Эл оозунан

Чыныбай бийдин токолунун кошогу
Чыныбай бийдин үч аялы болгон. Бий үчүнчү аялын теңсинбейт. Күндөрдүн биринде чатырап турган Чыныбай бий эки аялын (токолун эске албайт) чакыртып алып: - "Мен өлгөндө силер кантип кошок кошконуңарды тирүү кезимде өз кулагым менен уккум келет. Эл дагы угуп турсун..." деп өкүмзарданат. Эл көп чогулат. Кошок башталат. Биринчи аялы бир-эки сөздү чала-чоло жамактап барып, үнү өчөт. Экинчи аялы да бир нече сөздү башын айткан болуп, ал дагы олтуруп калат.
Чыныбай үшкүрүнө каарданып, дурустап кошок кошалбаган аялдарын "жакшылап" жасалоого камынып калат. Ошол минутада бийдин теңсинбей жүргөн токолу акырын ордунан турат. Бий буга не шам дегенсип, жаман көзү менен карайт.
- Ханым, - дейт токолу (аялдары дамамат "Ханым" деп кайрылышчу экен), - Сиз менин уруксатсыз кайрылып жатканымды кечирип коюңуз? Гусул жасап (тазаланып) келдим. Кудай алдында, Сиздин алдыңызда акмын. Уруксат этсеңиз мен да кошок кошуп көрөйүн. Каарыңызга алып, кандай жазаласаңыз мен макулмун, - дейт токолу. Ачуусу менен жини аралашып, шакардай кайнап турган бий бир аз жумшарып: "Кана кошчу, угуп көрөйүн" дейт. Токолу кошогун минтип баштайт:
- И аа...
Хан Жантай деген зор өткөн,
Чоң Ормон деген чоң өткөн
Алардын
Атагы алыс кеткен жок,
Алардын Кадыры Сизге жеткен жок...
Ии шашпа, дурустап кош, - Чыныбай бий сол жамбашынан оң жамбашына оодарылат, - Үнүңдү бийик чыгар, эл уксун...
Токолу каргылданган доошун сыбызгы, муңдуу доошко айландырып, мына минтип кошогун улантат:
Калмакты чаап жер алдың, ханым,
Катынды тандап көп алдың, ханым.
Кадырды билбес буларды,
Хан төрөм айтчы, неге алдың!?
Эл дуу дей түшөт. Чыныбай бий мандаш уруна олтуруп, улай бер дегендей белги берет. Токолу кошогун улайт:
Кызматыма жарайт деп,
Кылыгы менен жагат деп,
Кыргыздан тандап бирди алдың.
Кызматыңа өтпөдү, кадырыңа жетпеди,
Кымбатым төрөм, кимди алдың?
Кадырыма жетет деп,
Жүрөгүмдү сезет деп
Казактан тандап бирди алдың.
Кадырыңа жетпеди,
Жүрөгүңдү сезбеди
Хан Төрөм айтчы, кимди алдың!?
Жыйылган эл: "Ии, бали! Бали! Дагы, дагы..." деп коштоп жиберет. Чыныбай бийдин көрөр көз эки аялынан үн да, сөз да жок. Экөө эки жерде шоңшоюп олтуруп калыптыр. Бий ачууланбай жай гана:
Дагы айтарың барбы? - дейт. Токолу кошогун улантат:
Арамдык ишке баспадым,
Алты жыл төшөк сактадым.
Ак шейшеп каптап, күтсөм да,
Асылым сага жакпадым.
Алты жылдын ичинде,
Алты күн келип жатпадың.
Атаганат арман күн,
Асылдан калган туяк деп,
Хан Төрөм,
Алпечтеп бала бакпадым!
Жеңил ой ишке баспадым,
Жети жыл төшөк сактадым.
Кадыр-сый күтүп жүрсөм да,
Хан Төрөм сага жакпадым.
Жети жылдын ичинде,
Жети күн келип жатпадың.
Ханымдан калган туяк деп,
Хан төрөм,
Кастарлап бала бакпадым! -
дегенде чогулган элдин жакшысы сыйлап, жашыгы ыйлап дуулдаша колдогон экен. Чыркыраган чындыкты чыпчыргасын коротпой, тартынбай бетке айткан токолуна Чыныбай хан астейдилинен ыраазы болуп: "Молдону чакыргыла!" дептир. Элдин көз алдында нике кыйдырып, ошол күн үйлөнүүнүн үлпөтүнө айланган экен. Ушул тапта ошол токолдон тараган жүзгө жакын түтүн Ысык-Көлдөгү Жети Өгүз районунун аймагында жашашат.

