Жаңы китептин жакшысы экен

Эсимде. 1958-жыл. КМУда студент кезим. Сынчы Камбаралы Бобуловдун Чыңгыз Айтматовдун "Жамыйла" повести жөнүндө "Махабат баяны" деген адабий макаласы "Ала Тоо" журналына чыгып, түн уйкумдан безип окуган элем. Ооба, ал кезде түшүнүгүмдүн дүмбүл чагы...
Андан бери 58 жыл өттү. "Жамыйла да 58 куракта. Анын таза, тунук, чыныгы сүйүүсү 18 жаш бойдон калды. Кыргыздарга гана эмес, дүйнө жүзүнө үлгү болгон сүйүү. Ошол сүйүү жөнүндө не бир сонун шедевр сөздөр, орошон ойлор айтылды, айтылып жатат, айтыла берет.
Жакында эки жаштын (аты-жөндөрүн тим койдум) үйлөнүү үлпөтү болду. Жаштардын сүйүүгө сугарылган ыр-күлкүлөрү биринен сала экинчиси төгүлөт. Биз, төрт-беш карыя башка бөлмөдө олтурсак да жаштардын таң тамашалары, уккулуктуу ырлары дапдаана угулуп турду. Аңгыча бир жигит Данияр Жамыйласына арнап минтип ырдаган деп эле жөн элечи керемет ырдады. Биз, улгайгандар да жашара түштүк. Ошол ырдын текстин диктофондон көчүрүп берейин:
Кызыл гүлдөн кымтып алып көрктөнүп,
Кулпунасың жыпар төгүп, өрттөнүп.
Жаз жыттанат жазып ийсең чачыңды,
Жүз чайысаң суунун бети өрттөнүп.

Мас кылды го, олоң чачың кош өрүм,
Ойдо калар, унутулбайт ушул күн.
Элесиңди түндө жатсам кучактап,
Эртесинде гүл жыттанат төшөгүм...
Жакшы ырлар болсо эле Жамыйла менен Даниярдын дарегине ыйгарган жаштык демдин өзү не деген керемет.




  Акын, публицист
Аман Көчөрбай уулу:

"Шедевр Чыгармага сезимин кошкон Чынтемир акын"
Дал ушул Чыңгыз Айтматов калтырган өлбөс чыгарманы, өлбөс сүйүү, поэтикалык повестин поэзияга (ырга) айландырган бир акындын поэмасын окудум. Албетте, чыгарманын мазмуну, сюжети Чыңгыз Айтматовдуку, ал эми анын формасы, ыргагы, ритми, мууну, уйкашы ж.б. поэтикалык каражаттары журтчулугубузга белгилүү болуп калган, издемчил акын-жазуучу Чынтемир Аскаровдуку болуп жаткандыгында. Мазмунга төп келген форманы ыгы менен өз ордуна коё алган. Экөө тең чыгарманын күрөө кан тамырлары эмеспи. Максим Горький минтип жазган экен: "Бир нерсени жазуудан мурда мен өзүмө-өзүм алдын ала эки суроо берем: эмнени жазышым керек, аны кандай жазышым керек? Дал ушул эмнени жазарым - мазмун, кандай жазышым - форма. Экөө тең өтмө катар чырмалышып жазылат, чыгарманы өнөр деңгээлине жеткирет". Чынтемирдин чыгармасында экөө тең чырмалышып жазылган. Форма камырдай ийленген. Жана да кээ бирөөлөр сыяктуу кесмедей чубалжыткан эмес. Эң башкысы акындын поэтикалык варианты окумдуу, жеңил, элпек, найын аспектте көркөмдөлгөн. Бул поэманы бейиши Чыңгыз Айтматов окуса деле кадыресе ыраазы болмок.
Чынтемир Аскаров ким? Айыл ичиндеги жупуну инсан. Нан жыттанган дыйкан. Жупуну элдин турмушу менен жуурулушуп, биринчи Кудайды тааныган, экинчи элди тааныган иш билги. Журтчулукка төбөсү көрүнүп калган жазуучу. Жакында эле Бишкектен "Айылдын сонун кечтери" жана "Атаман уурулардын тагдыры" аттуу эки китеби окурмандардын колуна тийди. Андан мурда "Эне бактысы", "Ата Журт", "Сүйүү баяны", "Белгисиз кыздын махабаты" аттуу китептер жарыкка чыгып, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган эле.
Биз сөзгө тартып жаткан "Жамыйла" поэмасы "Айылдын сонун кечтери" поэтикалык китебинин бетачары. "Жамыйлага" удаалаш дагы үч поэма кол көтөрөт. Бир нече ыр топтомдору да дал ушул китебинен орун алган. Кыламык же киндиктен кийинки ырлар эмес. Минтип айтып жатканым бүгүнкү күндөрдө, өзгөчө

