Калемдешибиз Турусбек Жабдасынов 70 жашта!

Массалык маалматтын ардегери
Баетов айылынын тургуну, Байгөнчөктүн кулуну Турусбек Жабдасынов жакында "70" деген жергелүү куракка жетти. Атасы, айыл активи Жабдасындын тарбиясында эрке өскөн, үй-булөнүн ак тилек ыроолонгон көч баштаар улуусу жаштайынан тирикарактыгы, кайда жүрсө сөз тыңшап, ага маани берип, чукугандай кеп таап, куудулдукка да ыкташып, куйкум сөзгө ынак өскөн.
Байгөнчөк-таланттардын кичи мекени. Молдобасандын атасы Мусулманкулдун кабыры ошол жерде. Чоң комузчу, ырчы Чодолдой жашап өткөн жер. Тоо булбулу Мусаны кыргызга берген айыл. Атактуу чабан, ферма башчысы, калайыкка таанымал чечен, акылман адам Табрис Оторов өмүр кечирген кыштак. Мусанын досу Нияз шайыр жан болгон. Токторбай Жука уулунун чертмекчилиги аймактан ашып-ташып турган. Турусбек мына ушуларды элден уккан, дээрлик аларды көрүп, таланттары менен жакынтадан таанышып, аралаша жашап келген.

Өзүнүн табиятынан өңү Африкада өскөндөй кап-кара, кашкайып тиштери түнкү жылдыздай аппак, чодурайган кара тоголок , өтө эле кыймылдуу улан мектепти жакшы бүткөн. Адабиятка бала кезинен шыктуу өспүрүм 18 жашында орто мектепти аяктаары менен жолу болуп Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетине шыр өтүп кетет. Ыр, кара сөз жазууга мектеп жашынан далалаттанып, дилгирленген бала окуу жайында Эсенгул Ибраев сыяктуу таланттуу жаштар менен үзөңгүлөш окуп, тизгин кагыша жүрүп, республикалык басылмаларга алгачкы сатиралык ырларын жарыялаган.
1961-жылы 23 жашында дипломго ээ болуп келип, Дөрбөлжүн кыштагындагы Сталин атындагы эң чоң мектепте кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалимдиктен педагогдук эмгек жолун баштады. Райондо коомдук иштердеги активдүү азамат катары таанылды.
1963-жылы райондук "Колхоз эмгеги" газетасына адабий кызматкерликке орношту. Жаңы кесиптин эшигин ачты. Алгачкы күндөн эле түшүмдүү, албан аракеттүү иштеди. Андагы СССР Журналисттер Союзунун мүчөлөрү Жанболот Атабеков, Төлөгөн Асанкожоев, тажрыйбалуу редактор Сапарбек Рыспаев жаш кызматкерге өзгөчө камкордук менен карашкан. 1965-жылы бөлүм башчылыкка, андан көп узабай эле жооптуу катчылыкка дайындалган. Жергиликтүү басма сөздүн уюштуруу иштерин чапчаңдыкта жүргүзүп, кызматкерлерге талапты жогорулаткан.

Идиректүү жигит тез эле КПССтин катарына кабыл алынып, мекемеде комсомол уюмун жетектеген. Комсомолдун райкомунун мүчөлүгүнө шайланган. Түн уйку, күн тынымдан кечип, бардык иште ушунчалык жигер менен аракеттенген. Партиянын райкомунун номенклатурасына алынып, иштеги ийгиликтери бааланып, Ардак грамоталарга татыган. 1970-жылы Лениндик юбилейлик медаль төшүнө тагылган.

