Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Авлетимдеги алгылыктуу иштер
Аксы районунун Авлетим айыл округундагы Жайыт Пайдалануучулар Бирикмеси да Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" мыйзамына ылайык түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул ЖПБсинин аты алыска угулуп, былтыркы жылдан бери жайыт пайдалануучулардын көңүлдөрүнүн борборунда болуп, алардын аткарган иштери тууралуу көргүсү келгендер былтыркы жылдан бери эки жолу келип кетишти. 2010-жылы Авлетим Жайыт Пайдалануучулар бирикмесинин иштери менен таанышып, тажрыйба алып, үйрөнүп кетүү үчүн Республикабыздын түштүк аймагынан, өрүкзарлуу Баткенден тартып, мал киндиктүү Алайдан, девзира күрүчтүү Өзгөндөн жайыт комитеттеринин төрагалары, мүчөлөрү келишкен. Келген меймандарга Авлетим Жайыт Комитетинин төрагасы Токтоболотов Масалбек талыкпастан ар бир аткарган иштери тууралуу кеңири маалымат берип, алардын берген суроолоруна да фактыларды келтирүү менен жооп берип жатты.
Мына ушундай тажрыйба алмашуу визити Авлетим Жайыт пайдалануучулар бирикмесинде жакында, тактап айтканда 2011-жылдын 30-майында болуп өттү. Токтогул районунун Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин төрагалары менен мүчөлөрүн эмне үчүн Авлетим ЖПБсынын иш тажрыйбасы кызыктырды?-деген мыйзамдуу суроо туулат.
Авлетим Жайыт Комитети 2010-жылы жайыт пайдалануучулардан жайыт акысы үчүн 444 000 (төрт жүз кырк төрт миң) сом акча топтойбуз деп жылдык планына киргизишкен. Бирок өлкөбүздөгү саясий окуялар, кээ бир саясий жетекчилер эл менен жолугушканда, жана массалык маалымат каражаттарында, негизинен телевидениеде чыгып сүйлөшкөндө, жайытка да, жайлоого да акы төлөнчү беле, ата-бабаларыбыздан бери эле жайытты акысыз пайдаланып келгенбиз деген сөздөрү кээ бир жайыт пайдалануучуларга шыкак болуп, жайыт акыларын төлөбөй койгондуктан жайыт акынын 97,67ын же 433 661 сом топтошту. Мына ушул топтолгон акчадан Жайыт Комитети өз күчү менен жайыттардын инфраструктураларын жакшыртуу үчүн Коргон, Мукур, Тегирмен-Сай жайыттарында мал суу ичүүчү булактарды 30 000 сомго оңдоп, суу аштоолорун куруп, элден алкыш алып, малдардын жакшы багылышына жана жайыттарды жакшыртууга салымдарын кошушту. Авлетим -Жар-Башы, Дейрес, Кара-Токо-Узун-Кыя жайыттарына баруучу жолдорду оңдогонго 56 500 сом жумшашты. Ой-Алма менен Шар жайыттарын туташтырып турган көпүрөнү оңдоого 32 830 сом чыгымдашты. 2010-жылы жалпысынан 119 330 сомдук иштерди аткаруу менен жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга өз салымдарын кошушту. Айыл округга жер салыгы үчүн 60 000 сом которуп беришти. Социалдык фондго, салыктар боюнча белгиленген төлөмдөрүн төлөшкөн эч кандай карыздары жок.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринде жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жана жайыт акыларын топтоодо иштери бир топ артта калгандыктан Авлетим Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин тажрыйбасын үйрөнүү үчүн Токтогул районунун айыо окуруг башчылары, Жайыт Комитеттердин төрагалары, Жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүү боюнча эксперттерден турган 35 адам келишти.
Тажрыйба алмашуунун жүрүшүн­дө Авлетим ЖПБнин төрагасы Масалбек Токтоболотов 2010-жылдагы жетишкендиктери тууралуу келген меймандарга таблицага түшүрүлгөн маалыматтарды, сүрөттүү баяндамаларды колдонуу менен айтып берди.
Келген коноктор менен иштерде жетишкен ийигиликтери тууралуу төмөндөгүдөй иштерди аткаргандыктан жетишкендигине кеңири токтолду. Алар: Малдын санын тактоо, жайыт пайдалануучулардын тизмесин тактоо, жалдын түрлөрүн (ШМБны тактоо, аныктоо), дарылоо -эмдөө боюнча справкалар, жайыттардын сыйымдуулугу, картасы, инфраструктурасы тууралуу маалымат, Мыйзамдар, актылар боюнча документтер, жайыттарды которуштуруп пайдалануу, Мал айдап өтүүнүн жолдору жана дислокация, жайыттарды жакшыртууга талап кылынган участоктор, жайыттарды башка максаттарда пайдалануунун планы, Акы төлөөнүн графиги.
Авлетим ЖПБ 2011-жылга жайыт акыларды топтоону 471 100 сомго белгилешкен. Биринчи жарым жылдыкта 274 635 сом топтоону пландаштырып, тажрыйба алмашуу күнүндө 194 145 сом топтошуп, жарым жылдык планды 70,7га аткаргандыктары тууралуу маалымат берди. Быйылкы жайыт акыдан ЖПБнын офиси үчүн оргтехника алууга 25 000 сом каралганы да меймандардын арасында бир топ кызыгууларды жаратты.
Авлетим ЖПБсы менен АРИСтин ортосунда 2011-жылга кызматташуудан аткара турган кичи долбоорлордун планы түзүлүп, жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 14 кичи долбоордун суммасы 360 000 сомду түзсө, анын 200 000 сому АРИС тарабынан колдонулуп, 160 000 сомдук ЖПБ тарабынан салым катары кошулат.
Бул тажрыйба алмашуу визитинде пикир алмашууларда кызыккан тарап өздөрүнө пайдалуу тажрыйбаларды алышкандыктары тууралуу, бул жерге бекер эле келишпегендиктери тууралуу өз пикирлерин кесиптештерине ыраазычылык менен билдиришти.
Нурмамат Сапарбаев,
Жалал-Абад Батыш өкүлчүлүгүнүн социалдык
мобилизация боюнча адиси
Сүрөттөр автордуку





