Көч бара-бара түзөлөт

Кайрадан кут конгон шаар
Таш-Көмүр шаарынын экономикасынын өзөгүн түзгөн өнөр жай боюнча 2008-жылдын он айында 835 млн.112миң сомдук продукция өндүрүлгөн.
Шаар боюнча ГЭСтерден тышкаркы өнөр жай ишканаларынын өндүрүп чыгарган продукциялары былтыркы жылга салыштырганда 135 пайызды түзүп, "Тегене", "Зампоросата" жоопкерчилиги чектелген коомдору 2007-жылдын ушул мезгилине карата 3269, 3 тонна көп көмүр отунун өндүрүштү. Ал эми азыркы мезгилде "Таш-Көмүр " ачык акционердик коому көмүр өндүрүү боюнча эки мөөнөттө иш жүргүзүүдө.

Таш-Көмүр шаарынын экономикасынын өзөгүн түзгөн өнөр жай боюнча 2008-жылдын он айында 835 млн.112миң сомдук продукция өндүрүлгөн.
Шаар боюнча ГЭСтерден тышкаркы өнөр жай ишканаларынын өндүрүп чыгарган продукциялары былтыркы жылга салыштырганда 135 пайызды түзүп, "Тегене", "Зампоросата" жоопкерчилиги чектелген коомдору 2007-жылдын ушул мезгилине карата 3269, 3 тонна көп көмүр отунун өндүрүштү. Ал эми азыркы мезгилде "Таш-Көмүр " ачык акционердик коому көмүр өндүрүү боюнча эки мөөнөттө иш жүргүзүүдө.
Быйылкы жылы электр энергиясынын тартыш болгондугуна байланыштуу көмүр өндүрүүгө көп көңүл бурулуп, көмүр отунун даярдоо иштери күнү-түнү тынымсыз жүргүзулүп, кардарлар менен иштөөнү күчөтүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3-5 эсе көмүр отуну республикабыздын аймагындагы кардарларга жөнөтүлүүдө.
Мындан сырткары "Кристалл" ачык акционердик коому үстүбүздөгү жылда 19 миллион 250 миң сомдук ремонт иштерин жүргүзүп, март айында толук кандуу ишке киргизилүүнүн үстүндө.
Индия Республикасынын "Ферро Элоус" жоопкерчилиги чектелген коому аркылуу ферро силикон чыгаруучу заводдун ачылыш салтанаты үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудиновдун катышуусу менен болгон, бүгүнкү күндө ошол заводдун жумушчу-кызматкерлери жашоочу коттедждеринин бир корпусу курулуп бүтүп, курулуш иштери дагы уланууда.
Иран Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы экономикалык байланыштын негизинде, шаарда цемент чыгарууга толук шарттардын бар экендиги аныкталып, "Таш-Көмүр цемент" ЖЧКсы тарабынан заводдун курулушу боюнча иш жүрүүдө. Заводдун курулуш долбоору 150,0 миллион еврону түзүп, 3000 жаңы иш орундары пайда болуп, шаарыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизет жана шаар келечекте өнөр жайлуу чоң шаарлар менен барабар болот деген үмүттөбүз.
Шаарда 4 банк, 2 кредиттик союздар аркылуу, элдин айыл чарбасын, соода-сатык тармактарын өнүктүрүү менен жакырчылыкты жоюу максатыңда 34 миллион сом кредиттер берилди. Шаардык мэрия тарабынан жеке ишкерлерге кароосуз калган имараттар, бош жаткан жерлер тендердик жол менен берилип, шаардын тургундарына жакындан жардам берилүүдө.
Үстүбүздөгү жылы шаардын жолун оңдоого көп көңүл бурулду. Шаардын борбордук жолунун 4,7 чакырым аралыгы АРИС программасы аркылуу 12 млн. сом жумшалып, асфальт басылды жана ошондой эле Кызыл-Жар айыл өкмөтү тарабына кеткен 4 чакырым жолго 2 млн.8 миң сом акча каражаты сарпталып, ШПО ыкмасы менен жол оңдолду. Мындан сырткары курулуп жаткан ГЭСтер ишканасы тарабынан 1,5 чакырым жол бетон менен жасалды, ДЭП-38 ишканасы аркылуу 1 миллион 600 миң сомдук шаар ичиндеги жолдордун жамак иштери бүткөрүлдү.
4,7 млн. сомдук канализация, 720 миң сомдук шаардык оорукананын жылытуу системасын жаңылоо аяктады.
Таш-Көмүр шаарынын көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн 1 млн.200 миң сом, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун чатырын жана жер төлөсүн оңдоо максатында 439 миң сом жумшалып, азыркы мезгилде иш жүрүүдө жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын оңдоо үчүн 780 миң сомдук долбоор иш жүзүнө ашып, иш башталууда.
Үстүбүздөгү жылда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Чыныбаев көчөсү менен борбордук жолдун ортосунда көп көлөмдөгү суу толуп, июль айынан бери сууну тарттыруу, көлчүктү тазалоо иштерине 4260 литр солярка жана 74 миң сом акча каражатын жумшап, бульдозер, драглайн, эксковатор жана жүк ташуучу машиналар шаардын күчү менен тартылды, бирок Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өз убагында көңүл бөлүнсө, пландаштырылган иштер толук бүтүп калмак. Бүгүнкү күндө Чыныбаев көчөсүндөгү жол жарылып, 20 сантиметрге жетип, жол үстүндө жашаган элге, темир жолдун бузулуп-түшүп калуу коркунучун туудурууда. Бул сыяктуу бир топ көйгөйлөр Жалал-Абад областтык жергиликтүү аткаруу бийлиги жана Кыргыз Өкмөтүнүн демилгеси менен чечилүү астында турат.
Шаар мэри Дүйшөнали Мамасалиев жана шаар кеңешинин төрагасы Чаргынов Анаралы Туралиевичтин шаар келечегине жасап жаткан аракеттерине жергиликтүү калк абдан ыраазы экендигине күбө болдук.