1970-73-жылдары республикалык радио жана телеберүүлөр комитетинин Ак-Талаа району боюнча өз кабарчысы болуп, аймактын жаңылыктарын Кыргызстандын элине кеңири берип турган. Бул кызматта райондо бирден-бир иштеген журналист Турусбек Жабдасынов.
1973-75-жылдары партиянын райкомунун чакыруусу менен үгүт-насыят бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Райондун бүтүндөй идеологиялык иштерин тейлеген. 1975-80-жылдары Жеңиш колхозунун парткомунун катчылыгына шайланып, андагы коммунисттердин авангарддык ролун көтөрүүдө партиялык жетекчиликти кыйла жакшырткан.
Райгезитке кайрадан же он жылдан кийин, 1980-жылы редактор болуп келди. Мурда 1963-70-жылдары же туура 7 жыл иштеп кетип, басма сөздүн ысык -суугун таасын түшүнүп, ашканасын айкын билип калган, андан кийинки он жылда партиялык, чарбалык, радио-журналисттик иште сыналып, такшалып, 42 жашка чыгып, бардык жагынан баралына келгенде редактордук креслого отурду. Мында 19 жыл бою же 1999-жылдын декабрь айына чейин редакторлукта иштеди. Мен ошончо жылы анын орун басарлык кызматын аткарып келип, анан ордуна иштедим. Дасыккан калемгер редакциядан дароо кол үзүп кеткен жок. Кабарчылыкта 2003-жылдын 30-апрелине чейин калемин дале кайрап, райондун бардык маселелерин гезитке чагылдырып турду. Жамаатка кеңешчи, жаштарга жол көрсөтүүчү болуп, нарк-нускасын аяган жок. 65 жашка чыккыча эмгектенди, ардагер журналист катары газетага салымын кошуп келди.


Райгезитте анын турмуштук жалындуу сатиралары дайыма жарык көрүп келген. Коомго, жашоонун ак дил мыйзамдарына, адамгерчиликке жат, көртирликте болуп жаткан жагымсыз, ары күлкүлүү нерселерди жоро-жолдоштугуна, өң-ыраасына карабай басма сөз аркылуу сындаган. Ал тургай "Ормон менен Шордон" сатирасы үчүн айрым достору менен биротоло чай ичишпей калган фактыларын баарыбыз жакшы билебиз.
Баетов айылынын тургуну, "Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу", газетанын 13-редактору Турусбек ага райондун төбөсү көрүнгөн инсаны жубайы Айгүл менен очор-бачар турмуш куруп, уул-кыздарын турмушка татыктуу тарбиялаган. Алардан неберелери, жээн-неберелери өсүп-өнүп, өмүр базарына айланып, куда-сөөгү сыйлуу дасмалда дайыма жолугушуп, бактынын төрүндө.

Турусбек Жабдасынович! Дагы бир жолу мааракеңиз куттуу болсун!
Сиздин 19 жыл орун басарыңыз болуп ынтымактуу иштешкен иниңиз

Өмүрбек Дөлөев,
акын, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер




  Ишенип иштегендин иши алга жүрөт

Өр таянган окуу жайы
1956-жылдын март айында Талас облусу жоюлуп Ивано-Алексеевкадагы райондун борбору Талас шаарына көчүрүлүп, бошоп калган административдик имараттардын базасында Кыргыз ССР Министрлер Советинин чечими менен № 6 кесиптик-техникалык окуу жайы ачылат. Жепирейген жер тамда адегенде 20га жетпеген окуучулар трактор сабагынан билим алышкан. Алардын арасында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин идеология боюнча катчысы Аманбек Карыпкулов, Кыргыз Республикасынын банк системасына эмгек сиңирген ишмер Райкан Төрөкулов, автотранспортто үзүрлүү эмгектенгенЧыныбек Кушубеков, Талас совхозунун алдыңкы механизатору, азыр атактуу фермер Мырзабек Молдобеков, ушул совхоздун башкы ветеринардык врачы Жолчубек Сариев бар эле. Мына ушулар алты айлык курстан кийин Талас өрөөнүндөгү чарбаларда жер айдашып, үрөн себишкен, дан бастырышкан алгачкы механизаторлордон болушкан.

