Элеттеги турмушту оңойлучу!

Кызыл - Булакты өргө тарткандар
Көтөрмө айылдык округдун башчысы Махмуд Токторов
Азыркы тапта биз телеэкрандан, радиодон же гезит беттеринен айыл-кыштактарыбызга "сүт көл, май көл болуп жатат" деп канчалык даңазалабайлы, чыныгы абал татаал бойдон калууда. Балким чоңдорубуз четки аймактарга аз катташат чыгаар. Балким айылдык округдун башчылары жогору тарапка туура эмес маалыматтарды беришип, курулай убадалар менен оозандырышар. Мына жөнөкөй эле мисалдар, электр жарыгы өчүрүлбөйт деп Президент өзү жарыя кылды эле, суткасына он беш сааттай өчүрүлүп эле келе жатат. Өкмөт башчысы "Айылдагы калктын баары отун-көмүр менен камсыз болду", - деп божурады эле, кыштактарда морунан түтүн чыккан тамдар саналуу гана. Кадамжайда бир тонна көмүрдүн баасы жети миң сомду чапчып отурат. Ал эми пенсионерлердин алганы миң сомдон араң ашат. Тезек даярдаганга бодо мал аз. Ырасында элеттиктердин басымдуу бөлүгү башкаруу системинде, бөтөнчө укук коргоо органдарында коррупция күч алып, артыкбаш кызматкерлер көп экенин, бийлик алсырап баратканын айтып эле жүрүшөт.
Биз ЮСАИД каржылаган Урбан институтунун аныктоосунда республикабызда эң мыкты деп табылган Кадамжай районундагы Көтөрмө айылдык округунун башчысы Махмуд Токторовду кепке тарттык.


