Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Эл аралык симпозиум
13-18 июнга чейин созулган симпозиум өз максатына жетти десек жаңылбайбыз. Аталган симпозиумга катышуучулардын ар биринин ою омоктуу экени талашсыз. Симпозиумда Борбордук Азия Университетинин директору Богдан Кравченко өз пикирин айтуу менен БАУнун илимий изилдөө борборунун ачылганын белгиледи. Мына ошол борбор симпозимду уюштуруучулардын бири болду. Ал эми БАУнун изилдөө борборунун директору Насрин Данани айымдын айтымында, тоолуу аймактын тургундары социалдык-экономикалык жактан начар турушат. Аталган борбор ошол кен байлыктарды изилдөө, анализ жүргүзүү иштерин, күчтүү адистер менен иштөө жагын, ошондой эле тиешелүүү тармактарга кайрылуу жагына жоопкер. Мындай ыкма менен аймактардагы элдин материалдык абалы гана жогорулабастан, жаштар билим алууга да жетишет. Жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууга, жаратылыш кырсыктарын алдын алууга, маданий мурастарды билүү жагынан да татыктуу адистер даярдалат. Ал эми Айыл чарба министри Төрөгул Беков, Жайыт департаментинин директору Абдымалик Эгембердиев "жайыт жөнүндө" мыйзамдын иштеп жаткандыгын, келечекте дагы аткарчу иштер арбын экендигин айтышты. Симпозиум жайлоолорду кыдырып жайыттар менен жеринде таанышуу менен өткөрүлдү. кызуу талкуулар менен коштолгон симпозиум катышуучуларды кайдыгер калтырбады. Жыйынтыктоо Нарын облусундагы БАУнун имаратында өткөрүлдү. Жайыттардын абалы менен жеринде таанышкан коноктор, өз ой-пикир, сунуштарын айтышты. Кыргызстанда иштеп жаткан жайыт мыйзамынын боосу бек болсун дешти. Жыйынтыктоо сөз аталган симпизиумдун уюштуруучусу, NCCR Түндүк-Түштүк долбоорунун аймактык координатору Мира Арыновага келген меймандарга ыраазычылык билдирип мындан ары да кызматташтыкта болоорун айтты. Меймандарга көз жоосун алган кийизден жасалган азем белектер тапшырылды.


 Малчы-дыйкандарга камкордук керек

Даниель Массели
-Симпозиум тууралуу өз пикириңизди айтсаңыз?
-Бул симпозиумдун аталышы Борбордук Азиядагы жайытты туура пайдалануу (пасторализм): Тоолуу аймактардын көйгөйлөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана учурдагы абалы тууралуу кеп болду. Албетте аталышы айтып тургандай бизге келген меймандар менен жергиликтүү тургундар пикир алышып, жайыттар тууралуу бир-биринен тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзөт. Мындай кездешүүнүн болуп турганы абдан жакшы. Ар кимиси өз ой-пикирин айтып андан бир жыйынтыкка келишет. Симпозиумга илим изилдөөчүлөр, академиктер жана катардагы жайыт комитеттеринен катышууда. Бул иштин илгерилешине өбөлгө түзөт.
-Кыргызстанда иштеп жаткан "Жайыт жөнүндөгү" мыйзамга кандай көз караштасыз?
-Албетте мен бул маселени колдойм. Биз элеттеги малчы-дыйкандарга камкордук көрүшүбүз керек. Жайлоолорубузду туруктуу, үнөмдүү пайдалансак төрт түлүк мал үчүн жакшы. Жайыт мыйзамынын иштеп жатканы жакшы. Келечекте мындан да жогорку дэңгээлде элеттиктердин кызыкчылыгы үчүн иш алып барат деп ишенем.
-"Айыл деми" гезитине каалооңуз?
-Алгач аталган гезитти чыгаруу демилгесин мен көтөргөм. Анда мен Кыргызстанда иштечүмүн. Аймактарды кыдырып, малчы-дыйкан элет элине маалымат жетпегенине күбөө болуп анан "Айыл ажары" деген аталыштагы басылманы чыгарган элек.
Минтип "Айыл деми" деген ат менен ошол айыл элинин кызыкчылыгын көздөп жарыкка чыгып жаткан гезитке ийгилик каалайм. Элеттегилер бири-бири менен ар күнү кездешип, тажрыйба алмашканга мүмкүнчүлүгү чектелүү. Мына ошол тажырыйбаны, аларга кеңешти, иштеринде болгон ийгилик менен чечилбей жаткан маселелерин аталган гезит бетинен тапса деген тилек. Менин каалоом издегенин окурман гезит бетинен тапса, алар үчүн гезит маалымат алуунун жогорку булагы болсун.




