Жайлоону туруктуу пайдаланалы
Канча жылдап унутта калган жайыткерчиликти учур талабына ылайыктап өнүктүрүү зарыл. Жайыттардын абалын жакшыртуунун негизги максаты "Жайыт мыйзамы" токулган токтом бойдон калбай, көңүл толоорлук иш аткарышында экени талашсыз.

Мына ушундай көөнөрбөс байлыктарыбыздын бүгүнкү күндөгү абалына кайдыгер карабаган Түндүк-Түштүк NCCR долбоору, Борбордук Азия университети менен биргеликте Борбордук Азиядагы жайлоону туруктуу пайдалануу (пасторализм): Тоолуу аймактардын көйгөйлөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана учурдагы абалы деген аталышта Эл аралык симпозиум өткөрүүнү максат кылып жатышат. Симпозиум үстүбүздөгү жылдын 13-18 июнь күндөрү болот. Аталган иш-чаранын негизги максаты тууралуу Түндүк-Түштүк NCCR долбоорунун аймактык координатору Мира Арынова менен маектештик.
-Аталган симпозимду өткөрүшүңүздөрдүн негизги өзөгү эмне?
-Албетте ар бир иш-чаранын өз максаты болот. Биздин да бул демилгени көтөрүп чыгып өткөрүшүбүздүн негизги максаты кыргызстандагы жайыттардын абалын билүү. NCCR Түндүк- Түштүк долбоору 2001-05-жылдар аралыгында бир топ изилдөө иштерди аткарды. Симпозиумдун негизги багытты жайлоону туруктуу пайдалануу. Жайлоо Борбордук Азиянын тоолуу аймактарындагы жашаган калктын турмуш-тиричилигин жакшыртуунун негизги булагы. Тоолууу өлкөлөрдүн шериктештигине кирген мурдагы союздук республикалар: Тажикстан, Кыргызстан, Казакстандын түштүк чыгыш аймагы, Афганистандын чыгыш аймагы, Кытайдын батыш аймактары жана Пакистандын түндүк жагы бир канча негиздүү өзгөрүүлөргө каршы туруу үчүн адатка айланган тажырыйбаларды иштеп чыккан. Азыркы учурда бул тоолуу өлкөлөрдүн шериктештигинин алдында, айрыкча тоолуу аймактарда өнүгүү маселеси курч боюнча калууда. Мына ушунун негизинде уникалдуу жана өзгөчө мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Симпозиум алдыдагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү, көйгөйлөрдү түшүнүү жолдорун жакшыртууга багытталат. Ошондой эле келчектеги изилдөөлөрдүн багытын аныктоо, аймактардагы жайлоону туруктуу пайдалануу, көз карандылыкта болгон шериктештик үчүн жактырылган иштердин атайын бир максатта аткарылышына түрткү болот.
-Негизги максаты жана чакырылган коноктор тууралуу кеп кылсак?
-"Борбордук Азиядагы жайлоону туруктуу пайдалануу, тоолуу аймактардын көйгөйлөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана учурдагы абалы тууралуу кеп козголот. Эл аралык симпозиумдун максаты илимпоздордун, малчылардын, атайын чечим кабыл алуучулардын жана адистердин өнүгүү жана учурдагы абалы боюнча аймактардагы жайлоону туруктуу пайдаланууну колдоого карата колдонууга ылайык келүүчү мүмкүнчүлүктөрдү жана инновациялык маселелер менен каражаттар боюнча өз ара пикир алмашуусу болот. Жергиликтүү тургундар өз тажрыйбаларын, иштериндеги кемчиликтери менен жетишкендиктерин да баяндашат. Жайыт мыйзамын кабыл алып ошол мыйзамдын негизинде иш алып барып жаткан биздин өлкөгө кызыккандар арбын. Мына ушул жагдайда кандай мүчүлүштүктөр же алгылыктуу иштер болуп жаткандыгы тууралуу билүү үчүн Африкадан, АКШдан, Таждикстандан ж.б өлкөлөрдөн коноктор чакырылган.
