Коомдук-саясый гезит
№30_31, 30.10.08-ж.





  Конкурска

Матраим Жусупов:
"Таза суу-эл байлыгы"
- Матраим Колдошович,сиз тейлеген тармак негизинен кайсы иш- чараларды аткарат. Кыскача түшүндүрө кетсеңиз?
- Биз бүтүндөй республика боюнча элди иче турган суу менен камсыздоо тармагында эмгектенебиз. Бул тармак элге таза суу программасы аркылуу маалым.Бул программа өлкөбүздө 2001-жылдан бери ишке ашырылып келүүдө. Мамлекет тарабынан бул иш-чараны жүзөөгө ашыруу үчүн акча каражатынын жетишсиздигинен Өкмөтүбүз бүткүл дүйнөлүк донорлорго кайрылган. Натыйжада азыр Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги каржылоодо. Советтер Союзу мезгилинде деле 1780 айылдын дээрлик баардыгы тең таза суу менен камсыз болуп келген. Кыргызстан бөлүнүп эгемендүүлүктү алгандан, кийин таза суу таптакыр каралбай калган. Негизинен айылдарда иче турган сууну камсыздоо системдери, суу түтүктөрү мурда колхоз-совхоздор аркылуу камсыз болуп турулчу. Ар бир айылдын жашоочулары иштегендиктен айлык маянасынан сууга акы кармалуучу. Ошондуктан эл деле канча акча жумшаларын билбейт эле. Туруктуу система, механизмдердин баары жок болуп талкалангандан кийин суу сактоочу жайлар, башкы суу алуучу түйүндөр менчиктештирилип, ким ээлик кылары деле билинбей калган. Ошол себептен республика боюнча бул тармак иче турган суу менен камсыздоочу өтө келечектүү социалдык сектор деп коёбуз. Себеби мамлекет үчүн, Өкмөт үчүн биринчи байлык - таза суу, элдин ден-соолугу. Эгерде иче турган суусу жок же ал ылай болсо, болсо паразитардык вирустар, микробдор менен баардык элдер ооруга дуушаар болоору турган нерсе. Буга да Өкмөтүбүз өз учурунда маани берип тиешелүү долбоорлор ачылган. Азыркы күндө ушул долбоорлордун биринчи этабы аяктоодо. Жалпы жонунан 69,5 млн долларга бир миң жети жүз сексен айылдын беш жүз тогузу бүгүнкү күндө таза суу менен камсыз болду.
Азыркы күндө ар бир областта бөлүмдөрүбүз, адистерибиз бар.Азыр айыл эли таза сууну үйлөрүнө чейин киргизип берүү боюнча сунуштарды киргизүүдө. Бүгүнкү күндө дагы миңге жакын айыл таза сууга муктаж. Ошондон улам ушул асыл максатты жүзөгө ашыруу үчүн ушул эле долбоордун экинчи этабын даярдап жатабыз.

- Эмне үчүн мурда союз мезгилинде суу жетиштүү болгон. Азыр Кыргызстан үчүн сууну бөлүштүрүүдө эмнелер тоскоолдук болууда?
- Сууну бөлүштүрүүдө чынын айтып койушубуз керек азыркыга салыштырмалуу союз убагында каржылоо маселеси өтө жакшы жолго коюулган. Ал кезде аябагандай көп суммадагы акчалар бөлүнөр эле. Сугат системдерин куруу иши бир эле министрликке тиешелүү болчу. Биз айылдарда ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук уюмдарын түздүк. Эл да ар кимден жардам келет деп күтүп отурбастан азыр баарын өздөрүнө алып үйрөнө башташты, таза сууга да мамиле өзгөрдү. Орточо эсеп менен алганда айылдарда киши башына таза сууга болгон айлык төлөм - 10 сом. Үй-бүлөдө беш адам болсо 50 сомдон ай сайын төлөп турса жакшы эле жөрөлгө да.
Ооба, баарыбыз таза сууну колдонобуз, суу үзгүлтүксүз ичилет. 2001-жылдан бери элдин аң сезимин таза сууну үнөмдүү пайдаланууга буруу өтө оор болду. Бул боюнча окутуу,үгүттөө иштерин жүргүзүп келдик.Окутуу же курулуш менен эле чектелбестен санитардык гигиеналык компонентин да ишке киргиздик.

