Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Асел Насыралиева, "ФИНКА" компаниясынын кредиттик менеджери:
Кардарларыбыздын каалоосу -биздин милдетибиз
Учурда Кыргызстанда "ФИНКА" микрокредиттик компанияны билбеген киши жок. Финкадан акча алып иштетип жатабыз, мүчөсүмүн деп калышат. Мындайча айтканда биздин Кыргызстанда көп жылдан бери иштеп келе жаткан микрокредиттик уюм. Биздин кардарлар иштеше баштагандан бери алардын иши да өркүндөп жатат. Себеби эмнеде? Ошону билгенге Асел Насыралиевага кайрылдык.

-Асел, Кыргызстанда "ФИНКА" микрокредиттик компанияны билбеген киши жок. ФИНКАдан акча алып иштетип жатабыз, ойнотуп жатабыз, мүчөсүмүн деп калышат. Акыркы күндөрү башка бөлүмдөр дагы ачылып жатабы? Биздин Кыргызстанда көп жылдан бери иштеп келе жаткан микрокредиттик уюм. Биздин кардарлар иштеше баштагандан бери алардын иши өркүндөп жатат. Себеби эмнеде?
-Себеби биз кедейлик менен күрөшөбүз. Анан кредит берүү үчүн көп документ сурабайбыз. Бизден акча алып иштетүү абдан ыңгайлуу. Эки күндүн ичинде кардарлар акча алып, өз керектөөлөрүнө иштете башташат. Бизде эч кандай ортодон чыга калчуу жашыруун проценттер жок. Ошондой эле баары айкын көрсөтүлгөн. Биринчиден биз кардарларга абдан элпек, кичипейил мамиле кылабыз.
-Сиз жашыруун проценттер жөнүндө кеп кылдыңыз. Жашыруун процент деген түшүнүк эмне деги өзү?
-Жашыруун пайыз деген эгер биз залог алганда анын страховкасын сурабайбыз. Кээ бир банктар залогдун (үй, дача, вилла) страховкасына да акча алат.
-Бизде аз эле кагаз менен карыз акча алса болот дейсиз. Буга кайсы кагаздар кирет?
-Эгер акча эмгекке байланышкан кредит берсек жарандын паспортун гана керектейбиз. Индивидуалдык кредиттөө болсо 100 миңге чейин биз паспорт, кепилдик берчү кишини гана талап кылабыз.
-Канча кепил болчу киши керек?
-Эгер материалдык жактан бардар киши болсо бир эле кепилдик берген киши керек. Эгер ал кепил болчу киши биздин төлөмдү жаба алганга күчү жетпегендей болсо анда экинчи кепил болуп берчү адамды талап кылышыбыз мүмкүн.
-Кредиттик тарыхты (мурда-кийин кредит алып, аны кандай төлөгөндүгү жөнүндө маалымат) пайдаланасыңарбы?
-Ооба, пайдаланабыз. Ал жагынан башка микрокредиттик мекемелер, банктар кандай иштесе ошондой эле иштейбиз. Эгерде кредиттик тарыхы жакшы болсо аларга дайыма акча бергенге даярбыз. Ал эми кредиттик тарыхы бир аз түзүк болбой, кандайдыр бир себептер менен акчаны кечеңдетип төлөп калса, алган акчаны толук төлөп бергенден кийин дагы деле иштеше бергенге мүмкүнчүлүк беребиз. Ал кайра аз сумма менен иштеп көрөт. Бирок ошондой кардарлар бизде бар, кийин алар иштин ыгын билип, жакшы өркүндөп кетип жатышат.
-Силерден акча алган адамдардын ичинен акчаны кайра кайтара албай калгандардын пайызы канча?
-Ай сайын аласа-бересеси жок, так эле чыгып жатабыз. Кардарлар абдан жоопкерчилик менен мамиле кылышат.
-Кредитти шаардыктар көп алышабы же айылдыктар көп алышабы?
-Андай деле абдан чоң ажырым жок. Айыл жеринде деле көп кредит алышат. Үй шартын жакшылашат. Өзүнүн керектүү жумушун тез аранын ичинде жасап алганга жетишишет.
