Картөшкөнү сугаруу
Кыргызстандын ар бир аймагында картөшкө өстүрүү салтка айланып калган. Бул жолу аны суугаруу тууралуу маалымат берүүнүү туура таптык.
Орто Азиянын шартында картөшкөнүн өсүп -өнүгүүсүнүн жакшы жүрүшүн суу менен башкарып, экологиянын терс таасиринен сактап жакшы түшүм алууга болорун алдыңкы тажрыйбалар көрсөтүүдө. Топурактын нымдуулугун картөшкө гүлдөп, тамыр түйүмүн байлап жаткан кезде анан толук ным сиңиримдүүлүгүн ТСТС75-80 жогору кармоо талаада ыңгайлуу микроклиматтык шарт түзөт.Топурактын убактылуу мээлүүн температурада болушун камсыз кылуу менен анын катпай жумшак болуп, топурак ичиндеги сабактын(столондун) жакын өсүшүн тамыр түйүмүн көп жаралып,тез өсүшүнө шарт түзөт. Мында жогоруда айткан кубулуш илдет болбойт.Ошондуктан картөшкө сугат эоналарында, өрөөндөрдө 4-5 жолу сугарылат, тоо этегинде 3-4 жолу,ал эми тоо арасындагы күрөң, кара топурактуу жаан жетиштүү жерлерде 2-3 жолу сугарылат. Картөшкөнү сугаруу негизинен сап менен,тегиз жерлерде сууну жаадырып сугарылат. Гектарына сап менен сугарганда 1000-1200м.куб, жаадырып сугарганда 700-800м.куб сугат суу берилет. Топурактын нымдуулугу өсүү фазалары боюнча 70-75-65 режим боюнча жүрүүгө тийиш, башкача айтканда, картөшкө гүлдөгөнгө чейин ТСТС70 гүлдөгөндөн бышканга чейин ТСТС 75 жогору, ал эми бышып казууга жакындаганда ТСТС60 кем болбоого тийиш. Картөшкө сугат жерде бийик түшүм бере тургандыктан ал азык затты көп талап кылат. Ошондуктан, суу менен азык берүү бири-бири менен байланыштуу жүрүүгө тийиш, ансыз жакшы натыйжа алынбай калат. Биринчи эки сугат картөшкөгө кошумча жер семирткичти бергенден кийин жүргүзүлөт. Мында жер семирткичтер жакшы ээрип, өсүмдүк үчүн оңой сиңирилүүчү түргө айланат. Ар бир сугаттан кийин катар аралык кургап, катып кетпесин үчүн кыртышты жумшартуучу куралдар менен культивация алынып, топурак 12-16 см тереңдикке чейин жумшартылып, отоо чөптөрү жулунуп турат. Картөшкө убагында сугарылып, тийиштүү ыкмалар менен өстрүлсө, ал илдеттен алыс болот, түшүм 2 эсеге чейин өсөт.
"Кыргызстандын шартында картөшкөнү өстүрүү жана коргоо негиздери" деген китебинен алынды. Бишкек 2010