Окуу жайынын ачылышына ошол жылдарга чейин колхоз-совхозду тейлеп келген МТСтердин жоюлушу себепкер болгон. Ошого байланыштуу ар бир чарбанын өзүндө иштей турган механизаторду даярдап чыгаруу керек эле. Ошондуктан окуу жайы айыл чарба механизаторлорун даярдоочу окуу жайы деп аталган. Анын биринчи директору болуп Е.С.Тыщенко дайындалган. Ал кезде аты бар, заты жок дегендей жепирейген жер тамдын ичинен алган теориялык билимди практика түрүндө бекемдөөчү корпустар гана эмес, үйрөтүүчү шаймандар (трактор, машина, сеялка, соко, мала) жокко эсе эле. Мунусу аз келгенсип, окуганга окуучулар өз эрки менен келе коюшпаган. Бул маселени да өтө кыйынчылык менен чечүүгө жетишкен. Ушундай кыйынчылыктарга карабай окуу жайынын окутуучу жана окуучулар жамааты жыл өткөн сайын сан жагынан арбып, сапат жагынан жакшыра берген.

Төрт жылдан кийин Е.С. Тыщенко окутуучулук кызматка өтүп, ордуна И.И. Жолочиев дайындалат. Ысык-Көлдүн Талды-Суусунан келген бул адам жөнүндө кандай мактоолорду жазсаң да жарашат. Бир сөз менен айтканда кызмат аны эмес, ал кызматын гүлдөткөн жетекчи болгон. Адам жашоосу үчүн өзүнчө бир өмүр бутагы болгон 24 жылдын ичинде Исмаил Имашевич окуу жайынын атагын союзга тааныткан. Эгерде мурдагы директордун учурунда окуу жайына мыкты устаттар менен окутуучулар тартылса, И.Жолочиев окуу-өндүрүштүк, материалдык базаны чыңдоого жетишкен.

1970-73-жылдар аралыгында Исмаил Имашевичти "Талас" совхозуна директорлукка дайындашат. Анын ордуна Төлөбай Бөкөев иштеп, Жолочиев баштап кеткен трактордук, токардык, электр-газ менеч ширетүүчүлөрдүн, мастерскойлордун корпусун курдуруп бүтүрөт.
1970-жылы аталган № 6 айылдык кесиптик-техникалык орто билим берүүчү окуу жайына айланат.
1972-жылы өз ыктыяры менен келип окушкан окуучулардын саны 700дөн ашкан. Мунун 300ү кыздар эле. Ушунча окуучуга 26 кабинеттен жана 5 лабораториядан өз мезгилиндеги алдыңкы көргөзмө куралдар, киноустановкалар, диапроекторлор, магнитофондор жана тренажёрлор менен билим берилген. 1973-жылы И.Жолочиевич окуу жайына директор болуп кайрадан келгенде алдыда жакшы жагына кескин өзгөрүүлөр күч алган.

Аскердик-патриоттук тарбия иштери жогорку деңгээлде өткөрүлүп, Ортоазия аскер округунун командачысы, армиянын генералы Лященконун алкоосуна татыган. Генерал өзүнүн "Шинелчен жылдар" аттуу китебин өз колу менен тапшырып, окуу жайындагы аскердик-тарбия берүү аянтчасында окуучулардын парадын кабыл алган. Аталган аянтчаны жасалгалоодо башталгыч аскердик билим берүү мугалими Эшенкул Курманалиевдин, окуу жайынын сүрөтчүсү Жумакан Дүйшөналиевдин эмгектери зор эле.