Чынара Расулжан кызы,гезиттин өз кабарчысы




Айылдагы ылымтанын арымы
Кочкор районундагы Төлөк айылында Ак терек коомдук фонду уюштурган жыйын болду. Аталган жыйынга Конгресс Бизнес ассоциациясынан Ч.Сейдакматова, айыл чарба илимдеринин кандидаты ылымта (теплица) боюнча адис К.Эргешова, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын өкүлү А.Бектеналиев, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин өкүлү Ф.Акматова, биогаз боюнча адис Джао Тиепин аталган долбоордун координатору С.Султанкулов, менеджери Н.Эсенгулова ветеринардык адистер менен катар ММКанын өкүлдөрү катышышты. Албетте аталган долбоор эки тоонун ортосунда жайгашкан, жашоо шарты кыйла эле оор айыл эли үчүн абдан жакшы иштерди алып барып жатышыптыр. Тактап айта турган болсом, ылымтада помидор, бадыраңдан тартып көк чөптөрдүн түрүн өстүрүшөт экен. Биз барып теплицаны көргөнүбүздө кадимкидей көк жашыл болуп ылымтанын ичи мемиреп жылуу экен. Айылда алтын колдуу оймочу, тикмечи аялдар , дары чөптөрдү чогулткандар да бар экен. Колу жөндүү аялдар тобу биз барганыбызда өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен бир аз каражат таап алышты. Дегеним айрымдар көңүлүнө жаккан буюмдарды сатып алышты. Айылда биогаз менен камсыз болсок дегендер да бар экен. Ал тууралуу да түшүндүрмөлөр берилди.

Жыйынды Ак терек коомдук фондунун координатору С.Султанкулов ачып, долбоордун аткарган иштерине токтолуу менен жетишкендиктерин айтып өттү. Андан соң кеп кезеги долбоордун менеджери Н.Эсенгуловага берилди. Долбоордун негизинде башынан бери иш алып барып жатканын, иш баштаганда бир топ кыйынчылыктар болгонун айтып, эми минтип иштин жыйынтыгы жакшы натыйжаларды бергенин баса белгиледи. Сөз арасында айрым чогулуштарга айыл анчейин маани берчү эмес, бирок негизгиси ишибиздин акыбети кайтты деди. Ошону менен бирге башынан бери иштеп келе жаткандарга, ар бир ишке көмөктөшкөндөргө ыраазычылыгын билдирүү менен айрымдарына сертификат ыйгарды. Ветеринардык адистерге да даары дармектерин ар кандай шартта, бир калыпта алып жүрүүгө ыңгайлуу аптечкалар тапшырылды.
Долбоорго өз көмөгүн көрсөтүп келе жаткан айыл тургуну Б.Жумашов өз кезегинде "Чынын айтсам алгач биздин айылга келип иш баштайбыз деген Назгүлгө ишенген эмесмин. Бирок мейли деп колуман келген жардамымды берип жүрдүм. Бир-эки чогулушуна катышып, идиректүү иш алып кеткенге жөндөмү бар экенин байкадым. Кыргыздар айткандай "мээлегени түз экен" дедим. Долбоор айыл эли үчүн абдан жакшы иштерди аткарганын жашыра албайбыз. Мындай долбоорлорду колдоо керек", - деген пикирин айтты.

