Кырсык - сыноо
Эксперттер жер титирөөдөгү жоготуулардын абдан көп болушунун себеби - имараттардын сейсмикалык көтөрүмсүздүгү деп белгилешүүдө. Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы Жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын коомдук фонду (Ага Хан Фондунун демилгеси) Кыргызстан илимий-изилдөө жана сейсмотуруктуу курулушун долбоорлоо институту, "Кыргызстан башкы инженердик изилдөө институту" жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу 17 мектепти изилдеп көрүшүп, мектептердин 66 пайызы сейсмологиялык талаптарга жана стандарттарга жооп бербегендигин тастыкташты. Ал эми алардын ичинен 44 пайызын жердин сейсмоопурталдуулугуна жана курулуштун техникалык жагдайы өтө начардыгына байланыштуу адамдардын коопсуздугу үчүн түрттүрүп салуу сунушталган.

Мына ошондой мектептердин катарына Кызыл-Эшме айылындагы 1-4-класстардагы 100 окуучу окуган Ынакбай уулу Келдибек атындагы мектеп да Илимий-изилдөө жана сейсмотуруктуу курулушту долбоорлоо институтунун баасы боюнча өтө кооптуу деп табылган. Бул мектеп өткөн кылымдын 60-жылдары салынып, ошол бойдон капиталдык оңдоодон өтпөгөн. Мектептеги кээ бир бөлмөлөрдө шыптары ийилип, чатырынан суу агат. Пайдубалынан да бир нече жарака кеткен. Мектепти түрттүрүп жиберип, анын ордуна жаңы мектеп салуу 3 миллиондон көп каражат талап кылмак. Бирок Чоң-Алай айыл округу Кыргызстандын башка айылдарындай эле мындай каражатка ээ эмес. Өткөн жылдын февраль айында Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы Жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын коомдук фонду (Ага Хан Фондунун демилгеси) DIPECHO VI долбоорунун алкагында Кызыл-Эшме айылынын Ынакбай уулу Келдибек атындагы мектебинин конструкциясын бекемдөө жана ремонттоо үчүн пилоттук долбоорду ишке ашырды. Чоң-Алай айыл округу ремонттоого 55 миң сом бөлсө, жергиликтүү коомчулук ремонттоого керектелчү каражаттын 22 пайызын чогултту. Мектепти бекемдөө баш-аягы 1 млн. 391 миң сомду түздү . Мектептин чатырын кармаган тирөөчтөрү, чатыры алмашылып, негизги дубалы жана пайдубалы бекемделди. Бүгүн балдар оңдолгон мектепте окушууда жана кооптонууга себеп жок. "Мен биринчи классты ушул мектептен окугам, - дейт Кызыл-Эшме айыл округунун жетекчиси Мамашарип Сайитов. Мектеп оңдолушу керек эле. Эгер Чоң-Алайда жер титирөө болсо мектеп урап калмак. Ал эми мектептин окуучулары жеткинчектер экенин эстегенде... Эми мектеп бир топ коопсуз болуп калды ".
