Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Миң-Булакта "Лимузин" бар

Элетте эл мал менен тиричилик кылат. Союз тарап ар ким өз малына ээлик кылганы анын асылдуулугуна да көңүл бурушуда. Нарын районундагы Миң-Булак айылынын тургундары да малды жасалма жол менен уруктандырып, асыл тукум малдуу болсок дешет. Кай бири "койчоңчу, өзүбүздүн кыргыз тукумдан жакшысы жок. Ошону кудай кут кылсын" десе, дагы бири "малдын туягын санап жүрө бербей, анын тукумуна да көңүл бурганыбыз туура" дейт. "Миң уккандан бир көргөн" дегендей, асыл тукум малды жанынан көрүп, ээсин кепке тарткан элек.
-Төлөбай ага, Лимузинге кызыгып калууңуздун себебин айтсаңыз?
-Башында жасалма жол менен уруктандырууга көңүл бурбаганым менен бара-бара анын ишенимдүү экенине ынандым. Өзүңөр күбөө болгондой биздин жергиликтүүү музоо менен Лимузиндин айырмасы асман менен жердей. Алгач кандай породадагы музоолу болобуз дегенибиз менен акыры ушуга токтолгонбуз. Бир жолу уруктандыруу 300 сом экенин угуп, жергиликтүү ветеринардык адиске кайрылып анын жардамынан пайдаландык. Мындан да чоң, асыл тукум болчу малдар болот экен. Бирок биздин уй экинчи гана жолу төл бериши болгондуктан, мына ушуну тандап алдык. Бул музоонун башы кичине болуп, жогоруда айткандай тез торолуп, бат отугат экен. Туулганда кичирээк болгонсуп аткан. Бирок жергиликтүү музоолор менен муну салыштырып болбойт.
-Асыл тукум малдын ээси болуш үчүн талаптар барбы?
-Албетте. Талабы тунгуч кунаажындарга болбойт дешти. Эки жолу төл бергенден кийин гана жасалма жол менен уруктандырса болот экен. Биринчи уруктандырганда натыйжасыз болгон болсо 18-19 күндөн кийин кайрадан уруктандырыш керек. Малдын туягын санабай асылдуулугуна көңүл бурабыз дегендерге айтаарым, 300сомду көп көрбөй асыл тукум ээси болгула.




Жайыттар менен жеринен таанышуу
Эл аралык симпозиум жайлоолордуу кыдыруу менен коштолду. Кочкор районундагы Төлөк айылында Кашка-Суу жайлоосу менен таанышып. Жергиликтүү тургундардын пикирн угушту. Алар да баргандарга ыраазы боло өз өлкөңөрдөгү жайыттын жайын айткылачы дешет. Ал эми миң-булак айылында кызуу талкуу болду. Алгач эки топко бөлүнүп, жайытты кыдырдык. Жайыт комитетинин башчысы Мурат Айдарканов, буга чейин кандай иштерди аткаргандыгы тууралуу маалымат берди. Айрым кошумча суроолоргго САМР Ала-Тоо коомдук фондунун кызматкери, ошол Миң-Булак айылындагы жайыттын жайын жергиликтүү тургундарынан кем билбеген Саламат Жумабаева жооп берип жатты. Алгач жайытты аныктан. Ал жерде малга жагымдуу же ага зыяндуу чөптөрдү да аныкташат экен. Тоют болчу чөптү жана малга жагымсыз чөптү эки баштыкка салып анан изилдөө жүргүзүшкөнүнө жеринде ынандык. Айыл округдун залында ар бири түшүнүктүү жазылган карталар менен тааныштык. Анда кайсы жайыттын сыйымдуулугу канча экендиги такталып, ал жерде кимдер кыштап жайлашы тууралуу маалымат берилиптир.

Кундуз Исмаилова




Жайыттын жайын эл билет
Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген коноктор Эл аралык симпозиумда Кыргызстандагы Жайыттарды кеңири талкуулашты. А тургай жайыттар менен жеринде таанышышты. Мал киндиктүү мекенибизде жайыттарды туура жана үнөөмдүү пайдалануу үчүн көрүлгөн аракеттер туурасында Кыргызстандык адистер сыймыктаануу менен айтып жатышты.Симпозиумдун катышуучулары 15-июнунда Суусамыр өрөөнүндө болушт. Суусамырда республикабыздын туш тарабынан келген малчылар жайлашат. Кеңирсиген кең жайлоодо 80 айыл өкмөтүнүн малы жайылат. Суусамыр өрөөнүндөгү тоолуу жайыттарды туруктуу өнүктрүүнү, башкаруу долбоорунун менеджери Усубалиев Байбек мырза мына буларга токтолду.