- Бул компонент канча жылдан бери иштеп келүүдө?
- Акыркы үч жылдан бери. Менин оюмча ушул компонент боюнча чоң жетишкендиктерге жеттик. Себеби элдерди текшерип көрдүк. Айрыкча Түштүк аймактары климаты жагынан ысык болгондуктан суу тез бузулат эмеспи.Кир суу ичкенден улам оорулуулардын 80-90 %ы айылдардан чыгат экен. Эң жаманы - ооруга чалдыккандар жаш балдар. Мисалы, Баткен областы боюнча 203 баланы четинен эле текшертип көргөнүбүздө 90% ы оорулуу болуп чыккан.Ал эми кайрадан текшерүү жүргүзүлгөндө оорулуулардын 2-3 эсеге азайганы байкалды.Ушундай эле текшерүүлөр Ошто, Чүйдө, Жалал-Абадда да жүргүзүлдү. Жалпысынан республика боюнча алып караганда 50-60%дын тегерегинде пайда болгон оорулар ушул таза суунун начардыгынан келип чыккан. Таза суунун айынан келип чыккан оорулар туурасында төрт областтан 1000 баланы текшерип көргөнүбүздө беш жүзү, башкача айтканда ар бир экинчи бала оорулуу болуп чыккан. Ошондон кийин "Колуңарды жуугула, сууну кайнатып ичкиле, сууну таза идишке алып, үстүн жаап койгула жана ар бириңиздердин үйүңүздөрдө аптама (умывальник) болсун" деген сыяктуу окутуу иштери жүргүзүлдү. Албетте элдин баарын окутуу кыйынга тургандыктан айыл жергесиндеги мугалимдер, врачтар коомдук ишке жигердүү катышып көмөк көрсөтүп келишүүдө.

- Келечекке карата кандай пландарыңыздар бар?
- Келечекте курулуп бүткөн таза суу системдери эгерде бир жерде авария болуп суу түтүктөрү жарылып, суу токтоп калса айылдык округдар өзүнүн бюджетинен акча бөлүп бергенге укуктуу болуп калды. Белгилей кетсек алардын мурда мындай укугу жок эле. Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн улам жаңы мыйзам кабыл алынгананын негизинде айылдык округдарга таза сууга акча бөлүүгө уруксаат берилип калды. Биз дагы айылдык округдар менен тыгыз байланышта иштешип турууну чечтик. Себеби дегенде акыры келип эл менен иштей турган жергиликтүү орган -ушул айылдык округдар экен да.
Мурда каржыны кредит түрүндө ошол эле Дүйнөлүк банктан, Азия өнүктүрүү банкынан алып келсек эми грант түрүндө да алуудабыз. Бизге Азия өнүктүрүү банкы 30 млн доллар, Улуу Британиялык банк менен Бүткүл дүйнөлүк банктар биргелешип 20 млн доллар бөлүштү.
Бул долбоорлордун негизинде 4 жылдын ичинде биз буга чейинки таза суу кирбей калган айылдардын бир тобун бүтүрөбүз. Болжол менен 400 айылды таза суу менен жабдыйлы деп турабыз. Бул багыттар боюнча Евросоюз деген донор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Ошону менен Кыргызстан боюнча баардык системдерди калыбына келтиребиз.

- Учурда республика боюнча элет жеринде суу түтүктөрүн орнотуп элдерди толук түрдө таза суу менен камсыз кылуу чечилип келүүдө. Жакынкы канча жылдын аралыгында баардыгы жүзөгө ашырылат?
- Иче турган суунун стратегиясы боюнча аны 2017-жылга чейин толук бүтүрүүгө жетишишибиз керек. Бирок ага чейин эле 2012-жылдын аягы менен 2- этапты бүтүрүп, 2015-жылдары бул ишке чекит коёлу деп атабыз. Себеби дегенде элди да зарыктырып күттүрүүгө болбойт.

- Мурдагы суу түтүктөрүн оңдоп түзөөлөрдөн тышкары кээ бир айылдарда ушул күнгө чейин деле арыктан суу ичкендер бар да?
Азыр таза суу жок жерлерге жаңы суу түтүктөрү коюлууда. 30-40 жыл мурдагы коюлган түтүктөрдүн ордуна заманбап материалдар колдонулду. Тактап айтканда азыр бул үчүн пластмасса, полиэтилен түтүктөрүн орнотуудабыз. Сууну тазалоо боюнча дагы жаңы технологияларды киргизүүдөбүз.

- Мазмундуу маегиңиз үчүн чоң ыракмат!

