Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Талант Сооронбаев, профессор:

Тамак-аштардын курамындагы консерванттардын айынан…
Өтө бийик жерде жайгашкан калктын ден соолугуна, өзгөчө дем алуу органдарынын иштешине тийгизген терс таасири да бар экендиги жакында адистер тарабынан тастыкталганы маалым болду. Астма, аллергия сыяктуу ооруларга чалдыккан мекендештерибизди сакайтып, дем алуусун жакшырткан Талант байке "Бул ооруга өзгөчө эң бийик тоолуу аймактарда жашагандар көп кабылышат",-дейт.
Биз кийинки чыгарылыштарда да дем алуу органдарынын оорулары тууралуу кеңири маалымат беребиз.

-Талантбек ага түнкүсүн коңурук тарткан, адамдар көп эле болот эмеспи. Мунун кандай коркунучубар?
-Деги эле, коңурүк тартуунун өзү - бул оорунун белгиси. Уктап жаткан адамда андай болбошу керек. Аны дем алуу органдарынын иштешинде кандайдыр бир патологиянын болушу гана шарттайт. Ошондуктан, сөзсүз түрдө доктурга көрүнүп, текшерилиш керек.
-Бул оору эмнеси менен коркунучтуу?
-Коңурук тартып жатканда адамдын дем алуусу токтойт. Ал эми дем албаган учурда эң биринчи кезекте жүрөккө басым болот. Мына ошол басымды көтөрө албай, жүрөк токтоп, адам каза болуп калган учурлар көп кездешет. Мунун оору экенин билбегендер тиешелүү дарылануу болбогондуктан, өлүмдүн негизги себеби эмнеде экенин билбей кала берип жатышпайбы.
-Демек, бул биз үчүн салыштырмалуу жаңы оорулардан экен да?
-Ооба, себеби, ал тууралуу жөнөкөй адамдар эмес, медицина кызматкерлери билген эмес, тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Москвадан келген профессорлор менен бирдикте эл аралык экспедиция уюштуруп, Ысык-Көл облусунун Кумтөр жакта жайгашкан бийик тоолуу аймактарындагы чакан айылдарды кыдырып келдик. Ар бир үйгө кирип, сурамжылоо жолу аркылуу изилдөө жүргүзгөнүбүздө 800 адамдын арасынан 80и биз кеп кылып жаткан ооруга чалдыкканы маалым болду. Чогуу жашаган туугандары түнкүсүн аларды "кайтарып" олтурганга туура келээрин айтып беришти. Себеби, уктап жатып эле бир топко деми чыкпай калса, албетте, чочулашат. Негизи, дүйнөлүк тажрыйбада мындай оорулар изилденип, тиешелүү дарылоо жүргүзүлүп келет.Ошондуктан биз чет өлкөлүк шериктештерибиздин жардамы менен Бишкекте атайын лаборатория ачтык. Ал медициналык уйку лабораториясы деп аталат. Мына ошол жерге жанагы Ысык-Көл областынан аныкталып келген оорулууларды чакырып, изилдеп, дарылоону баштагандан кийин абдан жыкшы жыйынтыктар боло баштады. Германиядан алар үчүн атайын приборлорду сатып келдик.
-Бизге белгилүү болгондой, Сиз академик М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия боюнча улуттук борбордун пульмонология жана аллергология бөлүмүн жетектеп келесиз. Ал жакта көптөгөн оорулуулар Сиздин жардамыңызга муктаж.Ошону менен катар дем алуу органдарынын оорулары боюнча адистердин башын бириктирген ассоциацияны да иштетип жатасыз. Кыйын эмеспи?
-Адамдарга жардам берүү, аларды түшүнө билүүгө умтулуу сезими мага күч жана дем болуп берет. Азыркы оор абалда мамлекет өзү жалгыз оорулууларга тиешелүү деңгээлдеги, сапаттагы жардам көрсөтө албайт. Ошондуктан биз чет мамлекеттердеги кесиптештерибиз менен биргеликте ар кандай иш-чараларды уюштуруп, долбоорлорду иштеп чыгып, аракет жасап келебиз. Кудайга тобо, жыйынтыктар жаман эмес. Мына жакында эле дем алуусу кыстыккан өнөкөт оорусу бар адамдарга атайын кислороддук аппараттарды алып келдик. Эгерде буга чейин бул оорулуулар өз алдынча туруп эки кадам жасай албай келген болсо, азыр үй-тиричилик иштерине жарап, айрымдары жумушка да чыгып алышкан.
Астмада жаңы хрен чөбүн жууп, 150 грамм туурап туруп өтө чоң эмес көлөмдөгү эки лимонду сыгып аралаштырасыз. Эртең менен эрте ачкарын 1 чай кашыктан ичүүңүз керек.
Кашка беденин гүлдөрүнөн демделген чайга бал кошуп ичип жүрүңүз.
Эгер астма оорусу кокусунан кармап калса, бир тоголок музду жутушуңуз керек. Нащатырь спиртин жыттап, буттардын балтырларына горчичник койгонуңуз да туура.
Төрт тоголок пиязды жумшарганга чейин кайнатат. Пияздар жумшаргандан кийин суусун төгүп саласыз да, эртең менен жана кечкисин бир чоң кашыктан ачкарын жеп жүрүүңүз абзел.
Бирдей өлчөмдө болгон семичке майын, балды жана аракты аралаштырасыз да, анын үстүнө горчичникти коюп кармап турушуңуз керек.
Алгач марлиден, кездемеден жана полиэтиленден чыптама даярдап алууңуз керек. Бир литр сууга бир аш кашык тузду кайнатып, кездемеден жасалган чыптаманы туздуу сууга салып, бир нече убакыттан кийин сыгып алышыңыз керек. Марлиден жасалган чыптаманы болсо заарага салып, аны да кайра сыгып алуу керек. Алгач марлиден жасалган чыптаманы, андан соң кездеме чыптаманы, анын үстүнөн полиэтиленден жасалган чыптаманы кийип алышыңыз керек. Бардыгынын үстүнөн синтетика кошулбаган кофта кийип алыңыз. Бутуңузга болсо заарага чыланган байпакты кийип, анын үстүнөн полиэтиленден жана кебезден жасалган байпак кийип алууңуз керек. Мындай ыкманы күнүгө жатаарда жасап, таң аткыча чечпешиңиз керек. Дарылануу курсу негизинен 10 күн. Эгерде дагы деле сакая элек болсоңуз, анда так санда (3,5,7) кайталаганыңыз оң. Курстун жүрүшүндө жуунбай жүрсөңүз жакшы натыйжасын берет.