-Силерге кредит алганга эркектер көп келишеби же аялдарбы?
-Аял кишилер көбүрөөк алышат. Аялдарыбыз тың, жоопкерчиликтүү болушат экен. Эркектер деле бар дечи.
-ФИНКАнын дагы кандай өзгөчөлүгүн айтаар элеңиз?
-Бизде кардарларга абдан жакшы мамиле кылабыз. Кардарыбыз айылдыкпы, шаардыкпы, кедейби, байбы, кийими, сүйлөгөнү, улуту кандай - ага карабайбыз. Мен көп угуп калам да. Биздин элде банктарга баргандан тартынгандар, уялгандар, корккондор көп экен. Көп эле банктардын кызматкерлери кардарларга керсейишип, тоготпостон, үстүнөн карашып мамиле кылат деп айтышып калышат.
-Сиздерден акча алып, жоктон баштап ийгиликеке жеткендердин байыган чеги каер, канчалык?
-Бир эле мисал кетирейин. Бир кардарыбыз бар эле, жепирейген павильону иштетчү. Товары 5 миңден ашчу эмес. Азыр болсо анын супермаркети бар. Жаңы бильярдный, автомойка курдурду. Биздин кардарлар бутуна туруп алгандан кийин деле кетип калбай, адам менен адам мамиле кылгандай катышып, ийгиликтери менен бөлүшүп турат. Бизди тумар кылып алышкан десем болот. Алардын ийгилиги биздин ийгилик менен чогуу өсүп келе жатат.
-Дүйнөлүк кризис силерге таасир бердиби?
-Дүйнөлүк болгондон кийин берет да. Бирок бул бизге көп билинген жок. Биздин кардарлар кандай кыйынчылык болбосун абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Иштерин токтотпой кайра өркүндөп кетип жатышат.
-Эң аз акча берди жегенде канча сом алса болот "ФИНКАдан"?
-Минималдык сумма 2000 сомдон эң көп сумма 1 млн.300сомго чейин беребиз.
-Мисалга 2000 сомду алганда канча убакта, канчадан төлөй баштайт кардар?
-Минималдык срок 3 айдан 36 айга чейин берилет.
-Кардарлар акчаны көбүнчө эмнеге алышат?
-Товарын көбөйткөнгө алышат. Бизнести баштоого алышат. Же болбосо бир нерсе сатып алганга: автоунаа, үй, эмерек алганга, айыл чарбачылыгын жүргүзгөнгө: мал көбөйтөбүз, жер иштетебиз деп алышат. Агрокредиттерди жеңилдетилген мөөнөт менен беребиз. Биринчи айга жер иштетем, андан кийин пайызын төлөйм десе биз 4-5 айга чейин акчаны сурабай турабыз.
-Өмүрү кредит албагандарды кантип кредит алдырганга тартасыздар?
-Алып жаткан кардарлар эрчите келишет же туугандарынан угушат, кредит алып,бутуна тургандарды көрүп, кызыккандар,өзүнүн тагдырына, келечегине кайдыгер карабаган, жашоосуна жакшы өзгөрүүнү алып келгенди каалагандар кредит алып көрүшөт. Ал эми биздин кызматкерлер ар бир кардарга жекече, аяк-башына чейин жакшылап түшүндүрүшүп беришет.
-"ФИНКАнын" тарыхына токтолуп кетсеңиз.
-Топтук насыялоо принцибин 1985 ж. Латин Америкада иштеген Джон Хетч окумуштуусу ойлоп түптөгөн. Ал эми "ФИНКА интернейшнлдын" биздин жергебизде иштеп жатканына 16 жыл болду. Республика боюнча 18 филиал, 100дөн ашык тейлөө точкалары бар.
-"ФИНКА интернейшнл" акча жагынан кыргызстандыктар менен иштешип жатышат. Ал эми башка коомдук иштер мененби, же маданий иштер менен мамиле кылышабы? Кандай алгылыктуу иштери бар?
-ФИНКА компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчиликке абдан көп маани берет. Тактап айтканда, компания жана иштеген коллегаларыбыз менен бирге материалдык жактан аз камсыз болгон адамдарга 2010 жылы 1.5 миллион сомдон ашык, 2011 жылы 0.5 миллион сомго жардам көрсөтүлгөн.