Симпозиумда өнүгүүнүн саясий абалы боюнча жана теориялык баалар менен түшүнүктөрдү жакшыртуу үчүн бир канча күндүк алыскы аймактарга барып маселени жеринде кароо сунушталат. Ал эми структурасына токтоло турган болсом иш-чара бири-бирин толуктап турган үч бөлүктөн турат:
Биринчи бөлүгү (симпозиумдун биринчи жана экинчи күнүнүн биринчи жарымы) илимий иштерге арналат. Экинчи бөлүгү (экинчи күндүн экинчи жарымы) өнүгүүнүн саясий жолдоруна арналат. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө (үчүнчү күндөн алтынчы күнгө чейин) аймактарга чыгуу жана демонстрациялык иш-чараларга арналат. Үчүнчү бөлүктүн жүрүшүнө катышкан катышуучулар, Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн бириктирген аймактардагы жана Тянь-Шань, Нарын аймактарындагы жайыттар менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк ала алышат.
Коноктор тууралуу айтсам жайлоону туруктуу пайдаланууга кызыккан ар тармактын өкүлдөрү катышышат. Малчылар жана жергиликтүү жашоочулар, илимпоздор жана окутуучулар, мамлекеттик ар кандай органдардын өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын адистери менен катар ММКлардын кызматкерлери катыша алышат.
-Жогоруда жайыттар менен жеринде таанышууга мүмкүнчүлүк бар дедиңиз. Кайсы аймактардын жайлоолору менен тааныша алышат?
-Алгач иш-чаранын ачылыш аземи 13-14 июнь күндөрү Бишкек шаарында болот. Андан соң 15-июнда Суусамыр өрөөнүндө,16-июнда Кочкор районундагы Соң-Көл жайлоосунда,17-июнда Жерге-Тал, Миң-Булак айылдарында жайыттардын абалы менен жеринен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 18-июнда Нарын шаарындагы БАУнун имаратында жыйынтыкталат.
-Жайлоону туруктуу пайдаланууга кызыккандардын баары катышса болобу?
-Катышууну каалагандарды каттоо акысыз. Бирок, уюштуруучулар катышуучулардын жолго жана мейманканага кеткен чыгымын мойнуна албайт. Алар катышуучуларды түшкү тамак жана кофе-брейк менен гана камсыздашат. Ошондой эле салтанаттуу кечки тамактанууну өз моюндарына алат. Жогоруда айткандай үчүнчү бөлүккө катышуучулардын саны чектелген. Каттоо учурунда катышуучунун симпозиумга кошкон салымын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Симпозиум кыргыз, орус жана англис тилдеринде өткөрүлөт.

P.S. Урматтуу окурмандар, эгер жайлоону туруктуу пайдалануу тууралуу ой пикир, суроолоруңуздар болсо Түндүк-Түштүк NCCR долбоорунун дарегине кайрылсаңыздар болот. Байланыш телефону: (0312) 910 838, 910 839. E-mail: conference2011@ucentralaisa.org.




Борбордук Азиядагы агымдардын 80%ын муздардан, кардан жана көп жылдык мөңгүдөн ээриген суулар түзөт.
Иннам-Ур-Рахим:
Жайытка менчиктей
мамиле керек
Кыргызстандын жайыттарынын абалы менен таанышып, айрым учурда омоктуу ойлорун бөлүшүп жайыттарды туруктуу башкарууну көздөгөн Пакистан жараны Иннам-Ур-Рахим менен байлыгыбыз деп көкүрөк каккан, ошол эле учурда деградацияга учурап атат деп кыжалат болгон жайыт маселеси тууралуу субакатташтык. Анда кеп кезеги илимдин доктору Иннам-Ур Рахимде.

-Жайыттарды кантип туруктуу башкарсак болот. Дегеним кышкы тоют көп учурда малчынын көйгөйлүү маселеси?
-Албетте, жайыттарды туруктуу пайдалануу жергиликтүү тургундар үчүн жана аны пайдаланган малчыларга да пайдалуу. Аны эффективдүү пайдалануунун бир гана жолу бар. Ал мониторинг жүргүзүп туруу. Мониторингди көз карандысыз эксперттер жүргүзүш керек. Алар баарына көз жума бербей сын-пикир айтышса туруктуу пайдалануу болот. Мониторинг ар жылы эмес, ар дайым көзөмөлдө болушу зарыл. Ал кагаз жүзүндө эмес, сын-пикирлер айтылып, жакшы иш алып баргандарга алкоолор болуп башкаларга стимул болуш керек. Жайытты пайдаланып жаткан жайыткер ар дайым жайытка өз менчигине мамиле кылгандай аяр мамиле кылса, туруктуу башкаруу десек болот. Эч ким жайыттын келечеги үчүн кайдыгер болбошу керек. Ал муундан -муунга өтүп мураска калчу нерсе.
