Коомдук-саясый гезит
№30_31, 30.10.08-ж.





  Ааламдын чексиз кыйырын,
Кыялым менен кыдырдым

Айнурам
Жүрөктү теңден айрыган,
Сүйүктүүм сага кайрылам.
Жароокер сендей адамга,
Тең келет айтчы кайсы жан?
Махабат кызыл гүлү сен,
Аңкыган жыты Айнурам.

Кайыгып бизден кайкыган,
Сен менен кышты жай кылам.
Жаштыктын гүлүн терүүгө,
Чакырып барам айлыңан.
Куушуп ойноп чер жазып,
Келели келчи Айнурам.

Акылдан башы айныган,
Адамдай болуп кайгырам.
Жаныңа байыр алалбай,
Көздөрдөн көргөн айбыгам.
Айылдаш байкем деп койчу,
Аңдыган көзгө Айнурам.

Ардагым менин Айнурам,
Ойлордон кантип айрылам.
Күндүзү сени күн кылып,
Түндөсү тийген ай кылам.
Жолумду тоспос саа барам,
Кышкы кар менен жайкы жаан.

Батынбай жүрүп айтуудан,
Жаңырып далай ай тууган.
Мынакей ачтым сырымды,
Сүйөм деп сени Айнурам.
Сүйүктүүм болуп жанда жүр,
Арылтып мени кайгыдан.

Гүлнарым
Жаным, Гүлнарым,
Комуз кылдарың,

Салып обонго.
Сүйүү чын барын,
Арнап өзүңө,
Келет ырдагым.

Жаным, Гүлнарым,
Карыш жылбагым,
Келет өзүңдөн.
Ойло, сындагын,
Гүлдөп махабат,
Ачсын сырларын.

Жаным, Гүлнарым,
Жаштык жылдарың,
Жарга такалбай,
Жашап бүт баарын.
Көрсүн жаштыктын,
Сүйүү жыргалын.

Жаным, Гүлнарым,
Жаштык гүлзарын,
Бирге баспасак,
Жүрөк сыздаарын,
Билсең болбойбу,
Сүйгөн ардагым.

Жаным, Гүлнарым,
Айыл кыздарын,
Сага теңебей,
Өткөн жылдарым.
Жүрөк жибитип,
Төгөт нурларың.

Жаным, Гүлнарым,
Жаштык кырларын,
Бирге биз ашып,
Сүйүү ыргагын,
Чогуу ойногон,
Болдуң жыргалым.



Жеңишгүл БУЛАТОВА
Комузчуга
Күүлөчү комузуңду колго алчы,
Кубулжуп кыялдардан шаң чыгарчы.
Кусалык жүрөктөгү таркап кетсин,
Курбу элек өткөндөрдү эске салчы.

Жаштыктын көчөсүндө чогуу жүрдүк,
Жалындуу студенттик өмүр сүрдүк.
Жөнөкөй биздей эле бала элең,
Жылдыздай жанаарыңды кайдан билдик.

Кыргыздын сен таланттуу кулунусуң,
Элиңдин сыймыгысың, булбулусуң.
Обоңдор, сен аткарган күүлөрүңдү,
Четтер да берип турат уктуруусун.

Кезиктик мына бүгүн мааракеңде,
Көрсөттүң өнөрүңдү баракелде.
Кыргызды тааныта бер ыраазыбыз,
Концертиң менен өлкөлөрдө жүргөн кезде.

Жубайыма
Жайлоонун жайкалган бир көркөмүндөй,
Жаштыктын жайнаган бир көктөмүндөй.
Жамалың жадырап турат дайым,
Жароокер жубайым жаз гүлүндөй.

Кулкуңдү теңебеймин жарым неге,
Күү черткен булактын унү беле.
Күндөйсүң асмандан тийип турган,
Күч-кубат алуучу демим сенде.

Асманым, тирегим, асылзатым,
Айдайым, жандайым, карылгачым.
Арзуумду өзүңө билдиргенге,
Сага деген сөздөрүмдү ырга айланттым.




Асанкул БУДАЙЧИЕВ
Cуусаган булутсуңбу?