- Кыргызстанда сейсмикалык талапка жооп бербеген коомдук мекемелер, курулуштар көп - дейт илимий-изилдөө жана сейсмотуруктуу курулушту долбоорлоо инженердик тутумдар бөлүмүнүн башчысы Улан Абдыраимов. - Аларды бузуп, кайра салууга биздин социалдык-экономикалык жагдай мүмкүнчүлүк бербейт. Мекеменин долбоору жазылып жатканда сейсмикалык талаптар жакшы эле каралат, бирок монтаждоо учурунда тигил же бул кемчиликтер кетип калууда. Ага карабай мекемелерди жана адамдар окуп, иштеп жаткан мектептерди, балдар бакчаларын кырсыктан оолак болушу үчүн бекемдөө зарыл. Бул үчүн үйдү кармап турган негизги бөлүктөрүн бекемдеп, ылайыктуу инженердик чечимдерди пайдаланып, жаратылыш кырсыктарынын алдын алганга аракет кылуу керек. Сейсмикалык туруктуулук бул чоң жоопкерчилик, - деп бүтүм кылды эксперт. Мындай пилоттук долбоор жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү эске алып, кээ бир коомдук мекемелердин сейсмотуруктуулугун бекемдөө менен, андагы иштеп, окугандардын коопсуздугун камсыздоо ыкмаларын көздөйт. Өзгөчө кырдаал учурундагы кырсыктын алдын алуу үчүн алдын алуучу, авариялык, кайра калыбына келтирүүчү амалдар митигация деп аталууда. Митигациялык долбоорлор курулуштарды инженердик иликтөөлөр, MSDSP KG жана DIPECHO VI долбоорунун алкагында "Кыргызстан жана Тажикстан Республикасындагы бийик тоолуу райондордогу табигый кырсыкка кириптер коомчулукка кө-мөктөшүү", "Эм Эс Ди Эс Пи Кей Джи" коомдук фонду (Ага Хан Фондунун демилгеси) жана Жарандык коомду Коргоо жана Көмөктөшүү Европалык Комиссиянын департаментинин (ЕСНО) жардамы аркылуу ишке ашууда. Долбоордун негизги максаты - жергиликтүү коомчулуктун жана мекемелердин кырсыктарга каршы ыкчам аракет кылууга жана кырсыктын кесепетин азайтууга аракеттерин колдоо. Жаратылыштын түрдүү кырсыктары мамлекеттик түзүмдөрдүн ишинин көрсөткүчү гана эмес, бардык мамлекеттик системанын көрсөткүчү болот. Ошондуктан кырсыктын кесепетин азайтууга комплекстүү иш алып баруу керек, мындайча айтканда министрликтер жана ведомстволор ишин пландоодо кырсыктарды эске алып, анын кесепетин азайтуунун камын ойлойт. Кырсыктын болушу шарт эмес, бирок ага даяр болгон абзел. Мисалга деңизде сүзүү тажрыйбасы ар бир кемеде аман калуу каражаттарынын сөзсүз болушун жана эвакуациянын схемасынын болушун шарттаган. Антсе да кемелер чөгүү үчүн, үйлөр кырсык үчүн курулбайт. Демек, сактыкта кордук жок.
Мавлюда Жапарова




Температуранын ысышы климаттын кургактыгына алып келээри жана бул коркунуч
түздүктөрдө көбүрөөк байкала тургандыгы күтүлүүдө.

Айыл чарбасын тургузуунун формуласы
(Уландысы. Башы 5-бетте)
Айыл чарба техникаларын чыгаруучу заводдордун өздөрүнүн машиналарын эркин атаандаштыктын негизинде сатуусу үчүн баарына бирдей, калыс, адилеттүү баштапкы шарттарды жаратуу керек.
5. Айыл чарба тармагын башкарууда реформа жүргүзүүнү иш жүзүнө ашыруу керек - Айыл чарба министрлигинин милдеттерин тактап, структурасын кайра карап чыгуу менен анын укуктарын, ошону менен бирге мамлекет жана дыйкандар коомчулугунун алдында жоопкерчилигин көтөрүү керек.