Аман Көчөрбай уулу,
Талас району, Арашан айылы




Жубан
(Башталышы өткөн сандарда)

Жаңыл жумуштан иш столунан өйдө болоюн десе, бели зыр дей түштү. Ий-ий, деп кайра отура калды эле, муну байкай койгон Света:
- Ай, бийкеч эмне ок жеген кийикче окчорула түштүң?
- Билбейм. Белим зыр дей түштү.
- Ай Жаңыл, ушу сенин боюңда болуп калбасын?
- Коюңузчу? Жаңыл өзү да чочуп кетти. - Кантип эле? Кудаштан болбогон ушул кишиден болуп калабы?
- Доктурга барып көрүн. Айына жетип чоңоюп калса эркек-кыз экенин УЗИ бат эле билип коёт. Эркек болуп калса байкеңдин жүрөгү жарылып, кургур сүйүнгөнүнөн, ажалынан мурун өлүп калып жүрбөсүн. Света күлөбагып Жаңылды карады.
- Кокус боюма бүтүп калса эмне болом, - деп заманам куурулуп жатса, сиз тамашага айландырасыз да. Жаңыл чын эле таарынып кетти. Акыл айтып нускалуу кеп айткандын ордуна, тарактап күлөт.
Бийкеч, чын айтам, эгер боюңа бүтүп калса, алдырба. Кийин төрөбөй каласың. Байкең менен жакшылап, сүйлөшүп бир чечимге келгиле, анткени экөөңдүн сүйүүңөрдөн жаралган бала жаман бала болбойт.
Негизи эле аялдын бактысы бала, үй-бүлө. Кийин арка бел, жөлөөчү таянычың болот. Тукум уланат, очор-бачар болуп, небере күтөсүң. Жалгыз калбайсың, куу шыйрак аталбайсың. Сүйүн, кайра! Сен кыргыздын тукумун улап жатасың. Жаңыл унчукпай отуруп калды. Ою алда кайда кетти.
Жаңыл эртеси убакыт таап, доктурга барып келди. Света айткандай эле балээ болуптур. Этек кири эмнеге келбей калганын эми билди.
Эми эмне кылмак? Кимге барып кеңеш сурайт. Бирөө оюн угуп койгонсуп чочулайт. Квартирасында жалгыз, шыпты тиктеп ойлуу жатат.
Байкеси менен кеңешип көрсөбү? Балким ал кишиден акыл чыгаар. Кой эртең жумушка барганда телефон чалайын, дареги бар. Дайыма өзү чалуучу. Жаңыл бир гана жолу алгач чалган. Эми чалса эмне деп ойлойт болду экен. Башка кеңеше, оюн эркин айта ала турган, жакын кишиси жок экен. Болгондо деле тууган, дос, чогуу иштешкен кыздарга мындай сырды айтууга болбойт го. Эртеси ушак болуп кетпейби...?
Светага дагы боюнда бар экенин айтпай эле коюш керек. Күйөөсү жок, төрөптүр, деген сөз кандай жаман.
Эртеси жумушка келээри менен телефон чалды. Трубканы бир кыз алып:
- Саргалды Ильичбекович, коммандировкада, - деп жооп берди. Жаңыл маанайы суз жумуш ордуна басып келди.
- Ии бийкеч ким менен сүйлөшүп келдиң.
- Жөн эле, бөлөм издеп жүрөт, - дейт, дайынымды билдирип, жолугуп коёюн дедим эле.
- Докдурга бардыңбы?
Света үстөкө босток суроо бере баштады.
- Бардым, боюмда жок эле, белиме жел туруп калыптыр. Жүрөктү түшүрөсүз да эже.
- Ким билет. Өңүң кер сары тартып, боюнда бар келиндей көрүнүп кеттиң, кебетең башкача...

Сыйлаш Байтоков

(Эссенин толук вариантын жакында
китеп болуп жарык көргөндөн кийин окуй аласыздар)




Карышкырлар улуганда

- Эми аны билген кайнилер болсо кана, - деп Аптоо шаңкылдап кое берди. Тез эле машина асфальттан чыгып, тоо тарапка бурулду. Шар аккан суунун жээгине келишип, күн мурунтан даярдалган төшөнчү орунду салышып, дасторкон кенен жайылды, арак шарап дегендей, эки бөтөлкө коньяк коюлду. Манап менен бирге жүргөн жигит ойда ырдайт экен эки келинди тим эле элжиретип жибитип жиберди. Ырдын кезеги Аптоого келгенде жаңы ырды ырдап олтурушту дагы жандантты.

