Мекенинин бейпилдигин, элинин эсендигин ойлобогон эр - эр эмес

Кремлдин астында ыйлап отуруп калдым
"Аздек дүйнө" аттуу ыр жыйнактар китеби менен алгач таанышкан күнүмдөн баштап ушул китептин автору менен баарлашып көрүп, жолуккум келген эле. Анткени, ар чыгармачыл таланттын өзүнүн бир башкача мүнөзү, бир башкача ой жүгүртүүсү болот эмеспи. Мына, менин бүгүнкү маектешим КР Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Улуттук Консерваториясынын негиздөөчү ректору, бир нече китептин автору Бегалиев Муратбек АкимовиЧ.

- Бала кезиңизден эле чыгармачылыкка белсендиңиз беле?
- Ар бир атуул өзүнүн сөзсүз Ата-мекени, эли-жери жөнүндө кайсыл жерде төрөлсө ошол жердин суусун ичсе, ошол жердин тамагын жесе, абасы менен дем алса, ошол өмүр бою эсинен кетпейт. Ал тургай санжыра кылып айтып мактанып, өмүр бою өзү менен кошо ала жүрөт. Ал адамдын жан дүйнөсү ошонун тегерегинде болот. Мисалы биз айылда төрөлбөдүкпү. Жерим Жумгал... Соң-Көлдө чоңойдум... Тегерегимдин баары кооз, ажайып жер. Мына ошолордун шарданы менен, мындайча айтканда түрткүсү менен чыгармачыл адам болуп чыктык. Бирок адамдыкы бат эле өзү жасала койчу нерсе эмес. Кичинекейинен бала болуп өсүп, (балдар эми баары бирдей эмеспи!) анан акырындап боор көтөрө баштаганда эле биринин идиреги күчтүүрөк, биринин көз карашы, биринин акылы биринин таланты дегендей акырындап өсүп чыгат экен. Ошо кымындайдан эле сергек өссөм керек. Ал учурда радио -теле жаңы чыгып, ошондо баягы тегеректеги элди жерди көрүп дегендей, чоң жашоо турмушка белсенип киришип, радиону көп укчу элем. Ал учурда телевизор деген кеңири тараган эмес эле. Мектептен көбүнчө кол өнөрчүлүккө көп көңүл бурушчу. Искусствого, маданиятка аябагандай эле көңүл бурулчу. Кол эмгек сабагынан кыздар шырдак шырып, сайма сайышса бизге дагы эркек балдарга сайма сайдырчу. Муну жаштарга азыр айтсак таң калаарлык күлкү. Сайма сайганды эркек балдарга үйрөткөнүнүн дагы бир жакшы жагы бар экен. Жанагы оймо-чийме турмуштагы ар бир бурулушту кымындай оймо-чиймеден өйдө өз колуң менен сайып жаткан сайма аркылуу көрө билет экенсиң. Балким ал учур өтүп кетет, кийин ошону эстейсиң, убакыттын бекеринен өтпөгөнүн. Мен мектепте кол өнөрчүлүккө катышкандан тышкары сүрөт тарттым, адабият жагына катыштым, дубал гезиттерин чыгарып жүрдүм. Ошонун баарынан өттүм, улам алдыга жүрүп отурдук. Кичинекей бир бүдүр данды кудай ар бир балага берет. Ошону багып чоңойткондор өөрчүп-өсүп кетет. Мына мен койду да кайтардым, ал тургай сааганды көрдүм. Чын чынына келгенде ушунун баары ар бир турмушумдун ар бир булуң бурчунда жолугуп, ошону эстетип, анан жанагы чоң тарбия дүйнөлүк масштабда дүйнөнү көрө билүүгө жардам берет. Мектепте дубал гезиттер бар эле. Ыр жазгандар үчүн ырды жазып илип коюп, "укмуш акын турбайбы".., деп мактап коюшса баягы бала алга умтулуп, дагы жазып, чыгармачылыгын өркүндөтүп, мектепти бүткүчө акын да болуп чыгат. Ал эми биз музыка тарабын кыйын ырдайт- деп мактап (ал учурда жоро тойлор бар эле) ошондон сыналчубуз. Комсомолдук үйлөнүү тою деп эң биринчи жолу Кайыпбек деген байкем үйлөнгөндө ушундай кубанып, заңкылдап мен ырдап бергем. Жанагынча элдер, биринчи секретарлар, башкармалар кол чабышкан эле, ал учурда мактап, же грамота берип койушса мактанып калаар элек. Айылдын балдары жер карап өсөт эмеспи. Ошондо бир башкарма чакырып