Өзүңүздөр көргөндөй Эл Аралык симпозиумдун 40 жакын мүчөлөрү биздин долбоор кандай иштеп жатат,мыйзам кандай иштеп жатканын жеринен көрүүгө келишти. Аткарылып жаткан аракеттерди ачык айкы-тастыктаган 4 презентация жасалды. Конокторудун кызыгуусунан жаралган суроолорго болушунча так жооптор берилди деп ойлойм. Биз ишти баштаганда жайыттарды инвентаризациялоодон баштадык,чек араларын тактап чыктык. Жайыттын толук картасы түзүлгөн. Жайытын сыйымдуулугу, продуктуулугун (кунарлуулугун) аныктап жалпы жайыттын абалына толук байкоо жүргүзүлдү. Ошонун негизинде жайыт пайдалануунун бир жылдык иш планын иштеп чыктык. Мисалы бир контурда элүү гектар жер боло турган болсо ошого жараша мал башына билет алат. Эми ушул түзүлгөн электрондук жайыт комиттетери аркылуу жайытын кыртышынын бузулбашына кам көрө алабыз го деп турабыз. Көйгөйлүү маселе болуп жайыттын инфраструктурасын оңдоо. Кара-Чат, Кызыл-Ой деген жайыттарга барчу жолдорго 39 жерге көпүрө салып бердик. Ошол жолдор аркылуу көп жылдардан бери мал жайылбай калган алыскы жайыттарга жол ачылды. Быйылкы жылы да жайытын инфраструктурасын оңдоону улантып Таш-Кечүү деген участок бар мына ошого барчу жолду оңдойлу деп жатабыз. Белгилей кетчүү жагдай жол алыстыгынан улам азырынча башка айыл өкмөттөрдүн малы келе албай жатат. Аткарылган иштердин басымдуу бөлүгү бул Суусамыр айыл өкмөтүнө тийешелүү болууда. Мыйзам боюнча ар бир айыл өкмөттүн малчылары өздөрүнө гана тийешелүү жайытка чыгышы керек. Булар бирде Талас облусунун жайытын пайдаланса, бирде Токтогул районуна, бирде Чүй облусуна тиешелүү жайыттарды пайдаланып Жайытка мал башына билет алууда маселелерди жаратып жатат.Түшүндүрүү иштерин көп жүргүзүүгө тура келди. Учурда жайыт билетин алып жатышат бүгүнкү күнгө жүз миңден ашык акча түштү.
Нуржамал Курманкулова





Суусамырда сарымсак,сабиз жакшы өсөт
Кыргызстандын Батышы менен Чыгышын, түштүгү менен түндүгүн бириктирип улуу тоолордун курчоосунда Суусамыр өрөөнү жатат. Мына ушул кышы узакка созулуп, жайы жанга жагымдуу Суусамыр айыл өкмөтүндө биздин кабарчыбыз Нуржамал Курманкулова болуп, айыл округ башчы Айбек Мырзакматов менен маектешкен.

-Айыл тууралуу азын оолак кеп кылсак?
-Суусамыр айыл өкмөтүндө 1248 түтүн эл жашайт. Аталган айыл өкмөт 6 айылдан турат. Өрөөн тургундары негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Элибиздин элүү пайызга жакыны, Суусамыр айылында жашашат. Бир айылга айыл өкмөтүнүн жардамы менен башталгыч мектеп салынды. Суусамырда чоң ооруканабыз бар башка айылдарда ФАПтар жайгашкан. Элди медициналык тейлөө жакшы жолго коюлган десек болчудай. Төрөт үйү жайгашкан. Тез жардамдын эки машинасы кызматка даяр. Андан тышкары трассанын боюнда Өкмөт тарабынан травматологиялык борбор ачылган. Бул дагы биздин жашоочулар үчүн жакшы жардам болуп калды. Жол кырсыгынан жапа чеккендерге жеринен жардам көрсөтүлөт. Өтө оор жаракат алгандар Кара-Балтага жеткирилет. Кышкысын отун маселесин чечүүдө канатташ жайгашкан жумгал районунан Кара-Кечеден ташып алышат. Көмүр жеткирилет.
-Суу маселеси кандай чечилген?
-Суусамыр,Тунук, Кожомкул айылдарында Азия Өнүктүрүү банкынын жардамы аркылуу таза суу киргизилген. Кызыл-Суу айылында быйыл бүткөнү турат..
-Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кандай социалдык жардамдар көрсөтүлөт?
Мамлекет тарабынан бөлүнгөн жардамдардын баарын берип турабыз. Колубуздан келген жардамды аябай камкордук жасайбыз 2000-жылдан бери ПРООНдун долбоорлору иштейт. Чакан насыяларды берип элдин жакыр катмарын көтөрүүгө салым кошуп келет. Азыркы күндө чакан насыяларды берүүчү үч компания иштеп жатат. Финансылык кызмат көрсөтүү боюнча биздин айыл өкмөт Республикадагы алдыңкылардын катарында десек болот. Айыл банктын филиалы айылдарда биринчи болуп бизде ачылып отурат. Климатынын шартына жараша бир-эки айылда гана аздаган буудай эгилет, картошка айдалат. Айыл тургундары арпа, эспарцент эгип башташты. Негизинен бизде сабиз, сарымсак, картошкадан жакшы түшүм алышат.





кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??