Бүт баары карыйт дүйнөдө,
Мезгилде болбойт карылык


Кайратман аракетиңиздер арта берсин!
Мамасадык Бакиров, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин директору

Урматтуу муниципалдык кызматкерлер!
Кадырман калайык!
Өтүп бараткан жылыбыз ары олуттуу жана чечкиндүү кадамдарды талап кылган саясий окуяларга бай жыл болду десем жаңылышпайм.
Анткени өлкөбүздө жергиликтүү Кеңештерге шайлоолор болуп, ага калкыбыздын дээрлик басымдуу пайызы катышты. Райондук жана айылдык Кеңештердин төрагаларынын жаңы курамын депутаттар жигердүү шайлап алышты. Мамлекетти кыймылдатып турган эл болгондуктан, бардык майда маселелер көз жаздымда калбай, иштиктүүлүктү колго алуу төмөнтөн жогору карай болууга тийиш экенин муниципалдык кызматкерлер өзүңүздөр жакшы билесиздер. Ошол себептүү ишибизге өбөлгө болуу үчүн үстүбүздөгү жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамында аймактын жашоо тиричилик маселелерин камсыз кылуу системинин иштешин уюштуруу, аны өнүктүрүү, социалдык-экономикалык жактан пландаштыруу жана калкка социалдык-маданий жактан кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тармагына берилген жергиликтүү маанидеги маселелер даана такталып көрсөтүлдү. Бул мыйзам ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдыларында турган милдеттерин так көрсөткөн, алардын талаптарын так аткаруусун камсыз кылган өтө маанилүү документ катары кызмат кыла бермекчи.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматкерлери! Калайык калк!
Алдыңыздарда келе жаткан 2009-жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Өлкөбүздөгү оош-кыйыштарга моюн сунбай билекти түрүнүп иштеп жүрөсүздөр. Ушундай кайратмандыктан жазбай, маңдай териңерди төгүлтүп тапкан түшүмүңүздөр жемиштүү, жасаган эмгегиңер жеңиштүү болуп, келе жаткан Уй жылыбыз эл-журтубузга тынчтыкты, токчулукту, ынтымакты ала келсин!



Арыбаңыздар,талыбаңыздар!
Болотбек Асанакунов,
Кыргыз Республикасынын муниципалитеттер Ассоциациясынын директору
Кадырман жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери!
Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен жан-дилимден куттуктайм! Жаңы жыл Сиздерге ден-соолук, ынтымакчылык жана ыйык Манас Бабабыздын рухун берсин! Кыргыз өлкөсү ааламдын өрүш алган конушу болуусуна Сиздердин кошуп жаткан салымыңыздарды журтубуз баалайт деп ишенем.
Арыбаңыздар, талыбаңыздар! Сиздер Жаңы жылда да кылым өргөөсүнө барчу даңгыр жолду улай аласыздар.

Жаңы жылыңыздар
менен!




Ийгиликтин жылы болсун! Арстанбек Ногоев,
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министри
Урматтуу Кыргызстандын эли, айыл чарбанын күжүрмөн
эмгекчилери!