Маектеш жөнүндө маалымат
Матраим Колдошович Жусупов Ош областына караштуу Карасуу районунун Төлөйкан айылында 1965-жылы 20-майда туулган. 1989-жылы артыкчылык диплому менен азыркы Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык университетинин гидромелиоративдик факультетин аяктаган. Эмгек жолун окутуучулуктан баштап, андан соң аспирантураны да бүтүргөн. Кандидаттык диссертациясын 1994-жылы жактагандан кийин лабораториянын башчысы, кафедранын доценти, декандын орун басары кызматтарында иштеп, 1996-жылдын апрель айынан 2000-жылга чейин Кыргыз Агрардык академиясында декан болуп иштеп келген. Ал эми 2000-2006-жылдары суу чарба департаментинде техникалык координатор, 2006- жылдын октябрь айынан бери Кыргыз Республикасынын Айыл суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министирлигинин алдындагы таза суу менен камсыз кылуу департаментинин долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн директору. Үй-бүлөлүү эки кыз, бир уулдун атасы, жубайы Жанкорозова Эльмира кесиби боюнча биохимик, окумуштуу! Учурда Кыргыз Улуттук академиясынын химия институтунун аспиранты.

Рейна Досалиева,
"Айыл өкмөтү"




  Даңазалоо күнүндө

Заманбап билим - заманбап адис
24-октябрда Сокулук районундагы "Кожо-Жаңы-Жер" коомдук уюмунун 3-чү Ассамблеясы жана Даңазалоо күнү өттү. Жаңы-Жер айылындагы Б.Шаршенбаев атындагы № 43 кесиптик лицейде өткөн бул жыйынга КОЖОнун Байкоочу Кеңешинин, демөөрчүлөр тобунун өкүлдөрү, фермерлер катышышты. Ассамблеянын өзгөчө катышуучулары айылдык кесиптик билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу максатында Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынан келген кесиптик лицейлердин мугалимдери болушту.


Жыйындын башталышында № 43 кесиптик лицейдин директорунун орун басары Базарова Асыл "Ишкер фермерлер" курсу тууралуу маалымат берди. Курстун окутуу жумушчу планы жергиликтүү шартка ылайык, базар экономикасынын талаптары эске алынып атайын иштелип чыккан. Заманбап айыл чарба адистерин даярдап чыгуунун жакшы жолу салынып келатканы белгилүү болду. Мында студенттерди мал чарбачылык, багбанчылык, кайра иштетүү, кол өнөрчүлүк тармактарында жаңы ыкмалар менен иштөөгө үйрөтүшөт. Бирок, бул жерде окутуучу-адистердин жетишсиздиги маселе жаратып жаткандыгын белгилешти.
Андан кийин чыгып сөз алган "Кожо-Жаңы-Жер" коомдук уюмунун аткаруучу директору Жуманалиева Латипа КОЖОнун иш-чаралары менен тааныштырды. Ал эми ата-энелерден чыгып өз оюн айткан Орунбеков Абдылазис фермерлерди, багбандарды даярдоодо "чоң жолдун нугу салынгандыгын" белгилеп, КОЖОнун кийинки иштерине ийгилик каалады. Ассамблеянын соңунда жогорудагы кесиптик лицейдин студенттеринин күчү менен сахналаштырылып даярдалган "Дамбырташ" философиялык оюну коюлду. Улуттук аспаптарда кол ойноткон студенттер күндүн суугунда келгендерге жылуу маанай тартуулашты. Мындай даярдык катышуучуларды бул жерде чарбачылыкка гана эмес, чыгармачылыкка да жөндөмдүү жаштар тарбияланып жаткандыгына ишендирди.
Күн тартибинин экинчи жарымында көңүл даңазалоого бурулду. Окуу жайдын жалпы окутуу-усулдук, техникалык базасы менен тааныштыруу жүрдү. Алардын жакшы жабдылган окутуу базасы билим берүүнүн талаптагыдай деңгээлин көрсөтөт. Студенттер жасалма жол менен уруктандыруу, канаттууларга эмдөө жүргүзүү, сүттү, жүндү кайра иштетүү ж.б. тармактардагы алган билимдерин тажрыйба жүзүндө көрсөтүүгө жетишишти. Теориялык алган билимдерин иш жүзүндө жасай билүүгө студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экен. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы № 41 кесиптик лицейинен келген Атагелдиева Нурила Ассамблея жана Даңазалоо күнүнүн жүрүшүндө өздөрү үчүн жаңы ыкмаларды, идеяларды үйрөнүп алгандыктарын айтат. "Хельветас" Кыргызстан Швейцариялык Эл аралык Кызматташуу Ассоциациясы колдоого алган Айылдык кесиптик билим берүү Долбоорунун негизинде жогоруда аталган жана Талас районундагы Көгой айылындагы № 6 КЛде дагы атайын "Ишкер фермерлерди" окутуу курсу ачылып жатат. Бул боюнча Талас шаарындагы "Фермерлер союзу" уюму КОЖОнун милдетин аткарат. Уюмдун жетекчиси Сыдыков Эгембердинин пикиринде айыл чарба адистерин заманбап даярдоо алардын дагы кызыкчылыгындагы иш-аракет.
Мына ушундай жетишкендиктери менен бөлүшүп жаткан "Кожо-Жаңы-Жер" коомдук уюмунун иш-чаралары айыл чарбасын көтөрүүгө чындап өбөлгөлүү экен. Ассамблея жана Даңазалоо күнү мыкты даярдык менен өтүп, айыл чарбабыздын уучу узарып бараткандыгынан кабар берип турду.

