Коомдук-саясый гезит
№30_31, 30.10.08-ж.





  Карысы бар элдин ырысы бар

Көлдү көрүп көзүнө жаш алган
Жыл өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, канча миллиондогон адамдардын кан-жаны менен жаралган Улуу Жеңишке өз салымдарын кошкон майдагерлердин саны арабыздан суюлууда. Үстүбүздөгү жылдын 9-майында Улуу Ата Мекендик согуш аяктап Советтер Союзу Жеңишке жеткенине 63 жыл толуп, 64-жылга ооду.
"Согуш отун кечкендер, эмне деген тозокторду көргөндөр, Ата Мекени үчүн жанын ойлонбостон берген патриоттор" деп, канчалык айтканыбыз менен ушул сөздөрдүн маани-маңызын толугу менен түшүнө албастырбыз.
Согуш күндөрүн чагылдырган кинолорду көрүп көзүбүзгө жаш алып калабыз, бирок кино эмес, ошол каргашалуу күндөрдү өз башынан кечирген адамдарды ушул 9-май - Жеңиш күнү гана эстейбиз. Эстебегендер да бар. Жеңиштин 63 жылдыгын белгилөөнүн алдында турганда "21-кылым" (Белес) радиоканалынан "Быйыл Жеңиштин канчанчы жылын белгилейбиз?" деген суроого дароо жооп берген эч кимдин болбогону зээнди кейитпей койбойт. "Ушул Жеңиш болбосо биз кандай күндү көрөт элек?" дегенди ойлогон жаштар аз көрүнөт.
Бүгүн ушул кандуу күндөрдө эли-жерин коргоп келген Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын кадырман карыясы Аманкулов Шарше жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Аманкулов Шарше 1916-жылы Дархан айылында туулуп өсүп, ошол эле айылдагы мектептен билим алган экен. 1930-жылы Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Ташкыя айылында жайгашкан № 193 чек ара заставасында эмгек жолун баштаган. 1931-жылы аскер кызматына чакырылып, ушул эле заставада 1935-жылган чейин чек ара кызматында кайгуулчу болуп кызмат өтөйт. 1936-жылы кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандан кийин (ал учурда аскер кызматын өтөө мөөнөтү 5 жыл эле) көп өтпөй Кытайдагы дунган менен уйгурлардын чыры чыгып, аны басканга көмөк көрсөтүш үчүн бизден көп жарандарды жиберишет, алардын арасында Шарше ата да бар эле.
Кытайдан 1939-жылы кайтып келип, кайра баягы эле заставада көмөкчү чарбанын башчысы болуп эмгектенет. 1941-жылдын 22-июнунда согуш башталса, Шарше ата Ата Мекенин коргоо үчүн ушул эле жылдын 18-августунда аттанды. Алар түз эле Украинанын батыш жагына барышып, кан кечкен күндөр башталды. 1942-жылы Ленинград шаарынын чыгыш жагында 393-атуучу полктун катарында согушуп, душманды чегиндиришти.