- Махмуд Токторович! Силердин аймак башкалардан эмнеси менен өзгөчөлөнүп турат?
- Биздин айыл-кыштактар айтылуу ыйык жер Шаймердендин атеребинде, Ак-Суунун алабында, абасы салкын жерде жайгашкан. Союз учурунда атагы таш жарган Дугаба алпинисттик лагери, Көл-Кутман, асма жолу, Орон-Терек, Машалаң, Кара-Шоро өңдүү керемет жерлер округубуздун ичинде. Бекеринен Кызыл-Булакка кургак учук ооруларын айыктыруучу санаторий курулбаса керек. Салкын жергебиздеги алман малинанын, теректин баркын билгендер арбын.
- Жер шартыңар кандай?
- Жалпы жер аянты 65 522 гектар. Анын ичинен айыл чарбасына жарактуусу 17 560 гектар. Мунун 1 351 гектары гана айдоо аянттары. 2004 кожолукта 8 700дөн ашык калк бар. Агрардык реформанын доорунда үлүшкө 3-4 сотыхтан гана жер ажыратылган. Кайра бөлүштүрүү фондунун жери - 691 гектар. Суунун башында болгонубуз менен эгилчү жерлердин басымдуу бөлүгү кайрактан. Маселен, Тамаша айылындагы эл жайкысын кезектешип, эки айда бир ирет гана сааттап сугарышат. Шаркырап, тынымсыз агып жаткан дарыянын пайдасын өзбек ашыналар гана көрүп жатышат.
- Мен билгенден силерде Өзбекстанга бир табак палоого алмашылып кеткен Шаймерден анклавы бар. 6 500 калк отурукташкан бул жерди Кыргызстанга кайра алуунун мүмкүндүгү барбы?
- Миңдеген жердештерибиздин жүрөгүн өйүгөн эң оор маселени козгодуңуз. Биз дыкаттык менен иликтеп көрсөк, өзбек агаиндер бир айыл округундай калкы бар курорттук аймакты эч кандай документи жок эле, "өзүн өзү билип, басып алышкан" экен. Эки өлкөнүн ортосундагы достуктун түбөлүктүүлүгү кагаз жүзүндө гана калып, иш жүзүндө кырдаал бир топ татаал. Алигиче Кыргыз Өкмөтү чек араларыбызды тактап чыга элек. Акырындап жылып ээлөө кошуналардын зордугуна чекит коюп, алар менен теңата сүйлөшчү мезгил эбак эле келип жеткен.
- Баса, бир участканы өзбектерден тартып алышыптыр деп уктум эле?
- Биз тартып алганыбыз жок. Болгону адилеттүүлүктү орноттук. Жалпысынан 30 гектар сугат жерди Өзбек Республикасынын атуулдары өз алдынча эгип жүрүшкөндүктөн, алынып, айылдык округдун балансына өткөрүлдү. Азыр ал аймак жерге муктаж жана бей-бечараларга ижарага бөлүнүп берилди. Мындай кайра кайтарылчу, талашка түшкөн жерлер дагы эле көп. Мамлекеттик дотацияда турган биздин округ үчүн 30 гектар жердин мааниси өтө зор.
- Мамлекеттин мойнунда турган соң каражат жагы аябай тартыш болсо керек. Абалдан кантип чыгып жатасыңар?
- Биз негизинен эл аралык каржы уюмдары менен жигердүү кызматташып келебиз. Элдин үчтөн эки бөлүгү жакыр деп аныкталган. Баары биригип 16 донордук уюм менен алака түзүп алдык. Айрым долбоорлорго токтоло кетейин: Урбан институту маалымат борборун ачууга жана компьютер менен эмеректерди алууга 300 миң сом бөлдү.
Өткөн жылдын 23-июль күнү Ак-Суу дарыясы нөшөрлөгөн жаандан соң ташкындап, сел жүрүп 8 көпүрөнү алып кеткен болчу. ПРООНдун көмөгү менен эки унаа өтчү жана үч жүргүнчүлөр өтчү көпүрө кайрадан курулуп бүткөрүлдү. Алсак, Күнгөй-Теректеги көпүрөгө 240 миң, Кайрагачтагыга 160 миң сом ажыратылды. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Мамыржан Абдуллаев жетектеген жаштар тобунун демилгеси менен Кызыл-Булакта кургак учук ооруканасын айланып өтчү жаңы көпүрө кыска мөөнөттө жана жогорку сапатта бүткөрүлдү.
Көтөрмө фельдшердик-акушердик пункту да Урбан институттун 45 миң сомдук төтөпулун утуп алып оңдолду.
Мындан сырткары ички өстөндөрдү оңдоо, жолдорду иретке келтирүү, сел алган жерлерди калыбына келтирүү жана социалдык тармак боюнча бардыгы биригип 114 млн сомдон ашык инвестиция тартылды. Бул чакан округубуз үчүн дурус көрсөткүч деп эсептейбиз.
- Жайкысын жериңерди чегиртке каптап, бир топ шаштырды көрүнөт?
- Ооба, тоо койнундагы Тамаша айылында зыяндуу чегиртке 3 600 гектар жердеги эгинди, чөптү талкалап кетти. Бул аянттар жана элдин 50 гектар участкасы дарыланып тазаланды.
- Илгертен Түштүктө карапайым элдин рухун көтөргөн, элди ымалага чакырган ашар ыкмасы болчу эле? Ал кайра жанданып жатабы?
- Мурда ашар десе кошуна-колоң, тууган-урук өз ыктыяры менен чогула калып, дубал уруп, пайдубал түптөп же чатырын жаап калчу эле. Шүгүрчүлүк, аталардын мындай салты бүгүн да татыктуу түрдө улантылууда. Бөтөнчө өстөндөрдү тазалоодо, сайдын жээктерин бекемдөөдө айылдаштарымдын кайратмандыгын көрүп аябай ыраазы болдум. Жалпысынан 530дай адам эки жарым чакырым жээкти оңдоодо 1,5 млн сомдук жумушту аткарды. Тамашада 500 кожолук суу иччү чоң арык Өкмөттөн тиленип отурбай эле өз күчтөрү менен тазаланды. Менимче, элдин рухун көтөргөн мындай демилге улантыла бергени оң.
- Мына азык-түлүк коопсуздугун сактоо керек деп жатабыз. Айтыңызчы быйыл силерде канча продукту өндүрүлдү? Ал элге жетеби?
- Жыл башынан бери 620 тонна эт, 2 200 тонна сүт, 16 тонна жүн жана 70 гектардан жүгөрү даны, ошончо эле картошка өндүрүлдү. Негизинен алманын жылы болду. Эми данга болгон таңкыстыкты ошолорду сатып же айырбаштап толуктайбыз деп турабыз. Жай кургакчыл келип, мал чарбасына залакасын тийгизди. Кыштан аман-эсен алып чыгууга тоют жетишсиз.
- Кыш башталып калды, камылга кандай?
- Дурус эле деп ойлойм. Ак-Жерде көмүр сатчу база ачылды. Мектептерге 42 тонна, ооруканаларга 12 тонна таш көмүр жеткирилген. Ал эми калк үчүн 490 тонна көмүр акырындап ташылып жатат. Эл мүмкүнчүлүгүнө жараша сатып алууда.
- Тез эле жылдар тогошуп, жаз да келет. Жазгы талаачылык жумуштарына даярдык барбы?
- Бар. 175 гектарга күздүк себилди. Келерки жыл үчүн кылкандуу дандын 7 тонна үрөнү, 21 тонна минералдык жер семирткич жана 5 тонна дизель майы белен турат.
- Келечекке кандай пландар бар? Карапайым элдин турмушу качан оңолот?
- Элдин турмушу акырындап оңоло баштады деп эсептейм. Муну калк минген автомашиналардан, салып жаткан заңгыраган тамдарынан, кийген кийимдеринен, өткөрүп жаткан тойлорунан да даана байкоого болот. Эми түйүндүү маселелер кимде гана жок дейсиз. Болочокто жаңы жерлерди өздөштүрүп, суу чыгарып, элдин көйгөйүн чечүү биринчи планда турат. Жакында жергебизде Молдо Нияз атындагы сууну пайдалануучулар бирикмеси түзүлүп, калктан 480 миң сом жыйналып, 70 млн сомдук чет элдик инвестиция тартылып, жаңы өстөн салынып, ондогон гектар дың жерлер өздөштүрүлгөнү турат. Өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгондуктан ушинтип ар кандай долбоорлорду жазып, эл аралык каржы уюмдары менен байланышып, заманга жараша жаңыча иштөөнү жана жашоону өздөштүрүп жатабыз. Кудай кааласа эл ичинде ынтымак-ырашкерлик, биримдик болуп, жараткан табигый кырсыктардан сактап турса, биздин көчөдө да майрам болчу күндөр алыс эмес.
Туура, айылдык округдун башчысынын жигердүү аракетинин акыбетинде көптөгөн оозго аларлык иштер жүргүзүлүүдө. Муну айылдыктар да баамдашууда

Адылжан Жажанов,
"Айыл өкмөтүнүн"
Баткен дубаны боюнча
өз кабарчысы











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!