P.S. Кеңири маалымат алууну каалагандар М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия боюнча улуттук борбордун пульмонология жана аллергология бөлүмүн жетекчиси Талант Сооронбаевге же редакцияга (0312 54 23 46) кайрылыңыздар.




Кыштын камын жайда көр
Энергияны үнөмдөгөн печкаларга кимдер кызыкпайт. Албетте, капчыгы калыңдарга гана кызыксыз болбосо, карапайым элет эли үчүн пайдалуу экени талашсыз. Жыл санап отун-сууга болгон талап менен кошо баалар жогорулоодо. "САМР Ала- Тоо" коомдук фондунун энергияны үнөөмдөөчү печкаларды куруу долбоору бир канча жылдан бери натыйжалуу иштеп келе жатканын, анын үзүрүн көргөн элеттиктер жашырбайт.
Эң негизгиси элдин талабына ылайык иш болгондуктан, кызыккандар да жок эмес. Энергияны гана үнөмдөбөстөн капчыгыңызды да үнөмдөөнү кааласаңыз мына ушул печка жардамга келет. Кыштын камын жайында көрүп кыштан жылуу, ашыкча чыгымсыз чыкканга не жетсин. Аталган печканын эки түрү бар. Бири чоң, бири кичине. Бул жолу кичине печка тууралуу кеп козгомокчубуз. Ал эки комнаталуу (35-40 м.кв.) кичине үйлөргө ыңгайлуу. Адистер аталган печканы кичинекей ашкана (маленькая "кухонная") печкасы дешет. Бул печка үйүңүздү гана жылытпастан, ага тамак бышырууга да мүмкүнчүлүгүңүз бар.
Төмөндөгү материалдар (бышкан кыш, отко чыдамдуу кыш, угольник мет. 20Х20 мм, угольник мет. 45Х45 мм, темир тор, шыптуруму.(колосник чугунный), чугун плита, темир лист калыңдыгы 4 мм болгон, диаметри 8 мм болгон болт, алмаз диск, вулканит, электрод, эшик, темир лист калыңдыгы 2 мм болгон) болжол менен 10 миң сом болот. Ал эми устанын кызматын кошо эсептесек 13 000-15 000 сом болот.
Печкаларды курууну кыялданып бирок, каражаттын тартыштыгынан каржалып тургандар чакан, үстөгү аз насыяны "Компаньон" компаниясынан алуу менен бирге, печка курчу адистердин дарегин да ала алышат.

Таштаналиев Болот
Талас обулусу, Шекер айылы, Байисбек Момбеков көчөсү.

Жунусов Төрөбек
Нарын облусу, Эмгекчил айылы, Чынгыш-ажы көчөсү 0(778) 01 00 83

Таалайбек Алышов
Жети -Өгүз району, Чоң-Кызыл -Суу айылы 03946 2 26 15
Кошумча сурооңор болсо
0 312 54 23 46 Руслан же Уларга кайрылсанар болот.







кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??