1944-жылы май айында Шарше атанын полку Япониянын Манчжурия деген шаарына жөнөштү. Ал жерде япондор менен 1946-жылга чейин салгылашып, жеңиш менен кайтышты. Шарше ата негедир согуш учуру жөнүндө кеңири сөз кылгысы келген жок, оор болду көрүнөт. Жөн гана: "Согуш деген согуш, биз көргөн күндү силер көрбөгүлө, ынтымактуу болгула. СССР ынтымактуу, бирдиктүү болгон үчүн жеңишке жетти, ал убакта жашаганыма ыраазымын, эң жакшы учур эле", - дейт.
- "Бөтөн эл, бөтөн жерде салгылашып жүргөнүмдө "Көлүмдү бир көрүп, бир ууртап өлсөм арманым жок" дегем. Көпчүлүк эл катары 1945-жылы эмес 1946-жылы согуштан кайтып келе жатып Көлгө жеткенде чуркап барып кочуштап ууртап, "Ушул күндү, касиеттүү Көлүмдү кайра туз буйруп келип көргөнүмө ишене албайм!" - деп көзүмө жаш тегеренди эле, - деп эстеп алды Шарше ата, - Карагылачы, туулган жердин топурагы алтын деген ушул эмеспи. А биз болсок туулган жердин ыйыктыгын, алтындыгын сезе билбей, бардыгын акчага алмаштырып бара жаткандайбыз. Антпесе миңдеген жаштар акча үчүн башка элдин короосун эмнеге шыпырып жүрүшөт?
Шарше ата согуштан кийин колхозго келип мал чарбасында ветеринардык техник, ферма болуп көп жыл ийгиликтүү иштеп жүрүп эс алууга чыгыптыр. Өзү абдан эмгекчил, өжөр, калыс, тартипти сүйгөндүктөн көп жылкы кызмат абалында бир дагы нааразычылык укпай, бир дагы берилген кызматты аткара албай калган учуру болбоптур.
Өз айылында Шарше атаны Балбан Шарше деп да коюшат экен. Анткени ал жаштайнынан күрөшкө чыгып, Балбан Шаршени жеңген бир да адам болбоптур. Шарше ата өзүнүн билимин, билүү чөйрөсүн жогорулатуунун үстүндө дайыма иштеп келген. Мурунку СССР шаарларынын көбүн кыдырып, түрдүү адамдар менен жолугуп, башка маданият, салт, ж.б. менен кеңири тааныш. Өзү айткан сөзүнө турган, адилеттүү, калыс, чынчыл эмгекчил адамдарды баалайт. "Ким жаман?" - деп узаткан суроомо: "Жалкоо жаман, өз жанын бага албаган" - дейт.
Жогоруда Шарше ата айткандай, элибиз ынтымактуу болуп, жерибизде тынчтык болсо экен. Биз күнүмдүк тиричилик менен алектенип жатып башкы нерселерди унутуп койбосок экен. Ардагер аталарыбызга азыр убагында көнүл буруп, жылуу сөздөрүбүздү аябасак, көңүлдөрүн оорутпасак, же адаттагыдай эле кеч болуп калганда кеч болуп калды деп өкүнүп кала беребизби?
Карысы бардын ырсы бар дегендей Шарше ата азыр ардактуу эс алууда чөбөрөлөрүн эркелетип отурган чагы.

