Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Мурдагы чабан, азыркы багбан
Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылынан чыга берип батыш тарабына жайгашкан багбандын турагына бет алдык. Ээн талаада вагондо жашаганына кайыл боло эмгектенип жүргөн адамга ыраазы болдук. Айдоо аянтына пайдаланууга жарабаган саздак камыш баскан аймакты ээн калтырбай пайдаланууну көздөгөн Дайырбек бул жерге байырлаганына беш-алты жыл болгонун айтат.

Ошондон бери тынымсыз эмгектенген багбан миңдеген тал-теректин көчөтүн өстүрүп, 6 гектар жерге жалаң жемиш багын өстүрүптүр. Алма көчөттөр жакынкы жылдардан баштап мөмө байлайт дейт кубана. Ал эми теректин жаш көчөттөрүн ар жыл сайын жашылдандырууга алып кетишет. Союз мезгилинде чабан болуп жүргөн Дайырбек союз тараганда ишсиз калып эмне менен алектенээрин ойлоду. Үй-бүлөсүн каржалтпай пайдалуу бир иш баштаганды туура көрдү. Бала кезинен бак өстүрүүгө кызыкканы акыры аны багбанчылыкка алып келди. Кээде адамдардын мамилесине түшүнбөй кетет. Алгачкы жылдары Шалтак деген аймакта терек көчөтүн өстүрүүнү көздөп, айыл округдагы кызматкерлер менен биргеликте келишим түзгөн. Бирок убагы келгенде айыл округ башчылары убадаларынан танып, ал жерди өздөрү башка багытта пайдаланаарын айтып чыгышкан. Канчалаган маңдай терин төгүп, үй-бүлөсү менен бирге жерди тазалап, көчөттөрүн өстүрүп бапестеп багып келет. Атайын алган билими болбогону да бир топ тоскоолдук жаратканы менен, кеңешип-кесип атайын адистерге барып турат. Айрыкча Шекер айылындагы токой чарбачылыгынын адиси Гүлшан эженин кеңеши жардам берет. Кээде эже өзү келип алмаларын кыйыштырып берет. Өзүнүн жеңилин жерден алып жардам берчү уул-кыздары менен өмүрлүк жары Бүбайым да жаш көчөттөрдү өстүрүп, аларды кыйыштыруу иштерин жүргүзөт. Атайын борбор калаага келип жаңы ылгамдагы алма, алмурут башка да жемиш багынын көчөттөрүн алып кетет. Учурда карагай, дуб, арча эмне гана болбосун өстүрүп көрүүгө кызыгып турат. Жаратылышка аяр мамиле жасаганды жакшы көргөн Дайырбек Кара-Буура коругунун жетекчилерине жардам берип келет. Биз барган учурда жаздын ар бир күнүн пайдаланып калууга шашкан багбандар көчөт олтургузуп жатышкан экен. Алманын данегинен жаңы өнүп келе жаткан көчөттөр жарыкка умтулган наристе сымал көрүндү. Алыстан азыр көзгө комсоо көрүнгөн талаа жакынкы жылдарда көлөкөлүү бакка айланат. Эмесе багбанга ийгилик каалап туралык.


Бир класста бир китеп
Элеттик балдардын билим деңгээли төмөн деп келишет көпчүлүк. "Жо-жок биздин балдар таланттуу, билим деңгээлдери да мыкты райондук, областык олимпиадага катышып келүүдө. Биздин мектептин окуучулары 1-2-3 орундарга ээ болгон" деп чырылдашат элеттик эже-агайлар. Айылдык мектептин ал-жайын сурап иш сапарда болгон Нуржамал Курманкулованын иликтөөсүнө кезек берели.


Кара-Буура районундагы Бакайыр айылындагы мектептин мугалимдерине сөз берели.
Айсалкын Жапарова,
мугалим:
-Кыргыз-тил, адабияты жана адеп сабагынан мугалиммин. Балдарга нукура кыргыздын жүрүм-турумундагы адептүүлүктөрүнөн кабар берип Калыгул Бай уулу, Жеңижок акындын философиялык ырларын тааныштырам. Адеп сабагында жаш муундарга адалдык менен арамдык туурасында терең түшүнүк берүүгө аракеттенем. Ар качан балдарга "арамдыктын түбү кылдай, адалдыктын түбү тоодой" деп келем. Арам иш жасасаң тез эле соолуп каласың, адал жүрсөң абийриң таза болуп, эл алдында жүзүң да жарык болот дейм. Адеп сабагына окуучулар 97 пайыз катышат. Бул сабактын көбөйтсө деп ойлойм, тарбиялык мааниси зор.

