Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Добуш
Айылдын тургундары маалыматка муктаж. Айрым учурда гезит-журналдардын эски чыгарылышын пенсия, жөлөк пулга кошуп беришкени болбосо, союз учурундагыдай убагы менен келген маалымат аз. Алар журналисттер менен кезиге калганда, маанилүү маселесин, көңүл кубанткан кубанычын айтып калууга шашышат.


Кушчу уулу Асылбек,
Сокулук районундагы Төш-Булак айылынын жайыт
комитетинин башчысы:
-Бизде жайытты пайдалануу эми гана ишке киришти. Март айынын акыркы күндөрүндө мени аталган ишти жетектеш үчүн шайлашкан. Учурда 15 билет малчылардын колуна тийди. Жылдык кирешебизди эсептеп, ага жараша аткарчу иштерибизди да пландап койдук. Жайыт билеттин пайдасы мал башы такталып, анын натыйжасында мал ылаңын алдын алууга шарт түзүлөт экен. Алгач айыл элинде түшүнбөстүктөр болгону менен акыры түшүнүштү.

Өмүрбеков Урмат,
Кочкор районундагы
Чолпон айылынын жайыт комитетинин башчысы:
-Жайлоолорго көңүл бурганыбыз туура. Илгээри биздин ата-бабалар жайлоо, күздөө, кыштоо деп ар бирин ыңгайына жараша пайдаланышчу экен. Азыр болсо эптештирмей болуп калган. Мына ошол эптештирип, жол бойлой жайгашкан малчыларды алыскы төр жайлоого көчүргөнүбүз дурус.

Ибадат Оморова,
мугалим
-Мугалимдердин айлыгы аз дегенибиз менен иштебесек жаш келечек муунга ким тарбия берет.Буюрса жогору жактан каралып биздин айлыгыбыз чечилип калса жаман болбойт.

Тагай Аманкулов,
айыл тургуну:
-Акыркы жылдары биздин айылда уурулук күчөп баратат. Аны менен күрөшүү керек. Бир айылда туруп бири-бирибизге жардам беришибиз зарыл.

Айманов Урмат,
Төлөк айылынын тургуну:
-Жайыттарга канча жылдан бери көңүл бурулбай калды деп, эми жайыт билети чыгарылып жатканы түзүк. Муну менен мал башы аныкталып анын ылаңдарын алдын алууга шарт түзүлөт. Бизде жайыт көп. Аны сарамжалдуулук менен пайдаланууга аракет кылуудабыз. Улуу муундар ар бир жайытка аяр мамиле кылышчу экен. Ошондуктан союз учурунда жайытты туура сакташкан. Учурда союздагыдай мал болбосо да жайыттардын такырланып жатканы туруктуу пайдаланбагандыгыбыздан.

Качы, Кочкор районундагы Төлөк айылынын
жайыт комитетинин
башчысы:
-Биздин өрөөндө мал көп. Жайытыбызда жок эмес. Ошол жайыттарды туруктуу пайдаланалы деп иштеп жатабыз. Жергиликтүү тургундардын көз карашы жаман эмес. Биздин ишибиз жакшы эле болгону, айрым документтерди толуктоодо компьютердин жоктугунан гана каржалабыз.

Абдрахманова Жумагүл, Миң-Булак айылынын
тургуну:
-Кай бирлер айыл десе эле караңгы элди ойлошот. Бирок биз айылдыктар минтип өз аракетибиз менен эмгектенип жатабыз. Асыл тукум малдын жайын ар кимден укканыбыз менен практика жүзүндө аны көргөн эмес элек. Быйыл минтип асыл тукум мал ээси болуудабыз. Мен кубанып жатам. Эми ушунун тукумун көбөйтсөк деген тилек.

Айгерим Иманалиева,
Суусамыр айыл окуругунундагы "Компаньон" бөлүмүнүн башкы адиси:
-Негизи айылдык аялдарга чакан насыяларды беребиз. Элеттиктер көбүнчөсү мал чарбачылыгын колго алышкандыктан насыяларды мал алууга, жер иштетүүгө алышат. Кардарларыбыз топ-топ болуп келишет. Анткени алынган акчаны кайтарууда топтогулар бири-бирине ишенимдүү болуп, бири төлөбөсө башкасы анын ордуна төлөп алгыдай болушу керек. Алгач 3миң сомдон 10 миң сомго чейин беребиз. Биздин айыл жерине келип атайын бөлүмдөрү ачканыбыз элеттиктердин түйшүгүн жеңилдетип, аларды жеринде тейлейли деген тилек.

Өзүбеков Таалайбек,
Төлөк айылынын тургуну:
-Биздин айылдын тургундары негизинен мал менен оокат кылышат. Чет элден келип биздин жаратылышыбызга камкордук көрүп, өз тажрыйбаларынан бөлүшүп жаткан баардык меймандарга ырахмат. Жайыт биздин көөнөргүс байлыгыбыз.

Элмира,
Төлөк айылынын
социалдык кызматкери
-Тоо койнунда жайгашкан айылдын көп эле маселелери бар. Бирок кана, качан бизге жардам келет дешпей эл өздөрүнүн тиричилиги менен алек. Мамлекеттин койгон талаптарына жооп берген баардык жардамга муктаждарга кам көрүп келебиз. Жеке эле айылда эмес, баардык жерде иштегендин заманы болбодубу.

Элмира,
Суусамыр айылынын
тургуну:
-Айылда береке бар дегени менен бары жоктун барысы кымбаттап кеткен заманда айылдыктарга бир топ кыйынчылык болуп жатат. Элеттиктер маянага карап отургандары жок эмес. Мисал үчүн мектептердеги, ооруканалардагы техникалык кызматкерлери талаага чыгып дыйканчылык менен алпуруша албайбыз. Окутуучулар менен дарыгерлердин айлык акылары көбөйгөнү менен биздики көбөйгөн жок. Бир чети бизге мамлекет тарабынан өгөй мамиле болуп жаткандай. Анткени чогуу бир короодо иштеп айлык аларда төмөнкү баскычка түшүп калганыбызга капа болдук.
Р.S Кандай болгон күндө да бизге азык-түлүк камдап, жайкы саратанда кышкы чилдеде тоо башында жүргөн элеттик, карапайым, сарамжалдуу элим болсунчу.






кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??