КОШ ДАНЕК

Балдардын амандыгы - күч-кубат
Айылга барган сайын бизден улуу муундардын баскан жолу, үлгүлүү карылыгы тууралуу билгим келет. Кесибим журналист болуп эл менен көп аралашкангабы, же жөн гана чыгармачыл чөйрөдө жүргөндүктөнбү, ар бир адамдын жан-дүйнөсүндөгү аруу таза бактысы, алардын жаштыгы, жан дүйнөсүнүн сулуулугу, бактылуу карылыгы мен үчүн ыйык да, бийик да сезилет. Элет турмушу менен тез-тез байланышып, айылдагылар менен да кабарлашып турам. Ошондо ак саамай энелер менен аксакалы жайкалган кадырман карыларды көргөндө кыя өткүм келбейт. Алардын ар бир айткан сөзү, акылы көөнөрбөс байлык экени эсимде.
Бул жолу да Кочкор районундагы Төлөк айлындагы 10 балага татыктуу тарбия берген, учурда небере-чөбөрөлөрүнүн маңдайында бактылуу карылыкта, өзү теңдүү курбуларынын сыймыгы болгон Аманат ата жана байбичеси Капипа апа менен маектешүүнү туура көрдүм. Мен барганымда "Карыдык деп жатып алганыбыз туура эмес, балдардын жакшылыгы үчүн иштеп турганга не жетсин" деп Аманат ата балдарына, неберелерине тээк болуп короодо жүргөн экен. Ал эми Капипа апа кичүү келинине өзүнүн иш тажырыйбаларын үйрөтүү менен алек болуп атыптыр.