Сиздерди кирип келген жаңы 2009-жылыңыздар менен кызуу куттуктаймын!
Мына ошентип республикабыздын айыл чарбасынын дагы бир күрдөөлдүү жылы -2008-жыл өтүп баратат. Бул жылдын табигый климаттык шарты айыл чарбасы үчүн катаал болгонуна карабастан, жер иштетип, жашылча-жемиш, буудай өстүргөн, сүт менен этти өндүргөн катардагы эмгекчилердин, айыл чарба адистеринин, жетекчилеринин, өндүрүшчүлөрүнүн түйшүктүү эмгектеринин натыйжасы менен өтүп бараткан жыл ийгиликтүү аяктап жатат.
Айыл чарбабыздын бардык тармагында жыйынтык жакшы болду, данчылардын, малчылардын, дыйкандардын, кайра иштетүүчүлөрдүн эмгектеринин жыйынтыгын алып карап, Кыргызстандын эли мерчемделген көлөмдөгү азыктар менен камсыз болушуна күнөм жок деп айтсак болот. Мына ушул эмгектердин натыйжасында биз дүйнөлүк кризис шарттарында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун дээрлик камсыздап алдык.
Мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрө турган негизги тармак-айыл чарбасы эмеспи. Өлкө башчыбыз Бакиев Курманбек Салиевичтин бул тармак боюнча койгон максаттуу милдеттерин аткаруу максатында башталып келе жаткан дүйнөлүк азык-түлүк кризисин камылгалуу тосуп алуу боюнча Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлиги тарабынан айыл чарбанын, кайра иштетүү өндүрүшүнүн бардык тармагын өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер аткарылып жатат жана келечекте максаттуу пландар бар. Мындан тышкары, эл аралык сапаттык стандарттардан кем калышпаган ата мекендик өндүрүштүн азыктарын жакынкы жана алыскы чет элдер менен ар тараптуу келишимдерге келип, кызматташуу боюнча алдыга кадамдар коюлуп жатат.
Урматтуу айыл чарба кызматкерлери, дыйкандар, малчылар, 2008-жылдын кургакчылык, аз суулук шарттарында, жаз айларындагы үшүктөрдө жигердүүлүк менен эмгектенип, эл дасторконун толтуруп отурасыздар. "Эр эмгегин эл баалайт" демекчи эмгегиңердин акыбети кайтып, эл батасы менен келе жаткан 2009-жылыбыз айыл чарбабызга жагымдуу шарттарда болушун каалап кетким келет!
Урматтуу кадырман калк, ата-энелер, ага-эжелер, ини-карындаштар, келе жаткан жаңы жылыбыз тынчтыктын, сак-саламаттыктын, ийгиликтин жылы болсун!
Мал туягы көбөйсүн, түшүмүбүз мол болсун, кырманыбыз данга толсун!



Ак тилектер ишке ашсын!
Бейшенбек Болотбеков,
Талас областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы, губернатор
Урматтуу
Мекенибиздин
мээрбан атуулдары!
"Айыл өкмөтү"
гезитинин
окурмандары!
Сиздерди жакшы тилектерди жар салган, элибизди байгерчилик менен бакубатчылыкка алып келе турган босогобуздагы 2009-жыл менен ак дилимден куттуктайм.
Ар жыл сайын өзүнүн жааган карынын пакиза түсүндөй ак тилектерди, каалоолорду кошо ээрчите келген бул Жаңы жыл дүйнө элдеринин бардыгы үчүн өз ара түшүнүшүүнүн, тазалануунун, келечекке карай терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттөрдүн учугун алга сүрөгөн улуу майрам болуп келе жатат.
Жаңы жылда элибизди тынчтыкка, биримдикке, ак эмгекке чакырган аруу каалоо-тилектердин ишке ашышын каалайм. Жергебизде бейпилдик, токчулук болуп, ыйык жана таза сезимиңиздер эч качан өчпөсүн!

Жаңы жылыңыздар кут болсун!




Элибиз үчүн ак дилден иштейли!
Калыбек Нуркожоев,
Чүй облусундагы Панфилов райондук Кеңешинин төрагасы
Урматтуу агайын-туугандар!
Коомдук турмушубузда көздөгөн иштерибиз алга жылып жатат. Мындай кырдаалда биз - улуу муундагылар жаштарыбыз барандуу, абройлуу өссө деп тилейбиз. Ал эми Жаңы жыл - Уй жылы адал эмгекчилдикти, бүйрөлүктү талап кылган жыл. Анын сыңарындай бул жылы эмгекчил элибиздин дасторкону нанга толсун, молчулук болсун, дан азыктарына болгон таңсыктык эзели болбосун деп айткым келет. Элде-журтта тынчтык болсо, калган нерсе - ыйман, эмгектен экен. Өз ара түшүнүшүүчүлүк болуп, бийлик эл үчүн жакшы иштерди жасайт деген үмүттөбүз. Мейли кары-жашы болсун, кандай тармакта жүрбөйлү, кандай тармакта иштебейли, элибиз үчүн ак дилден кол кабыш кылганга аракет кылалы.

Жаңы жылыңыздар
менен, замандаштар!




