Коомдук-саясый гезит
№30_31, 30.10.08-ж.





  Москва астанасындагы салгылашуунун 57 жылдыгына карата

Кыргызстандык жоокерлердин өлбөс-өчпөс эрдиги
20-кылымдын 41-жылында 22-июнь күнү гитлердик Германия 1939-жылдын 24-сентябрындагы СССР менен кол салышпоо жөнүндөгү келишимин одоно түрдө, караниеттик менен бузуп, тынч жаткан Совет элине капысынан кол салуу аркылуу "чагылгандай" катуу кандуу согуш баштады. Мындай капыстан болгон согушка дүйнөнүн башка ири капиталисттик мамлекеттеринин бири да туруштук бере албас эле. Гитлердин максаты-СССРге туш-туштан чабуул коюп, үч аптада Москваны басып алуу, үч айдын ичинде бул өлкөнү жик-жикке бөлүп жок кылуу эле.
Согуштун алгачкы күндөрүнөн баштап эле советтик-германдык кандуу майдандын сызыгы Түндүк Карелиядан баштап, Кавказ тоолоруна чейин жеткен, же 1900 километрден ашык жерди ээлеген. Ошондо "Бул согуш СССРдин өлүмүнө же жеңишине алып келет" деген ойлор пайда болгон. Бирок, И.В. Сталин мындай арасат ойлорго: "Душман талкаланат, жеңиш биздики болот", - деп кесе жооп берген. Ал кезде фашисттик Германиянын күчү биздикинен 4-5 эсеге көп эле. Мындай каардуу, күчтүү душманды жеңип алуу үчүн бүткүл Совет эли, кары дебей, жаш дебей "чагылгандай" согушка каршы аттанышкан, душман менен айыгышып катуу салгылашкан.

1941-жылы СССРдин борбору Москва шаарынын астанасында катуу согуш болгон. Москвадан партиянын саясий бюросунун курамы, партиянын архиви Сибирь жакка көчүрүлгөн. Москвада жогорку командачы И.В.Сталин жана Армиянын генштабы гана калган. Немистик аскерлер Москвага жакындап кирип келген.
Ошондо Германиянын аскер башчылары Гитлерге телефон чалышып:
- Биз Москвага жакын калдык. Москваны дүрбү менен көрүп турабыз, арабыз 120 километр калды, - дешкен. Аларга Гитлер жооп кылып:
- Силер Москваны туюктап курчагыла. Ал жерден бир да солдат, бир да шаардын тургуну качып чыгып кетпесин. Биз Москвада Жеңиш парадын өткөрөбүз, - деген. Фашисттер аскерлерине жаңы тигилген формаларын да берүүгө үлгүрүшкөн.
Бирок, иш немистер ойлогондой болгон жок. Москва шаарын коргоого Кыргызстандык жоокерлер абдан бек турушту. Кыргыз ССРинин аскер комиссары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты И.В.Панфиловдун Алматы шаарында түзгөн 318-дивизиясынын (кийин 8-гвардиялык) жоокерлери Москванын Волокаламск багытындагы Дубосеково темир жол станциясында душмандардын мизин кайтарып, өлбөс-өчпөс эрдик кылышкан.
1941-жылы 7-нобрда Москва шаарында Советтик аскерлердин парады өткөрүлүп, параддан өткөн жоокерлер түз эле согуш талаасына кетишкен. Ошондо Советтик эр жүрөк, тайманбас жоокерлердин соккусунан немистердин генералдарынын үрөйлөрү учуп Гитлерден кошумча аскердик чоң күч жиберүүнү суранышкан. Анан ошол эле ноябрь айынын 15-16-күндөрүндө Москваны алууга Германиянын жаңы күчтөрү жиберилген. Немистер Москваны көздөй дагы жулкунушкан. Волокаламское шоссесинин жанындагы Дубосеково станциясында (разъездинде) Панфиловдун дивизиясынын 28 кажыбас кайраттуу жоокери, ротанын саясий жетекчиси В.Г.Клочковдун командасы астында немистердин 50 танкасынын чабуулуна каршы катуу салгылашкан.
Ошондогу Клочковдун: "Россия кең, чегинүүгө жол жок, артыбызда Москва!" деген кыйкырыгы дүйнөгө шамалдай тараган.
Бул күндөрдө Москванын астанасында күнүнө, 68-84 миңден немисттердин солдаты өлүп, кыйрап, танкалары, артиллериясы, согуштук техникалары талкаланып дөбө-дөбө болуп үйүлүп жаткан эле. Москваны коргоо майданында курман болушкан Кыргызстандык жоокер панфиловчулар Дүйшөнкул Шопоковго, Григорий Петренкого, Николай Ананьевге, Григорий Шемякинге, Иван Москаленкого, Григорий Конкинге ж.б. Советтер Союзунун баатыры деген бийик наам ыйгарылган.
Ошентип панфиловчулар бир дагы немистин солдатын, танкасын Москвага жолоткон эмес. Москванын астанасындагы катуу салгылашуулардын биринде 1941-жылдын 19-ноябрь күнү 8-гвардиялык дивизиянын командири генерал-майор Иван Васильевич Панфилов курман болгон. Ага өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилди. Бул сүрөт Панфилов каза болгонго чейин бир күн мурда тартылган. Москвалыктар ошол Улуу Ата Мекендик согушта Москваны коргогон кыргыздарды кыямат күнүнө чейин, түбөлүккө унутушпайт. Белгилүү орус акыны, жазуучу Марк Лысянский согуш жылдарында Москваны коргогон Кыргызстандык панфиловчулар жөнүндөгү "Моя Москва" деген ырынын акыркы куплетинде минтип жазган:
Мы запомним суровую осень,
Скрежет танков и отблеск штыков.
И в сердцах будет жить двадцать восемь,
Самых храбрых твоих сынов.
И врагу никогда не добиться,
Чтоб склонилась твоя голова,
Дорогая моя столица,
Золотая моя Москва!

