Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Манас Саматов,
айыл чарба инженер-механиги, техника илимдеринин кандидаты,
КРнын Айылдык өндүрүшчүлөр ассоциациасынын аткаруучу директору

Доор жана дыйканчылыктын үзүрү
-Дыйканчылык менен алектенүүнүн пайдасы жок болуп калды деп, элдер айлдардан шаарларга, четке, журт тышына чыгып кетип жатышат. Мындай көрүнүштүн келечеги кандай, эмне менен аяктайт?
Биринчиси - Дыйканчылыктын үзүрү кадыры кеткендигинин себептери эмнеде?
Негизги себептери өзүбүздө - дыйкандарда. Эркин базар экономика дооруна топ келген чарба жүргүзүүнүн эрежелерин өздөштүрбөй келебиз. Жер жеке менчикте. Кожоюн өзүбүз. Демек күндөлүк чарбалык чечимдерди да өзүбүз кабыл алышыбыз шарт. Ушул жерге келгенде көпчүлүк аксап калып жатат. Туура чечимдерге акылы жетип турса да колу жетпей калды. Колунда техникасы жок болуп шайы кетип турат. Айласы кеткенде жаш баладай өкмөттөн жок жардамды күтүп отуруп, өмүрү өтүп жакырчылыкка батты. Акыры тажаганда дыйкандардын калын катмары жер үлүшүн эле эмес, бала-бакырасын да кудайга аманатка калтырып, аларды багыш үчүчн, чапанын желкесине салып, журт тышына оокат издеп чыгып кетти.
Иштин көзүн билгендер учурунда техника сатып алууга бүт күчүн, каражатын жумшады. Натыйжада колунда техникасы барлар суурулуп чыгышып, дыйканчылык бизнесинин сырларын жакшы өздөштүрүшүп, ийгиликтүү чарба жүргүзүшүп татыктуу турмуш кечирип келе жатышат.
Ошентип маселе барып эле техниканын жетишсиздигине такалып жатат.
Экинчиси - Миграциянын күч алышы. Жер аянттары чектелүү, элдин саны жылдан жылга өсүп баратат. Ошондуктан элдин айылдардан шаарларга, журт тышына ооп жаткандыгы доорго мүнөздүү, табигый турмуш агымы. Миграция агымдарынын динамикасы бүткүл дүйнөдө чоң арыштар менен өнүгүп жаткан мезгилде жашап жатабыз. Ошолорду көрүп туруп айылдан чыгып кеткендердин дээрлик көпчүлүгү кайра кайрылып келбейт деп ишеничтүү айтса болот. Бирок баары тең, канчалык алыс кетпесин, айылдарынан кол үзбөйт. Баарынын тамыры туулуп өскөн айылында. Алар да үйдө калган туугандарынын көйгөлөрү менен жашап келишет.
-Демек, ток этер жери техниканын жетишсиздигине барып такалат экен. Бул маселени чечүүнүн кандай жолдору бар?
-Дыйкандардын айыл чарба техникалары менен, түшүмү кайра иштетүүчү жабдыктар менен камсыз кылуунун сыноодон өткөн дүйнөлүк эреже - салты бар.
Бул эреже - салт - лизинг .
Лизинг - бул кредиттик мекеменин буюмун акчага чегип, белгилүү мөөнөткө, киреге алуу деген түшүнүк. Кредиттин бир түрү. Дүйнөлүк тажрыйбага таянып лизингге кирүүдөн коркпош керек деп кесе айтса болот.
Эң көп козголгон суроого жооп катары өзгөчө белгилеп кетейин - заводдор техниканы кредитке бербейт. Алардын түйшүгү - машина жасоо. Заводдордон машинаны жүктөп чыгыш үчүн алдын ала 100 акчасын төлөш шарт, башка жолу жок. Антпесе заводдор токтоп калат.
Кредит берүү, лизинг кызматын көрсөтүү - бул банктардын, лизинг компанияларынын, мамлекеттик программалар алкагында иш алып барган мекемеледин жумушу.
Тилекке каршы бүгүн Кыргызстанда лизинг кызмат көрсөтүү тармагы жокко эсе. Мыйзам чийки. 2002-жылы кабыл алынган финансылык аренда (лизинг) жөнүндөгү мыйзам бүгүнкү күнгө чейин турмуштан ордун таппай келет.
Айыл чарба министрлигинин жетекчилеринде лизинг жөнүндө таптакыр түшүнүк жок. Алар мамлекеттин каражаттарын, донорлордун каражаттарын уютку катары пайдаланып лизинг компаниясын түзүүгө кызыкдар эмес. Анткени алар административдик ыкма менен өздөрү каражаттарды болуштуруп, бөйрөктөн шыйрак чыгарууга гана умтулушат. Айыл чарба министрлиги коррупциянын уюгу бойдон калып келе жатат. Бул министрликти чечкиндүү, радикалдык реформалоо зарыл.
