КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК

Киреше табуунун жолдору
Айыл-баардык жакшы нерселердин башаты. Колунан көөрү төгүлгөн уздар, усталардын бешиги да-айыл. Мына ошондой уздардын жана усталардын мекени болгон Нарын районундагы Миң-Булак айылынын тургундарынын көөнөрбөс эмгектерине токтолсок. Өз жардам топтору (ӨЖТ)болуп уюшулушуп эми минтип бирин-экин каражат таап жаткан элет айымдарынын кылган иштери мактоого татыйыт.

Жыпар Телтаева,
Миң-Булак айылынын тургуну:
-Тээ күздөн баштап эле чокой тигип, өз бюджетибизди толуктаганга аракет кылам. Кай бирлер атайы буйрутма берип тиктиришет. Кээ бири жаш балдарга да буйрутма берет. Өзүм чокой саткан үчүн эмес, деги эле чокойдун ден соолукка пайдасы жакшы.

Атыркүл Бакенова,
Куйбышев айылынын тургуну:
-Биз ар бир чокойду өлчөп ченеп жасайбыз. Чокойдун ден соолукка пайдасы жакшы. Дегеним кара кийиз адамдагы терс энергияны өзүнө алат деп коюшат. Кышкысын жеңил, жылуу бут кийим кимге болсо кызык. Алгач айылда чокой тиккендер аз эле болчу. Кийинчээрек ыгын билип тиккендердин саны жогорулап баратат. Бирок тигилген тигишине карап ар ким өзүнүн көңүлүнө төп келген чокой тигүүчүлөргө өз кыялындагылай чокой тиктирип алышат. Чокой бутту тердетпейт, сыз өткөрбөйт. Таманы түтүмдүү болуш үчүн булгары менен тамандайбыз. Биздин чокойлорду бир эмес бир канча жыл кийгендер бар.

Кол өнөрчүлөргө
керек жашылчалар
Миң-Булак ӨЖТнын курамындагы Алма Алдаярбекова, Эркегүл Нарынбаева, Аяткан Жолдошова, Бермет Дүйшөналиева, Майрам Марасулова, Кыял Жумакадыровалар үйдөгү күнүмдүк иштер менен кошо кол өнөрчүлөктү айкалыштырып жатабыз. Кирди-чыкты балдарды карап, тамак-ашты жасаганча шырдак шырыйбыз, жээк, шоона ийребиз. Кийизден нечен түрлүү кооз буюмдарды жасайбыз. Ар кимдин тажрыйбасынан үйрөнүп боектун нукура өңүн да өздөштүрүүдөбүз. Кытайдын боегу алгач көз жоосун алып кооз болгону менен жыл өткөн сайын өңү өчүп, учуп кетет экен. Андан көрө ышкындын тамырына (ышкын түп), кызылчага, сабизге,пияздын кабыгына боесок эч химикатсыз нукура өңдү ала алат экенбиз. Мындайга боелгон жүндү. Кийизди иштеткенде колго жукпайт.

Кеңеш кеп
1 кг кызылчаны сүргүчтөн өткөрүп, 8л сууга кайнатабыз. 20 мүнөт кайнаткан соң кызылчаны сүзүп алып, бир чоң кашык уксуз, 500гр туз кошуп жүн же кийиз боеой берсеңиз болот. Боектун өңү өз табитиңизге жараша тандасаңыз болот. Ал үчүн кыялыңыздагы боек болгончо кайната бересиз. Ушул эле ыкманы сабизде жана картошканын сабагындагы мөмө ( картошканын сабагында жашыл мөмө байлаганда) менен да ар кандай түстөрдү даярдаса болот.

Суу тегирмен, "сен кайдасың" дебеген…
Он- Арча ӨЖТ тобундагылар үй бүлөсү менен кол өнөрчүлүк кылышат экен. Замира Жумаева, Бурул Жүндүбаева, Чолпон Молдобаева, Сайра Акчубакова, Дамира Абдрахманова, Асел Талиповалар айымдарга тиешелүү иштер менен алектенишсе, жолдоштору сыртта эркектерге тиешелүү иштер менен алек. Мисалы бири боз үйдүн жасалгасын жасасса бири уук, керекге өңдүүлөрдү жасоо менен алек. Тамаша аралаш чындыкты да айталы деген үй бүлөлүк кол өнөрчүлөр. "Сен кайда жүрдүң" деген кеп бизде болбойт. Андан көрө бири-бирибиздин кемчилигибизди толуктап иш алып баруудабыз. Акыл кошуп ар кимден ар кандай идеялар чыгат.Талкуулайбыз, бир жыйынтыкка келип иш баштайбыз. Буюрса жаман эмес, "көз коркок,кол баатыр" дегендей бир топ ишти бүтүрүп жатабыз. Өкмөттү күткөндүн эмес эмгек кылгандын иши илгерилеп жатканы биз айтпасак да белгилүү.

