Лауреаттар бизде мейманда

"Элдин үмүт-тилеги акталса дейм"
Республикалык коомдук-саясый "Айыл өкмөтү" гезитинин "Жаңы кылым жаратманы" номинациясынын лауреаты,
Аксы районундагы Жаңы-Жол айылдык округунун башчысы
Райымбеков Керимжан менен маек
- "Жылдын жаманы жок" дегендей өткөн жылды кандай жыйынтыктап алдыңар?
- 2008-жыл биздин айылдык округ үчүн эң эсте кала турган жыл болду. Ал эмнеси менен айырмаланды? Элибиз Аксы районунун 80 жылдык маарекесин белгиледи. Бул маарекени белгилөөнүн алдында иш планыбызды кабыл алганбыз. Кайсыл көрсөткүчтөргө көңүл бурабыз, социалдык, чарбалык маселелер туурасында да жылдын башында эле тактап алганбыз. Райондогу 12 айылдык округ биргеликте 80 жылдык маарекеге карата 8 социалдык объектини куралык деп чечкенбиз. Аларды ишке ашырууда жакшы ийгиликтер болду.
Демөөрчүлөрдү, мамлекеттик эмес уюмдарды, донорлорду издеп табуу менен 8 объектини куруп алдык. Кой-Таш айылындагы 1954-жылы салынган 10 жылдык эски мектебибиз бар эле ошону 2002-жылы салып баштап, 2008-жылы жогорудагыдай гранттардын жардамы менен 192 орунду заманбап мектебин куруп ишке киргиздик. Бул ошол жердеги айыл үчүн чоң имарат болуп калды. Андан кийин каржы министринин жардамы менен түрткү берүүчү төтөпулдардын жардамы аркылуу спорттук залыбызды салып алдык. Ал эми АРИС программасынын жардамы менен ошол эле Кой-Таш айылыбызга чакан устакана ачтык.
- Бардык нерсенин ак карасы болот эмеспи, анын сыңарындай аткарылбай калган да иштериңер болсо керек?
- Аткарылбай калган да иштерибиз бар. Себеби биздин айылдык округдун үлүшүндөгү жерибиз аз, ал эми кээ бир айылдык округдарда фонддун жерлери бар. Борборго келип бул келишимдин негизинде маданият министирлигине, каржы министирлигине да кайрылдым, ишти карап чыгып чечип беришсе, ушул жылы маданият үйүн бүтүрүп алабыз деген ойдомун. Жогорудагы министирликтер да жардам беребиз деп убада кылышууда. "Таза суу" программабыз ишке ашпай, көп түйшөлтүүдө. Кой-Таш айылында 2007-жылы чоң сел жүргөн, ошондо 2 метр сайды жууп кеткен эле ошонун кесепетинен азыр деле мурдагыдай суу келет, бирок айылдын үчтөн бир бөлүгүн гана камсыздап, калганы сиңип кетүүдө. Көбүнчө үй тиричилиги менен алек болгон жаш кыздар-балдар, келин-кесектерге кыйын эле болууда. Айылдан 2-3 чакырым алыс жерлерге жөө барышат, машинасы барлары машина менен барып суу ташышууда. Биз тараптан болсо баштапкы уюмду түзүп, "Таза суу" программасынын 5 пайыздык өздүк салымын да топтоп койгонбуз.
- Жаңырган жаңы жылда элиңизге жалпы журтуңузга кандай каалоо тилегиңиз бар?
- Эми өткөн жыл кургакчыл болгондуктан бир аз кыйынчылыктарды жаратпадыбы. Саясый жактан, экономикалык жактан туруктуулук болгон үчүн Кыргызстанда деги эле район, айылдык округдарда карама-каршылык болбогондуктан жакшы жетишкендиктер болду. Мына ушундан улам жаңырган жаңы жылда жалаң ийгиликтерди, жакшылыктарды, биримдикти каалар элем. Жалпы кыргыз элинде тынччылык болсун, элдин үмүт-тилеги акталса деп тилейм.
- Маегиңизге чоң ыракмат!

