмеректер бөлүнгөн эмес. Райадминистрация жетекчилигине облустан көрсөтмөлөр берилбегендей таасир калтырат. Алар үчүн жайыт комитеттери же жайыт маселеси Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жайыт департаментинин иши дегендей мамиле жасашууда. Жайыт комитеттеринин түзүлүшү зарылбы ,алардын кереги эмне дегенчилик түр байкалат. Жайыт комитеттеринин жайыт акысын жыйнаганына, жайыттын чек араларын тактагандарына капа болгондор да жок эмес.
Алигиче дээрлик бардык райондордо жайыттардын чектери тактала элек. Райондук комиссия талаш маселелерге чекит коюуда алсыздыгын, кайдыгерлигин көрсөтүп келет. Мисалга ала турган болсок Москва районундагы Александровка айыл округунан Любшиза Якуб өз арызында Жайыт аймагынан 3 гектар жерди Юнус Арлиге мыйзамсыз түрдө берилгендигин айтат. Бул талаш 2006-жылдан бери чечилбей келет. Александровка айыл округунун башчысы талаштын аягына чыгарууну ойлонуп дагы койбойт. Текшерүүдө аныкталгандай Жайыт комитетине укук берилмек турсун иштөөгө кабинети, керектүү эмеректери да жок экендиги билинди. Текшерүүдөн кийин жайыт комитетинин төрагасына кабинет бөлүп берип, кайра эртеси алып коюшкан. Айрым жайыт пайдалануучулар жайыт акысын төлөөдөн баш тартышат. Жайыт мыйзамы Бакиевдин убагындагы, азыр күчүн жоготкон мыйзам дегенди бетке кармаган райондук адистер бар.
Чүй районундагы Искра, Кош-Коргон айыл округдарында жайыт комитеттери түзүлүп төрагасы бекитилгени менен аларга кабинеттер бөлүнүп берилген эмес. Жайыт комитеттерине айылдык кеңештердин чечими менен бекитилгендигине карабастан, жайыт комитеттеринин ишин жакшыртууга эч ким кызыкпайт. Жайыт комитеттинин төрагасы айыл өкмөтүнө иш -чаралар болгон учурларда гана баш багат. Бухгалтери болсо айыл округунун иши менен алек эки кызматты бир адамга ыйгарып коюшкан. Суусамырга жайыт чек араларын тактоого колунда эски карталары бар экендигине карабай барууга чыгынган эмес. Өткөн жылы Кош-Коргон айыл өкмөтүндө жайыт акысына болгону 28 миң сом жыйналган. Быйылкы жылга бир тыйын да жыйнала элек. Искра айыл округундагы жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы 5 миң сом, бухгалтериники 3500 сом болуп белгиленген. Жайыт акысы өткөн жылы болгону 35 миң сом, үстүбүздөгү жылы 43 миң сом жыйналган бул айлык акыларына да жетпейт. 200 миң сомго Көк-Жар жана Коңурчак, Жал капчыгайларындагы жолдорду оңдоо иштери пландалганы менен иш жылбай турат .
Деги эле Жайыт мыйзамынын арышын кеңейтип кадамын арттырууда Чүй облусундагы райондук жетекчилер шашылбаган кайдыгерлигин көрсөтүп олтургандай. Же аларды терген-тескеп койгонго облус жетекчилиги маани бербей олтурабы деген мыйзам ченемдүү суроо туулат.
P.S. Макала Жайыт департаментинин Чүй облусу иштери боюнча башкы адиси Эшболот Өсөров жана адис Болот Урманбетовдун отчетук билдирүүсүнөн которулуп даярдалды. Макалада белгиленген кемчиликтер менен бирге алгылыктуу иштер дагы бар экендиги ырас. Отчетто белгиленген жакшы иштер туурасында келерки чыгарылышыбыздан окусаңыздар болот.