алып, сен жакшы ырдайт турбайсыңбы тике карап, башыңды өйдө көтөрүп жүр дегени эсимде. Башымдан сылап, жакшылап ырдасаң өсөсүң, көрдүңбү сен талант турбайсыңбы деп эле койгон. Бүттү, ошондон баштап ыр хоруна да катышам, кол өнөрчүлүккө да катышам, баарына тең жетишип жүрдүм. Идеология дегенибиз эле ушул кичинекейинен эле "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет" дейт, мына ошону бек кылып өстүрүш ата-энелердин, мугалимдердин коомубуздун милдети. Музыкага күндө келип ырдайбыз. Ары районго Жылдызбек деген досум экөөбүз барып, дуэт ырдачубуз. Айтылуу Жумамүдүн Шералиевдин, ал тургай Мураделинин ырларын да ырдаганбыз. Бул жерден окуткан мугалимим Чулаки кийин Кыргызстанга келгенде Шостаковичти, Мураделини алып келген эле. Мына мен кийин Чулакиден Москвадан окуп калдым. Ошол кишиден бүттүм. Чоң театрдын генералдык директору болчу, көптү үйрөттү.
- Шаарга келип окууга өтүп, окуп калуу деле оңойго турбаса керек?
- Эң биринчи жолу шаарды көздөй үйдөгүлөр кой десе болбой чоң апамдан 5 сом алып качып келдим. Шаарды билбейм, таякем бар эле ошолордукуна баргам. Окууга барарда алар жетелеп келип талантың болсо өтөсүң, эгер талантың жок болсо өтпөйсүң дешти. Азыркы Мукаш Абдраев мектебине келгенбиз. Ошол кезде директору 24 жаштагы жап- жаш Тургуналиев агабыз экен. Киргенимде эле кимди алып келдиң деп сурады көрсө мени кичинекей баланы алып келди го деп ойлоптур. Мен анда 15-16 га чыгып калган элем. Айылдан келдим, мен ушул жерден окушум керек, кетпейм деп туруп алдым. Чоңоюп калыптырсың бир класска артка отурасыңбы деди. Анан эле кана ырдап көрчү дегенде ырдай баштадым. Бирди ырдадым, алар бул ырың Жумамүдүндүкү турбайбы дешип, дагы бирди ырда көрөлү дешти. Өзүмдүн "Жумгалым" деген ырымды араңдан зорго ырдап бердим. Ал кезде ойлогом да Жумгалдан башка жер жок деп." Ар кимдин туулган жеринин топурагы алтын" дегендей көргөн билгеним Жумгал болгон соң ырдап бердим. Угуп отурушуп кимдин ыры? Жакшы экен дешти. Жер карап коркуп айтпай турам, меники дегенден уялып. Чыныңды айтсаң кимдики дешти. Унчукпай туруп сеникиби десе, ооба же жок дей албай турсам, өзүң жазат турбайсыңбы, азаматсың дегенде анан барып жакшы эле турбайбы деп калдым. Кайсыга тапшырайын- деп келдиң дегенде композиторлукка десем каткырып күлүшүп, композиторлук бизде азыр жок, башкалары бүт бар дешкенде эле мына деп гезитти алып чыгып кулактандырууну көргөздүм. О кокуй, муну ким жиберген композиторлук бөлүм жок да дешкен. Кийин мен үчүн ачып беришкен. Окуп калдым. Бүткөндөн кийин мугалимдердин кеңеши Москвага жиберишти. Мектептен болбогон соң министирликтен жолдомо кагаз бериши керек экен. Анысы да жок мага жөн эле кыргызчасынан ойлонушуп көчүрмөсүн берип коюшуптур. Поезд менен кетип аябагандай кыйналдым. Министр атактуулардын балдары менен чогуу кеттим. Баарында акча, мен болсо уялып атам. Бирок кийген кийимим таза, жүрүм турумум тың, модалуу жүрчүмүн кыздарды карап дегендей. (күлүп) Анан Москвага келдим берген жолдомо кагазын көрсөтсөм күлүшүп менден мурда кеткен баланы көргөзүп бул кагаз менен ушул келген дешти. Көрсө ал өтпөй калса ордуна дегенчелик кылып мени жиберишиптир да. Мендеги көчүрмөсү, тигил балада негизгиси экен. Кулап калган орунду Москва алып алат. Кабыл албайбыз деген мугалим командировкага кеткенде мен экзамен тапшырып төрт экзаменден беш алып өттүм. Бирок