Сатымкул Садыков,
майдангер, журналист




  Намысыңар барбы, уландар?

Тоолуу калкыбыз азаттыкка чыккандан берки мамлекеттик өзбелгилеринин бири катары Улуттук аскерибиз эсептелет. Анын бүгүнкү деңгээли кандай? Кыргыз армиясы өлкөбүздү чет элдик баскынчылардан коргоого жөндөмдүүбү? Жоокер адистерди даярдоонун абалы канчалык? Деги эле биздин бүгүнкү жаштар, алардын ата-энелери Ата Журтту коргоо деген ыйык парзды кандайча түшүнүшөт? Ушул маселелердин тегерегинде Баткен дубанын Кадамжай районунун аскер комиссары Орозалы Аманбаевич Ысмаев менен маектешип отурдук.
Жаңыдан полковниктик чинди алган замандашыбыз Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына жана Кыргыз Өкмөтүнүн токтомуна ылайык үстүбүздөгү жылдын октябрь, ноябрь жана декабрь айларында эң бир түйшүктүү жалпыга тиешелүү аскерге чакыруу өнөктүгү башталганын баса белгиледи. Атайы мыйзамга ылайык жогорку билимге ээ жаштар 18 айлык, калгандары альтернативалык түрдө эки жылдык кызмат өтөөгө чакырылууда. Жигиттик ыйык милдетин өтөөгө ден соолугу чың, үй-бүлөлүк абалы жакшы, боюнун бийиктиги 160 сантиметрден жогору бардык уландар чакырылууга тийиш.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын токтомунун негизинде жаштардын ден соолугунун абалын тактоочу комиссия түзүлдү. Аны райондук аскер комиссары жетектеп, мүчөлүгүнө райондун акиминин, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин жана аймактык оорукананын башкы дарыгеринин биринчи орун басарлары, сегиз тажрыйбалуу врач катталышкан.

Орозалы Ысмаев:
"Ата Журтту коргоо - баарыбыздын парзыбыз"
Аскерден качкандар кескин көбөйдү
Агроөнөржайлуу Кадамжай районунун калкынын саны 160 миңден ашты. Анын ичинен аскердик милдетин өтөөгө чакырылууга 5 миңден арбын жигит бар. Бирок, замандын капшабына жараша Кыргызстандын Түштүгүндөгү жаштардын 80 пайызга жакыны мектепти аяктап паспорт алышары менен эле кең Россияны карай чу коюшууда. Алардын кайда экенин тактоо, аскерге чакыруу сөздүн түз маанисинде эле азапка айланып жатат. Элет жеринде негизинен ден соолугу начар, жоокердик парзын өтөөгө жөндөмсүз жаштар калышууда. Улан-кыздардын басымдуу бөлүгү жогорку жана атайын орто окуу жайларынын сырттан окуу бөлүмдөрүнө контрактка тапшырышып, карматпай кетишет. Азыркы жаштар райондук аскер комиссариатынын кызматкери азилдешкендей, аларды көрөөрү менен качып жөнөшөт.Көчөдөн кармап эле мажбурлап аскерге узатуу модага айланды. Бул не деген трагедия! Биздин балдар аскеде кызмат өтөгүсү келишпейт! Ата Мекенди коргоодон баш тартышууда!
Мына күзгү өнөктүктө 2500 улан чакырылууга тийиш. Ал эми аскер комиссары чыныгы кызат өтөөгө 150 жигитти, альтернативага 1250 баланы таба алар бекенбиз деп убайым чегип отурат.
КиЧинекей кыстарма
Ирегелеш Өзбекстан Республикасында аскер комиссариатында кызмат өтөөгө кезекте турушкан жүздөгөн жигиттерди көрүүгө болот. Аскерге бармайын бюджетке окууга өтүүгө жана мамлекеттик кызматка барууга тыюу салынган. Ошондой эле аскерде ден соолугун чыңдоо менен бекер тамак-аш, кийим-кече менен камсыздалышат.

