Башчысы бар аскердин аштыгы бар

Ала-Бука өрөөнү - Уй жылына карата
Рыскулов Үсөнбай Мавлянович бир нече жылдардан бери үзүрлүү жетектеп келаткан Ала-Бука району.
Аймагы 8 айылдык округга кураштырылган. Ушул 8 айылдык округда бардыгы болуп 18 миң 818 түтүн, тактап айтканда 84154 адам жашайт. Алардан 41790 эркеги, 42364 аялзаты. Район боюнча борбордук Ала-Бука айыл округунда жашаган калктын саны арбын, демографиялык жайгашуусу да жыш. Бул айыл округунда 20623 адам жашайт.
Ала-Бука өрөөнүнүн ички турмушуна, аймактарынын тиричилигине назар салсак, райондун эмгекчил калкы реалдуу сектор деп эсептелген ички дүң продукция өндүрүү, айыл чарба, өнөр жай, акылуу кызмат көрсөтүү, чекене соода жүгүртүү, жүк ташуу, жүргүнчүлөрдү ташуу тармактарында 2008-жылды да өнөгөлүү өткөрүштү.

Күздүк дан эгинин себүү 106 пайызга аткарылды. Анткени, токчулуктун камсыз болушу - күздүк айдоо-себүүгө гана жараша болот эмеспи. Райондо мындан сырткары калк азыгы болгон жүгөрү данын, картошканы, төө буурчакты өндүрүү да жүз пайыз болду. Өрүктү, Ак-Таш, Көк-Таш, Балтагулов, Ала-Бука, 1-Май айыл округдарынын дыйкандары азык-түлүк, мөмө-жемиш, май өсүмдүктөрүн өндүрүүдө рекорддук ийгиликтерди жаратышты. Ал эми техникалык өсүмдүктөрдү эгип, берекелүү түшүм алууда, климаттык шарттарды алдын ала өздөштүрүп алышкан 8 айыл округунун ар биринин өзүнчө рекорддук ийгиликтери бар.
Райондо ири мүйүздүү малдын санын арттыруу - 13401, кой эчкилер - 86601, жылкылар - 1732 башка жеткен. Калкка акылуу кызмат көрсөтүү 145 пайыз, чекене соода жүгүртүү көлөмү 170 пайыздык чектерге таяган. Аймакта социалдык фондго, айлык акыларды төлөөгө карыздар толук жоюлган. Республикалык жана жергиликтүү бюджетке которуулар пландан алда-канча жогорку деңгээлде аткарылган.
Албетте, калктын жана чарбалык субъектилердин салык төлөмдөрүнө болгон карыздары көп учурда кечиктирилип өнгөндүктөн экономикалык мерчемдерге таасирин тийгизген учурлар болот. Подоход салыгы, кайра бөлүштүрүү фондунан пайдалангандыктан алынчу төлөмдөр, жер салыгы, жол салыгы, калкка кызмат көрсөтүүчү челноктордон алынчу 4% салыгы убагында өндүрүлбөй, объективдүү жана субъективдүү себептерден улам бул сумма бир жарым миллион сомдук карызды көрсөтүп келет.
Калктын пенсиясын өз убагында төлөө бул аймакта салтка айланган. 2007-жылы райондо 7415 пенсионер бар эле. 2008-жылы алардын саны 8115 адамга жетти. Аларга ар ай сайын 9 миллион 972 миң 500 сом пенсия төлөмдөрү берилет.

Кыш чилде, мектеп, медицина, отун-суу...
Ала-Буканын башталгыч класс окуучулары 6879 бала. Булар райондогу 45 мектепте окушат. Азыр ар бирине 7 сом көлөмүндө шашке чай берилет. Бир күндө алар 48153 сомдук чай ичишет. Санитардык-ашканалык шарттар туруктуу көзөмөлдө.
Райондогу 20479 окуучуга 45 мектептин 1403 мугалими билим-тарбия беришет. Мектептердин 151 даана компьютерлери бар. Акимчилик ашыгы менен болсун деп мектептерге 555 тонна көмүр киргиздирип берди. ҮБДТ, ФАПтарга да керектелчү 100 тонна көмүр жеткирилген. Ошондой эле альтернативдүү жылытуу системалары да иштейт.
