Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Сурагыла жооп беребиз
Урматтуу окурмандар, сиздерде турмуштук кандай гана суроо болбосун бизге кайрылсаңыздар болот. Адистердин жардамы менен сиздин жүрөгүңүздү өйүгөн суроолорго жооп алып берүүгө даярбыз. Суроолоруңар болсо акысы төлөнгөн купон аркылуу же редакциянын дарегине кайрылыңыздар. Бишкек шаары, Ош көчөсү 36. Байланыш телефону (0123) 54 23 46


-Айылдан келген абышка-кемпирлер шаардагы автоунааларда пенсия күбөлүктөрү менен бекер жүрүүгө же жарымын төлөөгө укугу жокпу? Эмне, шаардыктарга эле жеңилдик берилгенби?
Сырымбет, Кочкор району

-Эмгек жана социалдык коргоо минстрилигинен "жергиликтүү бюджет өз мүмкүнчүлүгүнө жараша шаардык пенсионерлер үчүн гана жеңилдик бере алат" деп түшүндүрүштү.
ooo ooo ooo
-Адатта жер-жемиш тазалаганда, картошка аарчыганда колдор карарып кетет эмеспи, аны жеңил тазалоочу ыкма барбы?
Батма, Бакай-ата району

-Бир аз уксус кошулган жылуу сууга колуңузду салып коюңуз, карарганы заматта кетет.
ooo ooo ooo
-Мен биринчи топтогу майыпмын. Каттоом айылда. Мага шаарынын ооруканаларынан жеңилдиктер каралабы?
Конушбек, Жумгал району

-I, II топтогу майып адамдар кай жерде катталганына карабастан, ооруканаларда акысыз медициналык жардам алууга укуктуу. Бирок, колуңузда ооруңузду күбөлөндүргөн документтериңиз жана врачтардын жолдомосу болушу зарыл.
ooo ooo ooo
-Айрыкча жайкы сезондо кичинекей наристелердин ичи өткөнү азап. Ооруканага жаткырбай эле дарыласа болбойбу?
Жылдыз бейшенбек кызы, Ош облусу

-Дарыгерге көрсөткөнүңөр оң. Ошентсе да элдик медицинада кеңири колдонулган бир ыкманы айталы. Сапаты жакшы күрүчтөн жарым чыны алыңыз. Ага алты-жети чыны суу куюп, жай отко коюп кайнатыңыз. Кайнаган соң бир аз гана муздатып, оорулуу балага жылуу бойдон ар бир эки саатта бир чынынын үчтөн бир бөлүгүн берип туруңуз.
ooo ooo ooo
-Күнүмдүк турмушка зарыл буюмдарга акча керек болгон учурда кредит алса болобу? Мисалы, эмерек же муздаткыч сатып алууга?
Жамиля Кара-Кол шаары

-Керектөөлөр үчүн кредит алгысы келгендер бардык эле коммерциялык банктарга кайрылса болот. Ал үчүн кардар алган кредиттин максатын аныктап, кайра кутулуу жолдорун так пландаштыруусу керек. Күрөө катары өзүңүз кредит алып, сатып алган ошол буюмуңузду кое аласыз. Эгер дарылануу же ремонт иштерине алынса, анда депозит жолу менен ишке ашырса болот.
ooo ooo ooo
-Сасык тумоого сарымсак жакшы дешет, аны кантип пайдаланат?
Жамгырчы, Баткен району

-Сарымсакты күнүнө эки-үч жолу 10-15 мүнөттөн жыттап, атургай анын ширесин мурдуңузга тамчылатып турсаңыз жакшы натыйжа берет. Эгер бөйрөк, бооруңузда ачкыл-кычкыл жакпаган ооруңуз жок болсо, эки-үч баш сарымсак жеп койгонуңуз андан сонун.
ooo ooo ooo
-Мен имаратты арендалоону каалайм. Мен имараттын ээсинен кайсы документтерди талап кылуум керек?
Жибек, Бишкек шаары

-Аренда берүүчүнүн укугун далилдөөчү документтер болуп менчик укук жөнүндө күбөлүк келишими, ал келишимде аренда берүүчүнүн имаратты субарендага берүүгө укугу бар экендиги жөнүндө шарт болушу керек.
ooo ooo ooo
-Милдеттүү медициналык камсыздандыруу" рецепти кимге берилет жана аны кантип жаздырып алуу керек?
Сатима, Кара-Кулжа району

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу кошумча программасы боюнча рецепттер камсыздандырылган жарандарга гана жазылып берилет. Алар социалдык фонд аркылуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнөт. Бул, биринчи кезекте, пенсионерлер, иштеген жарандар, социалдык пособие алган адамдар, 16 жашка чыга элек балдар, фермерлер жана фермердик чарбанын мүчөлөрү төлөмдү өз алдынча барып төлөгөн адамдар. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу рецептин жаздырып алуу үчүн эмне кылуу керек?
Эгерде сиз ооруп калсаңыз, жашаган жердеги ҮДТ (үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун) үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылыңыз. Зарыл болсо, ал сизге керектүү дары-дармек дайындап, милдеттүү медициналык камсыздандыруу рецептин жазып берет. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу кошумча программасы боюнча кайсы дарыканалар иштеп жатканын ҮДТ үй-бүлөлүк дарыгеринен билип алыңыз, анткени шаардагы көп дарыканалардын ичинен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим түзүп иштегендер бар, иштебегендер да бар. Демек, жазып берген дары-дармекти сиз наркы арзан турган дарыканадан сатып алып, акчаңызды үнөмдөп каласыз.