Айылдык кеңештерде
Сессияда - олуттуу маселелер
Жакында Ак-Чий айылдык Кеңешинин 25-чакырылышынын кезектеги II сессиясы болуп өттү. Сессиянын ишине Ак-Суу райондук Кеңешинин депутаты Ө.Абдылдаев катышты. Сессияда бир катар маселелер каралды.
Сессиянын жүрүшүндө депутаттар айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүн шайлашып, жеке менчикке сунушталган үй куруучулардын жана 3 айыл чарба багытындагы кунарсыз, аз түшүм берүүчү жерлерди өздөштүрүү үчүн сунушталган жоболорду бекитүү, Соцфонддун акысын төлөбөгөндөргө административдик чара көрүү, Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун, Афган согушунун жана Чернобыль кырсыгын жоюуга катышуучулардын ижарага алган жерине жеңилдик берүү, айрым үйлөргө киргизилген таза суунун тарифтик баасын өзгөртүү жөнүндөгү маселелерди талкуулашты. Сессия каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
Сессияда депутаттар ар бир айылдын арасындагы жана көчөлөрдөгү жолдордун бузулуп, пайдаланууга жараксыз абалда калгандыгын белгилешип, азыртадан баштап жазга чейин жолдорго кум, таш төгүп, оңдоп-түздөө жумуштарын баштоого айылдын элдерин көтөрүү демилгеси менен чыгышты.
Буга чейин жалпы айылдык округдун тургундарын дыйканчылыктагы, мал чарбасындагы: жерди айдоого, малалоого, үрөн себүүгө, эгинди оруп жыюуга, чөп чабууга, уйду, койду, жылкыны багууга, механизаторлорго акы төлөөлөргө карата ашыкча баалар коюлуп келген. Эми бааны көтөргөндөргө каршы монополиялык комитети түзүлүп, аны бир жагдайга келтирүү жагы каралды.
Мындан тышкары айылдык округда учурда чечилбей жаткан көп маселелер, суроо-талаптар жана сунуштар орун алган. Ошол маселелерди иликтеп, 2009-жылга карата конкреттүү иш-план түзүп, кезектеги сессиянын күн тартибине коюу жагы айылдык кеңештин төрагасы Нурлан Турсункожоевге милдеттендирилди.

Шаршен Айманбетов,
Ак-Суу районундагы Ак-Чий айылдык
округдун аксакалдар сотунун төрагасы

Алгачкылар
Айылдын ардактуу атуулдары
Дөрбөлжүн колхозу 1928-жылы уюшулуп, анын алгачкы башкармасы Канчоро Атабеков, катчысы Турдалы Жолдубаев болгон. Алгачкы чарбага, аймактын административдик борборуна 80 жыл толду. Айылдык кеңеш боюнча сөз башка. Ошол чарба бүгүн - Баетов айылдык округу.
Сексен жылдан бери ардактуу атуул наамы эч кимге берилбеген. Айылдык округдун башчысы, республиканын айыл чарбасынын мыктысы Съездбек Иманкулович Кашкарбаев бул маселени көтөрүп, жүзөгө ашырды. Кеңсесине жыйын өткөрүп, 18 адамга "Баетов айылынын ардактуу атуулу" наамынын сертификатын тапшырды. Бул күндөн баштап согуштун жана эмгектин ардагерлери Кубаталы Байбачаев, Орокчу Байсеркеев, Акий Баатырбеков, Сүйүнбүбү Абдраимова, Мамет Абышбаев, Жумакадыр Көлбаев, Ленин ордендеринин ээси, КР алдында өзгөчө эмгек сиңирген ардагерлер Карыбек Акунов, Сотбубу Мамытбекова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Өмурбек Дөлөев, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер Мелис Сулайманов, КР калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер Уулбек Татыбеков, КР эмгек сиңирген экономисти Өмүш Ташманбетов, КР эмгек сиңирген мугалими Акин Токтосунова, Эмгек Кызыл Туу орденинин эки жолку ээси Жусупбек Шыгаев, "Каарман эмгеги үчүн" медалынын ээси Такен Матанов, каржы кызматынын мыктысы Кубанычбек Көлбаев, Эл агартуунун мыктысы Зейне Шейшеналиева аталган ардактуу наамдын алгачкы ээлеринен болуп калышты.
Д. Өмүрбек,
Ак-Талаа району