Канжыгада салаңдап кайран баштар,
Кан аралаш жашоо аккан дайралардан.
Эне Сайлык кыргыздан эстеликке,
Таш бооруна жазылып тамга калган.
Турмуш кыстап жаш агып көздөрүнөн,
Турмуш курсун өйдө-ылдый өзгөрүлгөн.
Көчмөн кыргыз аталып калгандары ,
Төө жетелеп кыядан көч көрүнгөн.
Ошентсе да Манасты таштабаган,
Уктаса да башына жаздап алган.
Уул үйлөп кыз берип, куда узатып,
Улуу көчтү алдыга баштап алган.
Кыргыз деген улуу калк кылымдардан,
Жоокерчилик мезгилде кырылбаган.
Уламалап айтылып кылымдарга ,
Укмуштуудай Манасы ыры, калган.
Чачылганды Манасың сактап калган,
Узүлгөндү улаган акмактардан.
Элин коргоп бир үзүм жерин сатпай,
Манас деген түбөлүк атакты алган.
Хан Бакайы акылдын кени болгон,
Канчоробу? Акылсыз кеми болгон.

Коңурбайлар колтукка суу бүрккөндө,
Хан Кошойу калканыч чеби болгон.
Каныкейи арамга барган эмес,
Асылзаада Айчүрөк арам эмес.
Камчыбекти дарга асып жатса дагы ,
Курманжаны көзгө жаш алган эмес.
Хан бектерге энелер тирек болгон,
Керек кезде күч болгон, билек болгон.
Кудай Таала жер бөлүп жаткан кезде,
Кыргыздарга тоолорду тиреп койгон.
Кыргыз тоого ошентип таянышкан,
Жоосун жеңген кыргыздар бата алышкан.
Кыргыздарга тоолору кызмат кылган,
Тоолор үчүн кыргыздар жаралышкан.
Байлык үчүн турушат уу жутканы,
Кана ошол арстан урпактары.
Бүтүн кыргыз кырылып кетсе деле,
Тойбоду го байлардын курсактары.
Күндөн күнгө баратат намыс өлүп,
Намысы жок жигиттер нагыз өлүк.
Бийлик, байлык үчүн эх! Жанын сатып,
Абил бийлер акырын жүрөт өрүп.
Кыйын күндө Акаев качып кеткен,
Калтар Майрам кылактап шашып кеткен.
Адат болду кыргызга аттиң арман,
Кыраандарын кыргыздын атып кеткен.
Бийлиги да Өкмөтү уялбадык,
Парламентте талкуулап тура калып.
Өкүмчүлдүк турмушуң кудаланып,
Кайран кыргыз жашоодо будаланып.
Будаланган кыргызым буюктуңбу?
Булгап жатат ким сенин уюткуңду?
Караңгыда калдыкпы караңгыда?
Калпып кетти ким сенин ырыскыңды.
Тоолордогу мөңгүлөр шылтоо болуп.
Токтогулда суу жок деп турупсуңбу?
Көпчүлүктүн көз жашы көлгө айланбай,
Көлгө жетпей суусаган булутсуңбу?





Калбүбү Сариева
Тилек

Мекен сага атылган ок, айткан сын
Мени көзөп өтөт кайда болбоюн.
Мен өзүмдү сезгендей сен мени да
Тилейм бизде бир бүтүндүк болгонун.

Мекен сага табылга иш, тарткан сый
Мага кубат кайда гана жүрбөйүн.
Тургундардын ар биринин сага да
Дем беришин тилейм ишин, күлгөнүн.

Мекен сага каалабаймын жалтактап,
Башын гана калкалаган бийликти.
Каалайм туташ турпатында туюнган
Калкың менен камсыз кылган бирдикти.

Мекен сага айткан мактоо, таккан сын
Меним аркылуу өтөт кайда болбоюн.
Мен өзүмдү сезгендей сен мени да
Тилейм сезчү бир биримдик болгонун.

Кандай гана өкүнүчтүү карагым

Кандай гана өкүнүчтүү, карагым,
Канча мезгил өткөндөн соң карадың.
Заманымда сенин көзүң жетишпей,
Зарыкканым кантип айта аламын.

Кеткен кездер бүгүн сени издетип,
Канча мезгил бүктөмүнөн кездешип.
Мерездикке таң каласың мен сезген,
Мен үчүн сен азыр дагы сестенип.

Учурунда бул ойлордон буйлангам.
Убагыма жетпей эрте улгайгам.
Тирүүлүктө түшүнчүдөн түңүлүп,
Түтөдү эле түрмөктөлүп курган жан.

Өзүң сезип туйган, ойлор таң калган
Өз доорумда өзөк күүгө айланган.
Ыргалбасты ыргалтты эле заманым,
Ырдалбасты ырдап турган кайран жан.




