Кыялкеч жеткинчектер
Балдардын тилеги да тили да балдай ширин. Ар биринин кыялы эртерээк эр жетип, эже- байкелериндей
ата-энесине кызмат кылып, жардам берүү. Бул жолу да ар аймактын балдарынын кыялын бөлүштүк.

Советаалы уулу Эрбол, мектеп окуучусу:
-Мен чоңойгондо архитектор, комузчу болгум келет. Апам мага жигитке 70 өнөр аздык кылат деп көп айтат. Беш күн архитектор болуп иштеп, эки күн дем алышта комуз чертип эс алам да. Нурак агайдын бүт ырларын, күүлөрүн уккум келет. Анын "Айнагүл" деген ыры абдан жагат. Чоңойгондо аны үйрөнүп ырдасам деп ойлойм, азыр үнүм жетпейт.

Кайрат, Нурат:
Балдардын кыял-тилектери бийик, бири учкуч болууну кыялданса бири президент болом дешет. Ал эми мотурайган береги бир туугандар Кайрат менен Нурат "Милиционер болобуз. Бандиттерди кармап тартипти сактайбыз, анан да сонун форма кийиебиз" дешет.

Галина, 7 жашта, Бишкек шаарынын тургуну:
-Быйыл мектепке барам. Апам көп дептер, калем сатып берди. Назик эжемдей бийчи болгум келет. "назик" бийчилер тобуна барып жүрөм. Көп бийлерди үйрөнүп калдым. Кийин көп кыздарга бийчи болуп бий үйрөтөм.

Талант уулу Алишер;
-Мен келечекте жакшы жумушта иштегим келет. Азыр балдар бакчасына барам. Ал жактан көп досторду күткөм. Жайкысын жайлоодо эс алсам деп ойлойм. Менин чоң ата, чоң апам Ат-Башыда турушат. Кышында ал жакта кар көп болот. Бирок кызыктуу. Ал жакта да досторум көп. Биз бир-бирибиз менен урушпай ойнойбуз. Апам дайыма "киймиңди кирдетпей ойно" дейт. Мен апамды да атамды да жакшы көрөм. Чоңойсом аларды багам.
Жылдыз, 6 жашта Төлөк айылынын тургуну:
Жайлоодо ат минип, кымыз ичичп эс алып жүргөн Жүылдыз келечекте врач болсом деп кыялданат. Кайда иштейсиң дегенибизде, "айылда иштесем деп ойлойм. Анткени бул жакта врачтар көп жок. Элдер ооруса жаман да" дейт. Наристе тилеги аткарылат дешет. Андай болсо айылдарда да медициналык тейлөө жакшырат деген ойдомун.


Үч бир тууган
Илгери бир заманда ата-энеден жетим калган үч бир тууган болуптур. Алардын колунда жалгыз көк өгүзү бар экен. Аны үчөө кезек менен кайтарып жүрүштү. Бир жолу эң кичүүсү кайтарып, уктап калып өгүзүн уурдатып жиберди. Анан ойгоноор замат ары чуркап, бери чуркап, эч жерден таппай, көзүнүн жашын көл кылып ортончу агасына келди:
-Түндө уктап калып, көк өгүздү уурдатып жибердим.
-Кой ыйлаба, аны эмнесине ыйлайсың, тиги улуу агаңа барып айтчы,- деди ортончу агасы.
Бала анын улуу агасына айтты.
-Кой, кагылайын, ыйлаба. Керек болгондо таап алабыз, ага чейин эч ким сойбос, арык эмени ким сойсун,- деп агасы инисин кубантып койду.
Күндөр өтө берди. Кыш өтүп, жаз келди. Эл кош айдап, тиричилик кыла баштады. Үч бир тууган өгүздү кантип таап алууну эми акылдашты.
-Биздин өгүздү алган неме - кичине бойлуу, сары киши бейм,- деди улуусу.
-Кичине бойлуу, сары киши болсо, анын көзү көк экен,- деп ортончусу айтты.
-Өзү кичине бойлуу, өзү сары, көзү көк болсо, ал уурунун аты Курманаалы,- деди эң кичүүсү.
-Өгүздү алган кишини билдик, эми анын өзүн кантип табабыз? - деп улуусу сурады.
-Биз өзүбүз оңой менен таба албайбыз. Балким, хан гана таап берет, ханга айталы, адилеттик кылгысы бардыр,- деп ортончусу айтканда, беркилер макул болуп, ханга барышты.
-Ханым, биз ата-энеден кичинебизден жетим калып, жалгыз өгүзүбүз менен жер айдап, күн көргөн бечара элек. Аны кыштын башында уурдатып жибердик. Уурдаган киши сиздин айлыңызда. Алып берсеңиз экен дешти.
-Кайсы киши?
-Аны өзүбүз көрсөтөлү. Сиз элиңизди чубатып берсеңиз эле болду.
Хан макул болду.
Хан элди чубатууга салды. Үч бир тууган өткөн элди карап отурду. Көптөн кийин эң улуусу ордунан тура калып:
Мен айткан кичине бойлуу сары киши тээтиги! - деди.
-Кичине бойлуу сары болсо, мен анын көзүн көрүп келейин,- деп ортончусу чуркап барып, көзүн караса- чын эле көк экен.
-Кичине бойлуу сары, көзү көк болсо, эми мен барып атын сурайын деп кичүүсү чуркап барып, атын сураса - аты чын эле Курманаалы экен.
-Ханым, биздин өгүзүбүздү уурдаган киши ушул, өгүздү бизге кайра алып бериңиз,- деп балдар Курманаалыны ханга жетелеп келишти.
-Балдардын өгүзүн бергин! - деп хан айтканда, Курманаалы чычая танды.
Хан аябай кысмакка алып, акыры даргага тарттырмак болду. Курманаалы ошондо гана коркуп:
-Алганым чын эле, ханым, сарайда байланып турат,- деди.
Өгүздү уурдаган кишини балдар кантип билгенине хан аң-таң калып, эми балдарды сынамакчы болду:
-Балдар, силер анык билгич болсоңор, мына мунун ичинде эмне бар экенин билип бергилечи,- деп бирине-бирин көмкөрүп койгон эки табакты алып келди. Балдардын эң улуусу табакты чайкап:
-Мунун ичиндеги нерсе тоголок экен,- деди.
-Эмесе кызыл экен,- деп ортончусу айтты.
-Тоголок жана кызыл болсо, киши жей турган анар экен,- деп эң кичүүсү сүйлөдү.
Хан ого бетер таң калып, булардын билгичтигине өтө ыраазы болуп, үчөөнү ат мингизип, тон кийгизип узаткан экен.