Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




  ЖАҢЫЛЫКТАР

Аялдамалар жеке
менчикке берилет
Ош шаарында мэр Мелисбек Мырзакматовдун демилгеси менен жаңы, бирдей типтеги аялдамалар курулат. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алимбай Кадыровдун айтуусунда, быйылкы жылга жалпысынан 60 аялдама кирсе, оңдоп түзүү үчүн 51ине мэрия тараптан токтом чыкты. Азыркы күндө Ош шаарындагы 5 аялдаманын курулуш иштери кызуу башталды.
"Мындан кийин Ош шаарында аялдамалар калк үчүн кызмат кылат. Анткени буга чейин көпчүлүк аялдамалар жеке менчикке берилип, соода-сатык түйүндөрүнө, ашканага айланып калган эле. Эми ал нерсеге жол берилбейт" дейт М.Мырзакматов

Кыргызстан кара
койдун жүнүн
экспортко чыгарабы...
Бул тууралуу Баткен областынын тургуну, "Кыргызжемиштер" ЖЧКнын директору Жамалидин Шакиров билдиргенин аймактык кабарчы Мамажан Бердишев маалымдады. Анын айтымында, кара койдун жүнүн Кыргызстан Россияга мурда да экспортко чыгарып келген. Мурдагы бийликтин тушунда кара койдун жүнүн экспортко чыгарууда алынуучу бажы салыгына байланыштуу кымбат болуп, россиялыктар албай койгон. Мындан улам калыптанып калган байланыштар жоголуп, кавказдыктар рынокту ээлеп алган. Атайын иш сапары менен барып Россиянын кийиз өтүк (валенки) чыгаруучу фабрикаларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр болгон. Ал эми бул жактан кыргыз өкмөтүнүн расмий адамдарына кайрылып, алар колдоосун алган. "Буюрса азыр бизде кыргыздар таштандыга ыргытып калган кара койдун жүнүн экспортко ташууга мүмкүнчүлүк болот. Ошондой эле Россиянын Челябинск шаарына Кыргызстандан жумасына 20 тонна эт алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - дейт Ж.Шакиров.

Бишкекте Куйручуктун 145 жылдыгына
арналган китеп көргөзмө ачылат
Бишкекте Улуттук китепканада эл шайыры Куйручуктун 145 жылдыгына арналган китеп көргөзмө ачылат.
Иш-чаранын алкагында адабий ишмерлер катышкан Куйручук калтырган маданий мурастардын орду жана ролу тууралуу жыйын өтөт. Буга чейин Нарындан чыккан эл шайырынын 145 жылдык мааракеси июль айында Соң-Көлдө республикалык деңгээлде белгиленери кабарланган.

Кепилдикти ким берет
Айыл чарба министрлигине келген Т.Беков Саламаттыкты сактоо министрлигинен уруксат алып, өлкөгө ветеринардык дары-дармек жасай турчу цехтерди ачууга максат кылып жатыптыр. Анын мындай сунушун жактырбаган эл өкүлдөрү, айрыкча депутат Д.Ниязалиева карама-каршы чыкты. "Бүгүнкү күндө дары-дармек жасоо оюунчук эмес. Ага кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчиликти алыш керек. Эртең ал дарыңардан малдар ооруп, андан адамдарга да жукпай койбойт деп ким кепилдик берет?", - деп, Д.Ниязалиева айтты.

Мыйзамга кол койду.
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 20-майында кабыл алынган "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Сынакка катыш
Ноокат районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыюуну жакшыртуу максатында дан оруучу комбайнчылар арасында сынак жарыяланды. Бул жаатта түзүлгөн комиссия тарабынан активдүү комбайнчылар жыйноо иштеринин соңунда аныкталат. Сынакта 1-орун үчүн 7000 сом, ал эми 2-орунга 4500 сомдон, 3-орунга 3000 сомдон акчалай сыйлыктар каралган. Мындан сырткары, Ноокат райадминистациясы тарабынан тоют жана кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо учурунда өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында комбайндар жана тракторлорду техникалык кароодон өткөрүү боюнча токтом кабыл алынып, учурда иштер аткарылууда.

Көгүлтүр көл
Жакында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында маалымат туру болуп өттү. Анда облустун губернаторунун орун басары Нурбүбү Кененбаева эс алуу жайлары талапка жооп берерин жана быйылкы сезондо көл аймагы 2 миллион турист кабыл алууга даяр экендигин билдирди.
1310 гектар аянттан 4480 тонна буудай
орулуп алынды
Ош облусунун Араван районунда 1310 гектар аянттан 4480 тонна буудай орулуп алынды, деп маалымдады обладминистрация басма сөз кызматы. Анын орточо түшүмдүүлүгү бир гектардан 32 центнерди түзүүдө. Ошол эле учурда 1170 гектар жерге айдалган картошканын 60ы казып алынып, жергиликтүү базарларда 10-11 сомдон сатыкка чыгарылууда. Учурда райондо 32 комбайн эгин талааларында үзгүлтүксүз иштеп жатат. Алардын ичинен 15 комбайн Араван районунан жана 17 даана техника Ноокаттан убактылуу иштетүүгө алынып келинген. Аймактын айыл-чарба департаментинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата күйүүчү майдын баасы 42-43 сомду түзүп жатат

"Манас эпосу жөнүндө" КР Мыйзамына
кол коюлду
Президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңеш тарабынан 2011-жылдын 9-июнунда кабыл алынган "Манас эпосу жөнүндө" КР Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Бул мыйзам кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан маселелерди жөнгө салат, деп белгилейт басма сөз кызматы. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, ал эми 4-берененин 3-бөлүгү 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Мыйзамдын 6-беренесинин ченемдери бул мыйзам күчүнө киргенге чейин келип чыккан мамилелерге жайылтылбайт.