Министрликтин укуктарын кескин түрдө күчөтүш керек, жетекчиликке иш билги, өндүрүштө такшалган, учурдун талаптарын сезе билген, заманбап көз караштагы, таза менеджер келсе жакшы болоор эле.
-Дыйкандар кимге кайрылса болот бул маселелер боюнча кенешуу учун?
-Бизге кайрылышса болот. Биз калыс, адистик кеңештерибизди беребиз, анан кандай машиналарды сатып алууну фермерлер өздөрү чечишсин.
Менин көз карашым боюнча, качан биз жерди кыраатына келтирип, өз учурунда, жер бышкан кезде, тез, сапаттуу айдоону жөнгө салган күндөн баштап дыйканчылыктын үзүрүн көрө баштайбыз.
Биз, адистер, механизаторлор, асмандагы "Азык-түлүк коопсуздугу" деген элге түшүнүксүз, "аскерий" программа менен эмес, жөнөкөй эле "Молчулукту, токчулукту камсыздоо" программасы аркылуу каатчылык менен эриш-аркак болуп чырмашып жүргөн кымбатчылыкты "жүгөндөө" жолдорун изилдеп, иликтеп, ошого жараша жерден асманга учпай эле, басып жүрүп иш тутуп келебиз.
Бүт дүйнөдө фермерлер өзүлөрүн өздөрү башкарышат. Дыйкандар өз укуктарын коргоо үчүн Айылдык өндүрүшчүлөрдүн ассоциациасын түзүп, чиновниктердин терс, коррупциялык жүрүштөрүнөн көз карандысыз болууга бел байлашты. Келип катарыбызга кошулуңуздар, бардык өндүрүшчүлөр үчүн биздин эшик ачык.

Байланыш телефондорубуз: 0312 623 658, 0 555 111 626.Электрондук дарегибиз: manas.samatov@gmail.com




Жайында бийик тоолуу аймактарда тунмалар карлардан эмес, жамгырлардан дайыма пайда болуп турушу,
бийик тоолордогу муз катмарларындагы суулардын көпкө чейин сакталуу мүмкүнчүлүгүн азайтат.
Кооперативдик кыймыл -
айыл чарба тармагын өнүктүрүү
Учурда өлкөнүн экономикасы, анын ичинде айыл чарбасы, өнүгүүнүн өткөөл мезгилиндеги кыйынчылыктарды башынан өткөрүп турган маалы. Мамлекеттин бүгүнкү күндө айыл чарбасына жана кооперативдерге субсидия аркылуу жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү чектелүү. Бир жагынан айыл чарбасын өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөр майда, ар бири өз алдынча иш алып барган бытыранды чарбалардан турушу өз кедергисин тийгизбей койгон жок.
Ал эми, өлкөдөгү түзүлгөн кооперативдер кыймылынын учурдагы өнүгүүсү алсыз болуп, бул кыймыл экономиканын өз алдынча сектору катары жоюлуп кетүү коркунучун башынан кечирип турган учуру. Бир жагынан алып караганда, кооперативдер кыймылынын өнүгүүсү үчүн экономикалык, социалдык жагдайлар баары эле каралган сымал, ошол эле учурда кооперативдер кыймылы өзүнүн өнүгүү жолунда экономикалык бир кыйла кыйынчылыктарды моюндап келет.
Өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кооперативдер кыймылынын урунттуу таасири бар, деп айтуу азырынча эртерээк экендиги, кооперативдер кыймылынын өнүгүүсүнө анализ жүргүзүүдө ачык көрүнүп турат. Ошондой болсо дагы өлкөдөгү экономикалык кризисти жоюда, ошону менен бирге өлкөнүн азык-түлүк коопсуздук маселесин чечүүдө кооперативдер кыймылынын тиешелүү таасири бар экендиги анык.
Мына ушундай бир кылка себептерден улам кооперативдер кыймылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргызстан Кооперативдер Союзу (ККС) аркалуу колдоого муктаж экендигин белгилейбиз.
Кыргызстан Кооперативдер Союзу - бул кооперативдердин кызыкчылыктарын коргоо, кеңеш берүү, маалымат жана инновациялык кызмат көрсөтүү иштерин камсыздоо үчүн, өз ыктыяры менен биригишкен, өз алдынча чарба жүргүзүшкөн кооперативдердин союзу болуп эсептелет.
Агробизнес борбору Кыргызстан Кооперативдер Союзуна жана анын мүчөлөрүнө техникалык жардам көрсөтүү ирээтинде окууларды, керектүү кеңештерди, тажрыйба алмаштыруу иш-чараларын жана алардын продукцияларын ички жана тышкы рынокторго алып чыгууга колдоо көрсөтүп келет.
Кооперативдерди колдоо ирээтинде Агробизнес Борбору тарабынан "Фермердик кооперативдерди колдоо" кичи долбоору ишке ашырылып жатат.
