Кыргыз уй этинин сапатты
Ар бир мамлекет өлкөсүндө өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн дүйнөлүк рынокто жогорку деңгээлдеги орду үчүн күрөшөт. Андыктан биздин республикада уй этинин сапатын жогорулатып, кардарларга тартуулоого аракет зор болуп жатат. Кыргызстандын базарларынан малды дүңүнөн сатып алып, кошуна өлкөлөрдүн атынан дүйнөлүк рынокторго чыгарып жатат. Ал эми мээнеттин азабын тарткан кыргыз малчысынын эмгеги бааланбай калат. Мындай көйгөйлөрдү чечүүдө чечкиндүү аракет жасаган эр азаматтар бар. Албетте "малды сойсо да касапчы сойсун"дегендей ишти баштап ага терең анализ жүргүзгөн адистердин өзүнө сөз бергенибиз оң болор.


Акылбек
Жумалиев,
"Борбордук Азия Асыл Тукум сервиси" компаниясынын директору
-Биз негизи ГТЦ программасы менен көп жылдан бери биргелешип иштеп жатабыз. Экономика жана тескөө минстрлиги менен ГТЦ нын ортосунда келишим бар. Алар эт маселеси боюнча ГТЦ менен бизге кайрылды. Кандай кылып ушул маселени ордунан жылдырабыз? - деген суроолорго баш катырдык. Ушул маселени анализдеп көргөнүбүздө чечиле турган экенине ынандык. Биздин эки гана максатыбыз бар да. Биринчиси коопсуздук маселеси. Негизи адамдар этти жегенде жугуштуу оорулар менен оорубашы керек. Экинчи маселе бул жогорку сапаттагы эт болушу зарыл. Биз эт азыктарын кайра иштетүүчүлөрдү, соода түйүндөрүн коопсуздугу сакталган эт менен камсыз кылышыбыз керек . Эт жеген адамдын ден соолугуна биз кепилдик беришибиз керек. Ал үчүн лабораториянын анализи керек. Лабораториянын анализин жасаш үчүн малга номер коюш керек. Эскиче иштесек карала, көкала, күрөң мал деп жазсак туура эмес болуп калчуудай. Канды алыш үчүн да эн салыныш керек. Анан биз эн салгандан баштадык. Биз малдга эн салып, аны каттодон өткөрүп, канын алып, ошол эле мезгилде малдын кыгын алып лабораторияга жөнөтөбүз. Андан жыйынтык келет. Экинчи капралогия, мында өпкө, боорундагы, ичегисиндеги паразиттер боюнча толук маалымат келет. Аны дарыласа болот. Ылаңынан арылган мал салмак кошот. Алты ай эмес төрт айда малды семирте байлаган фермерлер болду. Бул программа пилоттук түрдө азырынча Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарында иштеп жатат. Мал дан алынган азык-түлүктү сатып өткөрүү үчүн өлкөлөр ортосундагы атаандаштык күрөшү жылдан-жылга курчуп бара жатат. Анын коопсуздугун жана жогорку сапатын далилдей алган өлкөлөр гана тышкы рынокторго чыга алышат. Биздин Кыргызстан ушундай өлкөлөрдүн катарына кошулуусу үчүн биз бардык күчүбүздү жумшайбыз. Элибиз учур талабын туура түшүнүп колдоп аларына ишенебиз.




Кээ бир көлөмү анча чоң эмес мөңгүлөр дээрлик жоголуп бүттү. Климаттын өзгөрүшү акыркы 100 жылдыкта, айрыкча 50-жылдардан баштап мөңгүлөр жана кар-муз үчүн коркунуч алып келүүдө.
Кепшөөчү малдардын ылаңдары
"Кыргыз эл-мал киндиктүү калк" дегенибиз менен баарыбыз эле ошол төрт түлүк малыбыз жабыркаган ооруларды айырмалап билбейбиз. Айрымдарыбыз ылаңдарды бири-бирине алмаштырып, акырында эмгек менен тапкан малыбызды зыянга учуратып алганыбыз аз эмес. Мына ушуну эске алып мындан кийинки чыгарылыштарыбызда да сиздерге мал ылаңдары тууралуу маалымат берип турабыз. Дегеним ар бир ылаңды айырмалап гана тим болбостон, ага өз учурунда жардам да көрсөтө аласыз деген ойдобуз.
Кара сан букма мезгили 6-24 саат кээде 5 күнгө созулат. Булчуң эттери шишип аз убактан соң териси карайып кетет. Кээде ылаң септикалык мүнөздө өтөт, ал учурда деми кыстыгат, калтырайт, оозунан көбүк аралашкан шилекей чыгып, ичи көбөт.
Себеби эпизоотологиялык, жана клиникалык белгилердин негизинде коюлат.
Козгогуч: анаэробдук шартта өсүүчү таякча түрүндөгү бактерия. Чектөө. Ылаң чыккан чарбаларга карантин коюлат. Карантинди ылаңдан арылгандан 14 күн өткөндөн кийин корутунду дезинфекцияны жүргүзүп туруп алат. Оорунун алдын алуу максатында вакцина куюлат. Ооруган малга хлортетрациклиндин эритмесин куюп көрсө болот.
Кара жама букма мезгили 2-15 күн малдын ооз көңдөйү жараланып оосул болот. Бара-бара жарат ириңге айланат. Себеби эпизоотикалык жана клиникалык белгилердин негизинде коюлат. Лабораториялык изилдөөлөргө вируссоскопия, гистологиялык изилдөө жана биопроба кирет. Козгогуч жалаң гана эпитейлик клеткада өсүп өнүгүүгө ыңгайланган вирус.
Чектөө. Ылаң чыккан чарбага чектөө коюлат. Анын шарты боюнча сыртка кой, эчкилер, тоют чыгарылбайт. Ошондой эле чарбага да башка жактан, сырттан малдар киргизилбейт. Дарылоо максатында иод жана пиоктаниндин эритмелерин колдонсо болот. Оорунун алдын алууда эмдөө жакшы натыйжа берет.
Кежең койлор капысынан эле ичи көөп жыгылып 20-30 минутанын ичинде өлөт. Кээде буттары карышып, кежигеси тартып, көзү кызарып, ичи көбөт. Кай бири 8 саат ичинде өлүмгө дуушар болот. Себебин аныктоодо клиникалык белгилерден билүү кыйын. Себеби оору тез өтөт. Өлгөн малдан патматериал алып лабораторияга жөнөтүү талапка ылайык.
Чектөө ылаңдуу чарбага коюлган чектөөнү кежең менен ылаңдаган акыркы кой өлгөндөн 20 күн өткөндөн кийин корутунду (дезинфекция) жасап туруп алат. Оору тез формада өткөндүктөн дарылоого жетишүү мүмкүн эмес. Бирок биосинтомицинди колдонсо болот.

