Ордолуу Ош
"Жаз жарыш" демекчи, учурда дыйкандар жазгы талаа иштери менен кызуу алектенип жатышкан кези. Үрөн, солярка маселеси сыяктуу көйгөйлөрдөн дыйкандар кантип жатат. Деги эле башка маселелердин тегерегинде, айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүү боюнча бышыкчылыктуу аймак делген ордолуу Ошто болгонумда көп нерселердин күбөөсү болдум. Меймандос калкы бар аймак мен барганымда гүлдөп, ажайып кооз болуп турган экен. Күндүн ачуу тийген ысыгынан абдан күн ысып кетти го дегениме, кайдыгер "ооба, бир аз жылып калды" деген жооптуу угуп таң калгам. Көрсө, айтымдарында быйыл жаз кеч келип дыйкандардын маанайы жакшы эмес экен. Дегеним апрель айында айдап, эккендерибиз кылтыйып көрүнүп калчу. А быйыл андай эмес. Күздүктөр да көңүлгө толбой турат дешет. Иш сапарымды Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынан баштадым. Райондун борборунан анча алыс эмес жайгашкан аталган айыл округ өз курамына 6 айылды камтыйт экен. Айыл округ башчысы Арыков Махамат кубанып, мектеп окуучулары райондук кубокту ордо оюнунан утуп келишкенин айтып отурду. Анда кеп кезегин алты айылдын башын бириктирген жетекчиге берсек.

-Биздин дыйкандар быйыл да өз иштерин алгылыктуу алып баруу менен алек. Айылдын соцаилдык турмуш-тиричилик абалын жакшыртуу үчүн колдон келген иштерди бүтүрүп жатабыз. Биздин ишибиздин илгерилешине өз көмөгүн көрсөткөн баардык өнөктөштөргө ырахмат. Дегеним айыл инфраструктурасын жакшыртуу үчүн долбоорлор менен иш алып баруудабыз. Кечээ Ак- Терек айылыбыздын жолун оңдоого шагыл төгүлдү. Дыйкандарыбызга 25 сомдон күйүүчү май таратылды. Карапайым элеттеги дыйканчылык менен эмгек кылышкандар үчүн 25 сомдук майдын берилиши бир топ эле жардам болду. Жаз быйыл кеч келди. Тилегенибиз элдин эмгеги кайтып, түшүм мол болуп, кырманыбыз данга толсо. Калкыбыз ар кандай улуттан турса да баары бир адамдай ынтымактуу. Алардын ар бири айтаарлык кепке татыйт. Мен айылдарымдагы дыйкан, иштемчил, эмгек менен элге таанылган дыйкандарым менен сыймыктанам. Алар биздин азык-түлүк коопсуздугубузду сактап мол түшүм алуу менен алек. Эң башкысы биздин элде биримдик бар.
- Улуттук ордо оюну боюнча райондор аралыктан жемиштүү орунду алыптырсыздар. Эми облуска барганга даярдыгыңар кандай?
-Албетте, жеңишке жетишкен, окуучуларыбыз менен сыймыктанып жатабыз. Бул сыймык биздин айыл өкмөттүн эле сыймыгы эмес. Бүткүл кыргыз элимдин сыймыгы десем болот. Утур барган сайын унутта калып жаткан мындай кыргыз оюндарын жандандыруу зарыл. Жаш муундар аны менен алектенип, анын кандай ойнолуш тартибин билгендин өзү мекенчил сезимдин бир белгиси десем болот.
-Билим очогу болгон мектептериңерде, кадр маселеси кандай?
-Мектептердеги жетишсиз кадрлар биздин эле аймакта же мектептерде болбосо керек. Бул маселе канча жылдан бери көтөрүлүп, аз-аздан жолго коюлуп келе жаткан маселе. Буюрса мугалимдерибиздин айлык маяналары жогоруласа ал маселе чечилет. Биздин мектептерде чет тил мугалимдин жетишсиздиги басымдуу. Окуучуларыбыз ар кандай маданий иш чаралардан кур калышпайт. Облустук, райондук, мектептер аралык кароо-сынактар болсо катышып турушат.

"Элди күттүрүп
тыныгууга кетпейм"
Убакыт түшкү тыныгуу болсо да утур кирип-чыккан элди тейлеп иштеп жаткан бөлмөгө кызыгып мен да баш бактым. "Сизге түшкү тыныгуу боло элекпи" деген тамаша суроомо "Элди күттүрүп коюп тыныгууга кеткеним туура эмес го. Айрымдары айылдардан келишкен. Үйгө эртерээк барыш керек" дегендей деп жылмайып койду. Ал-жай сурашып отуруп калсам жөлөк пул алчулардын документтерин толуктап, айрым кем-карчтарын өзү кошо даярдашып отурган Кара-Суу районундагы Жаңы- Арык айылдык округунун социалдык кызматкери Эсенова Нуржамал мына буларды айтып берди.