Кундуз бейшенбекова




  Кабарчыбыз иш сапардан кайтканда

Жаркыраган ооматы, Ноокаттын жаңы-Ноокаты
Айылдын кире беришендеги боз үйдү элестетип жасалып, кыргыздын улуттук оймо-чиймелери менен кооздолуп, үкү топучан кыз менен ак калпак кийген жигиттин сүрөтү түшүрүлгөн жасалганын чок ортосунда Жаңыноокат айылдык округу деп жазылган. Жазуунун жогорудагыдай көркөмдөлүшү бул жердин накта кыргыз айылы экендигинен кабар берип тургандай. А бирок Жаңыноокат айылдык округунун 24 миң адамдан турган калкынын 90 пайызын өзбек улутундагылар түзөт. Айылдык округдун башчысы Тураев Табакалхан кыргыздын улуттук көрөңгүсүн ушул жерде чагылдырган себебин: "Биз Кыргызстандын курамын түзгөн дагы бир кичи айылбыз. Кыргыз жеринде кыргыз элинин каада-салттын, нарк-насилин урматтап жашап келээрибизди билдиргибиз келет. Ошондуктан мейман кыргыз айылына келгендигин ушул айылга кире бериштен баштап сезсе дегенбиз", - деп чечмелеп берди.
Ордолуу Ош дубанынын Ноокат районуна караштуу Жаңыноокат айылдык округу облустун борборунан 40-45км, райондун борбору Эскиноокаттан 7км алыстыкта очок алган. Дөңкыштак, Кызылтейит, Жандама, Чакатал айылдарынан турат. Бул төрт айылдын башын кошкон округда жогоруда айтылгандай өзбек улутундагы адамдар басымдуулук кылат. Мындан Кызылтейит айылында дээрлик көбү кыргыздар отурукташкан.

Көтөрүүчү көйгөйлөр
"Округдун калкынын сабаттуулук деңгээлин жогорулатууда жүк көтөргөн 11 мектеп, 1 кесиптик-техникалык окуу жайы, 1 атайын жатак мектеп бар. Алардын имараттарын оңдоо, кайра калыбына келтирүү иштери жөнгө салынган. Айылда болгон төрт балдар бакчасынын ичинен үчөө аракетте болсо, биринде оңдоо иштери жүрүп жатат" , - деп Табакалхан Машрабидинханович айылы жөнүндө бир четтен маалымдап келатты. Ушул жерде бир көйгөйлүү маселенин чети чыкты. Анын өзөгү жергиликтүү мектептерде кыргыз тили, адабияты боюнча мугалимдин жетишсиздигинде. Бул боюнча пикирин Маматкарим Мырзакаримов атындагы орто мектебинин өзбек тили, адабияты боюнча мугалими Барчынай Абдырасулова айтты. Мектеп турмушунун көйгөйлөрүнүн дагы бири айрым окуу китептеринин жетпей жаткандыгы болуп саналат. Ошондой эле аталган мектептин жаңы салынып жаткан спорт залына жабдууларды алуу боюнча мамлекет тарабынан көмөк болсо деген тилеги менен бөлүштү. Мурдагы жылы жер үлүштөрү бөлүнүп берилген Кетатал айылынан 7 чакырым аралыкты өтүп, бул мектепке окууга келген окуучулардын саны да арбып баратканын айтып, алар үчүн кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди. Мындай көйгөйлөрдү учурунда чечүү үчүн тиешелүү тармактар аракет жүргүзсө мыкты болмок. Маданият түйүндөрүнүн абалына кайрыла турган болсок, тээ Союз мезгилинен бери чечилбей келген бир чоң маданият үйү бар. Ошол убакта дыйкан чарбаларына үлүш катары бөлүнүп кеткен боюнча бир адам сатып алам деп ушул күнгө чейин маселеге чекит коюлбай келет.

Келечектин даңгыр жолу
Ар бир айылдын экономикалык деңгээлинин күзгүсү болуп даңгыраган жолдорунун бардыгы саналат эмеспи. Ушул шекилдүү Жаңыноокат айылдык округундагылар да жолдорун оңдоп түзөө максатын алдыга коюшкан. Маселен, айылдын киришиндеги 1300м узундуктагы жолду асфальттап чыгышкан. Бул үчүн өздөрүнүн эле айылында ачылган асфальт чыгаруучу кичи заводдун өндүргөн продукциясын пайдаланышкан. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе мындай эл муктаждыгын канааттандырган заводдун Россиянын эмгек майданында жүргөн Жаңыноокаттык жигиттердин демилгеси мүмкүн кылган. Ал эми айылдык округ келерки жылы дагы 1км аралыктагы жолду оңдойбуз деген максатта турушат. Бул өңүттө Табакалхан Тураев: "Республика боюнча эсептелген 472 айылдык округдун ар биринде 500м ден баштап акырындык менен жолдорду оңдоп башташса, менимче Кыргызстанда стратегиялык мааниге ээ болгон жолдордун маселеси оңуна чечилмек"-, дейт.