Өткөн жылдын күн жылуу сезондорунда Ала-Бука-Кербен автожолунун 3750 метр аралыгына асфальт төшөлгөн. Муну аз дешибиз мүмкүн. Бирок, бул жолдор азыр өзбек чегара тилкесинен сырткары жаңы курулуп, ныкталып бүтө элек да. АРИС программасынын долбоору менен көп окуучу орундуу мектептер курулду.
Раймамадминистрацияда калктын суроо-талабы менен иштөө өзгөчө көзөмөлгө алынган. Жалпы бөлүмдүн башчысы С.Назарова бул ишке өтө дыкаттык менен мамиле кылат. Ал эми Орунбаева Назгүл Мырзакановна администрациянын мамлекеттик тил жана пресс-маалымдоо кызматын тейлейт. Райондун аймагындагы маданий-массалык иштер улуттук рухтун, салт-санаанын улут нускаларынын көрөңгөсүн толуктап жүргүзүлөт.

АРИСпи,
же ырыспы?..
"АРИСке алкыш!" - деген ураандарды республиканын түштүк аймактарындагы социалдык объектилердин көп жерлеринен көрүүгө болот. Дасыккан айыл округ башчылары да бул АРИС эмес эле - ырыс болуп калды деп калышат. Айтса-айтпаса ушул агенттик калкка кайрымдуулугу менен урмат-сыйга татыды.
Аталган райондогу Ала-Бука айылдык округунун тургундары АРИС сыяктуу демөөрчү агенттиктердин, өкмөттүк эмес уюмдардын жардамын өндүрүмдүү пайдаланышат. Бул уюмдар айрыкча жакырчылыкты жоюуга, социалдык-маданий тармакты өнүктүрүүгө кенен жол ачат.
Албетте, долбоор жазып, аны менен иштөөнү өздөштүрө алсаңыз гана. Айыл округунун иш билги долбоорчулары өткөн жылда АРИС программасынан 3 миллион 372миң сомдук каржы өндүрүп иштетишти. Муну менен 20 долбоор ишке ашты. Алар мындан сырткары Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлору менен 4 миллион 936 миң сомдук каражатты да өздөштүрүштү.
Жогорудагыдай долбоорлор аркылуу өндүрүлгөн альтернативалык каражаттарга Ала-Бука айыл округундагылар Навои атындагы орто мектептин 2 класстык бөлмөсүн Евро тибинде ремонттоп, 27 класстык бөлмөнү тактай менен полдошту. Класстарга электр батареялары орнотулуп, 125 квадрат-метр айнектин терезелери жаңыланды. Балтагулов атындагы орто мектептин жылытуу системасына көмөк берүүчү гранттын 492миң сомдук каражаты алынып, капиталдык ремонт ишке ашты.
Айыл округунун адистери өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бөлүнгөн 2миллион 460миң сом каражатты сарамжалдуу пайдаланышып Ала-Бука сайынын жээктерин бекемдеп алышты. Сырт-Ала-Бука жолун автоунаалар тоскоолдуксуз жүргүдөй кылып тегиздешти.
Бюджеттик каражат бардык жерлерде эле ички социалдык талаптарды толук канаатандырууга жетишүү боло бербейт. Андыктан, өлкөдөгү башка өнөктөштөрү сыяктуу айыл округунун адистери өкмөттүк эмес уюмдардын каржыларын бюджеттик каржы менен альтернативалуу пайдаланып, ички маселелерди өз алдыларынча жана мыйзамдуу чечип келишет.
Өз ишинин устаты, айыл округунун башчысы Ю.Туррабаев башчылык кылган бул округ 16252 гектар аянттан турат. Аймактын 2196 гектар аянты сугат. Байыртан дыйканчылыктын сырларын, багбанчылыктын даамын татып, тирилик улап келген Ала-Букалыктар жалпы эле Фергана өрөөнүндө жер иштеткендер арасында эч кимди алдыга чыгара коюшпайт.