-Минтип айылдардан атайы документтери чогултушуп келишет. Учурда жаштардын көпчүлүгү жумушсуз. Бир нерсеге жөлөк болсо деп мамлекеттен бөлүнгөн акчаны алалы деп аракет кылышат. Жөлөк пул кирешеге жараша чектелет. Мына ошол талаптардын баарына жооп бергендердин документтери кабыл алынат.
-Телевизор, муздаткычы же түрлөгөн килем, паласы барлар жөлөк пул алабы?
-Көпчүлүктүн сураганы ушул. Өз учурунда жогорудагыдай буюм-тайымы болгондорго жөлөк пул берилбесин деген жарлык бизге келген. Бирок бир үйдө бир эмес бир канча телевизор бар. (Ар бир бөлмөдө. АВТ.) Айрымдарына сепке кошуп ата-энеси берген. Кай бирине кайын журту белек кылгандыр. Андай учурда "акыркы үлгүдөгү телевизорду же муздаткычты, кир жуучу машинаны ата-энем берген. Биз мамлекеттен бөлүнчү жөлөк пулга муктажбыз" деп түшүнүк кат жазышат. Аны текшерип көргөн комиссия жөлөк пулга чын эле муктаж экендигин аныктаса гана ала алышат.
Темир жамаган
дыйкандар
Айылдын адамдары абдан эрте таң азандан турушат. Анан бири-бирине кол кабыш кылып бир туугандай мамиледе. Кара Суу районундагы Таш-Арык айылынын эли да кетмен-күрөгүн жонго салып таң азандан кош айдоого кам урушуп, кай бири Абдрасул байкенин кызматынан пайдаланышат экен. Жаздын бир күнү жылга тете, жазында эмгек кылбаган адам кышында ачка болоору шексиз. Айылда техника жетишсиз. Жыл кургакчыл болсо жер кургап кетет. Ошондуктан таң, азандан кечке дыйкан талаасында жүрөбүз. Мамлекеттен жардам күтүп, чалкалап жатып албай "кыбыраган кыр ашат" дегендей минтип техникабызды жамап-жаскап дыйканчылыкка өз салымыбызды кошуп жатабыз дейт. Кечке талаада жүрсө да чарчаганы билинбей, небере эркелетип сейилдеп чыккан Абдрасул байкени кепке тарттык.
-Дыйканчылык бүттүбү?
-Дыйканчылык бул бүтпөгөн иш. Дегеним жазында кетмен-күрөк көтөрүп эккениңди жайлата багасың, сугарасың, отойсуң күздө түшүмүн эгип кыштата пайдаланасың. Калганын жазгы кош айдоого бирин чирип кетпесин, өнүп кетпесин десең, дагы бирин үшүп кетпесин деп ылайыктуу жайда сактайсың.
-Сиздерде эле эмес, ар бир айылда техника маселеси орчундуу, жеке пикириңизде мындан кантип чыгуу жолу бар?
-Албетте жазгы кош айдоодо, оруу-жыюуда эл техникадан абдан кыйналат. Бири-биринен кийин деп кезек күтүшөт. Бирок кудайга шүгүр ынтымакташып иш кылып жатабыз. Өзүңөр көрүп тургандай менин тракторумдун деле тетиктери эскирип утур бир жагы бузулат. Аны оңдоп кайра кош айдоого жөнөмөй. Бүгүн эле талаада дыйканчылык менен жүрүп, дөңгөлөгүм жарылып калды. ( Азыр баардык нерсе сыяктуу, тетиктер да сапатсыз. Кымбатын алганга каражаты жол бербегени менен, кытайдыкын алып утур алмаштыра берип ошол акча чыгат. И.К.) Дөңгөлөгүм жарылды же тетигим сынып калды дегенде бирөө бизге (дыйкандарга) жардам бермек беле?! Андан көрө эптештирип (күлүп) темирди жамап эмгек кылып жатабыз.
"Аа, электриксиңби…"

Айыл аралап ак саамай энелерден айыл турмушу тууралуу ой бөлүшкүм келди. Алыстан карааны көрүнгөн апаны утурлай ал жай сураштым. (диалектиси жок сүйлөп жатканыманбы же чын эле апага өзү айткандай "папке" көтөрүп алсам акча чогултканы жүргөндөй сезди окшойт. Айтоор сен кимсин, электриксиңби же дагы кайсыга пул жыйнап жүрөсүң деген суроодон маегибиз башталды.)
-Жок мен электрик эмесмин. Сиздерден пул да чогултпайм. Айылдагы сиздердин турмуш тиричилигиңер менен таанышайын деп калаадан келдим деп гезитти берсем "мунуң канча" деп, арсарсып алды. Сатыкта жок, бекер эле алыңыз дегенимде гана "Аа, кел. Эмнени айтайын. Биздин турмушту өзүң көрүп турасың. Минтип мага окшогон карылар же сүт эмизген келиндер гана айылда калбаса, билегинде күчү бар жаштарыбыз чет элде эмгек кылып жүрүшөт. Аман-эсен келсе деп биз бул жакта өз тирлигибиз менен алекбиз. Пенсияга утур кошулуп жатат деп сүйүнгөнүбүз менен баардык нерсе кымбат. Кымбат болсо да элибизде тынчтык болуп, дасторконубузда нан болсун. Атым Санам, быйыл 76 жаштын тамагын ичип отурам. Тилегеним эле балдардын амандыгы"
Союздан калган көйгөй…
Учурунда ашар ыкмасы менен чайханага ылайыкталып салынган имараттын бир жагы мечит, бир жагы ден соолук борбору болсо бир жагы айыл башынын бөлмөсү экен. Кара-Суу айылындагы Таш-Арык айылынын турмушу менен таанышайын деп эл башынын кабыл алуу бөлмөсүнө барганымда кара кулпу тосуп алды. Түштөн кийин жумушка келген эл башы Ураим Садыков мына буларга токтолду.