Баарлашкан:
Кундуз ИСМАИЛОВА




 "Негизги киреше булактарыбыз бар"

Республикалык коомдук саясый "Айыл өкмөтү" гезитинин "Жаңы кылым жаратманы" номинациясынын лауреаты, Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылдык округунун башчысы Андашев Турдубек
Темиркулович менен маек
- Өткөн жылдагы ийгиликтериңер туурасында айта кетсеңиз?
- 2008- жыл биздин Нурманбет айыл округу боюнча атап айтсак, бир топ эле жакшы иштерди жасап алдык. Эң оболусу мурдагы жылдарга салыштырмалуу айылдык бюджеттин толушу жакшы болду. Мисалы, 2008-жылы жалпы жыйымдардын планы 134%га аткарылды тагыраак айтканда киреше 1 млн сомго жакын көбүрөөк дегенди түшүндүрөт. Мына ушундай жакшы көрсөткүчтөрүбүздү айтуу менен айылда негизги биздин милдетибиз болгон айыл тургундарыбыздын жашоо шартын оңдоо, анын ичинен өтө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча аткарган иштерди айта кетсек. Алсак жылдык бюджеттин эсебинен туберкулез оорусу менен ооруган 17 үй- бүлөгө дээрлик 75 миң сом өлчөмүндө жардам берилди. Мындан тышкары көчөлөрдү оңдоо, аларга жарык берүү чоң маселе. Себеби ооруган адамга да тез жардам кызматын чакыртсаң эч коркпостон келе беришет. Кары картаң болобу же жумушунан кеч калган адам болсо коркпостон үйлөрүнө кайтууга ыңгайлуу. Жалпысынан 61миң сомго жол оңдолду. Мындан тышкары кредит маселеси да жакшы жолго коюлган. 153 үй-бүлөгө төрт жарым миллионго жакын кредит алынып берилди. Бул жагдай элдин жашоосуна абдан чоң өбөлгө болду десем жаңылышпайм. Өтө эле жакыр делген үч үй-бүлөгө жардам иреетинде кредиттик союздан 156миң сом алып бердик. Ошонун ичинен 75 миң сомдон эки үй-бүлө үй сатып алышты, бир үй-бүлө саан уй сатып алды. Карамагыбызда эки орто мектеп, бир оорукана, бир ФАП эки клуб бар. Буларга байма бай каралашып, электр жарыгынын карызын да төлөп бердик.

- Эл чарбаңыздардын негизги киреше булактары эмнеде?
- Айыл чарбабызда негизги киреше берүүчү булак бул- кылкандуу дан эгиндерин айдоо болуп эсептелинет. Былтыр 2520 гектар жерге кылкандуу дан эгиндер себилип орточо эсеп менен ар 1гектарына 21,5 центнерден түшүм алдык. Жалпысынан 54 миң тонна накталай дан алынды, ал ар бир үй-бүлөгө 1тоннадан айланды. Мындан тышкары жүгөрү айдалып, ал дагы жакшы түшүмүн берди. Эми дыйкандарыбыз акыры үч төрт жылдын ичинде көп жылдык чөп айдоого көңүлдөнүшүүдө. Биз да чөп айдалуучу жерлердин аянтын кеңейтүүнү кароодобуз. Азыр базарда бир түк чөп 130 сом турат. Мына ошону менен дыйкандарыбыз салыктарды өз убактарында төлөшүп, жашоо шарттары оңолууда. Күзүндө 1000 гектар жерге күздүк айдалган эми жаз алды менен дагы бир 1000 гектар жерге жаздык айдоону ишке ашыралы деп турабыз.

- Кирешелүү тармактарыңыздар кайсылар?
- Эң чоң кирешелүү тармагыбыз- мал чарбачылыгы. Анын ичинде саан уйлардын сүтүн алуу болуп эсептелет. Кара малдын саны эки жарым миңге жетти, мунун ичинен 1400 гө жакын саан уй бар. Токмоктогу сүт алуучу заводдун филиалы ачылган ошол жакка элдин уйларынын сүтү кабыл алынат.

- Кооперативдештирүүнү колдоочулар барбы?
- Биз эл менен тыкыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз майда дыйкан чарбаларды ирилештирүү боюнча. Бүгүнкү күндө үч айыл чарба кооперативи түзүлдү. Быйылкы жаңы жылда дагы үч- төрт кооперативди түзүп алууну болжолдоштуруудабыз.