-Банкрот болгондор менен мамилеңерди кандай кыласыңар?
-Алардын себептерин карайбыз. Банкроттугунун себебин изилдейбиз. Эгер себеби жөндүү болсо процентинин жүрүшүн тык токтотобуз. Капыстыктар, коогалаң болгондо көп эле кредиттердин штрафтарын төлөтпөй эле жоюп салдык.
-Кредитти канча жаштан баштап алса болот?
-18 жаштан баштап.
-Мисалга 2000 сом алсам кантип төлөйм?
-Биринчи ай төлөбөйсүз. Экинчи айдан баштап 717 сомдон ай сайын төлөйсүз. Ошондо баш аягы 3 айдын ичинде 2151 төлөйсүз. Ошондо биз карызга бергенибиз үчүн 2000 сомдун үстүнө 151 сом төлөйсүз.
-Биз негизи 100 миң сомго чейинки каражатты залогу жок, кепилдик берген адамы барларга беребиз. 100 миңден 200 миң сомго чейин бизден машине алуу үчүн, үй оокатын алса болот. 200 миңден өйдө акча алышы үчүн үйдү залогго коюш шарт. Ал эми топ менен "ФИНКА" алгандардын саны эң кем дегенде 3 адамды түзүшү зарыл. Алардын бирөө төлөбөй калса калган экөө аны үчүн төлөп калат. Бир топто 3-10 адам түзөт ошондо.
-Кардарларга акча берүүдө анын төлөй алабы же жокпу мүмкүнчүлүгүн кантип текшересиңер?
-Биз аны үчүн 2 күндүн ичинде иликтөө жүргүзөбүз. Жашаган жерин, бизнесин карайбыз.
-Өзүм 100 миң сурасам, жашаган үйүм жок болсо анда эмне кылыш керек?
-Ошол кыла турган ишиңерге жараша, максатка жараша минималдык сумманы беребиз. Биз кардарларыбызга акчаны берип коюп, анан төлөтө албай, бар оокатын алып коюуну максат кылбайбыз. Биз кардарларыбыз алган акчаны майнаптуу иштетип, дагы алып турушса деген тилекте иштейбиз.
-Сиздердин урааныңар эмне?
-"Кичинеден башта".
-Азыркы күндө кандай иш-чара кылып жатасыңар?
-1-июнга карата ар бир кардар өзүнүн 3 жаштан 12 жашка чейинки балдарына "Менин апам, атам - ФИНКА компаниясынын кардары" деген аталыштагы сүрөт тарттырып салып жиберет. Ошол сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз. Балдарга шоу уюштурабыз. Бул акция мына жакында бүттү. Мурда активдүү кардарларга белек уюштурчу элек. Эми, иштеп турсак дагы бир жакшы демилгелер болот деген ойдомун. Элибиз тынч, аман болсо иш жүрө берет да. Дагы бир акциябыз - таланттуу 3 модельерди колдоо көрсөтүп пайызы жок миллион сом бергенбиз. Алар азыр акчабызды бир жагынан иштетип, бир жагынан төлөп жатышат. Алар тигүүчүлүк ишмердигин бутуна жакшы тургузуп алганга мүмкүнчүлүк берип жатабыз.
-Кредит алгандан корккон жарандарга эмне демекчисиз?
-Биринчи аз суммадагы кредитти алып иштетип көрүңүз. Тааныштарыңар кредит менен иштеп жаткан болсо андан жолун сурап көргүлө.
-Ош базардын жанындагы иштегендердин ичинде кардарларыңыз барбы?
-Ооба, бар. Алар бир жылдан кийин көчүүгө азырынча мүмкүнчүлүк берилди. Мэрия бир жылдын ичинде аларга жаңы иш орундарды уюштуруп берет деген ишеничтебиз. Ал жердеги кардарларыбыз кредитин үзгүлтүксүз төлөп жатат.
P.S. Кызыккан сурооңор болсо 0312 44 04 40 номерине кайрылыңыздар.







кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??