  Кат куржун

Талипова Асел,
Миң-Булак айылынын тургуну:
-"Конфликтти чечүү" деген семинардан мен көп пайдалуу нерселерди үйрөндүм. Аталган окуу айыл тургундарына абдан керектүү окуу болду. Мына ушундай окууларды уюштурган САМР АлаТоо коомдук фондунун кызматкерлерине ырахмат. Жайыт пайдалануучулар менен жайыт комитеттериндеги чыр-чатакты, алдын алуу, элге түшүндүрүү иштери тууралуу кеңири маалыматка ээ болдум.

Мамырканова Нарынкүл, Миң-Булак айылынын тургуну:
-Эч качан уруш болбосун дегенибиз менен күнүмдүк турмушта талаш-тартыштар болбой койбойт. Мына ошондон чыр-чатаксыз чыгыштын жолун үйрөндүк. Эң негизгиси эч качан уруш-талаш болбосун.

Маматов Кадырбек, Сузак району, Багыш айылынын жайыт комитетинин башчысы:
-Мен бул гезитти мурдатан эле алып жүрчүмүн. Айыл турмушу тууралуу көп жазсаңар биз үчүчн кызыктуу болот. Жайыттарды да көңүл жаздымда калтырбагыла. Биздин айылда да алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Көпүрөлөр оңолуп, айылдыктарга кам көрүлүүдө.

Таштанбекова Жибек, мугалим:
-Конфликт учурунда аны жөнгө салуу, кырдаалдан кемчиликсиз чыгуунун жолун үйрөндүм. Бул семинар күндөлүк турмушубузга абдан пайдалуу. Мен мугалим болуп иштегендигиме байланыштуу окуучуларды тарбиялоодо да ушул ыкмаларды колоном деп ойлойм. Ушундай эл үчүн пайдалуу окуулар көп болуп турсун.




 "Рио +20" аттуу сынак жарыялайт

АГОЦА журналисттер, окумуштуулар жана жөнөкөй калк арасында "Рио +20" аттуу сынак жарыялайт.
2012-жылы Дүйнө БУУнун айлана чөйрөнү өнүктүрүү жөнүндө болуп өткөн (1992 жылы) Рио де Женейро шаарындагы Конференциясынын 20 жылдыгын белгилейт. Бул 2012-жылы боло турган тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча БУУнун мамлекеттер аралык жыйыны калк арасында "Рио +20" деп аталып келе жатат.
Бүгүнкү күндө 2012-жылы жыйында көтөрүлүүчү бир топ маселелерди дүйнө боюнча жалаң гана окумуштуулар арасында эмес, журналисттер жана жөнөкөй калк арасында да талкуулап жатышат.
Учурда аалам адам баласына жаңы маселелерди жөнөтүп турат. Дүнүйөнүн заманбап өнүгүүсү айлана чөйрөгө өзүнүн терс таасирин тийгизип, табигый ресурстарыбыздын баарын түгөтүп, биосферабыздын балансын бузбай койбойт.
Байкап жаткандай, азыркы күнү климаттын өзгөрүшү бүткүл дүйнөдө сезилип жана көрүнүп жатат. Мындай көрүнүш социалдык маселелергеэгедер кылып, алдыга өнүгүүдө кыйынчылыктарга туш кылат
Бул көрүнүштү туура калкка жеткирүү жана маалымат таркатуу максатында Борбордук Азия боюнча жаңы долбоор баш алып: "Калк арасында Рио+20 иштери жөнүндө маалымат таркатуу" иштери Борбордук Азиядагы Тоолуу Коомчулуктар Альянсы (АГОЦА) уюму аркылуу ишке ашып турат. АГОЦА уюму тоолорду өнүктүрүү жана ал жакта жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча Борбордук Азия аймагында иштейт.
Айтып өткөн "Калк арасында Рио+20 иштери жөнүндө маалымат таркатуу" долбоорунун алкагында,
Сынакка бүткүл республика боюнча коллективдүү, жеке же чыгармачылык коомдор, теле, радио журналисттер катыша алат.
Сынакка алып келинген материалдар ар кандай жанрда кабыл алынат: интервью, репортаж, очерк, фоторепортаж, маселелүү статья, ж.б.

Сынакка материалдарды кыргыз жана орус тилдеринде жөнөтсө болот. Материалдар рецензияланбайт жана кайра кайтарылып берилбейт.

Эң жакшы материалдын авторун атайы түзүлгөн комиссия чечип, ай сайын "Айыл деми" газетасына бастырылып турат. Сынактын маанилүү критерийлери:
-"Рио+20" иштери боюнча жалпы түшүнүк :
-1992-жылдан бери мамлекеттик деңгээлде жана аймактык деңгээлде болгон өзгөрүүлөр: анын ичинде кандай жетишкендиктер жана жетишпегендиктер болду.
- Айлана чөйрөнү өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда жасалган конкреттүү иштер: и
-Мындан аркы көрүнүш: "жашыл" экономикага киришүү Кыргызстанда кандай жол менен ишке ашат.
Материалдарды Бишкек шаары, Ош көчөсү 36 же gulzada@camp.elcat.kg электрондук дареги боюнча "Рио +20" сынагына деген шилтеме менен 2011-жылдын 20 июлунан кеч эмес тапшыруу зарыл. Кеңири маалымат алууну каалагандар төмөндөгүү сайттан алууга мүмкүнчүлүктөрү бар www.ca-dialogue.blogspot.com
Жеңүүчүлөрдүү ай сайын чыгуучу "Айыл деми" гезитине материалын чыгарып, долбоордун аягында эң жакшы материал берген жеңүүчүнү баалуу сыйлыктар күтөт.







кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??