Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Жакында жарык көрөт

Кыргыз күүлөрү:
иликтөөлөр, ойлор, пикирлер
Философия илиминин доценти, Элмира Көчүмкулованын демилгеси жана жетекчилиги астында Асан Кайбылда уулунун эки томдук Кыргыз күүлөрүнүн тарыхы тууралуу китеби, БАУнун демөөрчүлүгү астында жарык көрүү астында.
Асан Кайбылда уулу (1929-2010). Чыгаан педагог, чебер комузчу жана музыка изилдөөөчү. 1929-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында туулган. Эмгек жолун Тогуз-Торо районунда окуу бөлүмүнүн башчысы болуудан баштап, Ак-Суу районундагы мектептерде директор болуп иштеген. 1984-1989-жылдары Кыргыз Илим изилдөө Педагогикалык институнда илимий кызматкер болуу менен окуу китептерди жазган. Улуттук музыканын көйгөйлөрү, комузчулук өнөр жана күү тарыхы боюнча көп сандаган публицистикалык макалаларды жазган. Республикалык категорияда лектор катары Кыргызстандын аймагын түгөл кыдырып, фольклордук материалдарды жыйнаган. 1990-жылдан Улуттук Телерадио комитетинде кассеталарды реставрациялоо бөлүмүндө башкы редактор болгондон тартып, "Күү баяны" аттуу радио-баяндарды эфир толкунуна алып чыгып турган. "Күү баяны" (2000), "Кыргыздын музыкалык аспаптары" (2003) аттуу илимий-популярдуу эмгектердин автору жана 8-9 класстар үчүчн "кыргыз тили" деген окуу китептеринин соавтору. Асан Кайбылда уулунун комуз музыкасын изилдөөгө кошкон салымы жана жаңылыгы-ал комуз толгоолорунун 18 түрүнө чейин аныктап, тактап, изилдеп чыккан. Асан Кайбылда уулу 2010-жылдын август айында 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Кыргыздын аспаптык күүлөрү-кыргыз элинин басып өткөн узак өмүр жолун (тарыхын, санжыра-баяндарын), дүйнө таанымын, акылмандык ой-туюмдарын, каада-салттарын, адамдын психологиялык маанайларын (арман, муң, кайгы, кубаныч…) ачып берүүчү күчкө эгедер. Бул фундаменталдуу эки томдук Асан Кайбылда уулунун 20жылдык эмгегинин үзүрү жана Борбордук азиянын маданий мурастарын сактоого жана даңазалоого кошкон зор салымы болуп эсептелет.
Биринчи китепте (848бет), күү-кыргыз элинин улуттук руханий дүйнөсү катары бааланып, улуттук музыкалык аспаптардын түрлөрү, үч кыл комуздун бүтпөс сырлары, комузчулар жана комузчулук өнөр, күү варианттары жана жанрлары, күү чертимдер, толгоолор, кыл басылыштар жана кол шилтемдер. Стилдик өзгөчөлүктөр жөнүндө сөз болот. Күүлөр түрдүү тематикаларга (ата-энелерге, кыз-келиндерге; балалык, жаштык, карылык; ата журт кайрыктары, диний күүлөр…) жана жанрларга (кара күүлөр, ырчы күүлөр, куш-абаз күүлөр, куудул күүлөр. Обон күүлөр, накыл күүлөр…) бөлүнүп, күүлөрдүн тарыхы, таржымалы менен бирге анын жаралышы, таралышы, аткарылышы, мазмуну-мааниси социалдык, маданий жана тарыхый контексте чечмеленип, изилденет. Ошондой эле Кыргыз радиосунун музыкалык "Алтын казынасына" жаздырылган аспаптык (комуз, кыл кыяк, темир ооз коомуз) күүлөрүнүн дээрлик баардыгы тизмеленип берилген.
Экинчи китепте(648 бет), күү-тарыхтын күбөсү катары каралып, күү баяндары аркылуу кыргыз элинин башынан өткөргөн тагдыры. Тарыхый жолу дээрлик бүт камтылган. Мында тарыхый доорлордун (Атилла доору,Томирис доору, Чынгыз хан доору, Темирлан доору, Жунгарлар доору, кокон хандыгынын доору, орус колонизаторлор доору, кеңеш бийлигинин доору) маанилүү окуялары жана белгилүү инсандары; Манас башында турган эпостук баатырларды жана каармандарды даңазалаган күүлөрдөн тартып каргашалуу үркүн окуясы менен бирге советтик жаңы заманды жар салган салтанат күүлөргө чеийин иликтенип баяндалат. Ошондой эле, кыргыз радиосунун музыкалык "Алтын казынасына" жаздырылган аспаптык (комуз, кыл кыяк, темир ооз комуз) күүлөрдүн тизмеси, комузчулар жана алар жашаган доорлордун хронологиясы берилет.