Маалыматтар barakelde.kg сайтынан алынды




Тоолор
Глобалдуу туруктуу өнүгүүнүн негизги катышуучулары тоолордун мааниси эмнеге орчундуу?
Тоолор адамдар үчүн олуттуу кызмат өтөп, негизги продукция менен камсыз кылса да глобалдык деңгээлде опуртал кыйынчылыктар менен беттешүүдө.
Тоолордун туруктуу өнүгүүсү боюнча суроолор 2012-жылы Рио-де Женейродо өтүүчү Бүткүл Дүйнөлүк Саммитте каралышы керек.

Тоолор:
o Жер кыртышынын 27 пайызын түзөт.
o Айлана-чөйрөсү суктанаарлык болсо да ошону менен бирге жер шарынын 12 пайыз калкынын көбүнчө катаал, ыңгайсыз үй-жайы болуп саналат.
o Адамзатынын тең жарымын ичер суу менен камсыз кылат.
o Дүйнө жүзү боюнча кең арыштап өнүккөн туризмдин негизги чордону болуп эсептелет.
o "Олуттуу биотүр­дүүлүк­түн" жарымынан көбүн камтыйт.

Тоолор ошондой эле:
o Жер шарынын атайын коргоого зар, кедейлигин жоюуга муктаж болгон, жер шарынын эң жакыр, ачынган калкынын төрттөн бир бөлүгүн камтыйт.
o Климаттын өзгөрүүсүн эң зирек сезген региондордун катарына кирет. Алардын экосистемасы өзгөрүүлөрдүн эң алгачкы индикатору катары кызмат кылышат. Мисалы: мөңгүлөрдүн эришинин натыйжасы тоо чектеринен ашып, далай жерге кетиши мүмкүн.
o Жердин деградация болуусунан жабыр тартат, анын артынан адамдардын өмүрүнө коркунуч туулат жана капыстан кырсыктоо кырдаалы түзүлөт. Анын артынан жайык территорияга да зыян келет.




Тилектеш бол окурман!
Урматтуу окурман журчулугу! "Айыл деми" гезити бул чыгарылышында адаттагыдай эле салтка айланып калган рубрикалардын алкагында маалымат берүү менен бирге 13-18 июнда болуп өткөн симпозиумдун жүрүшү тууралуу маалымат берет. Билими бар элдин келечеги бар. Аны эске алып билим тармагына да көңүл бурдук. Нарын облусунда курулуп жаткан БАУнун имараты, Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби, Бишкек шаарында БАУнун окуу борборунда өтүп жаткан курстар тууралуу да кеңири маалымат бердик. Албетте элеттиктер үчүн ар бир маалымат пайдалуу болуш үчүн аракеттенебиз. Аларды гезиттин бул чыгарылышындагы жашылчаларды кандай зыянкечтерден коргоо керектиги тууралуу ААКнын кеңеши кайдыгер калтырбас. Ар бир айылдагы карапайым калктын добушун, айылдын ажайып кооз ажарын, көңүл жаздымда калган көйгөйлөрүн ачык билдиргенге басылмада мүмкүнчүлүк бар. Кыргыз эли илгеритен мал жандуу калк. Мал чарбасын өнүктүрүүгө биздин жаратылыш-климаттык шарттарыбыз абдан ыңгайлуу. Республикабыздын айыл чарба жерлеринин 83 пайызын ар кандай чөптөргө бай тоолуу жайлоолорубуз ээлейт. Айылдагы эмгекчил элдин көптөгөн тажырыйбалары да айтканга арзыйт. Мына ушул багытта редакцияга кат жөнөтүп, каалаган суроолоруңарга жооп алсаңар болот. Гезит окумдуу болуш үчүн сиздердин, тактап айтканда окурман журтчулугунун ой-пикирине муктажбыз. Мына ушуну эске алып, мүмкүн болсо кабарлашып туруңуздар. Уюткулуу элибиздин улуттук көрөңгөсүн таба билүүбүз зарыл. Дыйкан-фермердин деги эле элеттин кызыкчылыгын жогору коюп анын өнүгүшүнө өз салымын кошсом деген "Айыл деми" гезити сиздердин кеңешиңерди да укканга даярбыз. Сиздердин да пикириңиздерди билип туралы деп купонду уюштурдук. Гезиттин 15-бетиндеги акысы төлөнгөн купонго өз сунуш, пикириңизди, түйшөлткөн сурооңузду, кубанткан кубанычыңызды жазып бизге жөнөтсөңүздөр болот. Кааласаңыздар түз телефон аркылуу 0555 500 609 маалымат берсеңиз болот. Басылманын ар бир чыгарылышын калтырбай окуйм десеңиз, 15-беттеги жазылууга да кайдыгер болбоңуз. Бир айлык гезит үчүн болгону 6сом, 36тыйын гана төлөйсүз. Жазылуу индекси 68516.
Айыл тургундары үчүн саптык жарнамалар бекер. Ал эми модулдук жарнамалардан түшкөн каражат гезиттин келечекте туруктуу басылма болушуна жумшалат. Биздин гезит окурмандарга издегенин таба турган, ич жылытып жага турган гезит болсо деген тилек. Бирге, тилектеш болуңуздар!
Кундуз Исмаилова





кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??