(Башталышы өткөн сандарда)

Төрт бөтөлкө арак, бир бөтөлкө коньяк ичилип бүткөндөн кийин Аптоо Манап менен, курбусу тигил жигит менен эки тарапты көздөшүп суу бойлоп сыр алыша басышты. Туландуу жерге келгенде Манап Аптоону кучактап өпкүлөп, чөптүн арасында экөөсү камыр-жумур болуп ооналактап жатышты. Анан эле Аптоо жанга жагымдуу үн менен онтоп кирди. Ансайын Манап күч алып күшүлдөп бышылдап, жалбарып жалынып, аймалап, аракеттенип жатты.
Жумабай эчкилерин айдап келип короого киргизип, үйгө киргенде кара чечекей жалгыз иниси ооруп, ооруканага келип жатып калды деген кабар келди. Эптеп эрбейген кызы менен оокат кылып алып, ооруканага барып келди. Аптоолор ал түнү келбей калышты. Мындай көрүнүш бул үйгө жаңылык эмес эле. Ал түгүл Жумабай иш менен талаалап кетсе эле Аптоо табышчу менен тез эле табышып алчу. Кечиктиң, үйгө эмнеге кеч келдиң дей турган болсо эле кутулбас балээге ошондо калып жүрүп, унчукпай тынч жашоого өткөн Жумабай бул ирет деле үч күндөн кийин келген катынына унчукпай кутулду. Аягы суюк болуп баратканын күйөөсү сезсе да ажылдаган катындын бет тырмачылыгынан тынчыраак жашоо ага жакшы эле.
Түндө уктаган жок, түркүн түмөн ойлор менен алп урушуп эле жатты. Денеси аракка ууланган Аптоо күйөөсү жанында бар жок экенин да этибарга албай сулк жыгылып уйкуда. "Чарчаган го", - деди ичинде Жумабай. Эмне жумуш кылып чарчаганын ойлогусу да келген жок.
Негедир үйүңдүн эле жанынан карышкырлардын улуганы угулду. Аптоо чоочуп ойгонуп:
- Ой, шумдугун кургур, карышкыр улуп жатабы, үйдүн эле жанына келип алган го, бул өлүгүндү көрөйүндөр, ой солдойбой бир эркекке окшоп эшикке чыгып, мал-келди карап кой, эшик ачык калса төрт эчкиңди, жалгыз уйду тамактап салбасын деп Жумабайды булкулдатып жатты. Таңга маал көзү илинген Жумабай сыртка чыкса айлананы туман каптап, күздүн суугу күчүндө экен. Карышкырлар туманда ойгонот дечү атам. Адам болуп жаралганы мындай шумдукту көз менен көрүп, кулак менен укканым ушу. Жомокто айтылчу эле, турмушта деле болот тура. Короонун оозу жабык, иттен кабар жок, ал деле бир жамандыктын болорун сезип качып же бекинип калган го.
Эртеси айылда карышкырлар айылга түшүп келип калганы жөнүндө уу-дуу сөз болуп жатты. Мечитте намаз окулуп бүткөн соң айылдын имамы:
- Агаин туугандар өткөн кеткен, жакын тууган уруктарыңыздарга куран окуп, зыярат кылып тургула, "Арбак ыраазы болмоюн тирүүлөр жарыбайт", - деген сөз бар. Арбакка сыйынбайт, бирок зыярат кылып куран окуп туруу парыз. Өтүп кеткен ата-энелериңерге багыштап эртели кеч куран окуп эскерип тургула. Адам качан өлөт билесиңерби, адам качан урпактары эскербей койсо өлөт, андыктан өткөн ата-бабаларынарды эскерип, көрүстөндөрүнө зыярат кылып тургула, - деп акыл насаатын, Курани каримдин сүрөөлөрүнүн маанисин айтып жатты.
Мына ушул сөз Жумабайдын жүрөгүн дагы ачыштырып өттү. Ата-энесинин кабырына барып бир жолу да куран түшүргөн жок, ал түгүл аялы айылына бут басып барбаганына отуз жылга жакын болуп калыптыр, тапкан-тутканы бүт эле төркүнүнө, Ошко кетип жатты. Ушул катындан тажадым. Өлүп кутулат окшоймун, элдин турмушун көрүп уяламын, ата-энесине аш берип жатат, эстеликтерди коюп жатат. А мен болсо эмне кылып жүрөм, катындын бала-бакчасынын башчысы болдум да калдым. Ошонун заар үнүн укпайын деп жандалбастаймын. Ал деги ыраазы болгон пенде болсо гана. Ушул ойлордун кучагында олтурганда мечитте Жумабайдан башка эч ким калбаган эле. Молдо өткөн-кеткендерине куран окуп олтургандыр деп сыртка жалгыз таштап чыгып кеткенине анча болду.