Таза суу - өчпөс жарык, ден соолук
Элет жерлеринин көбүндө машакаттуу болгон таза суу маселесин Жаңыноокаттыктар өздөрү чечүүгө шартыбыз бар дейт. Анткени алар суунун башында турушат. Мурдагы союз мезгилинде казылган скважиналардан эки айылдын эли суу ичет экен. Себеби ошол скважиналарды ремонттоп калыбына келтирип коюшкан. Атайын белгиленген саатта суу ачылып айыл тургундары чарбачылыгына жетиштүү өлчөмдө сууларды тосуп алышат. Айыл башындагы Кыргыз-Ата суусунан суу тартуу үчүн түтүктөрдү орнотуп, таза суу менен толук камсыздандыруу аракеттерин көрүп жатышыптыр.
Ал эми өлкө боюнча суунун тартыштыгынан келип чыккан электр кубаттулугунун жетишсиздиги жаатында бул аймактын эли да берилген лимиттен ашып кетпөө аракеттерин кылып жатабыз дешет. Буга чейин мектеп имараттары электр энергиясы менен жылытылса, азыр көмүргө өткөрүлүп жаткан маалы. 5 мектепти көмүр менен жылытабыз. Тоолуу аймакта жайгашкан бир мектептин ар бир бөлмөсүндө меш коюлган. Суук түшкөндөн бери от жагылып, жылуу окуу бөлмөлөрүндө сабактар өтүлүүдө.
Округдун курамындагы ар бир айылдын жашоочуларын дары-дармек, медициналык жардам менен толук камсыздоону ишке ашыруу үчүн бардыгында ФАПтар оңдолуп берилген. Дөңкыштак айылында АӨБнын каржылоосу менен инновациялык ыкма аркылуу ФАПтын имараты салынып, жабдуулары алынып келинип, пайдаланууга берүүгө даяр турат.

Заманбап ыкмалар - өнүгүүгө өбөлгө
Кызылтейит айылы окчунураак жайгашкандыктан сугат суусун жеткирүү кыйыныраак болуп жаткандыгын айтуу менен айыл округ башчысы Т.Тураев жаңы канал куруп сууну түз алып чыгарууга жетишкени турабыз дейт. Ошондой эле жайыттарды жакшыртуу боюнча окутуулар жүрүп жаткан экен. Ал мындай маселелерди чет элдик инвесторлордун жардамы менен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу чечүүгө болоорун жакшы түшүнөт. АРИС, Мерсико, АӨБ өңдүү чет элдик уюмдар менен тыгыз кызматташып, бир канча долбоорлорду жүзөгө ашырууга жетишип жатышат.

"Сахоба" - айылдын ыйыгы жана сыймыгы
Жаңыноокаттын тоолуу аймагында орун алган "Сахоба" эс алуу багы бар. "Сахоба" байыркы жайлардын бири жана аталышынын мааниси Мухаммед Пайгамбар менен байланыштуу. Көрсө ушул пайгамбарды көргөн адамдарды сахобалар деп атап коюшат экен. "Мындай аталганына көп эле жылдар болгон. Бирок аныгын айта албайбыз"-, деп ушул жерде 1982-жылдан бери эмгектенип келаткан Махмуд баяндап жатты. Ал эми дал ушул эс алуучу жерге жогорудагыдай адамдардын келип кеткени айтылат. Ошондуктан бул жер ыйык деп эсептелинип, узак убакыттардан ар тараптан зыярат кылуу ниетинде инсандар келишет. Жазгы күнү келип таазим кылып, Кудайдан жакшы тилектерди сурап кайтышат. Сыйынууга өзгөчө Арабиядан келгендер көп болушат экен. Негизинен бул жердин табияты гана артыкчылыктуу болбостон, тарыхый сыр каткан жерлерден да кур калбаптыр. Маселен, "Сахобанын" жогорусундагы капчыгайдын ичинде 17-18 мамлекеттин гербдеринин сүрөттөрү түшүрүлгөнү тууралуу да Махмуд абадан уктук. Изилдөөчүлөр бул белгилерди 7-чи кылымга таандык деп натыйжа чыгарышкан.
Бүгүнкү күндө айылдын ар түрлүү иш-чаралары ушул бакта өткөрүлөт. Ар кандай спорттук сынактар, айрыкча жаз айларында күрөш боюнча ири мелдештер жүрөт. Майрамдарда, маанилүү окуяларды өткөрүүдө элеттиктер ушул жерде чогулушат экен. Эми келечекте ушул жердин беделин дагы арттырып, эл аралык деңгээлдеги зыярат кылуучу жайга айландырууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан "Сахобаны" бүтүн дүйнөгө таанытуу үчүн иш-аракеттерди көрүүдө мамлекет да кызыкдар болсо болмок деген аруу тилеги менен Махмуд аба тең ойлорун бөлүштү.

Венера Акматова,
"Айыл өкмөтү"