email • архив • редакция   



Республикалык коомдук-саясый "Айыл Өкмөтү" гезитинин эң кенже журналисти Рейна Досалиева мекендештерине жаңырган уй жылында май көл, сүт көл каалоосун айтат:

- Кылымдарды карытып, аалам жолун жаңыртып, арыш таштап бараткан кыргыз журту бек болсун! Табияты көк шибер, акылманы жөн билер, аруу ишке камданган, Ала -Тоолук элимде арбый берсин кадамдар!
Хан Бакайдан нуска алган, Дөөтү уста нук салган, Мекени ыйык кыргызым, аруулукка жүз бурган, абийир туусун барк алсын! Май көл, сүт көл уй жылы, маңдайда жанып жылдызы , маарып турсун жеңишке, Алланын сүйгөн кыргызы!
Намыска бек Курманбек, кыргызым деп курган чеп, чептен эрдин күчү бек, аруу өлкө-кыргыз деп, кары-жашым тик турсун, айтканың болуп журтка эп!
Түбөлүктү ойлогон, түп атасы Огуз-Хан, түпкүлүктүү элденбиз, Аалам журту кыргызга, болуп турсун айран-таң!..