Китепке Асан Кайбылдаев даярдаган 100дөн ашуун "Күү баяны" аттуу радио-баяндар жана залкар комузчулардын күүлөрү жаздырылган компакт диск да тиркелет.
Бул китеп жалаң гана музыка изилдөөчүлөргө же музыка сүйүүчүлөргө окуу курал болуп бербестен. Жалпы эле илимпоздорго: тарыхчыларга, философторго,филологдорго,биологдорго, географтарга, археологдорго гүлазык, комуз өнөрүнө кызыккан окурмандарга эстетикалык рахат Бере турган руханий дүйнө.
Китепке алдын ала буюрутма берүү үчүн Айсулу Алымкуловага байланышыңыздар: aisulu.alymkulova@ucentralasia.org,
тел.: 0312 91 08 22




Толеранттуулукта аялдар жана жаштардын добушу
Кыргызстан -көп улуттуу өлкө, анда кылым ашып ар кыл улуттагы эл жашап келет. Ошондой болсо дагы жер тартышы, эконмикалык деңгээлдин төмөндүгүнөн, жумушсуздуктун, социалдык-тумуш тиричиликтикке байланыштуу көйлөрдүн айынан, калктын жыш отурукташканынан улам Фергана өрөөнү этнос аралык чыр-чатактарга туш келген аймактардан болуп келет. Кыргызстандын Тажикистан, Өзбекстан мамлекеттери менен болгон чек арасы али да такталбай, макулдашылбай келе жатканы, жергиликтүү калктын арасындагы жаратылыш байлыктары болгон, жер, токой жана сууга байланыштууу чыр-чатактардын келип чыгуу тобокелдигин күчөтүп келет.
Деги эле чыккан чыр-чатактардан улам калктын аялуу топтору, аялдар, жаштар жана турмуш-тиричилиги начар адамдар,өзгөчө зордук-зомбулук жана агрессиядан жабырланышаарын турмуш көрсөттү. Аялуу топтор коомдогу болуп жаткан окуяларга таасирин тийгизип, өздөрүнө ыктуу, коопсуз жагына чечүү боюнча чечим кабыл алуу процесстеринен четтеп келишет. Өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн окуялар аялдар менен жаштарга байланыштуу пролемалардын көп нерсесин айгинелеп кетти.
Жаштар менен аялдар көбүнесе материалдык жана социалдык ресурстарга жетишпей, өздөрүнүн укук жана мүмкүнчлүктөрү боюнча дале да болсо жетиштүү маалымат албай келишет.
Чыр-чатактарды жумшартуу, алдын алуу жана кесепеттери менен иштөө максатында жамаат деңгээлинде терең жана иштиктүү чаралар керек экенин заман өзү көрсөттү. Ал үчүн жергиликтүү аялдар жана жаштар топтору менен чыр-чатактар болуп өткөн жана келип чыгуу шеги бар жерлерге иш алып баруу зарыл.
Бул теманы улантып "Рурал девелопмент фанд"-(РДФ) коомдук фонду USAID (АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги) аркылуу колдоого алынган "Тынчтык жана толеранттуулукту алгалоодогу аялдар жана жаштар добушу"долбоорун ишке ашырууда.Долбоордун башкы максаты аялдар жана жаштар сыяктуу аялуу топторду конфликттерди талкуулоо жана аларды потенциалды жогорулатуу аркылуу конфликттерди биргелешип чечүү, жамаат талкуулары жана диалог түзүү, жана жергиликтүү башкаруу органдарына жамааттын катышуусу менен конфликтти жумшартуу жана алардын алдын алуу боюнча рекомендацияларды берүү болуп саналат.