Эми жогоруда сөз баштап ниет кылган Чынтемир Аскаровдун "Жамыйласына" (бул жолу акындын бир гана "Жамыйласына" азын-оолак) көңүл бөлүүнү туура көрдүм. Себеби татыктуу чыгарманын мазмуну менен татыктуу поэзия жаратыш ар кимдин эле колунан келе бербейт эмеспи. Даяр мазмунга өзүнө ылайык форманы тандап, ага кан жүгүртө билүү билгендин гана колундагы иш. Адатта мазмундун ички дүйнөсүн аңтара ачып берүүчү көркөм каражаттарды издеп табуу кат-кат ой толгоолорду чакырат. Буга эрк-сезимдердин өжөрлүгү чарчадым дебеш зарыл.
"Жамыйла" Ч.Айтматовдун эң алгачкы жазуучулук триумфу - ийгилик-жетишкендиги. Калемгер Ч.Аскаров да триумфга бар болгон акыл-зээнин төшөөгө аракеттенген. Мухтар Шаханов айткандай: "Аузын ачса, жүрөгү көрүнөт" болгон. Дал ушул аракет-үмүтүнүн өзү эле жакшы жосун-тилек. "Баягы биздин Чынтемир, акын Чынтемир Чыңгыздын Союз убагында Ленин сыйлыгына татыктуу болгон "Жамыйласын" ыр түрүндө жазып чыгыптыр. Дурус жазган, азамат..." деген сөздөрдү угуштун өзү эле канчалык өр. Чебердик менен Сейиттин ордуна өзүн коюп, баралга жете элек баланын аруу-ачык ой жүгүртүүсүн Чыңгыз кара сөз поэзиясы менен чагылдырса, Чынтемир өз лирикасы менен көркөмдөй алган. Залкар жазуучунун ой-идеясын төкпөй-чачпай сактай билүү албетте оңой-олтоң иш эмес.
... Бул түнү ар кимибиз кыялдана,
Термелип келатабыз арабада.
Жамыйла үнүн созуп ырдай кетти,
Үргүлөп кеткен экем бул арада...
Жамыйла чыныгы сүйүү, чыныгы ашыктык деген эмне экенин, ошолорду издеп жүргөнүн кайталай берди. Данияр уюп угуп баратты, бирок эч сыр бербеди, күйшөлүп да койгон жок. Жамыйла аны: "О, байкуш, өлүксүң го...", - деп шылдыңга такады. Бетке чабар келин ого бетер тийишип:

Данияр, сен бирөөнү сүйдүң беле?
О, койчу, айткан менен түшүнбөссүң,
Кызыгын бул жашоонун сендей неме!
десе да Данияр айкөлдүгүнө таянып, жан дүйнөсүндө шыкалып туйлаган сүйүү сезимин, сүйүү арманын мындан мурда эч ким укпаган бир керемет укмуш абаз менен, мурда эч ким айтпаган сөөлөттүү сөздөр менен күтүлбөгөн жерден аска жаңыртты:
... Жүрөктө көп сыр бар кайнаган,
Үмүтсүз жашаган кайсы адам?
Күн сайын жүз ирээт көрсөм да,
Кыйбаймын жүзүңдү жайнаган...
(Жапар Өмирбеков)

Дал ушинтип бир түрмөк ырды ырдап койду да Данияр ошол замат
Аттарга ала-сала камчы уруп,
Жөнөдү арабаны удургутуп.
Жамыйла бир ордунан козголгон жок,
Таң калат Даниярдын ырын угуп.
Ичинен мына эми өкүнгөнсүйт,
Бир жолу койбогонго көңүл буруп.
Данияр Чоң-Капкадан чыга бериште ыйык сүйүүсүнүн ырын улантты. Бул саам анын үнү муңайым эмес, шаңдуу көкөлөп, аба жарды:
Мен элем элимди сагынган,
Тууган жер тузуна малынган.
Келемин, узак жол алдымда,
Махабат күтөмүн айылдан.
Ардагым сен, Жамыйла,
Жалжалым сен, Жамыйла!
Ашыгым сен,
Асылым сен,
Жан менен тең...
(Жапар Өмирбеков)

Калганын жеңем дагы сезбей калат,
Турганын Даниярга колун сунуп.
Данияр мунун баарын сезбей калып,
Атты айдап кете берди обон салып...




Аксыдан арноо катым бар,
Ак тилек, таттуу кантым бар
Мен Таштан Шамшидинов инимди бир эле жолу көргөнмүн. Кеңсесинде жылуу кабыл алып, максаттарын айтып, иштешели деген. Макул болгонмун. Ошондон бери коомдук кабарчы катары иштеп келем. Мен аз убакытта "Айыл өкмөтү" газетасын элдик кадыр барка жеткирип, элдин сүймөнчүлүгүнө арзыта алды деп эсептеймин. Эл сүйүп окуган газетага аздыр-көптүр салымымды кошуп, жардамдашып келе жатканыма курсантмын. Мына ушул газетаны негиздеп, бутуна тургузуп кеткенине, ага жүгүрүп жүрүп шарт түзүп, абройлуу газетага айландыра алганына кубанам. Бүгүн газета эки жашка, башкы редактор элүү жашка толуп олтуруптур. Урматтуу "Айыл өкмөт" газетасынын атасы, баланызды колунан бек кармап өстүрө бериңиз. Өзүңүзгө чың ден соолук, чыгармачылык чоң ийгиликтерди каалап Аксыдан жолдогон агаңдын чоң саламын кабыл алыңыз.