- Аманат ата өзүңүздүн балалыгыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Ооба, биздин балалык согуш мезгилине туура келип, көптөгөн кыйынчылыктарды көрдүк. Согуштун каары 60-жылдарга чейин кеткен жок. Унутулгус балалыгымдан бир нерсе эсиме түшөт.
Анда мектепте окуп жүргөн кезим, бир теңтуш баламдын атасы мугалим болуп иштээр эле. Бир күнү баласына шаардан чогулушка барып жүргөндө велосипед сатып келип бериптир. Ал бизге мактанып, утур ары-бери зуулдайт. Биз анын жүрүп кеткендеги изине суктанып эле артынан чуркап жүрөбүз. Анан мен да атама келип, велосипед сатып берүүсүн сурадым. Анда биз атабыз менен апабыз аркылуу сүйлөшчүбүз. Атам макул дагы, жок дагы деген жок. Эртеси башың аман болсо учак алаарсың деп койду. Анан мен балалыгым менен же велосипед, же учак алып берээрин түшүнгөн жокмун. Көрсө илгерки кишилердин акылмандыгы ушунда экен деп кийин ойлоп калдым. Кудайга шүгүр, учурунда кемесине да учагына да түштүм.
Атам колхоздун чабаны болчу. Мен да атам менен жүрүп ушул кесиптин ээси болдум. 1959-68-жылдары кой багып, совхоздо жүз тубардан 130дан төл алып, райондо жакшы деген баага татып жүрдүм. Менин сыймыгым болгону Ленин ордени жана "Волга" автомашинасы менен сыйландым. Бул эмгегимдин бааланганы деп түшүнөм. Алгач окууга окуйм деп, бирок ооруп калып окубай бир аз окуудан өксүп жүргөм. Кийин кой багып жүрүп окуп, окуумду бүтүрдүм. Колхоздун иштеринде иштеп жүрдүм. Аңгыча Союз тарап кетти. Бир аз кыйналдык. Себеби жаш аялмет болчубуз. Анан мен айыл башы же дагы бир кызматтарда иштеп жүрө берсем майнап болбосун билип, бир чечимге келдим. Колхоздо 270 баш топоз калган болчу, калганы тарап кеткен. Мен ошону багып, ага кошуп өзүмдүн малымды да багып жүрдүм. Кудайга шүгүр, эми минтип акыбетибиз кайтып, өзүбүз мал курап алдык.
- Капипа апа экөөңүздөр кантип табышып калгансыздар?
- Экөөбүз бир айылданбыз, бир мектепте окуп жүрүп таанышканбыз. Анда азыркыдай эмес кыргыздын ырым-жырымын кылып, баш кошконбуз . Эми минтип чоң ата,чоң апа,таене, таята болуп отурабыз.
- Капипа апа "Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт" - дегендей алгач келин болуп келгендеги учуруңузду айтсаңыз?
- Мени ата-энелерибиз сүйлөшүп, кудалап беришкен. Мен кетип аткан күнү апам ыйлап атканда туугандарыбыз, узатканы келген кишилер "Кой, кызды ыйлап узаткан болбойт" дешкен. Анан апам "Барган жериңдин ыгына көнүп, алардын обону менен бол, ар бир ата-эне баласына жамандык каалабайт, эми сен алардын бүлөсүсүң" деген. Мына мен да келиндериме өз кызымдай мамиле кылам алар да бирөөнүн кызы да. Мени кайын энем өз кызындай кабыл алып, билбегенимди үйрөтүп жүрдү.
- Аманат ата, алгач перзенттүү болгон күнүңүздү кандай эстейсиз?
- Мен чынын айтсам тун балам төрөлгөндө сүйүнгөндү да билбепмин. Себеби, өзүм да бала болчумун. Ал учурда азыркылардай балага үзүлүп түшкөн бизде жок болчу. Мен өзүм сүйүнүп, балам деп имерилгеним 3-4-балдарымдан кийин болду окшойт. Алгач балалуу болгондо ыйлап калса ушунун эмне кереги бар эле деп жүрдүм, көрсө өзүм бала экенмин да.
- Мага кайын энем балдарды багууда абдан жакшы жардам берди, - дейт Капипа апа. - Жаш кезибизде балалуу болуп, баланын баркын анча билбептирбиз. Эми минтип балдардын балдары неберелерибиз ысык болуп жаткан учур.
- Аманат ата "Баланы бөлүп кутуласың, небереден өлүп кутуласың" дегендей жашоонун аябай таттуу мезгилин жашап жатыпсыздар да?
- Баланы үйлөнтүп бөлүп койсок болот. Ал эми небере абдан ысык, тили таттуу болоору шексиз. Кай бир учурда неберелерге, чөбөрөлөргө ата-энелери какыс-кукус кылып койгондо бир аз кызганып кетем. Неберелер ысык болот. Биздин кемпир экөөбүздүн байлыгыбыз да, бакытыбыз да - балдарыбыз, небере -чөбөрөлөрүбүз. Ушунусуна да шүгүр. Небере-чөбөрөлөрүмө акыл кеңешимди айтып турам, туура кабыл алышат. Кай бир учурда "Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" дегендей алар мага акыл кошушат. Алардын акылы да кол күчү да бизге арка-жөлөк. Маңдайыбызда амандыгы күч-кубат, дем. Балдарым менен кеңешип барыбыз бир ооздобуз. Ынтымак болгон жерде кут болот. Негизгиси - адамда сый болуш керек. Мен балдарыма татыктуу тарбия бердим деп айта алам.
- Балдарыңыз жогорку билимдүү болсо керек ?
- Ооба, мен өзүм башынан эле билимдүү адам жерде калбайт деп келем. Балдарымдын бары жогорку билимдүү. Бирок турмуш шарданы менен айрымдары бизнеске ооп кетишти. Өз адистиги менен иштеп эл үчүн эмгектенип жаткан балдарым да бар.
- Сиздердин учур менен азыркы жаштардын айырмасы эмнеде? Жаштарга көз карашыңыз кандай?
- Жаштар жөнүндө оюм эң жакшы. Биз улуу муундар жаштарга жакшы тарбия бере албай жатабыз десем туура болчудай. Аларга үлгү болоорлук иш жасабай, коррупцияга, уурулукка көндүрүп жаткандай туюлат. Билимдүү жаштардан уучубуз кур эмес. Биз бардык жакшы жагыбыз менен жаштарга үлгү болушубуз зарыл. Жаштар биздин келечегибиз, биз аларга туура багыт көрсөтөшүбүз керек.
Азыр жаштардын билим алуусуна эң жакшы шарттар түзүлгөн, - деп Капипа апа кошумчалады. Ошону туура пайдаланып жаткандарга жакшы. Кээ бир учурда кыргызга жат көрүнүштөр да болуп атат. Мени жаштардын ар бир ийгилиги алардын билимге болгон умтулуусу кубантат.
- Жакында айылда мечит ачылыптыр, ал мечит сиздин демилгеңиз менен бүткөнүнө күбө болдук.
- Ооба бул мечиттин салынышы өзүнчө бир сөз. Алгач арабдар менен сүйлөшүп салдыралы, анан мен да демөөрчү болоюн деп ойлогом. Кагаздарды,документтерди чогултууга бир топ каражат керектелет экен. Бардыгын топтогондон кийин Бишкекке муфтийге кайрылдым. Ал документтерди араптарга жөнөттү, карап көрүшүп 62-кезекке коюшуптур. Мен элге жөн гана ыйман жолундагы адамдарыбыз көп болсо деген тилек менен мечит салдырдым.
- Аманат ата, айтсаңыз өзүңүз балдарыма татыктуу тарбия бере алдым деп атасыз. Ошол татыктуу тарбия берүүнүн сыры эмнеде?
- Негизгиси, балага да , башкага да кылган ишиң менен үлгү боло аласың. Өзүңдөн кемчилик кетип турса кантип башканы жакшы бол дейсиң. Башкача айтканда сөзүңдүн деми болбойт. Алгач тарбияны өзүңдөн башташың керек деп ойлойм.
- Капипа апа, адамдагы кайсы сапат менен сиздер келише албайсыздар?
- Адам ач көз болбош керек. Ар бир адамдын өз ырыскысы болот. Эгер бирөөнүн мал-мүлкүнө көз артсаң, сага ал жукпайт, же баары бир ал сенде эмес десек болот. Бар оокатка каниет кылып, ар бир адам аракет менен жашаш керек. Ууру, анан калп сүйлөгөн эч болбойт.