Долбоор Баткен областынын Ак-Сай и Ак-Татыр айылдык округдарында, Ош областынын Ноокат шаары жана Тоолос айылдык округунда ишке ашырылууда. Долбоордун негизги иштери ситуациялык анализден башталган. Долбоорду ишке киргизүүдөн мурда RDF аталган аймактардагы мурунку болуп өткөн жана азыркы учурдагы иликтөөлөргө таянып анализ жасаган. Ал анализдин негизинде долбоордун планы иштелип чыгып долбоор башталган. Долбоордун негизги, өзгөчө көңүл бурарлык жери - бул ошол жердеги чыр-чатакты баштоого же козгоого себеп болгон күнүмдүк турмуштагы турмуш-тирчиликке байланыштуу жерлерди сүрөткө тартып, ал сүрөттөрду чогултуп, андан кийин сүрөттөрдөгү проблемаларды чагылтып фото-тарых жазып эл алдына алып чыгуу. Сүрөттү тартып жаткан адам сөзү жана кыймыл-аракети менен айтып жеткизе албаган ички сезим сырларын сүрөт аркылуу чагылдармакчы. Сүрөттөрдү тартуу үчүн атайын эл ичинен аялдар жана жаштардан тандалып алынган өкүлдөр окутуудан өттү. Окутууда конфликттке байланыштуу жерди сүрөткө тартуу үчүн эмнелерди билүү зарыл болсо, эки күндүк окуудан фотаппарат мене кантип иштөө керек, кайсыл учурда сүрөт сапаттуу чыгат, кайсыл объектилерди тартуу уруксат эмес, канткенде объективде түшкөн адамдын укугун коргоо зарыл, "зыян тийгизбе" принцибин колдонуу сыяктуу көп маанилүү темалар өтүлдү. Аягында практика иштери болуп "сүрөтчүлөр" фотоаппарат менен "куралданышып" өз айылдарынын кайсы жери чыр-чатакка байланыштуу нерсении камтып турса, же кайсыл нерсе көбүрөөк чыр-чатакка алып келсе ошол жакты көздө бет алып изилдөө башташты. Изилдөөгө Ак-Сай жана Ак-Татыр, ошондой эле кошуна тажик элинин Чорку жана Ворух жамаатынын жаштары жана аялдары катышышты. Эң кызык жери, эки элдин изилдөөгө түшкөн жерлери көбүнесе бир болуп чыгып калып жаты. Алар баягы эле жол, жер, ичүүчү суу жетишпеген кудук, сугат суусун жеткизбеген каналдар, жаштарды бриктирип эс алдырган жайдын жоктугу, улут аралык жакындаштырып достукка үндөгөн чаралардын жоктугу жана башка ушул сыяктуу проблемалар болуп чыгып келди. Аялдар жана жаштар тобу изилдеп эле тим болбостон жамаат алдын да ушул проблемаларды өздөрү кантип изилдеп, күнүмдүк маани бербей, жанынан өтүп кетип байкабаган көй-көйлөрдү сүрөткө тартуу менен эмнеге мындай акыбалган туш болду, кантип абалды оңдосо болот деген мурун ойлону п көрбөгөн кырдаал пайдал болуп баштаганын айтып ой бөлүшүштү. Фотофактлардан фототарыхтар жаралып эл ичинен чыккан кайдыгер эмес жарандар ушул проблемаларды талкуулап көрүшүп чечүү жолдорун микрогранттык долбоорго айландырып РДФ ке гранттык сунуштарды беришти. Баткен областындагы максаттуу жамааттардан 21 жана Ош областындагы долбоор чегиндеги жамааттардан 9 кичи долбоорлор түшүп, азыркы учурда тандалуу этабында турат. Кичи-долбоорлор арасында: тажик жана кыргыз жаштарын бириктирген жаштардын спорт аянтчасы,каналдын ремонту, маалымат борбору, жол жүрүү коопсуздугун камтыган чаралар, кечиндеги шаардын жарыктандырылышы, сугат суу көй-көйүн чечүү комитети сыяктуу абдан орчундуу маселерди козгогон долбоорлор ашке ашырылуу учурун күтүп турушат. Алардын жыйынтыктарын мезгил өзү көрсөтөт. Ал эми ушул долбоордун аткаруу командасы жана баарыбыздын эле тилегибиз кичи долбоорлордун авторлорундай эле ушундай эл арасынан чыккан ой-тилектер ак болуп, Кыргызстан өсүп-өнүгүп тынчтыкта жашаса экен дейбиз.
Күлипа Акматова
Сүрөт автордун архивинен








кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??