Венера АКМАТОВА,
"Айыл өкмөтү"




  Атуулдук сунуш!

Бакыт Донбрунов:
Кыйынчылыктан кантип чыгабыз?
Кыргызстан агрардык өлкө экендиги жалпыбызга маалым. Мындай шарттарда биздин эмгекчил элибиздин айыл чарбабызды өнүктүрүп, өстүргөнгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Жаратылышыбыздын өзгөчөлүктөрүнөн болуп суубуздун молдугу саналат. Ушундай кырдаалда өлкөбүздүн негизги күчкер тармагы болгон айыл чарбасын өнүктүрүү зарыл экендигин калкыбыз жакшы түшүнүп калды. Бул үчүн эң биринчи кезекте мамлекеттик менчик кооперативдерин түзүп чыгышыбыз керек. Жеке менчикке өткөрүү менен кандай гана чарбаларыбызды талкалап алдык. Биз мамлекеттик кооперативдерди көбөйтүп түзүшүбүз керек.
Адеп мамлекетибизде канча айыл бар болсо ошонун баарына тең башчы шайланса болот эле дейм. Алар ар бир айылдын экономикалык абалына түздөн-түз жооп берүүгө милдеттендирилиши абзел. Экинчи маселе - айылдын аталышы кандай болсо, кооперативдердин атын дагы ошондой коюш керек. Үчүнчүдөн, ошол аймактагы жерлерди чогулуп иштетүүгө, малдын башын көбөйтүп багууга зор көңүл бөлүү талапка ылайык келет. Ошондой эле жерлерди убагында иштеткенге техниканын сервисин ачуу күжүрмөн эмгектин өзөгү болмокчу. Ал эми эмгектин үзүрүн көрүүгө шарттардын бири болгон өндүрүлгөн продукцияларды сактоочу жайларды салууну мыктап колго алышыбыз керек.
Ушулардын баарын тең бир нукка түшүрүп алсак элибиз, мамлекетибиз үчүн эң чоң ийгилик болоор эле. Жерлерди которуштуруп айдасак, малдын кыгын жерлерибизге жер семирткич катары колдонсок түшүмүбүз мол болот. Өндүрүлгөн продукцияларга кайра иштетүүчү ишканаларды ачсак жумушчу орундары ачылат эле.
Өзүбүздүн мал жана дыйкан чарба ээлерибизге суу аз берилип жатса, түшүм дагы аз алынат да. Суубузду Казакстанга беребиз, алар өз кезегинде бизге кайра буудайларын сатышат. Алар канчалык өндүргөн продукцияларын сатса, ошончолук байышат да. Биз фермер, дыйкандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп берсек, башка жактан сатып алган буудайларды өзүбүз деле өндүрүп алганга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ар бир гектардан 30ц ден алсак 27 000 гектардан 810 000 т буудай алганга жетишет экенбиз. Ал үчүн кайрак жерлерден 20-25 ц ден, сугат жерлерден 40-45 ц ден түшүм алууга жетишүү керек.
Агрардык өлкөбүздүн келечеги алдыда. Буга А.Ногоев жетектеген Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги чоң салым кошот деген бекем ойдобуз.
Келечегибизди түз карап ишибизди алдыга жылдырганга бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып иштесек айыл чарбабызды көтөрүп алабыз.