Орто билим берүүдө окуу жайында М.Сүйүналиевага, Ө.Дербишалиевге,
С.Касеновго, К.Жамбаевага, А.Мамбетовага, К.Субановага, К.Башировага, А.Калашниковго, У.Жолдошалиевага, Н.Момбековго, А.Ибраимовага окшогон тажрыйбалуу мугалимдер эмгектенишкен. Кесиптик билим берүүдө А.Акматкулов, К.Ташматов, А.Байгашкаев, К.Кожогелдиев, З.Гайваронская, Е.Сивакова, Б.Куцов, Р.Кутманалиев, А.Боктубаев, Н.Зелинский, Б.Эркинбековго окшогон окутуучулар, устаттар окуучулардын алкоолоруна татышып, бүгүнкү күндө да алар тарабынан сыймыктануу менен эскерилип жүрүшөт.
Рынок дегениң окуу жайынын "быт-чытын" чыгарып жиберди. Ушундай
шартта 1996-жылы лицейге Болушкан Ашыралиев директорлукка дайындалды. Буга чейин ал директордун орун басары кызматын аркалаган.
Болушкан өз ишин окуучулар контингентин чыңдоодон баштап, анын санын 250 окуучуга жеткирди. Окуу жайдын уставын кайрадан жазып 1993-жылы кабыл алган "Кесиптик лицей" статусун кеңейтип, учурдун талабына ылайык кесипке даярдоону колго алды. Кыздар үчүн ашпозчу-официант, тигүүчү-модельер, компьютерде иштей билген айыл чарбасына бухгалтер, балдар үчүн айыл чарба устаты-фермер, автомобиль айдоочу группалары ачылат. Коңшулаш айыл округдарынын дыйкандарынын жерин айдоого, үрөн себүүгө, чаап-жыйноого, дан бастырууга жардам берилип, андан түшкөн акчаларга өзүлөрүн каржылоого жумшашат. Бүгүн окуу жайында 15 мугалим, 15 устат, 17 техникалык кызматкер эмгектенип, жылына 150 жаш кадр турмушка жолдомо алышат.
Мурдагы Ивано-Алексеевка лицейи азыр айылдын атынын өзгөргөнүнө байланыштуу № 6 Көкой техникалык лицейи аталып, 50 жылдын ичинде мындан 15 миңге жакын жумушчу кадрлар даярдалып чыккан.

Талас облусундагы № 6 Көкой кесиптик лицейинин эмгек жамааты мындан 52 жыл мурда баштаган окуучуларга татыктуу жана ар тараптүу билим берүү салтын абийирдүүлүк менен улантып, мындан да бийик деңгээлге көтөрүүгө зор аракет жасап жатышат. Ооба, окуу жайы мурдагы атак-даңкына карай өр таянып бара жатат.

Эсенбек Досалиев,
гезиттин Талас облусу
боюнча өз кабарчысы

Сүрөттөрдө:
№ 6 кесиптик
лицейдин директору Болушкан Ашыралиев; "Ашпозчу-официант" кесибин артыкчылык
диплом менен бүткөн
окуучулар




  Сунуш!

Депутат агайлардан өтүнүч
Бүгүнкү ак сөөктүк, динден тышкаркы коомубузда адам укугу тебеленүүгө тийиш эмес. Ошентсе да ата-бабабыздан бери келаткан салт деп, айрым бүгүнкү күндүн заманына бап келбеген, өз өмүрүн өтөп бүткөн маселелер дале болсо өз күчүндө болуп келүүдө. Анын бирине кыз ала качуу кирет. Мындайда жигиттин кызыкчылыгы жогору коюлат. Ал көңүлүнө жаккан кызды эркине койбой боздотуп ала качып келген кезде, анын жеңелери, ата-энеси босогого канды коё коюшуп, эптеп-септеп бечара кызды алып калышат.
Бул жерде кыздын укугу тебеленип тепселип жатпайбы! Эгерде кыз сот органдарына кайрыла турган болсо, жигит тарап сотко акча "ыргытышып, сугунтуп" оозун басып коёт. Ошентип, коррупцияга өзүбүз эле жол ачып коюп жатабыз. Депутат агайларыбыз ушул маселенин үстүндө аны жакшы иликтеп туруп, бүгүнкү күндүн талабына ылайык мыйзам чыгарып беришсе жакшы болоор эле. Балким менин үнүм аларга жетээр.

Айжамал Эшенкул кызы
Кыргыз-түрк Манас
университетинин студенти











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!