Келипсиң иним элүүгө,
Жолборстой турган керүүдө.
Кут, береке орносун,
Мөмөсү бышкан өмүргө.
Элине тийет пайдасы,
Берекеси төгүлсө.

Эр эртону элүү жаш,
Мындай элүүдөн дагы элүүнү аш.
Күч кубат толгон куракта,
Эңсенгендин баарын жаз.
Анткени гүлү ачылып,
Өмүрүң эми болду жаз.
Камкордук көрүп айылга,
Элиңе болдуң канатташ.
Газетандын убайын,
Көрүп жатат кары, жаш.
Жарды жалчы байкушка,
Мээримдүү болуп каралаш.
Анткени элдин ичинде,
Түрдүү адам аралаш.
"Айыл өкмөттү" жетелеп,
Дагы далай ашууну аш.

Азамат иним ишкерсиң,
Көптүгүн айтпа иштердин.
Максатка умтул дайыма,
Тилине кирбе иттердин.
Актагын өмүр барында,
Элиңдин сенден күткөнүн.
Таланттын куту өзүңдө,
Өмүрдүн көрүп үзүрүн,
Чыгармачылыкты түптөгүн.

Заманга шайкеш жашагын,
Ааламга кетсин атагың.
Өмүрлүү болгун иничек,
Мааниси ушул батамын.
Өзүнө арнап саламды,
Аксыдан айтып жатамын.
Кечиресиң кокустан,
Кеткен болсо катасын.
Кут береке, ийгилик,
Жараткан өзү атасын.
Тилегеним өзүңө,
Таштан иним жашасын!!!




  Жакшы идея жалпыга болсун

Кыргыздын кыргыз болгону жакшы
Мен "Эркин Тоо" газетасынын 30-декабрь 2008-жылы жарык көргөн № 97-санынан журналист Жазгүл Кенжетаеванын "Кыргыз молдолору кыргызча кийинишсе" деген сүрөтчү Асан Турсункулов менен болгон маегин окуп абдан ыраазы болдум. Анткени Асан Турсункулов ар дайым жакшы саамалыктар менен жүргөн, чыгармачыл жигит. Бул ирет да көп адамдардын көкөйүндө жүргөн маселени көтөрүп чыгыптыр.

Кыргыздын кыргыздай болгону эле жакшы. Өзүн кыргыз болуп туруп салбыраган дубананын кийиминдей кылып, аялдарга окшоп кийинип алган эркектерди көрүп таң кала берчүмүн, ошондой кийинип алса эле мусулман болуп калчудай болуп, дилиң таза, ыйманың таза болбосо он түрдүү кийинсең да мусулман болбойсуң. Андыктан кыргызча эле кийинип, ата салтын сактап, ак калпакты баштан түшүрбөй эле рабим Алла деп жүрсөң жараткан тааный берет. Арабдардын кийими ал жер шартына ылайыкташкан кийим, биздин кийим менен араб жеринде жүрүүгө кыйын, андыктан аларга өз улуттун кийимин кийүү парыз. Ал эми бирөөнү туурай коюу менен өзүн мусулман көрсөтүү бери дегенде акылсыздык. Жапжаш туруп кара сакал адамдар көбөйдү. Элибизде кырктан ашкандан кийин кырма мурут болуп мурут коюп,жигиттик куракты билдирип, элүүнү баскандан кийин карылык нускага баргандан кийин сакал коюшкан, кутман кары болушкан.
Мен Кыргызстандын азирет муфтийи Мураталы Ажыга абдан ыраазы болом, керектүү жерде селдечен, керектүү жерде Ала-Тоонун кыраанындай болуп ак калпагын кийип зымпыйып эле жүрөт. Биз ар бир мусулман баласы Мураталы ажыдай болуп ата салтын да, диндин салтын да сыйлап жүрсөк, үлгү алсак жаман болбойбуз. Мына ушундай азирети муфтийибиз барына сыймыктанам. Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты, сүрөтчү Асан Турсункуловдун бул идеясын жалпы кыргыз эли колдоого алышыбыз керек. Дүйнөнүн кайсыл мамлекетинде болбойлу бул Кыргызстандын мусулмандары, Кыргызстандын атуулу экен деп кийимибизден тааныса кандай жакшы. Андыктан бул идеяны сунуш кылып, элге журтка алып чыгып олтурган Асан Турсункуловго ушул идеяны колдоого алган "Эркин Тоо" газетасынын чыгармачылык жамаатына да ийгиликтерди каалаймын. Жазгүл карындашым дал мына ушундай тарбиялык мааниси бар терең макалаларды жаза бер. Сага да чоң чыгармачылык ийгилик болсун.

Абдымомун Калбаев, акын, Кербен шаары










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!