Бул округда 7 мектеп, 5 балдар бакчасы, клуб, маданият үйү, медициналык мекемелер, соода-базар түйүндөрү сыяктуу бардык объектилер бар. Райборбор болгондуктан айыл округунун түйшүгү да ошого тете. Октябрь айындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо айылдык кеңешке 15 депутат шайланды. Алардын курамында 5 аял да бар. Бул аймактагы эне-ата теңчилигин (гендердик) адилет алып барууга негиз болот. Айылдык кеңештин төрагасы да аялзаты, же төрайым шайланды.
Бүгүнкү күнгө чейин айыл округунда 99 дыйкан чарбасы, 1017 жеке чарба, 2 фермердик чарба калк тиричилигин камсыздап келе жатат. Өкмөттүк эмес каржылык уюмдардын каражатын долбоорлор аркылуу өндүрүп алышкан айыл округунун ишкерлери мончо, ФАП, навайкана, балдар бакчалары сыяктуу объектилерди куруп алышкан, эскилерин ремонттошкон. Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарынын эрдиктерин түбөлүк даңктоо максатында жергиликтүү бюджеттин каражатынан 200 миң сом жумшалып, эстелик курушкан. Айрыкча күздүк тоңдурма айдоону салтка айландырышкан.
Айыл округунун башчысынын наамына күн сайын 4-5 арыз айыл тургундарынан келип түшүп турат. Алар негизинен жеке турак-жай куруу үчүн участка суроо, үлүш жер, ФПСтен аренда, социалдык жардам суроо мазмунунда болот. Арыздардын бардыгы мыйзамдуу иликтенип, мүмкүнчүлүккө ылайык канааттандырылат. Материалдык жардам сурагандардын арыздары 15 күндөн кечиктирилбей чечилет.

Ак-Там, Жапасалды, Кызыл-Ата
Мырзапар Мамбетов Ала-Бука районундагы Ак-Там айыл округунун башчысы. Бул айыл округунун курамына аты айтып тургандай Ак-Там, Жапасалды, Кызыл-Ата айылдары бириктирилген. Ак-Там айыл өкмөтү болуп бул округ деле айыл өкмөттөрү деген институт 1996-жылы март айында алгач уюшулган күндөн түзүлгөн. Ак-Там райондун күн чыгыш ыптасынан орун алган. Өзбекстан менен босоголош чектешип турат. Айыл округунун аянты 267 миң квадрат чакырым. Айыл округунда бардыгы болуп 8895 адам жашайт. 2015 түтүн эл бар. Айылдык кеңешке 15 депутат шайлап алышты. Октябрь айындагы шайлоодо Ак-Там айылынан - 7, Жапасалдыдан - 4, Кызыл-Атадан - 4 депутат өтүп, айылдык кеңештин курамын толукташты. Айыл округундагы калктын эркектери - 4532, аялдары - 4363. Негизинен кыргыз, орус, татар, өзбектер жашашат. Алардын негизги тиричилиги мал чарбачылыгы жана жер иштетүүгө негизделген. Айыл округунда социалдык-маданий объектилердин бардыгы бар.
Дүйнө жүзүндө болуп жаткан миграциялык агым Актамдыктарды деле каптап турат. 2008-жылдын 1-январына чейин бул айыл округунун 445 жаш жараны паспорт алышкан. Анан эле башка жактан жакшы турмуш, жумуш издешип, алардын дагы 118 жараны чет жактарга кетип калышты. Кантип кала бер демек элек... Анын үстүнө бул жаңылык деле эмес да.
2008-жылдын аба-ырайынын шарты абдан катаал болду. Антсе да айыл округунун түпкүлүктүү калкы жерди, сууну билгичтик менен пайдаланып, чарбалык кризиске жол беришкен жок. Мурдагы жылы Ала-Бука району областтын өтмө кызыл туусун жеңип алса, Ак-Тамдыктар райондогу айыл өкмөттөрү арасында социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча биринчи орунду жеңип алышкан. Айыл өкмөт башчысы "Жылдын мыкты айыл өкмөт башчысы" телесынагында экинчи орунду алган. Өткөн октябрь айындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо айыл кеңешине 15 депутат шайланды. Депутаттык курамдан 3 аял бар. Кеңештин төрагасы болуп депутат Э.Бешебаева шайланды.