- Таза-суу коопсуздугу сиздерде кандай?
- Тоо этегиндеги булактардан алып келип айылды суу менен камсыз кылабыз. Өзүбүз болсо таза-суу долбоорунда барбыз, ал боюнча иш алып баруудабыз. Быйыл же эмдиги жылдары башкы суу чыккан жерлерибизди оңдоп алабыз. Жалпысынан таза-суу биздин айылда жаман эмес, дээрлик 45 км аралыктан булактын суусун алып келип элди камсыз кылабыз.
Маектешкен:
Рейна ДОСАЛИЕВА




  Кыз өссө - элдин көркү,
Гүл өссө - жердин көркү

Эңсегенине жеткен кыз
Жаш кезинен жан дүйнөсү музыкага жакын Назгүл тырмактай кезинен ырдоону эңсечү. Кожо-Ата суусун өрдөп, Сары-Челек көлүн бойлоп, Аркыт тоосунун аркар, кулжа, кийик жүгүргөн аскаларынын ажайып кооз жаратылышына суктанып, шылдыр үн салган тунук булак суусунан кумары канганча ичип, кайгы-капасыз жетилди. Жаратылышынан жан дүйнөсүнө сулуулук уялап, кооздук, назиктик - ай чырайлуу, нур жүздүү келбетине жарашып, ырдаса торгой таңшып жаткандай, мукам үнү уккан адамдын кулагына жагып, жагымдуу маанай тартуулап, Сакеева Назгүл "YЛГY таңшыйт" тобунун солисткасы катарында жалпы журтубузга таанылып келүүдө.
Назгулдун келечеги кең, буйруса ырчылыкта орчундуу, омоктуу жеңиштерге жетип, элибиздин урматына бөлөнгөн, кыргыздын ырчы кыздарынан болот деген чоң ишеним бар. Максаты: "YЛГY таншыйт" тобун жумурай журтубузга таанытуу. Торгой үнүң таңшый берсин Назгул.

Таңсулуу, Таңсулуудан ким сулуу?
"Саяпкери болбосо, тобурчак топко кошулбайт" деген макал төгүндөн эместир. Айыл жаштарынын талантын ачып, таптоодо "YЛГY" бирикмесинин жетекчиси Дооранов Мырзабайдын мээнети чоң. Жаш таланттарды колдоо максатында "YЛГY таңшыйт" тобун түзүп, аны аздектеп, такшалтып, таптап келет. Таптоого тандалып алынган таланттардын арасында, "YЛГY таңшыйт" тобунун кенжеси, эң сулуу, эң назик, келечегинен көптү үмүттөндүргөн, Аксыдагы Бөкөнбаев орто мектебинде 6-класста окуп жаткан Дүйшөкул кызы Таңсулуу жөнүндө азын оолак кеп козгосок. Атына заты жарашкан Таңсулуу жаш болсо да жаратылышынан жөнөкөй, шайыр, ак көңүл, таланттуу, максаттуу кыз. Ал үн сала кубулжуган ырын созолонто ырдаганда угуучулар чарчоодон, алсыздануудан, капалыктан арылып, алардын ички сезимдерине кубаныч алып келет. Таңсулуу бармактайынан топто солистка болуп иштеп калды. Ал 112 концертте ырдап, ролдорду аткарган тажырыйбалуу солистка. Жаштыгына карабай, бой жеткен кыздын образын жеткире аткарган мыкты актриса. Таңсулуунун Аксынын даңкын алыска чыгарган, таланты таш жарган, кыргыздын белгилүү ырчы кызы болуусуна ишенебиз.