Чүй-Талас Айылдык
Кеңеш Кызматынын
"Мал ылаңдары"
китебинен даярдады.
Кыргыз жылкысы
Сактоого тиешелүү маданий жана биологиялык мурас
Жаклин Рипар, КФ Кыргыз Аты

В) Негизги көрсөткүчтөрү
Кыргыз тибиндеги жылкынын скелети катуу, булчундары жумшак жана чоң абдан, шыйрактары бекем, күчтүү, жакшы өнүккөн жаны жакшы бириккен, бутары абдан жакшы.

1- Таяныч кыймылдаткыч аппараты
Кыргыз тибиндеги жылкынын муундарынын бекемдиги, алардын жакшы жетилген жана жакшы бириккен тарамыштары, анын көп жашай ала тургандыгын жана тартуу мыктылыгын көрсөтөт.
Жетишерлик кыска, ачык ийиндери алдыңкы буттарынын арышын кадамына караганда көбүрөөк жеңилдетет.
Чаткаягынын жантыктыгы, жамбашынын ачыктыгы, санынын кыскалыгы кадамдарынын тең салмактуу болушуна, жеңилдигине жана тонусунун көтөрүлүшүнө шарт түзөт.
Булчуңдарынын күчтүүлүгү, буттарынын булчуңдуулугу алдыга кадам таштоого жакшы өбөлгө түзөт.

2 - Башка мүнөздөмөлөрү
Кыргыз тибиндеги жылкылардын түсү өтө көп жана ар түрдүү, жөнөкөй жана аралашма. Эң эле кеңири таркалган түсү: сары, буурул, жээрде, ала, көк.
Тарамыштары катуу, чыйрак, бышык, бырышууга чукул.
Териси калың, жүнү жайында кыска жана жылма, кышында абдан узун жана коюу келет, жалы калың, тыгыз жана абдан узун болот.

3 - Басыктары
Кыргыз тибиндеги жылкылар төрт негизги басыкка ээ: бастыруу, жорго, таскак, чаптыруу.
Бардык төрт басык тең салмактуу, кыймылдуу жана эркин, басыгы өтө кенен эмес, жүрүшү созулган эмес, моюнун кыймылынын бир калыпта болушу маанилүү.
Кыргыз жылкысынын түзүлүшү кадам ташташына караганда, шамдагайлуулугун көбүрөөк камсыз кылат. Ылдамдыгына караганда, жаратылыш берген жөндөмдүүлүгү түз жерлерде, адырлуу жана бийик тоолордо абдан байкалат.

3. Сактап калууга негизделген маданий жана биологиялык мурас
Бизге белгилүү бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында:
o Калктын 60 айыл жергесинде жашайт
o Айыл чарбасы - негизги жумуштун булагы
o Жаратылыштын байлыктары экотуризмди өнүктүрүүнүн негизги булактары болуп эсептелет
o Кол өнөрчүлүгү өнүгүп жатат (устачылык, ээр жасоо, кийиз, тери иштетүү ж.б.)

Кыргыз жылкысын сактап калуу жана кыргыздын жылкы менен байланышкан маданиятын сөзсүз түрдө кайрадан жандандыруу керектиги келип чыгат:
o Кыргыз тибиндеги жылкыны багууну кайрадан көтөрүү
o Эң жакшы кыргыз тибиндеги жылкыларды тандоо
o Бул жылкыны айыл чарбасында, экотуризмде, спортто колдонууга түрткү берүү
o Тоолордун арасында, алыс аралыкка - андюранс - ат чабышын уюштуруу аркылуу эң жакшы чабандестерди тандоо жана жылкычыларды сыйлык, байгелер менен жылкыларды көбөйтүүгө кызыктыруу
o Кыргыз жылкысынын жоголуп бара жаткан, ардактуу ордун кайтарып бериш үчүн, тоолордун арасында, алыс аралыкка уюштурулган ат чабыштарды, мамлекеттик жана жеке институттар аркылуу уюштурулган фестивалдарга киргизүү: андюранс ат чабышы, улуттук ат оюндары, улуттук ыр-күү концерттер, кол өнөрчүлөр жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү, поэтикалык мелдештер (айтыш), ж.б.