Ал эми кышкы тоют маселеси тууралуу айта турган болсок ар кандай жагдайлар бар. Дегеним малчылар көпчүлүк учурда жылдын (кыштын) кандай болоору тууралуу маалыматы жоктуктан кышкы тоютту аз жыйнап, анысы жетпей калган учурлар кездешет. Алар кыш кандай болоору тууралуу маалыматы болсо, малына тоютту үнөмдөп берип кыштан чыгып кетүүгө жакшы болмок.
-Кыргызстанда акырындап тоо туризми өнүгүп келе жатат. Анын терс таасири жайыттарды пайдаланууга тийбейби?
-Тоо туризими өнүккөнү жакшы. Эгер ойлонулуп келечек үчүн да пайдаланыла турган болсо. Жайыттарга базар экономикасынын жакшы да, жаман да таасири бар. Оң таасири туризмден түшкөн каражат кошумча киреше алып келет. Эл андан түшкөн каражат менен өз турмуш тиричилигин, социалдык абалын жакшырта алышат. Тоо туризми кай бирде шаарга ыктаса дагы бири Бишкек - Торугарт жолунун боюнда, үчүнчүсү алыскы айылдардын катарына кирет. Элеттегилер жол боюнан акча таап тиричилигин өткөрүп жатышат. Туризм өнүгүп жатат деп башка тармактарды көңүл жаздымда калтырбай туура нукка салып пайдалуу иштерди кылса жакшы. Анын өнүгүшүнө шылтоолоп айыл чарбасына жарактуу жерди башка максатка буруп койбошубуз керек. Баардык нерсени чеги менен пайдаланса болот.
-Жайыттардагы тоюттарды калыбына келтирүү боюнча кандай сунушуңуз бар?
-Ар бир элдин өз тажырыйбасы болот. Жайытты туруктуу башкаруу үчүн мурда пайдаланылып келген салттуу жайыткерликти пайдаланышыбыз керек. Бул дүйнөдө баардык нерсе тең салмакта болуп турат. Жайыттар да кышкы, күзгү, жазгы болуп бөлүштүрүлүшү зарыл.
-Пакистанда жана кыргызстандагы жайыттарды пайдалануу боюнча кандай айырмачылыктарды байкадыныз?
-Биздин мамлекетте жайыттарды пайдалануу илгерки адат-салттын негизинде колдонулуп келет. Тилекке каршы азыр базар экономикасын да мындай көрүнүш эптеп жашап кетүү аракетине айланды. Жайыттарга болгон тради циялык мамиле өзгөрүп бара жатат. Тоонун боорундагы кичинекей айдап себүүгө жарактуу жерлер картошка айдоого айланды. Кыргызстанда жайытты жайыт комитеттери башкарып андан түшкөн каражат менен айылдын жолдорун, көпүрөлөрүн оңдотуп жатат. Ал эми бизде ар бир адамга жер бөлүнүп өз менчиги болгон. Алар жайыттын келечеги үчүн өздөрү кам көрүшөт. Мамлекеттики болгондон көрө өзүнүн менчиги боло турган болсо аяр мамиле жасап калат окшойт. Жайыт кимдин карамагында болгонуна карабай ал дайыма көзөмөлдөнүп, иш кандай аткарылып жатканына мониторинг жүргүзүп турушубуз керек.
-"Айыл деми" гезитине каалооңуз?
-"Айыл деми" гезити фермер-дыйкандардын жана Кыргызстандын экологиясы үчүн кызмат кылышын каалайм. Жаратылыштын анын ичинде жайыттардын, биздин өлкөдөгүдөй социалдык экологиялык деградацияга учурашын, базар экономикасына толук көз каранды болушун каалабайм. Адам мал-жаратылыш деген нерселерди тең салмакта кармап калууга аракеттерди көрүү керек. Пакистанда элдин 2-3 пайызы гана кат сабаттуулар. Алар үчүн радио пайдалуу. Маалыматтарды радиодон угушат. Ал эми Кыргызстандыктар үчүн маалымат алуу ар тараптуу. Кат сабаттуулар да көп. Ошондуктан ар ким окуп, керектүүсү болсо катып алганга архив чогултканга гезит пайдалуу деп ойлойм. "Айыл деми" гезити ымыркай учурдан өспүрүм куракка ийгилик менен жетсин. Ар дайым элеттеги элдин кызыкчылыгы үчүн редакциялык кеңеш, чыгармачыл жамаат максатуу иш алып барсын. (күлүп) Бактылуу карылыкка да жетсин.