Коомдук-саясый гезит
№26_27, 27.09.08-ж.





  Кыргызстанда курулуш күч ала баштады

"Бирди миңге, миңди бирге"
Кыргызстандын экинчи борбору аталган, гөзөл Ош шаарынын Түштүк тарабында, адырлардын этегинде төрт гектар жерди ээлеген "Монтажник" деген жабык типтеги акционердик коом бар. Ал мурдакы колхоздор аралык курулуш башкармасынын, кийинчерээк "Ошагроөнөржайкурулуш" трестинин №3 механизациялаштырган көчмө колоннасынын базасында Союз ураган соң уюштурулган. Жабык типте болгонунун өзгөчөлүгү кандай гана маселе болбосун 36 акционердин макулдугусуз эч нерсе чечилбейт. Мүлктүн баары жалпы жамаатка таандык.
Бул ири уюмду курулуш тармагында кырк жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенип келе жаткан, өз ишинин устаты, таза инсан Мамасадык Токтошев акылгөйлүк менен ар кандай кыйынчылыктарга "кабагым, кашым дебестен" ак дилден башкарып келе жатат. Биз анын таптаза жана жыйнактуу кабинетинде төрага жана башкы инженер Курманбек Дыйканбаев менен курулуш тармагындагы абал, азыркы кырдаал, мамлекетибиздин келечеги тууралуу маектешип отурдук.


"Арзандын шорпосу татыбайт"
- Азыркы учурда биздин өлкөдө да курулуш иштери аябай өнүгө баштады, - дейт Мамасадык аке, - Жаштарыбыз Россиядан, Казакстандан, башка чет мамлекеттерден миңдеген долларларды жөнөтүп, акыбетинде кабат-кабат там салгандардын, ар кандай тейлөө түйүндөрүн ачкандардын саны кескин өстү. Эми ошол "Курулуп жаткан имараттардын сапаты замандын талабына төп келеби? Адамдын өмүрүнө коркунуч туудурбайбы?" деген собол пайда болот. Албетте, бизге атаандаш болушкан, илгертен бай тажырыйбасы бар "Ошкурулуш" трести, "АзатТүштүк" өңдүү жамааттар салган имараттар архитектуралык өзгөчөлүгү, бышыктыгы, кооздугу менен кишини өзүнө тартып турат. Бирок, кээ бир менчик объект курушкан усталар, тапшырык ээлери Кытай, Өзбекстан өңдүү өлкөлөрдүн арзан, начар материалдарына кызыгышып, натыйжада ортосунан жарылган, төбөсү ураган, кыйшайган фактылар толтура. Ошондуктан курулуш материалдарынын сапатына маани берип, "Арзандын шорпосу татыбайт" дегендей кайра-кайра чыгым болбой, бир эле жолу мыктылап салган оң.
Учурда жуукур алдамчылар ушунчалык көбөйүштү, кээде калп айтып жатканын, "сырты жалтырак, ичи калтырак" экенин биз кесипкерлер да ажырата албай калабыз. Биз негизинен Россия Федерациясынан алынган материалдар менен иштейбиз. Бир аз кымбатыраак болгону менен сапатына кепилдик бере алабыз. Мына былтыр Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы жатак мектептин спорттук залын, галереясын жана кошумча кабинеттерин бүтүрүп, 10 млн. сомдук жумушту жогорку сапатта аткардык эле, шаар башчысы Жумадыл Исаков аябай ыраазы болду. Мамлекеттик комиссия да алкап калды.
Четки Баткен дубанынын борборуна үч жылдын ичинде Таңги капчыгайындагы Кара-Кол мөңгүсүнүн суусун 25 чакырымдан тартып келдик. Азия Өнүктүрүү банкынын каржылоосу боюнча 52 млн. сомдук жумуштар жогорку деңгээлде орундалды. Диаметри 219 жана 300 миллиметрлик түтүктөр жаткырылып, баткендиктердин түйүндүү маселеси оңунан чечилди. Объектини Эсептөө палатасынан кайра-кайра текшеришип, эч кандай кынтык таба алышкан жок.