Аскерге реформа керек
Өткөндө Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы, мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков Түштүктөгү аскер бөлүктөрүн кыдырып жүрүп, бир жерде жоокерлер чыныгы курал-жарактын ордуна жыгачтан жасалган, ыңгайсыз, оюнчук автоматтарды алып жүрүшкөнүн катуу сынга алыган эле. Чындыгында мындай көрүнүштөр биздин армияда арбын. Кийим-кече, тамак-аш гана эмес, Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен жерлердеги чек арачы балдарыбыздын ылайдан эптеп чамалап тургузулган жер тамдарда кызмат өтөп жатышканын көрүп, жер жарылса кирчүдөй болуп уяласың! Бажы, салыктан топтолгон миллиарддардын бир бөлүгүн коргоону жөндөмдүүлүгүбүздү чыңдоого бурсак оң болоор эле.
Орозалы Ысмаев учурда аскер комиссариаттарында кризистик кырдаал түзүлгөнүн жашырган жок. Мыйзамдардын көпчүлүгү СССРдин тушундагыдай кабыл алынып калган. Ал аскердик реформанын алгачкы этаптарында жаштарды милдеттүү түрдө эмес, ыктыярдуу түрдө кызмат өтөөгө чакырууну, каалоочулар акчасын төлөп кала барүүнү сунуштайт. Азыр аскерден калтыруунун 12 пункту болсо, анын он бири үй-бүлөөлүк абалды, жетим-жесирлигин, соттолгонун эске алып, бирөөгө гана ден-соолугун карайт. Кадамжай району боюнча бүгүн 3208 жигит айына 170 сомдон акча төлөп, альтернативалык кызматын өзүлөрү каалаган жеринде өтөп жатышат. Алардан айына 545360 сом акча түшөт. Бул каражат Коргоо министрлигине которулуп, 9 пайызы Кадамжайга кайтарылат. Бул каражат имартты күткөнгө, электр кубатына, байланышка, тамак-ашка жана кызматкерлерге кошумча кызыктыруучу төлөмдөрү жүргүзүүгө сарпталат. Бул жагынан көрүлүп жаткан камкордукка кызматкерлер ыраазы.
Акыркы учурда аскер комиссариатынын имараты тосулуп, жолдор асфальтталып, материалдык базасы чыңдалды. Райондогу 14 айлык жана посёлкалык өкмөттөрдүн штатында экиден алтыга чейин аскердик учётту тактоо адистери бар. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам толук кандуу иштеп, буйруктар, жыйындар кыргызча өткөрүлүп жатат. Бирок ошол мыйзамдын аткарылышын талап кылган министрликтин өзүнөн иш кагаздарынын орусча жөнөтүлүшү кыйын. Ошондой эле орто мектептердеги аскердик башталгыч даярдоо сабагын көрүнгөн мугалим өтүп жетиштүү тарбия берилбей жатышы, улан-кыздар практикалык жактан артта калышы абдан өкүнүчтүү.
Кантсе да кадамжайлыктар келечетен үмүт үзбөйт. Чакан жамааттагы Арстан Апышев, Алмаз Сейдалиев, Анаркан Нажмитдинова жана Манус Анарбаева баштаган адистер, кызматкерлер алдыдагы өнөктүктү талаптагыдай өткөрүүгө бардык күч-аракеттерин үрөп, калк арасында түшүндүрүү иштерин астейдил жүргүзүп жатышат.


Адылжан Жажанов,

өз кабарчы,
Баткен облусу
Сүрөттөрдө: Кадамжай
райондук аскер комиссариатынын оңдолгон имараты; аскер комиссариатынын даңк каанасы.