Маектешкен:
Кундуз
Бейшенбек кызы




  КЫЗЫКТАР, СОНУНДАР

Укмуштар көп дүйнөдө
Эгей деңизинде Кикланд аралдар тобу кирүүчү Кимолос аралы - "самындуу". Аралдын топурагынын составында самындын элементтери кездешет. Жергиликтүү калк андан пайдаланып келет. "Самын" жуунганга жана кир жууганга жарайт экен. Жамгыр жааган убакта аралдын бети көбүктөнүп калат.
ххх
Панама каналын куруу идеясы 450 жыл мурда эле пайда болгон экен. Ал кезде Испания кубаттуу болуп, миллиондогон кулдарды иштетмек. Бирок бир епископ король Филипп IIге: "Кудай бириктиргенди адамдар бөлгөндө болбойт" дегенде, король канал казганга тыюу салып койгон экен.
Бирок кийин баары бир казылган.
ххх
Биринчи айнек идиш Египеттен табылган. Анда фараон Аменхотептин (б.з.ч. 1551-1526-жж.) белгиси түшүрүлгөн.
Бирок Ур шаарынан табылган айнек идиштер айнек андан да мурун жаралгандыгын (б.з.ч. 2450-ж.) жана анын Мекени Месопотамия экендигинен кабар берет.
ххх
Америкалык белгилүү жазуучу Гарриет Бичер-Стоунун "Том акенин алачыгы" ("Хижина дяди Тома") аттуу романы 1851-жылы жазылып, 150 жылда дүйнөнүн дээрлик бардык тилдерине которулган.