Жайыттарда жакшы жөрөлгө
Кыргызстанда Борбор Азия Университети, NCCR Түндүк-Түштүк илимий изилдөө программасы жана Тоолуу өлкөлөр шериктештиги долбоору биргелешип уюштурган "Борбор Азиядагы жайыттарды туура пайдалануу; Тоолуу аймактардын көйгөйлөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана учурдагы абалы" деген аталыштагы симпозиум болуп өттү. Бир канча өлкөдөн 140 иликтөөчү-адистер катышып, Борбор Азия өлкөлөрүндө жайыттарды туура пайдаланып, аларды жакшыртууга байланышкан сунуш-пикирлерин ортого салышты. Биздин жайыттарды малчылар кандай пайдаланып жаткандыгына күбөө болу менен бирге жеринде таанышып өз сунуш-пикирлерин айтуугап да үлгүрүштү. Коноктордон мекениндеги жайыттарды кандай пайдаланарын, кандай жол менен бузулган жайлоо, жайыттар оңдолуп жатканын сурадык. Анда кеп кезеги меймандарда.

Хижабагийн ЫХАНБАЙ,
Монголиянын "Жасыл" айлана-чөйрөнү өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы:

-Монголия илгертен малчылык менен жан баккан өлкө. Бизде жайыт бул жергиликтүү деңгээлдеги эмес, мамлекеттик негизги маселе. Биз дагы азыр Кыргызстандагыдай эле рыноктук экономиканын талабына, заманбап жайыт чарбачылыгына жооп бергидей жайыт пайдалануу жолдорун издеп жатабыз. Монголия парламентинде жайыт тууралуу мыйзам каралып, бекитилбей жатат. Анткени бул мыйзамда ар кайсы региондун ар кандай кызыкчылыктары болуп атат. Андыктан биз жайыт боюнча мыйзам элге, жергиликтүү бийликке жакын болуп, чабандар, малчылар өздөрүн жайыт ээлери сезишип, аны жакшыртууну ойлогудай болсун деп жатабыз.
Жаңы мыйзам долбоору боюнча жайыттар жергиликтүү малчылар коомчулугуна 15-60 жылга ижарага берилет. Азырынча ар ким каалаган жайытына мал багуууда. Улуттук деңгээлде жайыттарды пайдалануу структурасын түзөлү деп жатабыз. Буга өкмөт, мамлекет, борбордук мамлекет, жергиликтүү мамлекет, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү жана малчылар кирип, кайсы бир чечимди кабыл аларда тең укуктуу аракет кылсын деп тилек кылуудабыз. Жазында кайсы бир жайыттын кимге берилишин малчылар коомчулугу талкуулап, жергиликтүү парламентке сунуш кылат. А парламент улуттук саясат, инструкцияга таянып өз чечимин чыгарат.

Барчард Питер,
Германиянын Гамбург университетинин кичи илимий кызматкери:
-Учурда Жалал-Абадда иштеп атам. Арсланбабга жакын жайгашкан көп жайыттар суу жоктугунан бузулуп баратканына күбөө болуудамын. Бизде Германияда жайыттарды туура пайдалануу тууралуу маселе деле жок. Ал жакта заманбап өндүрүштүк жабдыктарды жеткирүү, орнотууда жана жаңы технологиялар менен мал чарбачылыгын алдыга жылдырууда чечүүчү маселелер бар. Германияда азыр органикалык азык-түлүктөргө суроо-талап жыл санап өсүп баратат. Мисалы, Гамбургда жалаң органикалык продуктуларды саткан бир нече супермаркет бар. Кыргызстандын мындай продуктуларды экспорттоого чоң мүмкүнчүлүгү бар. Алсак, Арсланбаб жаңгагын Европа өлкөлөрүнө жакшы баада чыгарса болот. Менин баамымда Жалал-Абад облусунда жайыттарга көңүл бурулбагандай. Кыргызстандык малчы-фермерлердин бир кемчилиги - алар дайыма бир түрдөгү мал өстүрүшпөй, жылыга өзгөртө беришет экен. Биздин малчылар малдын бир түрү менен гана алектенип көп ийгиликтерге жетишет. Дыйкан-фермерлер салыкты жер үчүн эмес, алган кирешесине төлөшөт. Германияда жайыттарды башкаруу жеңил. Себеби түзөңдөрдө жайгашкан. Жайыт ээси машине менен ал жактарга кыйналбай эле барып, жер семирткич, чөп уруктарын чачып кете алат.