"Сынч үйүм - тынч үйүм"
Кыргызстандын Түштүгүндө илгертен жер тамдарды пайдубалына таш төшөп, үстүнө теректерди кесишип, сынчтап ашар ыкмасы менен курууну салтка айландырып алышкан. Эми бүгүнкү күндө сынчтын ордун арматура менен ширетип, бири-бирине улап, бекемдеп куруу күч алды. Анткени теректер кошуналарга сатыла берип, азайып, анын үстүнө баасы да асмандап кетпедиби. Өзү биздин республика сейсмикалык аймакта жайгашкан соң мүмкүн болушунча тамдарды, башка имараттарды түбөлүктүү кылып салганыбыз туурадыр. Телевизордон Египетте эптеп салынган үйлөр урап түшүп, жүздөгөн адамдарды басып калганын көрбөдүкпү. Ал эми Европадагы хан сарайлар мыкты курулгандыктан нечен кылымдардан бери кебелбей турат го!
Азыркы күндө жаштарыбыз Россиядан тынымсыз пул жөнөтүшүп, банктардын алдында кезек күткөндөр арбын. Алардын көпчүлүгү орустардан Европалык типтеги курулуштарды үйрөнүшүп, заңгыраган ак үйлөрдү салып жатышат. Албетте, бул Петр Iдин тушундагыдай прогрессивдүү көрүнүш. Ылайым эле улуу Россия, Казакстан менен алакабыз бузулбай чыңдала берсин.
Сураштырып көрсөк, биздеги усталардын кызмат акысы да Россияныкына теңдешип калыптыр. Мисалы, бир кыш коюу 3 сом, бир чарчы метр жерди шыбоо 150-180 сом, бир кубометр пайдубал куюу 1200 сомдун тегерегинде. Кыргызстандыктардын жөнөткөн акчаларын бул жерде Фергана өрөөнүнөн чыгышкан өзбек жана тажик ашыналар шыпырып алып келип жатышат. Учурда усталардын мыкты бригадасын табуу кыйын. Бул жамааттагылар да адистерди Өзбекстандын Кокон шаарына чейин барып жалдап келишет. Анткени мында туруктуу 38 жумушчу иштесе, жайкы сезондо алардын саны 180ге чейин жетет. Мынчалык адамдарды жатакана, тамак-аш менен камсыздоо өтө оор болуп калды.

Тендер кандайча өткөрүлөт?
Акционердик коомдун жетекчиси сизди кыйнаган эң башкы маселе кайсы? деп сурасам, жергебиздеги Коррупция деди. Бирок, негедир аны чечмелебей койду. Эми муну биз - журналисттер жакшы билебиз. Мисалы, бир курулуш обьектисин курууга тендер жарыяланат. Ага катышууга мамлекеттик, жамааттык жана жеке менчик фирмалар, уюмдар, аты бар, заты жок ишкерлер деле катыша беришет. Эреже боюнча ар бир ишкананын материалдык-техникалык базасы, адистери, социалдык фонд менен салыкка карызынын жоктугу, каржылык абалы каралышы керек. Тилекке каршы, кээде тендер да жең ичинен соода-сатык менен бүткөрүлүп, натыйжада эч кандай мүмкүнчүлүгү жок адамдардын утуп алган учурлары көп. Алар кайра эле ири уюмдарга келишип, жалдырап, техника сурап, объектини бүткөрүп алышат.
Ал эми үстүбүздөгү жылы Ош шаарына караштуу Төлөйкан айылындагы Жолон Мамытов атындагы мектептин спорт залы менен көмөкчү имараттардын, Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы 50 койкалуу участкалык оорукананын имараты мыкты деңгээлде аяктап жаткан "Монтажник" акционердик коомунда төмөнкүдөй баалуу техникалар сакталып калган:
- 16 тоннага чейин жүк көтөрчү 3 автокран,
- жарым чиркегичтүү 2 МАЗ автомашинасы,
- эки С-130 маркасындагы жана эки ДТ-75 "Казакстан" бульдозерлери,
- 2 өзү жүк түшүрчү унаа,
- бир экскаватор,
- 3 ширетүүчү агрегат жана төрт бетон аралаштыруучу жабдуу,
Бир кубаттуу "Портер-2" техникасы сарамжалдуулук менен пайдаланылып келет.
Мындай чет элдик үлгүдөгү кубаттуу жана татаал техникаларды пайдаланууда, деги эле жамааттын ишин илгерилетүүдө чейрек кылымдан ашуун астейдил иштеп, уюмдун өзөгүн түзүшкөн адистер Таласбек Пратов, Любовь Мешерова, Асхат Хамидуллин, Махамад Абдыракманов, Сатар Бакыев, Николай Низамуддинов өрнөк көрсөтүшүп, көз карандысыз мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө өздөрүнүн татырлык салымдарын кошуп катышат десек асты жаңылышпайбыз.
Алардын демилгеси менен ишканада темирдей бекем тартип, иреттүүлүк орноп, жакында Баткендин Чек, Чоң-Талаа кыштактарына 13 млн. сомдук жумуш аткарылуу менен жер астынан кудуктардан 73 жерге таза суунун колонкалары орнотулуп, элеттиктер кубанычка батышты. Айылдыктардын ден соолугуна, цивилизациялуу жашоосуна өбөлгөлөр түзүлдү. Мунун баары Оштон 250 чакырым ыраактагы, кошуналардын баажы тосмолору аркылуу өткөн аймакта болгону менен да маанилүү. Анан калса, жакында Араван районунда ачылган цемент заводунан жеке ишкерлер продукцияны 5 сомдон алып жатышса, мындагылар 20 пайыздык НДС салыгы үчүн дагы бир сом кошуп кымбатка алышат. Жамааттын төлөмдөрдөн эч кандай карызы жок.

