Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Бириксек баарын жеңебиз
"Кай жериң ооруса жаның ошол жерде" деп бекеринен айтылбаса керек. Айтайын дегеним Султанбек кызы Каныкей тууралуу. Ал төрөлгөндө эле жүрөгү оорукчан болуп жарыкка келген. Врачтардын койгон аныктамасы түйүлдүк кезинде апасы ооруган, ошондон түйүлдүк жабыркаган дешкен. Каныкейдин жүрөгүндө эки тешик жана кан тамыры кысылып калган экен. Беш жашка чыкканча бирде каражат жок, каражат болгон учурда оор операцияны жаш наристе көтөрө албайт, деп ушул күнгө келишкен. Ооруканаларды кыдырып көзүнүн жашы кургабаган үй-бүлөнүн үнү кудайга жеткидей болгон. Ар кимден каражат, сурашып акча чогултушкан. Акыры үстүбүздөгү жылдын 3-майында операция үч саатка созулуп алар айтмакчы "удачный" болгон экен.


Республикалык жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим-изилдөө институтуна Каныкейди алып келе жатабыз дешкенинен биз да бардык. Атасы Султанбек кубанычы койнуна батпай "врачыбыз бош эмес экен. Бир аздан соң бошосо, Каныкейдин ден соолугун текшерет. Албетте, кызымдын өмүрүн узартып, биздин көңүлүбүздү оорутпаган врачтарга ырахмат. 2009-жылы бир аз тыйын чогултуп операция кылдыралы деген ой келген. Бирок, ал учурда кызымдын салмагы аз экен, операцияны көтөрө албайт дешкен. Колдогу каражатты үй салганга жумшадык. Күткөн күн келип акча таппай жатканыбызда боорукер адамдар Каныкейдин өмүрүнө өмүр кошту. Күткөн күнүбүз келип кубанычтабыз. Кайсы учур болбосун жүрөгүнүн оорусу (приступ) кармап калчу. Эми буюрса ал кайгыдан арылдык" дейт. Кепке аралашкан Бактыгүл (апасы АВТ) көз жашыбыз тыйылбай барбаган жерибиз деле калбаган. Көп мекеме-ишканаларга кайрылдым. Анын баарын бир дептерге жазып алгам. (күлүп) Өзүнчө эле бир китеп болду окшойт. Кудайдын көзү түз экен, минтип кызыбыз маңдайыбызда . Алгач www.diesel.elcat.kg интернет булагына жардам керек деп жайгаштырылып, утур биринен уккан боорукер адамдар бизге жардам беришти.

Лондондон келген жардам
Каныкейге каражат керек экендигин билген Гүлзада тааныштарынан кайрымдуулук үчүн кайтарымсыз каражат берчү адамдарды издей баштаган. Акыры издеген табат демекчи First Hand Foundation кайрымдуулук фондусун тапкан. First Hand Foundation кайрымдуулук фондунун максаты бул- медициналык жардамга муктаж болгон турмушу начар үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтүү.
First Hand Foundation кайрымдуулук фонду Cerner Корпорациясынын жана анын өнөктөштөрүнүн салымы аркылуу иштейт жана анын жардамы жарнама түрүндө көрсөтүлбөстөн, Cerner корпорациясынын жумушчуларынын суроо-талаптары аркылуу көрсөтүлөт. Cerner корпорациясынын КМШда, Улуу Британияда, Канадада, Австралияда, Европада, Латын Америкасында жана Түндүк-Чыгыш Азия менен Жакынкы Чыгышта өзүнүн бөлүмдөрү бар.
Каныкейдин операциясына Лондон шаарындагы ден-соолук багытындагы маалымат технологиялары менен камсыз кылуучу Cerner Корпорациясынын алдындагы First Hand Foundation кайрымдуулук фондусу тарабынан 37'800 сомдогу каражат жардамы көрсөтүлгөн.
Айылдан келип (Лейлек районунун Кулунду айылынан келишкен. АВТ), интернет же жаңы технология дегенден кабары жок Султан байке менен Бактыгүл эженин документтерин ырастоо, аны чет мамлекетке жөнөтүү иштерине АГОЦанын кызматкери Гүлзада жардам бериптир. Операциянын жалпы чыгымына 102100 (жүз эки миң, жүз сом) каражат жумшалган.