Бассиру Бонфо,
профессор, Экосистемалар жана калк саламаттыгы боюнча Африка иликтөө консорциумунун директору:
-Африкада жайыттарды пайдаланууда биртоп кыйынчылыктар болгон. Азыр жакшы мыйзамдардын негизинде жетишкендиктер болуп атат. Биздеги негизги көйгөй малды, малчыларды жана анын кандайдыр бир дарылоо жолун издеп атабыз. Африканын тоолуу райондорунда жаштардын көбү Россияга, айрымдары шаарларга кетип, айылдарда карылар, өспүрүмдөр эле калышкан. Эгер алардын ден соолугун карабасак жайыт тууралуу сөз кылууга да болбойт. Ошондуктан биз биринчи орунга адамдарды, анан жайыттар менен малды койгонбуз. Бизде жайыттарды мамлекет жергиликтүү малчыларга ижарага берип, кайра артка кайтарып алат. Малчылар да бир жерде туруктуу турбагандыктан мамлекет менен карапайым калктын ортосунда жайыт тууралуу талаш-тартыш көп болуп турат. Кыскасы, Африкада жайыт азыр мамлекетке да, элге да тиешелүү эмес.

Рафаель Мартиньер,
Париж университети:
-Кыргызстандын жайыттары абдан кооз экен. Мен жаратылышка абдан кызыктым. Жайыттарды туруктуу пайдаланса мындан да керемет жаратылыш болот деп ишенем.

Мадаминов Абдулло,
Тажикстанда жайыттарды калыбына келтүрүү боюнча адис
-Кыргызстандын жаратылышына кызыгып мен да өз ищимде колдоном деп бир топ кооз жайыттарды сүрөткө тартып алдым. Эми буюрса иштеген ишимде эки өлкөнүн жайыттарын да салыштырып көрсөк болот. Абдан кооз жерлерде болдук.

Кабил Кадыров,
Тажикстан мамлекетинен
келген конок
-Биз Кыргызстанга ар качан кубануу менен келебиз,элиңердин мейман достугу жагымдуу. Бул келишибизде бизди кубантканы былтыркы апрель, Ош кооголаңынан кийин да тынчтык күндөр өкүм сүрүп элдин маанайы көтөрүңкү болуп, көп улуттардын башын бириктирген эл аралык мааниси зор симпозиумдун өтүшү болуп турат. Борбордук Азияда деги эле көп өлкөлөрдө али кабыл алынбаган жайыт мыйзамынын Кыргызстанда кабыл алынып анын иштеп жатышы бизге жаңылык.

Сейфулло Абдыраимов,
Казакстан Улуттук илимдер Академиясын Академиги:
-Малга да, данга да бай кең өлкөбүздө жайыт маселеси жок эмес. Учу кыйыры белгисиз созулган чөлдөр менен бирге тоолуу өрөөндөрүбүз да жетишерлик. Жайытка бай, малга бай болгонубуз менен Казакстанда жайыт мыйзамы кабыл алына элек. Мына ушундай жайыт пайдалануучулардын суроо талабына ылайык келген мыйзам жазууга аракеттенип жатабыз. Сиздердин өлкөдө кабыл алынып турмушка ашырылып жаткан жайыт мыйзамынын ийгиликтүү жагын камтысак, өксүк жагын толуктап, кемчилигин кайталабаганга аракеттенебиз.

Ал үчүн көптөгөн илимий кызматкерлер менен окумуштуулар ойлонуп-толгонуп иш алпарышууда. Бул эл аралык симпозиумга катышуу менен КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу жайыт Департаментинин директору Эгембердиевдин жасаган жайыт мыйзамы боюнча тааныштыруусу биз үчүн өтө кызыктуу болду.

Мохамед Халиф Парвана
Пакистан мамлекетинен келген конок
-Пакистан менен Кыргызстан тоолору менен окшошсо бардык жерде малчылардын түйшүгүн жеңилдетип, жайытты туура пайдаланууга аракет көрүлөт. Ар бир чөлкөмдө тургундар өз шартына жараша иш алпарышат. Эл аралык мындай жыйындар улуттар арасындагы достукту чыңайт, кыргыз элинин меймандостугуна ыраазы болуп жатабыз.





кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??