Мырзабекова Айнагүл,
мугалим:
-Тарых китептери жакшы жетишпейт анан калса кээде китепти окуучулар түшүнө албай кыйналат. Өзгөчө 7-класстар үчүн жазылган тарых китеби илимий тилди көбүрөөк колдонгондуктан окуучуларга оор болуп, окуп түшүнүшү кыйын. Мурдагы союз учурундагыдай эмес азыр тарыхтан окуу сааттары да азайган. Жумасына бир саат. Кыргызстандын тарыхын окусак, бир саат Дүйнөлүк тарыхты окутабыз. Бул окуучуларга жеткиликтүү болбой жаткандыгы сезилет. Ата-энелер менен тыгыз иштешүүгө болгон дараметибизди жумшайбыз. Сабакты көп калтырууларына ата-энелер да кошумча болгон учурлар болот. Сабактан көп калгандар албетте жетишип кетиши кыйын.
Отуз жылдан бери мугалимдик кесипти аркалаган эже сөзгө аралашып "Мен Анара Абдрайымова кол эмгек сабагынан берем. Турмушта эң эле керектүү нерселери өз колдору менен жасап алууга болоорун үйрөткүм келет. Окуучулар эң кур дегенде жалкоолуктан арылса деген тилектемин" дейт.
Чын эле эже баштап кирген класстан окуучулардын өз колдору менен жасаган буюмдарын көрүп суктандым. Мерсико уюмунун жардамы менен эмгек сабагы үчүн 4 тигүүчү машинасын алышыптыр. Кыздар кийим тигүүнүн ыкмаларын үйрөнүп, бычып тигүүгө да окушарын кеп кылды. Улуттук оюлар түшүрүлгөн улуттук кийимдерден баштап туш кийиз, курактын түрлөрү, сайма дагы башка буюмдар бар экен.
"Айлык акыбыз аз болсо да фанаттар иштеп жатабыз. Көпчүлүк жаштар жогорку окуу жайларды бүтүрүп алып сода-саттыкка аралашып кетти. Эми май айынан тартып айлык акыга кошулат деп үмүттөнүп жатабыз. Биз дагы окуучуларыбыздын билим деңгээли жогору болсо дейбиз" дешет элеттик мугалимдер.
Кайсы жерге барба көйгөй. Элеттеги балдар, ата-энелерине кол кабыш кыла тызылдап чуркап бири мал карашса, бири кетмен көтөрүп талаага жөнөйт. Жаш жеткинчектерге жетиштүү билим алуусуна ыңгайлуу шартты улуулар түзүп бере албагандай. Элеттен келген уул-кыздардын билим деңгээлин жөнүндө уялбай сөз кылчу кезди күтө туралы.
Сүрөттөр автордуку





Тигүү цехи киреше көзү
Колу жөндүү айымдар чогулган тигүү цехке баш багып мына бул
маалыматка ээ болдум.
Тигүүчүлүк боюнча атайын билими бар Майрамкүл жетекчилик кылган Кара-Буура районундагы Кайнар айылынын муктаждыгына жарап жаткан чакан тигүү цехи да атайын грант менен ишке киргизилген. Муну да Кызыл жарым Ай коому колдоп, 25 миң сом көлөмүндөгү грант бөлүнгөн экен. Үч тигүүчү машина, бир оверлог машинасын алдык,- дейт цех башчысы. Буга чейин мындай цех иштеген эмес. Азыр мектепке кандайдыр бир формалар керек болсо же айылдыктар кызга сеп берсе жана башкаларга керектүү буюмдарды тигип берип жатабыз. Кышкы күрмөлөр менен чыптамаларга талап жогору болду. Мындан тышкары жаш балдарга кийимдерди да тиге беребиз. Өкмөттөн жардам күтпөй өз ишибиздин илгерилеши менен алекбиз дейт уздар.
Айылдыктар үчүн опол-тоодой эмгек жасаганы менен көтөрүлүп көрбөгөн жөп-жөнөкөй жандарга ыраазы боло коштоштум.





кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??