мени кийирбей аткан киши келип калып дароо кулатып салды. Кремлдин астында ыйлап отуруп калдым. Анткени жатаканадан чыгарып салды, анысы аз келгенсип чемоданымды аңтарышып сындырып болгон акчамды уурдап кетишиптир. Чөнтөгүмдө болгону 51сом 50 тыйындай калыптыр учактын билет баасы 52 сом. Ошондогу ыйлап отурганым дале эсимде. Кремльди карап туруп анан Кудайым чын бар болсоң Манас атамдын арбагы колдой көр, талаада ушул жерде калбайын келечек бере көр деп ыйлап суранган элем. Бир маалда турмуш ушундай экен эч бир тааныштыгы жок мени көрүп басып келип что у тебя глаза печальные? деп сураганы да эсимде. Аэропортко бараткам ал жерден да далайды көрдүм. Посольствого барып билет алууга каттоодон өтмөкмүн алар өтүп кеткенин беришиптир. Барсам бул билет эбак сатылган дешти. Андан айлам кетип аэропортко келдим, ал учурда кезекке туруу деген адамды жеп койчу эле. Азыркыдай акчаң болсо чакчаңда деген жок. Акчаң болуп туруп да ала алчу эмессиң. Анткени баары тартыш болчу. Эптеп учкучтар менен сүйлөшүп атып Кыргызстанга келдим. Келгенде азыр ушул консерваторияда иштеп жүрүшөт азыр да ошол професорлор кабыл албай коюшкан. Клеш шым кийген чачы узун Москвич турбайсыңбы келбей эле койсоң болмок дешкен. Мен бул жерде 3 жылдай окудум анткени адегенде биринчи под курска даярдоо курсуна киргизип коюшкан эле. Мына ушундай кыйын абалдан өткөм. Мейли деп окуп жүргөндө бир жылдан кийин атактуу Мукаш Абдраевдин колунда окудум. Кийин мен башта окуган мектепке ушул адамдын аты коюлду.
- Андан аркы чыгармачыл жолуңузду Москвадан уланткан экенсиз да?
- Ал эми Москвага барганда кыйынчылык менен 16 экзамен берип өттүм. Ошентип ал жерден окуп бүткөндөн кийин Москванын консерваториясынан ар бир факультеттен 1 же 2 бала көрсөтүлөт аспирантурага. Аспирантурамды да ийгиликтүү аяктадым. Композиторлук чыгармачылыгым менен кийинчерек Переделкиного барып Чыңгыз Төрөкулович менен кошуна эки жылдай жашап калдым. Менин ал кишиге жакыныраак болуп калганым да ошондон болсо керек. Айылдан качып келип, Бишкектен окуп, бул жерден Москвага барып кыйынчылыктарды башымдан өткөрүп, ал жактан аспирантураны кошо аяктап,, эми эмне кылам деп калган учурда чоң конкурска катышып, Юнесконун да сыйлыктарына татыдым. Ал жерден акчаны колго бербейт экен. Сен кайсы мамлекетке барсаң бир жыл болобу канча болсо да жашайт экенсиң. Алар анын үстүнө дагы бир топ акчыны кошушту анткени мен эмгек кылып аттым, чыгармаларым концерттерде ойнолуп жатты. Алгач Францияда бир жылга жетпегендей убакыт жашадым, андан кийин Германияга которушту. Германияда жашоо шарт арзан, маданияттын туу чокусу ошол жерде экен. Мен ошол жакта жашап турган учурда Советтер союзу кулады. Көзүмө жаш алып күнүгө ыйлайм, бул эмнеси деп таң калам. Ошондо келинчегим четтик жеңең жанымда болчу. Ал жерде деле андан ары жашай берүүгө болмок бирок өз жериңдин гүлүн жыттаган, абасынан дем алган, тоо боорунан аккан булактын суусун ичкендериңдин баары сыртка чыгат экен. Мына ошолордун баары мени кайрадан өз мекеним Кыргызстанга тартты. Баардыгын теле аркылуу көрүп отуруп чыдоого мүмкүн болбой калганда мөөнөтүм бүтө электе өз элиме келе бердим. Мына ошондо дүйнөнүн да Кыргызстандын да менталитетинин жаман жакшы жактарын түшүндүм. Өзүн өзү тарбиялайт деген ушул экен. Биринчи кезекте адаммын, анан композитормун андан соң мугалиммин.