Табигый ресурстарын пайдаланууга байланышкан конфликттер
САМР Ала Тоо коомдук фондунун адистери, "Табигый ресурстарды пайдаланууга байланышкан конфликтерди жөнгө салуу" боюнча төрт күндүк семинарын Нарын районунун Жергетал жана Мин-Булак айылдарында өткөрдү.

Бул семинарда айыл округ башчылары, райондук жайыт департаментинин кординатору, Жайыт комитеттеринин төрагасы жана мучөлөруү, жер адистери, айыл башчылары, лесхоз жана жайыт пайдаланучуулар катышышты. Семинардын программасы ыңгайлуу түзүлүшү менен башка семинарлардан айрымаланат. Анткени семинардын биринчи күнү табигый ресурстарына байланышкан имитациялык оюн өткөрүлүп, катышуучулар көбүнчө убакытта өзүлөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп табигый ресурстарына көңүл бурбаганын сезишти.
Семинардын катышуучулары жайыт ресурстарына байланышкан жергиликтүү көйгөйлөрдү жана талаш-тартыштарды тоолугу менен аныкташып, биринчиден айыл тургундарын жайыт ресурстарынын бузулушу коопсуздандырарын жана Жайыт мыйзамы менен байланышкан ар түрдүү көйгөйлөр бар экенин билгизишти. Алар аныкталган конфликттерге терең анализ жүргүзүп, ошондой эле конфликтер кандай чыгымдарга алып келерин көрүштү. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар ар турду ролдук оюндарды коюшуп конфликт учурунда агрессивдуу жүрүш-туруштарды, мамилелерди, "Сен" деген кайрылуу менен "Мен" деген кайрылуунун ортосундагы айрыма, уга билүү, ортомчулуктун принциптери менен таанышып өзүлөрүнүн жыйынтыктарын чыгарышты.
Конфликти жөнгө салуу кыйын экенин аныктап, бирок конфликтен коркпой өз убагында чечишин билишти. Конфликт ар түрдү чыгымдарга (социалдык, экономикалык жана экологиялык) алып келерин көрүштү. Көбүнчө конфликттин экономикалык жагына көбүрөк көңүл буруп, экологиялык чыгымдарды такыр эсепке албагандарын айтышты.
Кофнликттердин коомчулукка тийгизген терс жактарынан башка, пайдалуу жактары да бар. Конфликтти чечүү иш аракеттери адамзатты алдыга жылууга өнүгүүгө түрткү берет.
Семинардын сонунда аныкталып чыккан жергиликтүү талаш-тартыштарды САМР Ала Тоо фондусун "Табигый ресурстарына байланышкан конфликттериди жөнгө салуу" долбоору аркылуу чечүү боюнча иш чараларды уюштурууну каржылоо боюнча мүмкүнчүлүүгүн билдирди.
Саламат Жумабаева,
САМР Ала Тоо коомдук
фондусунун кызматкери




кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??