Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эл аралык симпозиум

Борбордук Азиядагы жайлоону туруктуу пайдалануу: Тоолуу аймактардын көйгөйлөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана учурдагы абалы деген аталыштагы симпозумга катышууну каалагандар Түндүк-Түштүк NCCR долбоорунун дарегине кайрылса болот. Аталган эл аралык жыйынга жергиликтүү малчы, жайыткерлер, илимий кызматкерлер жана чет элдик коноктор катышышат.
13-14 июнь Бишкек шаарында, 15-июнда Суусамыр өрөөнүндө, 16-июнда Кочкор районундагы, Соң-Көл жайлоосунда, 17-июнда Жерге-Тал, Миң-Булак айылдарынын жайлоосунда өтүп, 18-июнда Нарын шаарындагы БАУнын имаратында жыйынтыкталат.
Кураторлор
1. Профессор Юрий Баденков (Россия, Москва шаарындагы Россия академиясынын география институту);
2. Доктор Кэрол Кервен (Англия, "Пасторализм - исследования, политика и практика" журналынын соредактору, Одессийский центр);
3. Доктор Йи Шаолинг (Непал, Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык борбору);
4. Доктор Хенри Сутер ( Тажикстан, Фонд Агахан, жергиликтүү өнүгүү боюнча кеңешчи;
5. Профессор Реджинальд Виктор, (Оман, Султан Кабус атындагы так илимдер колледжи, биология кафедрасы).

Даталуу күндөр
o 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнү.
o 5-июнь - Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү.
o 8-июнь - Бүткүл дүйнөлүк океандар күнү.
o 14-июнь - Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнү.
o 17-июнь - Бүткүл дүйнөлүк кургакчылыкка каршы күрөшүү күнү.
o 20-июнь - Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү.
o 23-июнь - Эл аралык Олимпиада күнү.
o 26-июнь - Эл аралык баңгизат колдонууга жана аларды мыйзамсыз жайылтууга каршы күрөшүү күнү.
o 27-июнь - Бүткүл дүйнөлүк балык уулоо күнү.

Ысык-Көл облусунун түштүк тарабынан орун алган Бөкөнбаев айылындагы "Бөкөнбаев-Манжылы" ТОСу ар жылы жайкы эс алуучулардын кызматында. Быйыл да аталган ТОС жылдагыдай эле боз үйдө мейман тосконго даяр. Сапаттуу тейлөө менен гана чектелбей каалоочуларга кыргыздын улуттук каада-салт, үрп адатын, тамак-ашын, оюндарын көрсөтүшөт. Ошондой эле кол өнөрчүлүккө кызыккандар кийиздин кандай иштетилээрине күбө болушат. Жайкы аптапта, баардык жагынан сапаттуу тейлөө менен катар анча көп каражат коротпой эс алам десеңиз "Бөкөнбаев-Манжылы" ТОСуна гана кайрылыңыз. Кызыккан сурооңузга www.eco-tourism.kg сайты жана 0543 90 13 52 номуру аркылуу кайрылсаңыз болот.
Жети-Өгүздө окуу
САМР Ала-Тоо коомдук фондунун адистери июнь айынын 1- 15не чейин Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунда үйдү жылуулоо боюнча окуу өткөрүшөт. Семинарга келип катышабыз деген каалоочулар, өз чыгымдарын төлөнү өздөрү камсыздандырса үйдүү жылуулоо үчүн окутулган семинарга катыша алышат. Кызыккандар, кошумча суроолору болсо САМР Ала-Тоо коомдук фондусуна (0312 54-23-46) номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.
Жарманке
WOCAT жарманкеси жана 15 ар жылы өткөзүүчү конференциясы жана отуруму 2011-жылдын 21-26-июнуна чейин өткөрүлөт.
Көргөзмө-жарменке, жерди туруктуу пайдалануу боюнча тажырыйба алмашуу максатында өткөрүлөт. Уюштуруучулар Борбордук Азия университети, САМР Ала-Тоо коомдук фонду. GTZ CACILM, NCCR, CDE, ISRIC, FAO







кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??