-Чайханага деп ылайыкталган имаратта биз иш алып баруудабыз. Эртең менен Куршабга барып имараттын ичин тегиздеп алганга цемент алып келдим. Дыйкандарыбыз кош айдоодо. Жардам сурап келгендерине колубуздан келишинче маселелерин чечип берүүгө аракет кылып жатабыз.
-Айылды аралап аккан суунун өңүн мен айтпасам да билет чыгаарсыз. (Кыпкызыл таш-кум аралаш аккан суу. Айылдыктар аккан сууда арам жок деп ичишет. Кээ бир унаасы барлар коңшу айылдан ташып келишет экен.) Дегеним суу тээ тоо боорунан бери келип адам эмес мал ичкенге болбойт. Эл башы болгон соң мына ушундай маселени жогору жака көтөрүп чыктыңызбы?
-Ооба. Бул тууралуу биздин айыл округ башчысынын маалыматы бар. Чечүүнүн жолдорун издеп донорлорго кайрылганбыз. Бизге чейинки кезекке турган айылдардын суу маселеси каралгандан кийин биздин айылга кезек келет экен. Өздүк салым катары чогулган акчаны банкка салып койгонбуз. Ал көбөйүп жатат.
-Албетте, акча көбөйгөнү дурус. Бирок, акча көбөйүп жатат деп көкүрөк какканыбыз менен адам ден соолугуна ким кепилдик берет…
-Бул маселе тээ союз учурунан бери келе жаткан көйгөй. Буюрса жакшы жагына чечилип, биздин эл да таза суу менен камсыз болчу күн алыс эместир.
Кап, аттиң... Союз таркабаганда айылды аралап таза суу агат беле деген ойго келдим. А бирок таркаган союзга түртө салып кол шилтегенибиз туура эмес. Союздан калса да, жаңыдан башталган көйгөй болсо да элдин жүгүн көтөрүп жеңилдетем деген эл башчылары кайда? Канча жыл киргил сууну тундуруп, канча бир жолу кайнатып ичкен айылдыктардын маселеси качан чечилет… Өзүлөрү пландагандай быйылкы күздөн болбосо да эмики жаздан баштап таза суу ичип калаар. Ылайым таш арыктан эмес, таза түтүктөн суу ичип ичеги-карын илдеттеринен алыс болгула. Тилек кылган таза суунун боосу бек болсо экен.
Салык салбай,
аны чогулткандар

Ар бир айылдын жерге-сууга болгон салыгы болот. Аны менен мамлекеттин казынасы толукталып калбаса да кандайдыр бир өкмөтүбүздүн казынасына түшүп кайра эле айылдыктарга кетет. Кантип дейсизби… пенсия, жөлөк пул, айлык маяналар. Бирок ошол салык кызматкерлери чогулткан каражат мунун баарына жетпейт. Аны чогултканы барган кызматкерлерге бир канча суроо берип анан акчаны берген элет элинин көнүмүш адаты. Мен буга айылдарды кыдырган иш сапар учурумда күбө болгом. Бул жолу Жаңы-Арык айыл округуна караштуу салык кызматкерлеринин иши менен тааныштым. Ал жакта өз кызматын аркалап, кандай жол менен болсо да салыкты пландагандай толтуруу менен алек болгон Козубаев Режеп, Камалов Абдыгапар, Омоков Сайнидин агалардын иши тууралуу баян этүүнү туура көрдүм.
"Салыкты өз учурунда чогулткандын аракети менен алекбиз. Кай бирине бир канча жолу барып чогултсак, кээ бири суратпай эле беришет. Эл болгон соң ар кандай кайчы пикирлер да болбой койбойт. Өзүбүз деле айылда жашайбыз. Айыл аралап салык жыйнаган учурда да элдин негизги муктаждыктарына күбө болуп, тиешелүү кызматкерлерге айтып келебиз. Бизде бул сенин же тигил менин ишим эле дебей чогуу иш алып барабыз. Бири-бирибиздин тажрыйбабыздан алмашып, салыкты өз учурунда пландан ашык толтурсак деген тилек менен иштеп жатабыз. Жаман эмес, элден айланса болот салыктарды өз учурда бергенге аракет кылышат" дешет.

Кундуз Исмаилова
Бишкек-Ош-Бишкек
Сүрөттөр автордуку