Үйүнө келсе тополоң, катыны улуп-уңшуп ыйлап олтурат:
- Ой тынччылыкпы деги,- деди Жумабай.
- Эй, атаң тирилип келе тургансып эле мечиттен чыкпайсын, элдин баары качан эле келген, сен жоксун. Бол бачым, тез камдан агамдын баласы авариядан каза болуптур, барбасак болбойт, - деп шолоктоп сыртка чыгып кетти. Жакынкы эки жылда эле Ошко деп ушундай жамандыкка жети сегиз жолу каттадым. Кимдин кесири тийип жатат билбеймин. Эмне кылыш керек, эмне кылыш керек эле, беш алты мин акча табыш керек, бир жылкы алыш керек.
Батага Ошко жөнөйбүз деп турган түнү кырсык болбодубу. Кечке жуук нөшөрлөп жааган жамгыр бир эле сааттын арасында селге айланып, бүт айылды каптап сел алып, короо сарайын мал-кели менен алып кетти, кошуна колоңдор түнү менен ызы чуу түшүп уктабай чыгышты. Үйдөн обочороок дөңсөгө түнкүсүн адамдар толуп чыкты. Айыл айыл болуп жаралганы мындай шумдук болгон эмес, ондогон үйлөргө ылай толуп, ондогон үйлөрдү суу тешип өтүп кетти. Баарынан да Жаки жетимченин үйүнүн ичине таш толуп, тамдын төбөсү эле калыптыр. Жумабайдын үстүндөгү жылгадан мындай сел кетет деп деги эле эч ким күтпөгөн. Аптоо экөөсү түнү менен үйдөгү тапкан оокат ашын сыртка ташып, балдарды кийизге ороп жаткырып тынган жок. Жамгыр да, сел да күн аркан боюу көтөрүлгөндө басылды. Бирок жылга толо кыпкызыл суу таш агызып кулдурап агып жатты. Түптүү алманы түбү менен жулуп агызып, ал эми менчик машина техникаларды агызып ылайга алып барып бүктөп салыптыр. Кой-эчкилердин буттары сырайып, биринин буту, биринин башы чыгып сай толуп жатат. Дагы кыйласы суунун шары менен кеттиби дайынсыз. Эң башкысы жан аман калганы. Мал болсо табылаар, жандын аман калганына да шүгүрчүлүк кылышып, элдин үрөйү учуп турса, тамдан кур жалалак калган Жаки ичип мас болуп келип алып, дөңдө тургандарга акыл айтып булдуруктап турду. Айылдын молдосу жакасын карманып келме келтирип жатты.
Дал ошол учурда дагы Ак-Сай тараптан карышкырлардын улуган үнү чыкты. Ал эми Аптоо болсо улуп-уңшуп же Ошко барарын билбей, же үйү толо ылайды тазалашын билбей күйөөсүнүн жанында бышмыйып шолоктоп турду. Жумабай да элдин ичинде нес болуп катып турду. Райондон куткаруучулар келе жатыптыр деген кабар келди. Алыстан карышкырлар улуп жатты. Дөңдө тургандарга молдо:
- ...Эй бурадалар, жан аман калганын Алланын мээрими деп түшүнгүлө, жаманчылыкты аманчылык жеңмеги бар. Ниетти оңдогула, беш убак намазга жыгылгыла, ичкилик ичпегиле, бирөөгө кара ниеттик кылбагыла, жаман ойлордон алыс болгула, жердеги бүткүл кара ойлорду да, жакшы ойлорду да жараткан Алла кабыл кылып, ошого жараша бизге жакшылыкты, жамандыкты да жиберип турат, эгер жаман ойлорубуз көп болуп, элдин ынтымагын кетирип, ичтен чыккан ийри жылан болуп, пашааларыбызга асыла берсек, ичкилик ичсек, катын-кыздарыбыз бузулса ошого жараша кудай да бизди жазалап коет, ошондуктан үй-бүлөдөн баштап ынтымакка келип, элибиз ынтымактуу болуп, жараткандан жакшы тилек кылсак, кудай бизге жакшылык нурун төгөт, андан көрө сабыр кылгыла, сабыр, - деди.
Жумабай сел алган үйүн карап туруп көңүлү чөгүп башы айланып бара жатты, өзүн жанында сүйөп коер адам жоктой жалгыз сезди. Аңгыча Жумабайдын үйүн көздөй тез жардам машинасы зуулдап келе жатты, анын ачуу чаңырыгы карышкырдын улуган үнүн коштоп айылдагылардын үрөйүн учурду. Жумабай жүрөгүн мыкчыган боюнча жыгылган жеринде сулк жатты. Алыстан карышкырлардын улуган үнү угулду. Аптоонун ачуу чыңырыгы айыл аралап кетти.

Абдымомун Калбаев,
акын жана жазуучу