Чуркасам эле болду…
Бала күнүнөн оорукчан болуп, өзү теңдүүлөрдөй чаң-топуракка аралашып ойнобой, а түгүл чуркаганына да тыюу салынган Каныкейдин башкы тилеги башкалардай болуп мен да чуркап ойносом дейт. Операция болгонго чейин врач болом, анан баарыңарды дарылайм дечү экен. Биз барып келечекте ким болсуң?,- десек көзүнөн жашы "мөлт" этип, "врач болбойм" дейт, мурчуйуп. Апасы "Сени алар дарылашты, эми сен да башкалардай болуп ойнойсуң. Мектепке барасың, чоң кыз болуп бөбөктөрүңдү багасың" десе, атасы " Бул алардан коркуп ыйлаган жок. Баягы биз менен чогуу жаткан курбусун абдан сагынган экен. Бүгүн ага жоолугам го деп, дегдеп келген эле. Ал азыр операцияда экен. (чүш, Каныкей укпасын. АВТ) Ошого жоолукпай калдым деп жатат. Бала да утурумдук эти ооруганы үчүн врач болгусу келбей калган го " дейт.

Каныкей кара чырак менен жашайт
Үч чиедей бала менен ооруканада жүргөн Бактыгүл эжеден кайда жашап жатасыңар десем " Айтсам күлөсүңөр го… Тээ аэропорт жакта Жаңы-Жер деген жаңы конуш бар, ошол жакта жашайбыз. Сууну ташып ичкен менен свет дегенди унутуп деле калдык. Азыр кудайга шүгүр Каныкейден санаабыз тынч. Бая, ооруп жүргөнүндө күн-түн дебей сак-сактап турчубуз. Кара чырак менен жашасак да, эми көңүлүбүз ток. Каражатыбыз болсо, биз да кабаттаган үйдө жашабайт белек" дейт.
P.S. Ошондой болсо да, мотураңдаган балдарын ээрчиткен үй-бүлөнүн кубанычы чексиз. Мындан кийин ооруканага келбей жакшы сакайып кеткиле. Кийинки кездешүүбүз.., десем, "Каныкейдин дагы бир жакшылыгында болсун. Каныкейдин атынан бизге жардам бергендерге дагы бир жолу ырахмат" дешет.
Калбек Бейшен




Урматтуу окурмандар, биз буга чейин бруцеллез оорусу боюнча маалымат берип келгенбиз. Сиздер бруцеллез оорусун алдын алуу тууралуу маалыматка ээ болдуңуздар деп ойлойбуз. Эгер сизде малдан жукчу оорулардын түрдүү белгилери байкалса, же врачтардан алчу кеп-кеңешиңер болсо буйдалбай биздин гезитти барактаңыз. Республикадагы анализ тапшырчу лабораториялардын даректери төмөндө.


Чүй облусу
1. Иссык-Ата району, 0-3132 5-08-96, Кант шаары, Ленин көчөсү, 43, zarema0867@mail.ru, issikata_r@ktnet.kg
2. Панфилов району , 0-3137 7-01-98, Центральный көчөсү 326, panfil_r@ktnet.kg
3. Москва району, 0-3131 5-53-69 Беловодский айылы, Фрунзе көчөсү, 73, moskou_r@ktnet.kg
4. Сокулук району, 0-3134 5-13-01, Ленин көчөсү 102, sokuluk_r@ktnet.kg
5. Жайыл району, 0-3133 3-38-95, Кара-Балта шаары, Биринчимай көчөсү 1, jail_r@ktnet.kg
6. Кемин району 0-3135 5-04-95, Быстровка айылы Немцова көчөсү, 15, kemin_r@ktnet.kg
7. Токмок шаары , 0-3138 6-16-56, Гагарин көчөсү, 134, tokmokg@ktnet.kg, rano200778@mail.ru
8. Аламүдүн району , Лебединовка айылы, Энергетиктер шаарчасы, 3а; 0312 45-24-22

Талас облусу
1. Талас облусу, 0-3422 5-10-78, 5-62-97 (факс) Фрунзе көчөсү 237 talas_o@ktnet.kg
2. Кара-Буура району, 0-3456 6-01-66 Кызыл-Адыр, Чолпонбай көчөсү, 98, karabura_r@ktnet.kg Бакай-Ата району 0-3457 3-11-50 Манас көчөсү 222
3. Манас району, 0-3459 6-00-18, Камчыбеков көчөсү,