Нурзада Орузбаева,
Жети-өгүз району,
Дархан айылы




  Кош данек

Менин айылымдын кишилери
Ушундай замандаштарыбыз бар
Кырктын кырынан эми гана ашышкан жаштар Жусупов Саидназар менен Жалалова Болдукан бири ордо калаабыздын кыз-келиндер институтунда, экинчиси политехникалык институттун тоо-кен факультетинде окуп жүрүшкөндө, жердештердин чогулушунда акыркы курстарда таанышышып, көңүл куштары табышып, баш кошушкан. Жолдомо боюнча ар кайсы жерлерде иштеп келишип, эми өздөрүнүн кичи Мекени айтылуу Айдаркен шаарчасынын колтугундагы кичинекей Жаңы-Коргон айылында өмүр кечирип жатышат. Саид кен чалгындоо партиялары оңгулуктуу иштебей, кризистин сормо сазына баткан соң жана үй-бүлөдө кенже уул болгондуктан тоо арасындагы кышы жарым жылга созулган өрөөндө үлүш жер алып, ага кылкандуу дан, сабиз, картошка айдап, тегирмен ачып жана кай бирде менчик машинасы менен Халмион базарына жүк ташып, эл катары кадыресе турмуш дөңгөлөгүн айлантып келет. Кичи пейил, мээнеткеч, айкөл жигиттин заманга, чоңдорго наалыганын, арызданганын деле көрбөдүк. Өз киндигин өзү кесип, түйүндүү маселелерин өзү чечип, орто деңгээлде жашап жатканын баамдадык.
Биз барганда тамынын жанындагы 13 сотка жеринен жылдагыдай 3-4 тонна болбосо да, анын теңине жеткен Айдаркендин теңдеши жок мыкты сабизин казып жатыптыр. Анжияндан келген өзбек ашынасы килосун 9,5 сомдон жүктөтүүдө. Базарда болсо алар 15-20 сомдон. Бирок аны унаага жүктөп, бажы, чек ара тосмолорунан өткөрүп кардарга жеткирүү оңой эмес. Анан калса, сабизди азыр сатып ийбесе, эртең өзбектердин өздөрүнүн сабизи чыгып, тыйынга албай калышы ыктымал.
Короосунда жеңил жана оор жүк ташыгыч машинасы, электр жана суу тегирмени бар, адамгерчиликтүү бул замандашыбыз туугандарынын гана эмес башкалардын арасында да зор абройго ээ.
Ал эми математика сабагынын алдыңкы мугалими, көп жылдар бою Барпы Алыкулов атындагы мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, бир уул, үч кызды татыктуу тарбиялап, үй түйшүгүн да мизилдетип аткарган, Пүлгөн айылынан бийик тоолуу Жаңы-Коргонго келин болуп түшкөн Болдукан Жалалованы кайын журту, кесиптештери, жөн гана айылдаштары сыйлап урматташат. Анткени, бул чакан айылдан көптөгөн жогорку билимдүү кадрлардын өсүп чыгышында анын кошкон үлүшү зор.
Жалпысынан 500гө чамалаш окуучу билим алып жаткан бул билим очогуна быйыл министрликтин көмөгү менен 6 жаңы компьютер алынды. Эми четки бул айылдын жаштары дүйнөлүк алакага чыгышып, билимдерин дагы тереңдете алышат. Элеттик мугалимдердин айлык маяналары 30 пайызга жогорулады. Бийик тоолуу шарты үчүн да кошумча төлөмдөр бар. Директорлукка көтөрүлүп, айлыгы окуу бөлүмүнүн башчысыныкындай болгону менен мурдагы жылдарга салыштырганда өсүп, колуна беш миң сомдун тегерегинде тийип жатат.
Биз Саид жана Болдукан, жердештери менен баарлашып отуруп, айылдагы эң башкы түйүндүү маселе кайсы экенин сурадык. Көрсө, бийик тоонун арасында, арчалардын жанында, таза абада отурушканына карабастан эң башкысы сугат жана таза суунун жетишпестиги экен. Бөтөнчө быйылкы кургакчылык көп залакасын тийгизди. Эми менчик малды кыштан чыгаруу терең ойлондуруп жатат. Беде менен жүгөрү паясынын наркы былтыркыга салыштырганда 3-4 эсе жогорулап кетти. Экинчиден, күн сайын КТРден безилдеп арзан көмүр сатылып жатат дешкени менен ал Айдаркенге жете элек. Көмүрдүн тоннасын 6-7 миң сомдон накталай сатып алышты. Тезек болсо бардыгына эле жетишпейт.
Жаңы-Коргон курамына кирген Бирлик айылдык округдун аймагында 11 миң калк жашайт. Акыркы тактоолор боюнча 700дөн ашык улан-кыз Россия Федерациясында эптеп күн кечирип жүрүшөт. Алар Россиянын суугуна, ырайымсыз милициясына, такырбаштарына (скинхеддерге) жыргаганынан улам барышкан жок да. Демек, бул 5700 шайлоочунун сегизинчи бөлүгү алыскы өлкөдө жүрүшөт деген сөз. Алардын Москванын ыңгайсыз квартираларында бир бөлмөдө 15-20дан селедка балыгы сымал аял-эркеги тыгылышып, айына 3-4 миң рублден төлөп жатышканын өз көзүбүз менен көрүп келбедикпи. Кыргыз Өкмөтү саясий интригаларды мындай коюп, мамлекетибиздин кыйналып-кысталып жатышкан Россиядагы эмгек кезгиндерине жетиштүү көңүл буруп койсо болмок.
Ал эми баш кошкондоруна чейрек кылымга жакындап бара жаткан Саид менен Болдукан өз күчтөрүнө, өз дараметине гана ишенишет. Аларга жеңилдетилген насыя акча, үрөн, күйүүчү май, техника берген деле жан болбоду. Өз арабасын өзүлөрү кылдыратып барышат.