Аталган кичи долбоор кооперативдер кыймылына техникалык жана финансалык жардам көрсөтүү иш-чараларын камтыган. Бүгүнкү күндө техникалык жардам Агробизнес борбору тарабынан көрсөтүлүп келе жатат. Ал эми финансылык жардам Дүйнөлүк Банктын "Агробизнес жана Маркетинг" долбоорунун Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмү тарабынан берилмекчи, бирок 1,5 жылдан бери ишке ашпай келе жатат. Аталган программада 30 грант, 70 кредитик каражат кооперативдерге жумшалмакчы. Эгерде "Агробизнес жана Маркетинг" долбоору быйыл декабрь айында өз ишин аяктай турган болсо, анда кооперативдерге каралган бул ыңгайлуу финансылык жардам өз максатына жетпей калышы толук мүмкүн болуп турат.
Мындан тышкары кооперативдер кыймылына жардам катары Агробизнес борбору Кыргызстан Кооперативдер Союзу жана Айыл чарба министирлиги менен бирдикте "2011-2015 жылдарга Кыргыз Республикасынын кооперативдер кыймылын өнүктүрүү" боюнча Мамлекеттик Программасын иштеп чыкты.
Мамлекеттик программа кооперативдер кыймылын өнүктүрүү боюнча бир топ алгылыктуу иш-чараларды камтыган эле, алсак:
o кооперативдердин микро кредиттик компаниясына финансы каражаттарынан жардам көрсөтүү;
o кооперативдердин продукцияларын фьючерсный келишим аркылуу Агропродкорпорацияга өткөрүү;
o страхование системасын калыптандыруу, азык-түлүк коопсуздугун жана кооперативдик системаны стабилдештируу, ошондой эле мүмкүн болуучу финансылык тобокелчиликти азайтуу жагы каралган;
o бош жаткан объекттерди кооперативдерге өткөрүп берүү, жеңилдетилген салык жана социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү;
o айыл чарба жерлерин кайра иштетуу фондунан кооперативдерге жер бөлүп берүү;
o узак мөөнөткө (лизинг) айыл чарба техникалары менен камсыздоо;
o мамлекеттик мекемелердин ички керекөөлөрүнө айыл чарба продукцияларын сатып алууларды уюштурууда кооперативдерге жеңилдик беруу ж.б.
Аталган долбоор тиешелүү министерстволор тарабынан колдоого алынганы менен, финансылык каражаттардын жоктугуна байланыштуу Өкмөт тарабынан бекитилиши белгисиз мөөнөттөргө чейин токтотулуп турат.
Көрсөтүлгөн жагдайларга карабастан Агробизнес Борбору тарабынан "Фермердик кооперативдерди колдоо" кичи долбоорунун окутуу программасына ылайык, кооперативдерге кооперативди эффективдүү башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, айыл чарба продукцияларынын маркетинги боюнча, бизнес план түзүү, финансылык башкаруу жана бухгалтердик учет жүргүзүү боюнча окууларды өткөрүү пландаштырылган.
Кыргызстан Кооперативдер Союзунун мүчөлөрү Агробизнес Борборунун картошка боюнча түзүлгөн "Кошумча нарк тутумдарын өнүктүрүү" программасынын катышуучулары болуп эсептелет. Аталган программа боюнча дагы практикалык семинарлардан тышкары комплекстүү техникалык колдоо аракеттери каралган, алар:
o жер иштетүүдө агротехникалык иш-чараларды толук сактоону үйрөнүү;
o продукциянын сапатын жогорулатуу;
o айыл чарба продукцияларынын маркетинги;
o ички жана тышкы рынокторго продукцияны сатып өткөрүү үчүн сатып алуучулар менен туруктуу байланыштарды түзүү ж.б.
Кооперативдердин иш-аракеттерин ийгиликтүү алып кетүү үчүн, алардын башкаруу персоналдары адистик билимдерин жогорулатуу муктаж экендиги анык. Адистик деңгээли бийик башкаруучу кооперативдик кыймылдардын бардык программаларына катышуу менен алардын эффективдүү өнүгүшүнө өбөк боло алат.
"Агробизнес жана Маркетинг" долбоору иш-аракеттери 2011 жыл менен аякташы күтүлүүдө, ошондуктан Агробизнес Борбору 2012 жылдан баштап кооперативдерди колдоону өлкөбүзгө жаңы келип ишин баштап жаткан "Кыргыз Республикасынын агро кайра иштетүүчү секторун өнүктүру менен экономикалык диверсификацияны колдоо" жана "Агробизнестин продуктуулугун которуу" долбоорлору аркылуу жүргүзүү керектигин алдын ала багыттоо менен пландаштырууда.
Өткүлбек Шералиев,
Агробизнес Борборунун эксперти, Дүйнөлүк Банктын "Агробизнес жана Маркетинг" долбоору






кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??