Жайыт жайын кошуналар талкуулашты
Кыргызстанда кабыл алынып ишке киришкен Жайыт мыйзамы башка да тоолуу өлкөлөрдүн жайыт пайдалануучуларын суктандырып келет. Жакында Казакстандан жоон топ өкүлдөр атайын Жайыт мыйзамынын ишке кандай ашып жаткандыгын көрүп, үйрөнүү үчүн келишти. Алгач алар Жайыт департаментинде болуп жогорку деңгээлдеги тажырыйбалуу адистердин презентацияларына күбө болушту. Андан кийин Суусамыр өрөөнүнө сапар алышты.

Суусамырда бир топ чоң тажрыйбага ээ болуп калган ПРООНдун "Суусамыр өрөөнүндө тоолуу жайыттарды туруктуу башкарууну жайылтуу" долбоорунун менеджери Байбек Усубалиев тосуп алды. Жайыттарды башкарууну жакшыртууда кандай аракетттер жүрүп жаткандыгынан толук маалымат берип презентация жасады. Мында жайгашкан сексен айыл өкмөттүн жайыттары толук инвентаризациядан өткөрүлгөн. Учурдан пайдаланып Казакстандан келген коноктун бири Жайыт ресуртарын пайдаланууда анын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча Эксперт-координатору Ережепова Динараны сөзгө тартканыбызда буларга токтолду.
-Казакстанда дагы экологиялык баалуулуктарды сактоо менен жайыттардын мүмкүнчүлүгүн артырып туруктуу башкаруу боюнча долбоорлор иштеп жатат.
Биздин тажрыйба алмашууга Кыргызстанды тандап алганыбыздын себеби Орто Азиядагы жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча алдыңкы орунда турган мамлекет. Бул жерде эң башкысы Жайыт мыйзамы иштелип чыккан. Жайыт комитеттери жергиликтүү башкарууну өздөштүрүп калышкан. Албетте иштин алга жылышында мыйзамдуулук жакшы таасир этет.
Бизде долбоор алкагында төрт "Жайыт комитети" түзүлгөн. Жайыт мыйзамынын жоктугу биздин кемчилигибиз Андыктан "Жайыт комитеттер" долбоордун алкагында жашап, иштеп келет.
Кыргызстандан көргөндөрүбүздөн тажырыйба топтоп турмушка ашырууга аракеттенебиз. Негизгиси бул жердеги жайыт комитеттеринин ишин көрүп, артыкчылыгы басымдуу экендигине ынанып турабыз. Келечекте Казакстанда да жайыт мыйзамы жазыларда биз дагы өз сунуштарыбызды беребиз, анда кемчилигин жана артыкчылыгын эске алуубузга шарт түзүлөт деп ойлойм" дейт.




Алыскы Жайыттарга жол ачылат
Кыргыз Республикасынын "Жа­йыт­тар жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу боюнча жүрүп жаткан иш чаралар тууралуу Талас облусундагы Кара-Буура, Манас райондору боюнча Жайыт Департаментинин адиси Анарбай Таштаналиев төмөнкүлөргө токтолду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомун ишке ашырууда Кара-Буура жана Манас райондорунда 15 жайыт комитети уюшулуп бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жатышат.
Кара-Буура районунда 219711га жайыт жери бар. Анын ичинен 48868га жайыт Чаткал районунда жайгашкан. 15649 баш бодо мал, 146859 баш кой-эчки, 5501 баш жылкы бар. Жалпы жайыт акысы 3031308 сом өңдүрүлөт. Учурда 809000 сом өндүрүлүп анын 302 миң сому жайыт салыгына төлөндү. Ал эми Манас районунда 48390 га жайыт жер бар. Жайытка 10688 баш бодо мал. 63188 баш кой-эчки 2601 баш жылкы жайылат. Жайыт акысынын эсебинен 1556 миң сом өндүрүлө турган болсо бүгүнкү күнгө 228 миң сом, өндүрүлүп 85,5 миң сому жайыт салыгына төлөндү. Фермерлер жайлоолорго жаңы көчүрүлдү. Кээ бир айыл округдорда жайыттын жетишбегендиги тоскоолдуктарды жаратууда. Май, Кыргызстан, Маймак айыл өкмөттөрүндө. Кызыл-Жылдыз, Покровка айылдарында жайыт жетишпегенден улам жайыт пайдалануучулар жайыт акысын төлөөдөн баш тартышууда. Ошентседа ар бир айылда эл менен жайыты пайдалануу туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Натыйжасында жайыт акыларын эл төлөп баштады. 2010-жылга караганда бир топ алга жылды.
