Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Даталуу күндөр
o 1-июль - КРнын Салык кызматкерлеринин күнү
o 3-июль - КРнын Медицина кызматкерлеринин күнү
o 6-июль - Бүткүл дүйнөлүк өбүшүү күнү
o 11-июль - Бүткүл дүйнөлүк шоколад күнү
o 20-июль - Эл аралык шахмат күнү
o 20-июль - Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын күнү
o 26-июль - СССРде парашютчулардын күнү катары белгиленчү
o31-июль - Африка аялдарынын күнү

Фестиваль ат чабыш - 2011
Ош облусунда 30-31-июль күндөрү ат чабыш өтөт.
Программада
- Ат чабыш;
- Улуттук кыргыз ат оюндары;
- Акындар айтышы;
- кол өнөрчүлүк көргөзмөсү;
- боз үйлөр шаарчасы;
Кеңири маалыматты www. atchabysh.com сайты аркылуу алсаңыздар болот
Кыргыз улуттук ашканасы
Чон-Кемин районундагы Кароол-Дөбө айылында 10-июлда кыргыз улуттук ашканысы тууралуу фестиваль өткөрүлөт. Улуттук тамак-ашты даярдоо ыкмысы, улуттук оюндар, улуттук музыкалар тууралуу кеңири маалымат берилет.
Сон-Көлдө 23-24 июль күндөрү көлдү тазалоо акциясы жүргүзүлөт
Анда улуттук оюндар (аркан тартмай, жолук таштамай ж.б.) фольклордук шоу менен коштолот.


"Айыл деми" сынак жарыялайт
Урматтуу окурмандар, "Айыл деми" гезитти сынак жарыялайт. Анын жол жобосу жөпжөнөкөй. Басылманын ар бир чыгарылышында купонго өзгөчө (оригиналдуу) сунуш-пикир жазып, редакция менен тыгыз байланышта болгон окурманга жана гезитке жазылуу жүргүзүлгөн учурда жигердүү катышкан айыл башчыларына, элеттеги демилгелүү топторго баалуу белектерибиз бар. Кеңири маалыматты редакциядан алсаңыздар болот.

Бишкек шаары, Ош көчөсү 36
Байланыш телефондору:
0312 54 23 46.
түз байланыш 0555 500 609

Малчылар үчүн
китеп жарык көрдү
13-18- июнь аралыгында Жайытты туура пайдалануу боюнча болгон Эл аралык симпозиум жайыт пайдаланууучуларды гана эмес ага кызыккан жарандарды кайдыгер калтырбады. Жайыттын жайын билген жергиликтүү тургундар менен катар, чет өлкөдөн келген коноктор жайыттарды талкуулашты. Симпозиумдун катышуучуларын гана эмес кыргыз элин сүйүндүргөн китеп тууралуу айтып кетпесек болбос. Тоодо мал багып жүргөн малчылар үчүн китеп айтаарлык кепке арзыйт. Жергиликтүү тургундардын катышуусу менен даярдалган китепте жайыттарды туура пайдалануу, мал чарбасындагы алгылыктуу аракеттер, мал багуунун сырлары, ийгиликтери тууралуу кеңири жазылган. А түгүл бул алдыбызда төшөлгөн чөптөр тууралуу кеңири маалыматты да мына ушул китептен табасыздар. Албетте мындай китепке малчылар муктаж экени талашсыз. Жакында аталган китеп кыргыз жана тажик тилдеринде жарык көрөт.







кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??