Фермерлерге заманбап менежменттин ыкмаларын колдонуу менен жогорку деңгээлдеги лизингдик кызматын көрсөтүү максатында "Кыргызагролизингди" жаңы барактан кайра түзүүнү сунуштаар элем. Лизинг идеясын жаманатты кылган, жалган лизингдик компаниялардын терс сабактарын кайталабаганыбыз оң. Компаниянын негизги багыты - дыйкандардын айыл чарба машиналарына болгон суроо-талаптарын алардын өзүлөрүнүн каалоолорун эске алуу менен, эч кандай тендерсиз, алардын өтүнмөлөрүнүн негизинде аткаруу болуп эсептелет. Буга чейинки дүңүнөн сатылып алынган айыл-чарба техникалары жасалма тендерлер аркылуу, дыйкандардын катышуусуз ишке ашырылып келген. Андан ары техника тууганчылык, коррупциялык административдик бөлүштүрүү жолдору менен "токочтуу" же "дежурный" фермерлерге берилип келинген. Ар бир фермер менен жекече иштөөнү, аларга техниканы туура тандоодого жардам берүүнү, өзүн-өзү актоо мөөнөтү ижара мөөнөтүнө караганда кыска болуусу, компаниянын каржылык ресурстарынын кайтарымдуулугун камсыз кылган фундаменталдык принцип болушу шарт. Компаниянын кызматынын сапаты дүйнөлүк калыптанган салттарга, стандарттарга шайкеш болушу менен бирге, лизингге берилип жаткан машиналардын сапаты да ошого төп келиши керек. Баштапкы каржылоочу булактар катары - Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү Фондунун атайын сактоочу эсебинде турган Жапон өкмөтүнүн, Кытай Эл Республикасынын кайтарылчу гранттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын, эл аралык донорлордун гранттык каражаттарын, өкмөттөр аралык келишимдин негизинде түшкөн, башынан эле ушул максатка каралган каражаттарды пайдаланса болот. Ыкчам түзүлсө "Кыргызагролизинг" компаниясы өлкөбүздүн негизги өндүрүштүк тармагында жасалган чечкиндүү реформалардын башаты катары кабылданаарына ишенем. Жаңы техникалар жылда кайталануучу сезондук иштерге болгон даярдыктардын деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө болуп, дыйкандардын көз карашын түп тамырынан өзгөрүп, экономиканын агрардык секторунун келечеги кеңейип, элдин эртеңки күнүнө болгон үмүтү артып, мамлекеттик башкаруу органдарына болгон ишеничи көбөйөт. Айыл чарбасын техникалык жактан кайра жабдуу жана жаңы заманбап технологияларды колдонуудагы кесипкөйлүк - кирешелүүлүктү арттырууга жол ачат. Дыйкан эмгегинин үзүрүн, мартабасын көтөрүп ички миграциялык кыймылдарды ооздуктоого шарт түзөт. Айылдарыбыздын турмушу ошондо гана түп тамырынан өзгөрөт.
Жаңы түзүлүүчү компаниянын милдети - талкаланган "Кыргызайылтехника" системасын бүгүнкү күндөгү эркин базар экономикасынын шарттарына ылайыкташтырылган түрдө кайра калыптандыруу. Натыйжада - айыл турмушунун бүлүнүшү токтоп, өсүп-өнүүчү багытка бурулат. Машина-трактордук станциялар айыл жергесиндеги прогресстин кыймылдаткычы, өнүгүүлөрдүн өзөгү, кошумча нарк түзүүнүн салыштырма салмагын арттыруучу өндүрүш тизмегин өрчүтүүчү генератор болуп калат.





250 миллион долларлык курулуш
20-май күнү Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин (БАУ) кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби (КҮБМ) өз тарыхында үчүнчү курдай угуучуларга сертификат тапшырды. КҮБМдүн жаңы бүткөрүлгөн мектебинин ачылыш аземине дал келди. 3 000 чарчы метр аянтты ээлеген мектептин алдында 180 чарчы метр жерде гүлбак жайгашкан. Бул күнү "бухгалтердик эсептин технологиясы", "иштиктүү англис тили", маалыматтык технология", "кесиптик билим берүү", "ишкердик", "туризм" боюнча жүздөн ашуун бүтүрүүчүлөр сертификат алышты. Салтанатка КР Жогорку Кеңешинин депутаты Акылбек Жапаров, губернатордун биринчи орун басары Эмилбек Алымкулов, БАУнун башкы директори Богдан Кравченко, Ага Хан өнүктүрүү тармагынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нуржахан Мавани катышышып куттук кеп айтышты. Богдан Кравченко мырза шаарча 2015-жылы курулуп бүтүп, 2016-жылы каалгасын ачаарын айтты. БАУ 2000-жылы негизделген. Учурда Нарын шаарынын батыш ыптасында 252 гектар аянтка Университеттик шаарча курулуп жатат. 2010-жылы Нарындагы башкы кеңсеге (кампус) жана курулуштарга жалпысы 16 миллион АКШ доллары жумшалган. Ал эми жалпы курулуш жана агартуу үчүн болжолдонгон негизги сумма 250 миллион доллар болмокчу.