Таанышып коюңуздар

Акчий айылдык округдун жаңы шайланган башчысы Жантаев Элчибек Уржадиевичтин өмүр жолуна токтолсок, ал 1973-жылы Ак-Суу районундагы Кызыл-Кыя айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Жогорку билимдүү экономист, үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы, өмүрлүк жары Мира үй кызматчысы. Ал эмгек жолун 1991-2002- жылдарга чейин мурунку Дзержинск атындагы совхоздо экономикалык бөлүмдүн учёт бухгалтери болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы. "Нур" дыйкан чарбасынын мүчөсү, айыл өкмөтүндө статист, 2003-2008-жылдарда айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп иштеп келген.
Ал өзүнүн кичи пейилдиги, адамдарга карата сылык мамилеси, жүрүм-турум маданияты менен жалпы элдин кадырлоосуна ээ. Элчибек Жантаев 2006-жылдан бери карай муниципалдык кызматтын биринчи класстагы кеңешчиси, 2007-жылы Президенттин алдындагы башкаруу академиясынан менеджмент сертификатын алган.

Жакында күн тартибине айылдык округдун башчысын шайлоо маселеси коюлган Акчий айылдык кеңешинин кезексиз XXV чакырылышынын IV сессиясы болуп өттү. Сессиянын ишине Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Б.Купешов, райондук Кеңештин төрагасы А.Сагындыков, райондук кеңештин депутаты Ө.Абдылдаев катышышты.

Айылдык округдун башчысы шайланды
Сөз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Б.Купешовго берилди. Ал айылдын мурдагы башчысы А.Конушбаевдин бир катар иштерди жүргүзгөнүнө, бирок анын ден соолугу ишке көп жолтоо болуп келгендигине токтолуп, бул кызматка айылдык округдун жооптуу катчысы Элчибек Жантаев менен Качыбек айылынын айыл башчысы Бакыт Исаев экөөнүн талапкерлигин коюну сунуштады. Алардын келечек программалары талкууланып жактырылгандан кийин, добушка коюлду.
Шайлоонун жыйынтыгында Э.Жантаев 9 добуш алып, айылдык округдун башчылыгына бир добуштан шайланды. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Б.Купешов аны айылдык кеңештин депутаттарынын зор колдоосуна ээ болгону менен куттуктап, айыл маданиятын, анын экономикасын көтөрүүдө талыкпай эмгектенип иштөөсүнө ийгиликтерди каалады. Сессия ушуну менен ишин аяктады.

Шаршен Айманбетов,
"Айыл өкмөтүнүн" Ак-Суу району
боюнча өз кабарчысы

Редакциядан: Урматтуу окурмандар, гезитибиздин эл кабарчылары, сиздер жашаган айылдык округдун башчыларына шайлоолор жүрсө, "Таанышып коюңуздар" рубрикасын коюп, алар туурасында мына ушул макала таризинде редакцияга жөнөтүп турууңуздарды өтүнөбүз.




Баткен шаарында эстелик орнотулду
18-февралда Баткен шаарында Афганистандагы согушта жана Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлердин эрдигин даңазалаган мемориалдык комплекстин ачылыш салтанаты болду. Салтанатка облус губернатору Маратбек Джумабеков, Баткен облусунун Афган ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдумалик Ботояров, аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери , жоокерлер, Улуу Ата Мекендик согуштун жана Афган алааматынын ардагерлери, Баткен окуясынын катышуучулары, аялдар, жаштар жана Афган согушунда курман болгон жоокерлердин жакындары катышты.
"1979-1989-жылдардагы Афган алааматына Баткен облусунан 537 жоокер катышкан. Алардын ичинен 7 жоокер жарадар болуп кайтып келсе, 25 кырчындай курактагы эр азаматтарыбыз ата-эне, жакын туугандарынын көз жашын көлдөтүп, согуштун курмандыгы болушкан", деди басма сөз катчысы Мамажан Бердишев.
Мемориалдык комплексти даярдоого кеткен чыгым 700 мин сомду түзүп, анын 155 миң сомун облмамадминистрация, калганы райондук администрациянын, мекеме ишканалардын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен чогулган.
Колундагы автоматынын стволун жерге каратып, бир колун жогору көтөрүп турган десант жоокердин эстелигин белгилүү айкелчи Абдисапа Калматов Бишкектен даярдап алып келген.

Памир кыргыздарына арналган сүрөт көргөзмөсү
КРнын мамлекеттик миграция жана жумуштуулук комитети 17-февралда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук сүрөт музейинде Памир кыргыздарына арналган сүрөт көргөзмөсүн өткөрдү.
Көргөзмөгө былтыркы жылдын жайында Памирге барган мамлекеттик экспедициянын башчысы, КРнын миграция жана жумуштуулук комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова, делегация өкүлдөрү, "Кыргыз-Түрк Манас" университетинин ректору Сулайман Кайыпов жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Памирлик кыргыздардын жашоо-тиричилиги менен жакындан тааныш болуп келген кыргызстандык делегация ал жактагы кыргыз туугандарыбыздын жашоо-тиричилиги, абалы тууралуу маалымдашты. Ошону менен бирге Кыргызстан мындан ары да памирлик жана башка чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздар үчүн жардамын үзбөй турганын белгилеп кетишти.
Министр Айгүл Рыскулованын айтымында, деңиз деңгээлинен 4000-5000 миң метр бийиктикте жашаган памирлик кыргыздардын акыбалы абдан оор.
"Ал жакта адамдар медициналык кызматка абдан муктаж, болгону бир эле доктору бар. Ал киши аялы менен бирге ай сайын барып памирлик кыргыздарды кароодон өткөрүп турат. Шарты катаал болгондуктан аялдар жана жаш балдардын өлүмү көп. Мына ушуга окшогон маселелерин чечип, медицина, билим, ж.б. жаатында жардамдарыбызды берип турушубуз керек", деди министр айым.