Келечек айкын
Ушунча жыл курулуш тармагында иштеп, өзү жер бөлүштүрүп, бир участка албай үч бөлмөлүү үйдө, өмүрлүк жары, кесиптеши Токтониса айым менен күн кечирип келе жаткан Мамасадык Токтошевдин үч кыз, бир уулу жогорку билимге ээ болушту. Уулу Белек да инженер-куруучу. Өзүнүн кырк жылдык ишмердигиндеги эсте калган татаал объектилер катары Мырза-Акедеги жылына 25 млн. даана кыш чыгаруучу заводду жана Ноокаттын Найман айылындагы галош фабрикасын эсептейт. Бирок, тилекке каршы биринчи объекти менчиктештирүүнүн кесепетинен таланып жок болду. Мурдагы Фрунзе районунун Жошук кыштагындагы үч кабаттуу 624 орундуу, өзүнчө спорт залы, скважинасы бар мектептин курулушу да таптакыр унутулбайт. Деги эле куруучулук асыл кесип менен нанын таап жеп, тазалыгы менен кесиптештеринин арасында зор абыройго ээ болгон Мамасадык Токтошев 2009-жылы буюрса областтын Кара-Суу же Ноокат районунан бир мектепти алып, мыктылап куруп, жаш муундарга тапшырсам деп тилек кылат.

Адылжан Жажанов,гезиттин Баткен облусу боюнча өз кабарчысы
Сүрөттөрдө: Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы жатак мектебиндеги, Төлөйкан айылындагы Жолон Мамытов атындагы мектептин кошумча имараттарынын курулушунан жана Баткен районундагы суу түтүктөрүн жаткыруучу траншеяны даярдоо ишинен көрүнүштөр.




  Аксы

Биофермердин талаасында
Аксы районунунда биофермер деген термин элге сиңип деле калды. Эми элдин көбү биофермерлердин өстүргөн түшүмүн издеп алып калышы да элдин аң сезимин өзгөртүп, таза азык-түлүктү пайдаланууга түртүп жаткандыгы бул жөн жеринен эмес. Аксыдагы Мырзабай Дооранов жетектеген "Үлгү" коомдук бирикмеси биочарбаны өнүктүрүп, биорынокту түзүү максатында беш алты жылдан бери тынымсыз аракеттенип келет. Бул багытта алгачкы ийгиликтер жарала баштагандыгын элдин биоазык-түлүктөргө болгон мамилесинен ачык көрүнө баштады. Атап айтканда, биофермер Мурабдилла Мамашовдун өстүргөн эгини болобу, картошкасы болобу базарга жеткирбей талап кетип жаткандыгы менен баалуу болуп жатат. Ал түгүл "Келечек" балдар бакчасы жыл сайын мына ушул биофермердин түшүмүн алып балдарга таза картошкадан тамак, таза буудайдан нан жасап берип жаткандыгы эле биоазык-түлүккө айыл жеринде да маани бериле баштагандыгын ачык белгиси.

Жакында мына ушул коомдук бирикменин биофермери Мурабдилла Мамашовдун картошка талаасында алгачкы түшүм жыйноо майрамы болуп, ал жерде Аксы жана Ала-Бука райондорунан дыйкандар чакырылып, семинар болуп өттү. Жергиликтүү жер семирткичтердин натыйжасында жаралган бул түшүмдүн сапаты тууралуу кеңири сөз болду. "Үлгү" коомдук бирикмесинин башкы директору Мырзабай Дооранов бул багытта кеңири сөз кылып, биотехнология тууралуу семинардын катышуучуларына айтып берди. Андан соң биофермерлер Гапар Абсаматов, Нурия Атамбаева жана Ала-Бука районунан келген биофермерлер менен иш жүргүзүп жаткан кеңешчи Хамдамов Арапбай ой бөлүшүп, айтып беришти.
Аксыда өз эмгеги менен үлгү болуп келе жаткан биофермер багбан Нурия Атамбаева иш-тажрыйбалары туурасында кызыктуу айтып берип, фермерлердин көңүлүн өзүнө бурду..
Андан соң семинардын катышуучулары биофермердин талаасында өз колдору менен картошканы казып көрүшүп, анын сапатына күбө болушту. Келерки жылда биофермерлердин саны дагы арта тургандыгы айтылды. Анткени биогумус менен өстүрүлгөн түшүмгө суроо-талаптын артып жатканы биофермерлердин ишинин натыйжасынан көрүнүп жаткандыгын айгинелөөдө.

Абдымомун Калбаев,
гезиттин Аксы, Ала-Бука
райондору боюнча өз кабарчы