Адылжан Жажанов,
"Айыл өкмөтүнүн" Баткен дубаны
боюнча өз кабарчысы




Көл жээгинде бир айыл бар жөнөкөй
Көл жээгинде бир айыл бар жөнөкөй,
Аты алыска угулбаган Актерек.
Жашап көргөн айтмак сөзүн көп өтпөй:
"Башка жерден курорт издеп не керек".
Мында жайы салкын, кышы суук эмес,
Каз-өрдөктөр кыштайт Көлдө жайланып.
Кайда барба айыл сүрткөн бир элес,
Көз алдыңдан кетпейт такыр айланып.
Дыйкан жүрөт коюп бүткүл ышкысын,
Талаасында мол түшүмгө кам урган.
Албырыңкы кечи сонун кышкысын,
Нандын жыты келген ысык тандырдан.
Аста сылап апапакай сакалдарын,
Жайкалтыша жамынып чапандарын.
Каада менен аталар кеп урушат,
Кайсы азамат кимден, качан бата алганын.
Куйкум сөзгө куйкалаткан чебери көп,
Апын, Шейшен, Лесбек, Жапар, Оболбек...* (1)
Сөөктөн өтүп чучугуна жеткирген,
Кайманалап какшык кошсо, сөзү төп.
Сөз атасын өз атасындай барктаган,
Актеректе чоркок кептүү аз эле.
Жалган сөздү чындай айтып мактаган,
Лакап сөзгө айланышат бат эле.
Жылдыздарга кол сермем жерин көрбөй,
Дидары көк асмандай Көлүн көрбөй.
Куму алтын, корум таштуу жээгин көрбөй,
Сөзгө саз, жоомарт мүнөз элин көрбөй.
Аңкыган апортунан кесип жебей,
Дартка дабаа балынан илип жебей.
Өрүкзардуу айылдын саясында,
Төрдө олтуруп, сый көрүп жилик жебей.
Тоо-түзүнүн токчулук шартын көрбөй,
Той берип бапыраган калкын көрбөй.
Кубулган заманбаптуу, Шербет каада*, (2)
Журтумду журт кылдырган салтын көрбөй.
Бир күн келип ким бирөөлөр айтыптыр:
"Жери дөңсөө, кокту-колот жапайы..."
А эл ичин алар билбей кайтыптыр,
Келбет күтүп кекирейип атайы.
Сүйлөп жатып билди бекен бул жактан,
Айкын багыт чоң салтанат курушун.
Туулган жери кубат берип эчактан,
Манас руху алга сүрөп турушун.
Билди бекен айыл менен шаардагы,
Бүткүл ойдун, умтулуунун бирдигин.
Үйдө олтуруп чай кайнамда угушун,
Дүйнөдөгү кимдин дагы кимдигин.
Көл жээгинде бир айыл бар жөнөкөй,
Аты алыска угулбаган Актерек...

Апын, Шейшен, Лесбек, Жапар, Оболбек* (1) - Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы какшык сөз менен каймана сөздүн чеченденген дулдулдугунун, нечендеген куудулдугунун кептин устаттары Абдыгул Турдумамбетов, Шейшен Төлөгөнов, Лесбек Деркембаев, Жапар Орозбеков, Оболбек Мааданов ж.б. жөнүндө сөз болууда
Шербет каада* (2) - Кыргыз бермети Ысык-Көлдүн кылаасын мекендешип, мына ушул касиеттүү жерде өмүр кечиришкен Бугу уруусунда өзүнүн ак сөөктүк, бекайымдык сапаттары, капыядан сөз тапкан, караңгыда көз тапкан зиректиги, чечендиги, уруулардын биримдиги үчүн үлкөн эмгек сиңиргендиги, ташка тамга баскандай таасын сөздөрү аркылуу калылуу журтка таанылган, ХVI кылымда Көл өрөөнүнүн Тескейинен чыккан өз заманынын даанышман аялзаттарынын бири, акылы курч ак Шербет энебиз жөнүндө сөз болууда.

Желдең баатырдын атасы Каракозу бектин байбичеси Шербет эне ак өргөөгө келген ар бир расмий меймандын даражасына, улук-урматына жана кандай максат көздөп келгендигине жараша кыргыздын ырасмисин сактап, бирок болочок болоор сөз кыябын тактап билип туруп, ошого жараша ылайыктап кийинип чыгып, бегине ыкласташа аларды чогуу тосуп алуучу экен.
Алыстан ат арытып келген мейман, же элчи, чабарман же жуучу Шербет эненин меймандарды тосуп алуу үчүн ылайыкташтырып кийген кийимине, тосуп алуу ырасмисине, тунук дайранын өзүндөй, терең акылдын көзүндөй болгон таасын сөздөрүнө тен беришип, ыраазы болушчу дешет. Ошол себептен, бир күндө бир нече ирет кубулуп кийинип чыккан адеми, ак сөөктүк адатына карап туруп аксакалдар аны өз атынан эмес, "Кубул байбиче" деп чакырышчу экен. Азыр бул Жети-Өгүз районундагы Актерек айылында Кубул эненин денинен чыккан беш уруктан турган Каракозу атабыздын укум-тукумдары өмүр кечиришет.

М. КАСЫЙСАРТОВ