Насыйкат Абдираимова,
Аксы районундагы
СПИДге каршы борборунун
Директору




  Күжүрмөндүн-күчү асыл

Иштерман фермер - Тогуз-Тородо
Чекиев Бешкемпир 1939-жылы Кыргыз ССРинин Нарын облусундагы Тогуз-Торо районунун Ленин айылындагы колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Билими жогорку, Совет мезгилинен эгемендүүлүктү алган күнгө чейин КПССтин катарында болгон. Эмгек жолун 1957-жылы Казарман орто мектебин бүтүргөндөн кийин Ленин колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1962-жылдан 1966-жылга чейин ошол эле колхоздо бухгалтер,1967- жылы партиянын Тогуз-Торо райондук комитетинин экинчи катчысы, андан 1970-жылга чейин райондук "Жеңиш Туусу" гезитинин бөлүм башчысы, 1970-1973-жылдары партиянын райкомунда инспектор, бөлүм башчылык кызматтарда иштеп жүрүп, Москва шаарындагы КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы жогорку партиялык мектепти сырттан окуп бүтүрүүгө үлгүргөн. Жалаң гана эли үчүн эмгектенип келгенине карабастан дагы да болсо өзүнөн кийинкилерге үлгү катары көптөгөн иш аракеттерди көргөзүп, бүгүнкү күндө Тогуз-Торо районундагы эң алдыңкы фермерлердин бири. Союз таркагандан кийин менчиктештирип алган кашарында бала бакырасы менен тиричилик өткөрүп, өзүлөрү үчүн гана эмес элине да жардамын аябай келет. Үч уул, алты кызы, жыйырма төрт небереси бар. Байбичеси Тоту апа экөөнүн балдарынын төрүндө неберелеринин бал тилине чөмүлүп олтурган чактары экен. Биз карыяны сөзгө тарттык.
- Союз таркагандан кийин эле бөлүнүп кеткен төрт түлүктү сиздер кантип алып калдыңыздар?
- Союз тарагандан кийин эле мал чарбасы менен алек болуп калдым. "Алма -Бак" дыйкан чарбасына 175 түтүн кирчү. Ошондон ар кимиси бөлүнүп кетип олтуруп биздин үй бүлө калганбыз. Колубузда 84 баш майда мал калган. Азыркы күндө 120 баш майда, 35 баш ири мүйүздүү, 21 баш жылкыбыз бар, өзүбүздүн алыбызга жараша багуудабыз. Ал эми талаачылыкта жеке өзүмдү эмгекчил дыйкан катары эсептейм. Тогуз-Торонун шартына ылайык көп жылдык чөп эгебиз, жылына үч жолудан чабабыз өзүбүздүн турпаттагы малга жетет. Жогорудагы малдын саны быйылкы жылдын эсеби 200гө чыгып, андан ашкан да учурлар болот. Быйыл кургакчылык болбодубу ага карабай 12 машина чөптү эндей, 250 түк кылып жыйнап алдык.
- Малдын саны жылына көбөйөт эмеспи, тирүүлөй сатасыздарбы же союппу?
- Ар кандай учурлар болот, бир уулум атайы базар жаатын жакшы өздөштүргөндүктөн тирүүлөй да союп да сатып калат. Айыл ичи богон соң бей бечераларга союп этин таратып калабыз, жардамыбызды аябай эле келебиз.
- Мал баккандын башында ким турат сизби же балдарыңызбы?
- Малды негизинен өзүм эле багам,тоютка балдарым жардам берет. Малды өстүрүш оңой, маселе тоютта. Ар бир баланын өзүнүн алган багыты бар, түйшүгү бар дегендей баардыгын таштап коюп мага кел деген да туура болбойт. Жайкысын тийиштүү адамдарга малды бактырабыз. Мисалы айлыгы, ичкен жегени бекер, уйду саап сүтүн ичет, кааласа сатат, үй бүлөсүн багат.
- Төө, топоз багуу жөнүндө ойлондуңуздар беле?
- Азырынча төө да, топоз да жок. Тогуз-Торонун жер шартына ылайык жакшы багылат, кызыккан адам болуп багыт алса болот.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар мал чарбасында?
- Жылкы баласын көбөйтсөмбү деп ойлоп жүрөм. Шартка ылайыктуу сүтү, кымызы абдан эле пайдалуу да. Ушул максаттарым келерки жылы ишке ашат го деп тилек кылам.
- Дыйкан чарбаңызга эмне жетпейт?
- Менимче жетпейт деп айтуудан алысмын. Өкмөт, жогору жак болобу биз үчүн абдан эле жакшы шарт түзүп берип жатышпайбы. Жерди берди, эми аны каалашыңча иштет, эмне айдасаң өзүң бил. Жерди жакшы иштете албай туруп жогору жакка, райондук мамлекеттик администрация башчысына, же айылдык округдун башчысына күнөөнү койуга менин акым жок. Баары жетет, эгер аны туура иштетип, туура пайдалана билсек эле. Союз тарап дыйкан чарбаларга бөлүнгөнү техникалардын деле эскилиги жетти көрүнөт. Райондо да кооператив маселеси айтылып атат, бирок эл ага көп ынанбагандай көрүнөт.

Маектешкен: Бейше АКМАТЖАН












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!