Кайыргүл КАЛЧАЕВА
Кышкы от
Тегеректеп бир үй бүлө очокту,
Күйгөн оттун илебине ыкташат.
Ар биринин карегинде от ойноп,
Оттон чыккан түтүн жытын жытташат.

Ал ансайын кызыл жалын соймоңдоп,
Кара казан көөсүн жалайт чарчабай
Чатыраган чачыранды үзүк от,
Жалындары өчөт күйүп жана албай.

Тирүүлүктүн көз ирмеми мына ушул,
Кыштын күнү улуу отко байланган
Өчсө дагы каректерден унутулуп,
Өчпөс болуп төрт сап ырга айланат.


Кайда?

Бүгүнкүдөн эртеңки күн кызыктуу,
Улам алга, алга адам шашылат.
Ишке ашса, ой тилеги мүдөөсү,
Кубанычтан канат бүтөт, ашыгат.

Кайда? Кайда? Ашыгуу да, шашылуу,
Элес алып жооп берүүчү жан барбы?
Тирүүлүктө өрөөпкүткөн бул күндөр,
Жен жөн эле азгырыктуу амалбы?

Түркүк болбойт, бул дүйнөгө эч адам,
Билсек дагы, ортодо жок сыйлашуу.
Кызыкчылык керт баштагы жогору
Дүйнө толгон алданууга көз жаштуу.

Армандуу жарык кетти...

Алсыз дем.
Караңгы бөлмө ичи,
Угулат бир алсыз дем.
Терезе бойлоп түшкөн,
Жарыкка каниеттеген.

Жетимдей жетилбеген,
Мээримди эңсеп келген.
Жетчүдөй болуп жетпей,
Бир жерди тегеренген.
Жарыкка ойлору окшош,
Мамыкка төгүлбөгөн.

Суюлган жылдыздардын,
Көрүнбөс изи менен.
Армандуу жарык кетти...
Ойлорун наристедей,
Шум ажал жетелеген.
Караңгы бөлмө ичинде,
Углат бир алсыз дем.




Курманкул Жумалиев
Билем ал келет...
Билем ал келет...
Мээрим нуру көздөрүнөн төгүлүп,
Көп кыздардан жалгыз өзү бөлүнүп.
Күткөн адам, капысынан бир келсе, Турбас белем, зор бактыга чөмүлүп.

Билем ал келет...
Ошол күнү ак көйнөкчөн болот ал, Толкунданып, кубанычка толот ал.
Жаш кезекти узап кеткен эстетип,
Назик келип, көпөлөктөй конот ал.

Билем ал келет...
Кучагымдан арылабайт, ал түртпөйт, Кусалыгым тарабайт да, эч бүтпөйт, Келдим эми, кетпеймин, деп кайталап, Өзү сүйлөйт, менден жоопту же күтпөйт.

Билем ал келет...
Жылмаюсу жылуу сезим тартуулап,
Жайдар мүнөз, айткан сөзүн кайта улап. Көз ирмемде, жаштык кезим кайрылып, Сезем жүрөк соккондугун катуулап.

Билем ал келет...
Күтүп жүрөм жолугушчу күнүмдү, Карабаймын күнүмбү же түнүмбү.
Мезгил өтсө, күтүүдөн эч түңүлбөйм, Жүрөк сезет, ал чыгарат бүтүмдү.

Билем ал келет...
Калбайынчы келген күнү тааныбай, Сүйлөйүнчү сөздөрүмдөн жаңылбай. Жаштыгымды кайра кайрып мүнөткө, Турайынчы улгайдым деп наалыбай.

Билем ал келет...
Ошол күнү ушул ырды окуурмун,
Жайдактабай ыр күлүгүн токурмун,
Эриндерин назик келген сезермин,
Сезген өңдүү таң алдында шоокумду.


Канат болсо
Кушка окшош артымда канат болсо,
Кубат болмок мага ал жагат болчу.
Көк асманга шуулдап сызганымда,
Көз алдыма элесиң тагат болчу.

Асман жиреп ал күнү учаар элем,
Ай ааламдын шооласын тутаар элем.
Айдай жаркын элесин коштоп алып,
Ашыктыктын абасын жутаар элем.

Салкын желге шериктеш кетээр элем,
Сыбызгыган жээкке жетээр элем.
Сезимдерим чаалыкса суудан жутуп, Ашыгымдын эринин сезээр элем.

Аттиң дейм да, учалбайм канатым жок,
Ардагым жок, андан башка барарым жок. Айтпай кеткен дарегин алыстагы, Ашыгымдын сагынсам кабары жок!