Ысык-Көл облусу
1. Каракол шаары, 0-3922 5-21-57, Мичурин көчөсү, 4, kargsen@mail.ru, karakol_g@ktnet.kg
2. Балыкчы шары, 0-3944 5-01-66, 5-00-02, Озерный көчөсү 198, balykchi_g@ktnet.kg
3. Жети-Өгүз району, 0-3946 2-15-67 Кызыл-Суу айылы, Элебаев көчөсү 4, djetiogyz_r@ktnet.kg
4. Түп району, 0-3945 2-40-26, Боронбай көчөсү, 17, tjup_r@ktnet.kg
5. Тоң району, 0-3947 9-13-39, Боконбаев, Тойчубеков көчөсү 51
6. Ак-Суу району, 0-3948 9-16-92 Теплоключенка айылы, Кыдыр-Аке көчөсү, 92, aksuu_r@ktnet.kg


Нарын облусу
1. Нарын шаары, 5-04-87 Ж. Турдубай көчөсү 28, naryn_o@ktnet.kg
2. Ат-Башы району, 0-3534 21-0-02, Юсуп Шахнабиев көчөсү, 16
3. Ак-Талаа району, 0-35379-11-89, Баетова Д. Ажиев көчөсү, 15
4. Жумгал району, 0-3536 2-17-61 Чаек, Айылчиев көчөсү 85
5. Кочкор району, 03535 5-03-82, Исакеев көчөсү 36, kochkor_r@ktnet.kg

Ош облусу
1. Ош шаары, 0-3222 5-67-06, Алиев көчөсү, 153 sgsangosh@ktnet.kg
2. Кара-Суу району, 0-3222 2-52-12, Школьный көчөсү 53, osh_o@ktnet.kg, alic_66@rambler.ru
3. Алай району 0-32-34 5-11-59, Курманжан-Датка, көчөсү 16, alaj_r@ktnet.kg
4. Араван району, 0-3231 5-08-45, Совет көчөсү 10, aravan_r@ktnet.kg
5. Чон-Алай району, 0-3237 2-11-74, Дароот-Коргон айылы,
6. Кара-Кулжа району, 0-3239 5-06-46, Пазылов көчөсү 57, karakulja_r@ktnet.kg
7. Өзгөн району, 0-3233 5-06-15, Гагарин көчөсү 27, uzgen_r@ktnet.kg
8. Ноокат району, 0-3230 2-63-23, Эски-Ноокат айылы, Ленин көчөсү, 75 naukat_r@ktnet.kg

Жалал-Абад облусу
1. Жалал-Абад шаары, 0-3722 5-43-69 Ленин көчөсү, 15, jalses_org@mail.ru
2. Аксы району, Кербен шаары, 0-3742 5-00-37, 5-00-68, Үмөталиев көчөсү 124 aksi_r@ktnet.kg
3. Ала-Бука району, 0-3741 5-01-56, Ленин көчөсү 17 alabuka_r@ktnet.kg
4. Базар-Коргон району, 0-3736 5-02-28 Б. Осмонов көчөсү bazarkorgon_r@ktnet.kg
5. Ноокен району, 0-3734 5-00-43 5-01-78 Масы айылы, Чыгыш 5 көчөсү, nooken_r@ktnet.kg
6. Сузак району, 0-3748 5-01-45, Д. Павлан көчөсү 101 suzak_r@ktnet.kg
7. Тогуз-Торо району, 0-3738 6-00-94, Кожалиев көчөсү
8. Токтогул району, 0-3747 6-00-28, Азимкан көчөсү toktogul_r@ktnet.kg
9. Чаткал району, 0-3759 6-00-55, Жер-Капчыгай айылы chatkal_r@ktnet.kg
10. Кара-Көл шаары, 0-3746 5-17-33, Сабиров көчөсү 107 karakul_r@ktnet.kg
11. Майлы Суу шаары, 5-00-51, Сыдыков көчөсү 7, majlisaj_g@ktnet.kg
12. Таш-Көмүр шаары, 0-3745 5-02-18, tashkumir_g@ktnet.kg

Баткен облусу
1. Баткен шаары, 5-02-73, Минбаши көчөсү Aigyl1010184@mail.ru, batken_o@ktnet.kg
2. Кадамжай району, 0-3655 5-02-61, Больничный көчөсү jaisgl@mail.ru
3. Сүлүктү шаары, 0-3653 2-33-92, Кенжебаев көчөү suluktuses1@rambler.ru, m1954@ rambler.ru
4. Лейлек району, 0-3656 5-00-88, Исфана, Спортивный көчөсү, 17, lajlak_r@ktnet.kg, leylekses@rambler.ru




кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??