Дюманын мушкетңрлору кимдер?
Дюманын үчилтигинин каармандары - Атос, Портос, Арамис жана Д'Артаньян чын эле болгонбу же ойдон чыгарылганбы? Көрсө алар чынында эле бул турмушта жашашкан экен.
Атос (Арман де Селлек д'Атос дОтевиль) - король мушкетңру болгон. Людовик XIII менен кардинал Ришельенин бардык согуштарына катышкан. 1643-жылы өлгөн.
Портос (Исаак де Порте) - король нотариусунун уулу. Атос өлгөн мезгилден баштап мушкетңрлор ротасында кызмат кылган.
Арамис (д'Арамис) Гасконияда төрөлгөн, атасы офицер болгон. Мушкетңрлор ротасында кызмат кылган. 1650-жылы өлгөн.
Д'Артаньян (Шарль де Бас д'Артаньян) Гаскониялык. XVII кылымдын башында төрөлгөн. 1673-жылы Голландия менен согушта курман болгон.
Ошентип мушкетңрлор бир мезгилде жашашса да, Дюма сүрөттөгөндөй алар бири-бирин билишкен эмес. Балким, сыртынан билишкендир же угушкандыр. А мүмкүн...


  Сиздер билесиздерби?

Музыка жана нерв системасы
Музыка адамга оң таасирин тийгизип, чарчоодон, алсыздануудан, капалыктан арылтып, ички сезимге кубаныч алып келет. Өтө жагымдуу обон артериялык кан басымын калыбына келтирип, дем алуунун жыштыгы менен пульсун оңдоп, эмгекке жөндөмдүүлүктү күчөтөт.
Бирок өтө узакка же катуу чыккан музыка адамдын нерв системасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Таасирдин натыйжасында адам чарчоого туш болуп, көңүл чөгүп, эске тутуу сезими начарлайт. Ошондуктан, ызы-чууну пайда кылган музыканы өчүрүп салып, анын ордуна телевизор же радиону коюп, үнүн жай калтырган оң.

Эң кичине шаар
Эң кичине шаар Югославияда жайгашкан. Анын аты - Хум. Мында 285 адам жашайт. Шаарда аптасына эки ирет иштөөчү дүкөнү, эки чиркөө, күнүнө үч маал каттоочу автобус, эки көчө, бир ресторан, 16 көчөгө жарык берүүчү лампочка, 13 үй бар. Бул шаар жылнаамаларда 1102-жылы эле жазылган. Шаар эзелки Рим конуштарынын кулаган ордуна тургузулуп, гүлдөгөн кезде анда болгону 300 адам жашап турган.
Эң кары дарак
Эң кары дарак Чыгыш Калифорнияда өсөт. Анын жашы - 4700дөн ашты. Бул дарактын аты - кылкандуу карагай.

Эң бийик учкан куш кайсы?
Куштар 17 километр бийиктикке көтөрүлө алат. Мындай бийиктикте тек Нил каздары гана чамдап чыга алышат.
Эң кичине электр мотору
Эң кичине электр моторун Жану Филиппо деген француз жасаган. Мунун бийиктиги 3,5 миллиметр, салмагы 0,15 грамм.

Толук адамдар арык адамдардан бактылуубу?
Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеймс Ватсондун пикири боюнча толук адамдар арык адамга караганда өздөрүн бактылуу сезишет экен. Азыркы учурда окумуштуу ушул оюн далилдөөнүн үстүндө иштеп жатат. Жакында Калифорнияда болуп өткөн конференцияда ал толук адамдын организмине күн нуру тийсе, белгилүү бир пигмент бөлүнүп чыгат жана ал адамдын жакшы маанайда болушуна жардам берет деп белгиледи. Ал эми арык, суз кыз Кейт Мосетун сүрөтүн көрсөтүү менен окумуштуу "Эгер кыз толмочураак болгондо, өзүн алда канча бактылуу сезмек" деп айтты.

Безеткиден кантип кутулабыз?
Эгерде сизди безетки жүдөтүп, андан кутулгуңуз келип турса, эч качан өзүңүз дарылабаңыз. Аны сыгып жок кылууга болбойт. Дарыгерлер безеткини сыгуу кээде мээнин инфекцияга чалдыгышына алып келиши мүмкүн деп белгилешет.
Андыктан, безеткини дарылоо косметологдордун жардамы менен гана ишке ашуусу керек.Тамактанганда ачуу, туздуу, калемпирлүү тамактарды жебек керек. Андан сырткары үч жума аралыгында күнүнө бир стакан суюк дрожду ичүү талапка ылайык. Бул процедура үч жумадан соң кайталанат.