Эжелердин ишин көрүп эми байкелер эмне кылат десем…
Алар да кызуу иш жүрүп жаткан экен. Байыш Шаршеев, Шергазы Садыков,Улан Деркембаев, Саткын Айдаркуловдор суу тегирмен жасап буюрса иштете баштайбыз дешет. Кыргыз тегирменге не жетсин… ун, талканды мына ушул тегирменде иштетсек деген тилегибиз бар. Муну айыл эли да колдойт деп ишенебиз. Башкалардан биздин кардарларды тейлөө акыбызды арзан кылсак, сапатуу тейлөөнү кимдер гана каалабайт.
Арзан эмес сапаттуу тейлеген күндү күтөлү деп коштоштум.

Кундуз Исмаилова




Элетти эстегендерге ырахмат
Көпчүлүк эл жумушсуздуктун айынан карагандары пенсия, жөлөк пул болуп калды. Айрымдары ар кандай насыя берчү булактардан бир канча пайыздык насыяларды алышып тирлигин жөндөсө дагы бирлери алган насыясынын багытын таппай ара жолдо калууда. Айыл элинин турмуш-тиричилик, социалдык абалын жакшыртуу үчүн САМР Ала-Тоо коомдук фонду да каражат берет. Алардын бир жакшы жери тааныш-билишке карап эмес, өз аракети менен бирге айылга пайда алып келүүчү тармакка ыктаган бизнес план жазгандарга акча беришет. Эң кызыгы убактылуу карызга акча алгандан кийин аны төлөш керек. Ал үчүн районго же облуска дедиртип акча алгандарды ашыкча чыгымдар кылгысы келбей САМР Ала-Тоо коомдук фондунун жооптуу кызматкери айылдарды кыдырып акча чогултат экен. Биз жооптуу кызматкер Саламат эже менен субакатташтык.
-Башкалардан айырмаланып үстөксүз турмуш-тиричилигин жакшыртып алууга акча берет экенсиңер. Кызыгы аны чогултууда да өзүңөр жеринде барып келүүңөрдүн себеби эмнеде?
-Айылдагы карапайым элдин социалдык абалына бир аз болсо да тыгын-таян болобу деп эч бир үстөксүз акча беребиз. Буга чейинки алган кардарларыбыздан эч нааразычылык жок. Айрымдар дагы алсак дешет. Бирок бир жолудан берилчү каражатты бир эле адамга кайра-кайра берүүгө болбойт. Акчанын пайдасын башкалар да көрсүн деген максат. Биз айылдыктардын түзгөн бизнес планына жараша, айылга да пайда алып келгидей багыттагы пландар үчүн беребиз. Ал эми силер айткандай акчаны жеринде барып чогултканыбыздын себеби айылдыктар үчүн ашыкча чыгымга бөгөт койгонубуз десем болот. Айылдан райондун борборуна барып, банкка салгандан көрө ар бир айда акчасын үйүндө камдап турса өзүбүз барып алып кетебиз. Жол киреге кеткен чыгым элеттиктердин чөнтөгүндө калсын деген ой.
-Сиздин жолго кеткен акчачы?
-Эң негизгиси элеттеги элдин каражатты натыйжалуу иштеткени бизди кубандырат. Биз кайсы багытта акча алышса ошону көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзөбүз. (күлүп) Биздин жол киреге кеткен акча элеттин кызыкчылыгы үчүн.

Айжан Мамгазиева,
тигүү цехин иштетет:
-Биз топ түзүп, бизнес план жазып САМР Ала-Тоо коомдук фондунан социалдык абалыбызга жардам болсо деген ой менен акча алганбыз. Буюрса алганыбыздын акыбети кайтып тигүү цехибиз иштеп жатат. Айылдыктар үчүн пайдалуу, ар кандай буйрутмалар түшүп турат. Төрт тигүүчү машинабыз бар. Чебер колдуу келиндер кандай гана буйрутмалар болбосун буйдалбай, сапаттуу тейлөө менен алек. Негизи бул коомдук уюм тууралуу көп уккам. Минтип алар менен иштегенден бери эл үчүн пайдалуу коомдук уюм экенине ынандым. Энергияны үнөмдөөчү печкаларды куруу тууралуу окутулган окуусунда менин балам барып окуган. Учурда буйрутма жок башка тармакта иштеп жатат. Бирок "жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей балам САМР Ала-Тоо коомдук фонду аркылуу өзүнө бир өнөр алды десем болот.

Зарыл Байбосунова,
айыл тургуну:
-САМР Ала-Тоо коомдук фондуна канча алкыш айтсак да жарашат. Алгач элден угуп анан бизнес план жазып акча алып иштетүүдөбүз. Бири мал чарбачылыгына ыктаса, дагы бири жер иштетүү үчүн, кээ бирлер кол өнөрчүлүккө план жазганбыз. Буюрса баары жакшы. Айыл үчүн иштеп жатат. Айылда ошол каражаттын жардамы менен мончо да курулган. Ал алтынчы, дем алыш күндөрү айылдыктардын кызматында. Кызмат көрсөтүү акысы 30 сом. Топ, топ болуп иштешип бир-бирибизге жол көрсөтүп иш тажырыйбабыздан да бөлүшүп турабыз. Ден соолук комитетибизде иштегендер да ынтымактуу. Ар кандай оорулардын алдын алуу жолдорун, түшүндүрүү иштерин айылды кыдырып түшүндүрөбүз. Мен жашмын же мен пенсиядамын дебей элдин кызыкчылыгы үчүн колдон келген иштерди аткаруудабыз.