- Тарбияланып билим алып жаткан студенттериңиздер көп болсо керектир?
- Азыркы күндө концерваторияда 400 дөй студент билим алышууда. Жалпы 14 кафедра бар, анын он бири адистерди тарбиялап окутса калган үчөө факультет аралык. Бизди бүткөндөрдөн бери жагы Казакстанда ары жагы Америкада эмгектенишүүдө. Алардан тышкары Англияда, Испанияда Францияда да эмгек жолун уланткандар аз эмес.
- Жогоруда жеңең четтик деп айтып өттүңүз кайдан таанышып кандайча баш кошуп калдыңыздар?
- Москвадан таанышканбыз. Москвага консерваторияга окууга барганымда Польшадан да студенттер келишкен бирге окуп калдык дегендей. Албетте менин курсум жогору болчу, ал эми келинчегим ылдыйкы курста окучу. Советтер союзу маалында үйлөнүүгө бир аз тоскоодуктар да болчу. Кыргызстанга келе албачы. Ысык-Көлгө барса артынан КГБ карайт. Мени болсо четтик болуп кеткен эл душманы катары карашат. Бирок 1992-жылдары келдим ошондо үйлөндүк. Ага чейин жөн эле келип кетип жүрдүк.
- Ата-энеңиз келинин кандай кабыл алышты эле?
- Албетте, ата-энем найза менен кабыл алган, кой дешти. Мен айттым кой десеңер эле коюп калбайм ушундай адаммын, өзүмдүн акылым менен өзүмдүн оюм менен жашайм бирок, силерди угайын айткыла дегем. Алар өздөрү да интелегент адамдар болгондуктан ай айланайын балам өз эле оюң чечсин, аны менен биз жашабайбыз, өзүң жашайсың дешкен. Кудайга шүгүр мынакей ортобузда Бахиана аттуу кызыбыз бар. Төрт тилде сүйлөп апасы менен поляк тилинде сүйлөшсө мени менен кыргызча суудай сүйлөшө алат. Көпчүлүк шаардын балдары ата-энеси кыргыз болуп туруп балдары кыргызча сүйлөбөгөндөр бар. Кызым орус мектепте окуйт, Франсуз тилин өздөштүрүүдө. Окуусунан тышкары бийге, хорго, фортепианого, комузга, сүрөткө спортко да барат. Кийинчерээк өзүнө жаккан кесибин тандап окуусун улантат деп ойлойм.
- Кандайча болуп поэзияга аралашып калдыңыз?
- Тээ башында айткандай айылда жүргөндө кичинекейимде адегенде;
Үкүнүн үнү угулат,
Тынчтыкты бузуп кулакка, -
деп бирдемелерди жазып калчумун. Мектептеги кезимде Калича деген эжейим жазуучу кылам деп көп аңгемелерди жаздырган, бирок көңүлүм келчү эмес. Дубал гезиттерин чыгарганда ырларды шатырата эле жазчумун. Ал эми мына эки жылга айланып баратат музыка жазам, анан ырга сүңгүп кирип, түңкүсүн бирде же экиде өзүмдөн өзүм эле ойгоном. Атайы отуруп, ойлонуп жазайын дебейм. Эртеси болгону корректировка эле жасайм, көп болсо бир эки эле сөз оңдолот, же алмаштырылат. Ырларымдын жыйындысы болгон "Аздек дүйнө" китебим жарык көрдү. Эл арасынан, окурмандар арасынан өз ордун алат деп ишенем.

Маектешкен: Рейна ДОСАЛИЕВА











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!