Манас жана Кара-Буура районунун администрация башчылары жана райондук агро өнүктрүү башкармалыгынын, ветстанциянын, Мамлекеттик коруктун, токой чарбасынын, мамлекеттик каттоо мекмесинин, салык инспекциясынын адистери жана жайыт комитеттердин төрагалары менен биргелешип иштөө ийгиликтердин ачкычындай туюлат.
АРИСтин адистери менен бирдикте 200 миң сомго жазылган долбоорлорду текшерип, аткарылуучу иштерди карап чыктык. Бүгүнкү күндө бардык жайыт комитеттердин эсебине 200 миң сомдук каржылар которулуп калды.
Үстүбүздөгү жылдын 31-апрелинде Жайыт департаментинин адистери менен биргеликте Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агентигинебарып, Токой чарбасынын адистери менен жайыт комитеттеринин төрагаларынын биргелешип иштеши жөнүндөгү сунуштамабызды ортого салуу менен кеңештик.Жыйынтыгында азыркы убакта жайыт комитеттери менен токой чарбасынын адистери ынтымакта иш алып барышууда. Ушундай эле иштерди Кара-Буура районундагы мамлекеттик коруктун адистери менен жүргүздүк. Ошондон кийин коруктун буферный зонасынан фермерлерге жайыт алып берүүгө жетиштик.
Алыскы жайлоого көчкөн фермерлерге дагы шарт түзүп берүү максатында Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округуна барып, ал жердеги жайыт комитети менен келишим түздүк. Келишим түзүүдө Кара-Буура районунун 7 жайыт комитетинин төрагалары,райондун айыл чарбасындагы белдүү адистери жана Чаткал районунунан коруктун, токой чарбасынын адистери катышты.
Райондо алгылыкту иштери менен көзгө көрүнгөн жайыт комитетинин төрагаларын айтып кетейин. Бакыян айылындагы жайыт комитетинин төрагасы Дүйшөналиев Анарбек 42 миң сом жайыт акысын жыйнап 20 миң сом жайыт салыгынан кутулду.АРИС тен келген 200 миң сомго, өздөрүнүн эсебинен кошумча 60 миң кошуп Талас суусуна көпүрө салууну башташканы турат.
Көк-Сай айылындагы жайыт комитетинин төрагасы Парпиев Эмир жайыт акысына 98 миң сом жыйнап, 30 миң сом жайыт салыгына төлөп берди. Чат көпүрөсүн өздөрүнүн эсебинен көпүрө салып жатышат. Ал көпүрөгө 70 миң сом жумшалат, учурда 80 бүтүп калды. АРИСтен алган 200 миң сомго өздөрү 60 миң кошуп 260 миң сомго Аташ-Чапкандагы Күркүрөө суусуна көпүрө салууну башташты. Ошондой эле 50 миң сомго Койлон кыштоосундагы каптажды оңдону пландаштырып турушат. Ушундай эле ишти Манас районунан Кайыңды айылындагы жайыт комитетинин төрагасы Сейдибалиев Канатбек да баштоодо. 200 миң сомго Чеч-Дөбө айлындагы Ак-Жар каптажын капиталдык оңдоодон өткөрмөк. Сары Булак айылындагы Камыштуу-Булак каптажын, Нылды айылында Сары-Кыштак каптаждарын оңдоону пландаштырып, бүгүнкү күндө иш башталып жатат. Пландалган иштерди толук аткарсак алыскы жайыттарга малчылар кыйналбай жетишет да мал жайлоодон семиз түшөт.






кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??