Акөргө конушундагы экологиялык тегерек стол
Бишкек шаарынын Акөргө конушунда аталган айылдын демилгечи жаштары тарабынан уюштурулган экологияны коргоо боюнча тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столго экология тармагынын адистери, экологиялык кызматтын кызматкерлери, ПРООНдун айлана чөйрөнү коргоо боюнча өкүлдөрү жана маалымат каражаттарынан өкүлдөр катышты.
Тегерек столдо учурдагы Кыргызстандагы жана дүйнөдө болуп жаткан экологиялык көйгөйлөр саналып өтүп, аны чечүү жолдору талкууланды.
Бул жыйынга катышкан "Мөңгү" фондунун жетекчиси Кабылбеков Үрүстөмдүн айтымында учурда дүйнөдө экологиялык абал абдан курч. "Бизде экологиялык маселелер адам жаралгандан бери эле жаралып келген. Бирок, учурда абдан курчуп кетти. Ушинтип жүрүп отурса парниктик эффектке дуушар болобуз да, андан соң мөңгүлөрүбүз ээрип, сууларыбыз соолуп, жалпы кургакчылыкка кабылабыз. Ошон үчүн буга карата азыртадан тиешелүү чараларды көрүү керек. Мисалы, бала туулганда күбөлүгүнө "эколог" деген макамды да кошо жазыш керек. Анткени ар бир кыргызстандык атуул экологияны милдеттүү түрдө коргоо зарылдыгын билиши керек", деди Ү.Кабылбеков.
Ал эми Ленин райадминистрациясынан келген өкүл таштанды тууралуу маселеге токтолуп, учурда кытайлар менен биргеликте таштандыны кайра иштетүүчү комбинат куруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып өттү. Ошону менен бирге эле элди таштанды төгүү маданиятына көндүрүү зарылдыгын белгиледи.




Майдангер маселе коёт
Сатымкул Садыков
Ноокен району,
Масы айылы

Пахтачылардын эмгеги качан бааланат?
Илгери союз мезгилинде Кыргызстанда пахтачылык өнүктүрүлүп, пахта Түндүк-Түштүк региондорунда жана тоолуу райондорунда да эгилүүчү. Кийин барып Түндүк Кыргызстанда пахта, анын ордуна кант кызылчасы, жүгөрү, дан эгиндери гана эгилип калды. Бирок Түндүктө пахтачылык алынып салынса да, ал жерде бир "Жаңы пахта" деген айылдын аты калды.
1954-жылы 17-20-ноябрда Ташкент шаарында пахтачылардын Бүткүл союздук биринчи курултайында (ВКП(б)) БКнын биринчи катчысы Н.С.Хрущёв трибунага чыгып сүйлөп, Казакстан менен Кыргызстандын пахтачыларын катуу сынга алган. Кыргызстандын пахтачылары 1953-жылы ар гектар пахта аянтынан 16 центнерден, 1954-жылы болсо ар гектардан 9 центнерден гана пахта өстүргөнүн сындаган.
1951-1957-жылдарда Жалал-Абад областында партиянын Ленин (азыркы Ноокен) районунун биринчи катчысы болуп Кадырмат Султанов иштеген эле. 1956-жылы район боюнча 8300 гектар аянтка пахтанын чигити эгилип, ар гектарынан 27 центнерден түшүм алынган болчу, мамлекетке 22,5 миң тонна пахта тапшырылган. Бул жогорку көрсөткүчтөрү үчүн партиянын райкомунун биринчи катчысы Кадырмат Султанов, райондук Аткаруу комитетинин төрагасы Кушназар Юнусалиев 1957-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Социалисттик эмгектин Баатыры деген жогорку атактуу наамды алышкан. Кийинчерээк Ө. Каипов, Э. Юсупов, А. Казаков да Социалисттик Эмгектин Баатырлары болушкан.
Өткөн 3 жылдын ичинде Ноокен районунун пахтачылары илгерки союз мезгилиндеги көрсөткүчтөрдөн алда канча алдыга карай оозуп кетишти десем жаңылышпаймын.
Турдумамат Садыкбекович Сагындыков Президенттин жарлыгы менен Ноокен районуна мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп дайындалып келгенине 3 жыл болду. Ал районго келген күндөн баштап ишке катуу киришип иштөөдө.
Өткөн жыл жыйынтыгы абдан жакшы болду. Эгилген дан эгиндеринен 30560,5 тонна мол түшүм алынды. Илгертен бери эле пахтачылык райондун айыл чарбачылыгынын негизги тармагы болуп саналуучу. 2008-жылы район боюнча 9751 гектар аянтка пахта эгилип, ар гектар аянттан 33 центнерден түшүм жыйналды.
"Атын атаса, куту сүйүнөт" деген элде макал бар. илгери элибиз пахта, пахта жана пахта дечү эле. Азыр пахтадан Ноокендиктер арбын түшүм алса да, терилип тапшырылган пахталар сатылбай үйүлүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, айрыкча айыл чарба министрлиги дыйкан пахтачыларга тезинен жардам көрсөтпөсө, келечекте пахта өндүрүүнү дагы бийик деңгээлге көтөрбөсө болбойт. Пахтачылардын ийгиликтери бааланбай келе жатканына өтө таңмын.

РедакциЯдан: урматтуу Сатымкул Садыкович! Эмки макалаңызды жөнөткөнүңүздө дагы кошумча эки-үч тергеме фамилияңызды (псевдонимдериңизди) да кошо жазып жиберсеңиз. Бул макалаларыңыздын көбүрөөк жарыяланышы үчүн керек болууда.











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!