Ак-Тамдыктар 1210 гектар күздүк айдоо аянтын толугу менен өз мөөнөтүндө эле бүтүрүп коюшкан. ГСМ жетиштүү болду. 29 дөңгөлөктүү, 4 каз тамандуу, 2 даана "Т-150" маркалуу тракторлору бар. М.Эргешов атындагы мектепти альтернативалуу жылытуу системасына өткөрүү үчүн 3млн 550миң сомдук жумуштар аткарылды. Буга АСТЕD, ГЭФ уюмдарына долбоор даярдап тапшырылып, күндүн энергиясы менен жылытуу маселеси каралган.
Аймактын коомдук ички тартибин көзөмөлдөө боюнча "Коомдук алдын алуу борбору" - ОПЦ уюштурулган. Жаштар комитети, Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши туруктуу иштейт. Айыл округунда "Ак жол" партиясынын 364 мүчөсү жогорудагы уюмдар менен биргеликте иш алып барышат. Айыл башчылардын кааналары уюштурулган. Маалымат борбору иштейт. Борбордук айылдарда калк жыш жайгашкандыктан көчөлөргө ат коюу маселеси келип чыкты. 3000 адам жашаган Ак-Там айылында 25 көчө бар. Аларга ысымдар коюлуп, үйлөргө номерлер берилип жатат. Мектептердин ремонтуна 491800 сом жумшалган. Айыл округундагы 285 башталгыч класс окуучуларына шашке тамагын берүү мыкты сапатта уюшулган. Мектеп ашпоздоруна айыл өкмөтү тарабынан 1000 сомдон айлык акы төлөп берүү проблемасы да чечилген.
Өткөн жылдын буудай орумунун түшүмү арбын болду. 1172 гектар будай аянтынан 34918 тонна дан бастырылып, түшүмдүүлүк 29,8 центнерге жеткен. Аймактын тургундары өз айылдарында жеке бизнес жүргүзүү үчүн курулушка, турмуш-тиричиликке зарыл болгон түйүндүн чакан үлгүлөрүн толук куруп алышкан. Элдин бардык жумуштары айылдан алыс чыкпай эле бүткөрүлө берүүсүнө шарттар түзүлгөн.
Жергиликтүү бюджеттин, категориалдык гранттын каражаттары менен эмгек акыларга, социалдык фондго төлөмдөр толугу менен ишке ашырылып жатат. Эмгек акылар ай сайын үзгүлтүксүз берилип турат. Өткөн жыл аралыгында каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 23 миллион сомго жакын курулуш-монтаждоо жана ремонттоо иштери аткарылды. Анын ичинен республикалык бюджеттен 490 миң 600 сом, жергиликтүү бюджеттен 873 миң 200 сом иштетилген. Жогорудагы жалпы суммага МЧС, Жалал-Абад ААК, АБР, стим.грант уюмдарынын миллиондогон каражаттары кирешеленген. Жыл ичинде айыл округунун тургундары 900 чарчы метр болгон жеке турак жайларды курушту. Азыркы күндө калкты таза суу менен камсыз кылуунун элдик чаралары уюштурулуп жатат. ДРА, ЧАЭС, УАМС ардагерлерине өз убагында көмөк көрсөтүү салтка айланган. Мындай багыттагы жардамдардын көлөмү айыл өкмөтү боюнча жыл аралыгында 205 миң сомго таяды.

Коомдук ишмердин ысымындагы айыл округунда
Ала-Бука районунан чыккан коомдук ишмер Т.Балтагуловдун ысмын алып жүргөн айыл округун Орозбаев Абдыкул Дуулатович башкарат. Бул айылдык округ да түштүк тарабынан Өзбекстан менен бир тилкеде чектешет. Айыл округу Баймак, Кашкалак, Келте, Кош-Алмурут, Кош-Терек, Ызар деген алты айылды бириктирип турат. 2648 түтүн элден куралган айыл округунда 11660 адам жашайт. Айылдык кеңешинин курамы 15 депутаттан түзүлгөн. Бул округда 5603 эркектер, 5811 аялдар бар. Сексен пайызга жакын калкы кыргыздар. Башка дагы өзбек, орус, дунган, уйгур, татар, казак, тажик улуттарынын өкүлдөрү да отурукташкан.