Айнура Садыкова,
айыл тургуну:
-Биз каражат алсак деп бизнес план жаздык. Өзүм да тигүүчүмүн, мага бул иш жат болбогондуктан ушул багытта иш алып барууну көздөдүм. Буюрса буйрутмаларды сапатуу тейлеп өзүбүзгө көп кардар топтойбуз деп ойлойм.

Зуура Токтокунова,
айыл тургуну:
Башкалардан айырмаланып жер иштетүү боюнча план жаздык. Эми жерди иштетип азык-түлүк камдоо менен, өзүбүздүн бюжетти да толуктай алабыз. САМР Ала-Тоо коомдук фондунун жамаатына ырахмат. Элетти эстен чыгарбай бизге кам көргөн долбоорлордун иши илгерилей берсин.
P.S. Уюшулганына аз гана убакыт болсо да алкоого арзырлык иш алып барып жаткан САМР Ала -Тоо коомдук фондунун жамаатына биз да ийгилик каалайбыз.
Калбек Бейшен
Сүрөттөр автордуку




Ак калпак
улут белгиси
Нарын районунун Миң-Булак айылында болгон иш сапарымда колунан көөрү төгүлгөн уздар жасаган чокойлорго көзүм түштү. Кыргыз кийимдери тууралуу баарлашып калдык. Ак калпактын тарыхы тууралуу менин билгендерим мына булар деп Турмамбетов Дүйшөн байке мына буларды айтып берди.
Ак калпактын тарыхын ар ким ар кандай айтып жүрөт. Мен да өзүм билгендерди окурмандар менен бөлүшүүнү туура таптым. Биздин ата-бабаларыбыз баш кийимге абдан баа беришкен. Учур талабына ылайык калпактын ар кандай түрү жасалууда. Кайсынысы кандай маанини түшүндүрөөрүн билбей калпак кийген жарандарыбыз да жок эмес. Мисалы илгери биздин ата-бабаларыбыз маңдайында тилиги бар калпактарды кийишкен эмес. Себеби маңдайым жарык, жырык эмес деген мааниде. Малга эн салганда оң кулагында же сол кулагында оюгу бар деп белги коюшкан. Биздин илгерки алгачкы калпактарыбызда да мына ошондой эки кулактын үстүнөн тилиги болгон. Ал Көкө Теңир көктөн карап "аа, эни бар экен" деп тааныйт деп билишкен. Аска-зоого салыштырган калпактын баркын билбей учурда жарандарыбыз аны мончого, бууга кийишкенди өнөр кылып жатышканы туура эмес . Ак калпагыбызды барктай албай жатабыз: биринчиден, аны көрүнгөн жерде көрүнгөн кишиге тартуулай берип баркын түшүрдүк; экинчиден, калпак ашка-тойго, жамандык-жакшылыкка сүйрөлө берип, "дежур" буюмга айланды; үчүнчүдөн, ак калпактын товар катары сапатын бузуп, анын кийизин начарлатып, эптеп эле колдон чыгарып, барксыздандырдык. Сапаты жакшылары кымбат, аны алганга баарыбыздын эле чамабыз чак келе бербейт. Ошондуктан бирдей үлгүдө, калктын каражатына ылайыктап сапатуу калпактар сатыкта болсо жакшы болот эле. Башка жарандарыбыздын ою кандай экенин билбейм. Бирок мен жеке пикиримде биз үчүн ата-бабалар мурас катары калтырган ак калпак дүйнөдөгү башка улуттардын кийимдерине караганда эң эле кооз да, жарашыктуу да көрүнөт.
P.S. Жашы өтүп калган адамдар жээгине кара баркыт бастырылган калпакты кийсе болот. Ал эми жаштар ак калпак кийсе жарашат. Алды тилик калпактарды бойдок мырзалар киет деп коёт. Ошондой эле аксакалдар кийчү Бакай калпак, чыраш калпак деген болот. Кыскасы, калпак чоң философияны түшүндүрөт. Азыр кийизге окшош кытайдын үлбүрөгөн чүпөрөктөрүнөн жасалган калпактар сатылып жатат. Негизи калпак козунун уяң жүнүнөн жасалышы керек. А ошол уяң жүндүү койлорубуз болсо да аны иштете билген чеберлерибиз алсызбы же чеберлерге жеткизбей кийиз жасап жаткан элеттегилер күнөөлүбү билбейбиз. Неси болсо да ар кимиси өз көмөчүнө күл тарткан заманда улуттук кийимдерибиз көңүл жаздымда калгандай. Окурман журтчулугунан дагы пикирлерди күтөбүз. Бир баш жакшы, эки баштын акылы андан жакшы дегендей Сиздердин ой пикириңиздер да баалуу экенин эстен чыгарбаңыз. Ал үчүн болгону редакция менен байланышсаңыздар болот.