Мал чарбачылыгы, дыйканчылык, тейлөө кызматтарынын бардык түрүнөн алар да куру кол эмес. Айылдык округдун ички жолдорунун 24 пайызы жакшы деген баага татырлык абалда. Орто баага татыган автожолдорду оңдоо, жакшыртуу маселеси кылымдын түйшүгү болуп жатпайбы. Мындай проблема бул айылдык округда да арбын. Ички жолдорунун 45 пайызы начар абалда экен. Антсе да мүмкүнчүлүккө жараша, аба ырайынын жылуу, кургак учурларында ички жол каттамдарын оңдоп алууга аракеттер жүрүп жатыптыр.
Айыл округунун аймагында 1967-жылдан 2006-жылга чейинки мезгилдерде 5 көпүрө курулуптур. Азыр Кош-Терек айылынан башка жерлердеги бардык көпүрөлөрү жакшы абалда. Кош-Теректин көпүрөсү капиталдык ремонтко муктаж.
12 чакырым аралыкты туташтырган суу түтүктөрү бар. Алар 1974-76-жылдарда курулган. Бирок, бүгүнкү күндө бул суу түтүктөрүнүн 50 пайызы жарактан чыгып калыптыр. Аларды азыркы ыңгайга ылайык жаңылоонун лаажысын А.Орозбаевдин администрациясы иликтеп, практикалык иштерди уюштуруп жаткан учуру.
Балтагуловдуктар кышкы жылытуу системасынын 37 пайызын электр энергиясынан пайдаланышат. Турак-жайлар менен социалдык объектилердин 41 пайызы көмүр менен жылытылса, 22 пайызына жыгач отуну пайдаланылат. Өлкөнүн бардык аймагынын калкы сыяктуу бул айылдык округда да эмгекке жарамдуу жарандардын миграциялык эмгек агымы тынымсыз жүрүп турат. Бирок, соңку жылы эмгек мигранттыгына кетүүчүлөрдүн саны абдан кыскарган. Бул болсо айыл округундагы калк өз жеринде эле турмуш-тиричилигин жакшыртууга арбын киреше таба баштагандыгын айгинелейт. Демек, айыл округунда коомдук пайдалуу эмгек мыкты уюштурула баштады.
Айыл өкмөтүнүн келечектүү мерчемине караганда калкты таза суу, агын суу менен толук камсыздоо маселеси 2009-2010-жылдар аралыгында чечилүүсүнө мүмкүнчүлүктөр жаратылып жатат. Дегеле, Ала-Букалыктар мамлекеттик кызматты сөөлөт күтүү катары караган адамдарды жактырышпайт. Бул өрөөндүн калкынын психологиясы ушундай.
Ал эми Балтагулов айылдык кеңешинин аймагынын кирешелери 2007-жылдын соңунда 13174.1 сомду түзгөн. Буга кирешенин өздүк булактарынан, республикалык бюджеттен бөлүнгөн кирешелер, гранттык жана башка киреше булактарынан түшкөн каржылар кирет.
Алар келерки жылдын нан азыгы арбын болсун үчүн күздүк буудай себүү аянтын 1350 гектарга чейин кеңейтишти. Бул мурдагы жылдарга караганда 400 гектарга көп. Округда өкмөттүк эмес каржылоочу уюмдардын программалык долбоорлорун билгичтик менен пайдалануу иши да жакшы жолго коюлган.
Ишиңиздер илгерилеп, Сиздердин жергеңиздерге дагы да кут-береке кире берсин, Уй жылын утурлаган урматтуу Ала-Букалыктар!

Чынара Расулжан кызы,
гезиттин өз кабарчысы











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!