Коомдук-саясый гезит
№26_27, 27.09.08-ж.





  Эл байгерчилигинин данакерлери - улуулар наркын, эмгекчилдигин, асыл салтын урпактардын акылына уялаткан даанышмандар

Таш - көмүрдүн соңку таржымалы
1943-жылы Улуу Ата Мекендик согуш алоолоп турган чакта мурдагы Советтер Союзу үчүн отун-энергетикалык жана стратегиялык максатка ылайык курулган Таш-Көмүр шаары бир мезгил гүлдөп да, бүрдөп да келген. Ош - Бишкек автожолу адегенде бул шаарды аралап өтчү. Түндүк-Түштүк артериясы болгон транзиттик каттамдан орун алуу да шаар үчүн көп пайдаларды берчү. Шаар курулгандан жарым кылым өтпөй Союз тарады, Шамалдуу-Сай ГЭСи курулуп, өйдө-төмөн өткөндөрдү шаар борбору аркылуу каттатчу өлүмсаңги көпүрөсү да суу алдында калды. Көмүр шахталары ар кимдин колуна өтүп, темир жолу кийинчерээк эч кимге иш берип жарытпады. Шаар Нарын дайрасынын жана ГЭСтеринин жээгинде жайгашканы менен эгемендик жылдарында анын калкы тамчы таза сууга зар болуп жашап жатыры. Анткени, капчыгы каңтарылган калк насос менен дарыядан тарттырып берчү сууга жетиштүү акы төлөй албайт. Буга чейин шаар калкына саар эки, кеч эки саат суу берилип келатыр.
"Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар, кокус ишиң болбосо Кожошкенде эмне бар?",-деп Баткенчилер айтмакчы, азыркы учурда Таш-Көмүрдө жашагандардан, иштегендерден, анан анда-санда шаардан "кабар алмакчы" болгон чоңдордон, долбоор түзө койчумун деген ички-сырткы ишкерлерден башка эч ким деле Таш-Көмүрдү эңсеп бара коюшу күмөн. Себеби, шаарга түз кирип барчу илгерки эски көпүрө суу алдында калды дебедикпи. Ал эми шаарга түштүк тарабы менен түндүк тарабынан кире калчу жол итапкан алыс.
Мен бул кабарда Таш-Көмүр шаары эч кимге керексиз, же келечексиз деп айтуудан ат чабым алысмын. Тек эле мурдагы Союз үчүн көмүрдүн жана химиялык элементтердин Мекени болуп келген бул шаарды мурда-кийин көргөндөр, же көрбөгөндөр азыркы учурда даана элестетсин деп учкай сүрөттөдүм. Насилинде, кен чыккан жерлер адегенде гүлдөп, акырында күлгө айланып калмайы тарых чындыгы эмеспи.


Сөз оролу башкада, окурман. Март ыңкылабынан соң Жалал-Абад шаарында эки жыл мэр болуп иштеп, областтык борбордун 130 жылдыгын эң сонун уюштуруп өткөрүп, тарыхта биринчи жолу Жалал-Абад шаарын "Данакер" орденине татыктуу кылып, эки жылда кылымдык өзгөрүү деңгээлине, ирээттүүлүккө жеткирген Жалал-Абаддын мурдагы мэри МАМАСАЛИЕВ Дүйшөналинин новатордук жетекчилик жөндөмүн эске алган мамлекет башчысы бул кадрды биз жогоруда сөз кылган Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып үстүбүздөгү жылдын 1-августунда дайындаса, шаар кеңешинин депутаттары 5-сентябрь күнү аны шаардын мэри кызматына бир добуштан шайлашты.
Түйүндүү маселе бардык жерде бар, бирок Таш-Көмүрдө бардыгынан өзгөчө экенин Кыргыз Өкмөтү эске алды. Сергек ой жүгүртүп көрсөңүз Кыргызстандын азыркы шартында башкаруу - аткаруу кызматына мекенчил-патриоттор эле келбесе, бийликтин мурдагыдай сый-ургаалын кыялдангандардан майнап жок экенин калайык жакшы түшүнүп калды.
Жакында эле жогоруда сөз козголуп жаткан Таш-Көмүр шаарынын турмушу менен мүмкүн болушунча тааныштым. Дүйшөнали Мамасалиев кызматка барган биринчи күндөн баштап шаар калкынын турмуш, пикиринен кабардар болуп, коомдук комитеттердин жашоочулары менен график түзүп алып, күнүгө жолугушууларды өткөрүп, Президент Курманбек Салиевичтин алдыга койгон милдеттери менен шаар калкын кенен тааныштырып жатыптыр.
Шаардагы "Тынчтык" коомдук комитетинин тургундары менен жолугушууда катышкандар шаар ичиндеги автотрассада машинасын 150 ылдамдыгында айдап өтчү көпкөлөңдөрдү, бир мотоциклге төртөө минип алып зуулдаган эңгезерлерди кармап катуу жазалоо, автожолдорго аргасыздан жолго "полицайларды жаткыруу", жарандардын паспортторун каттоого койдуруу тартибин күчөтүү, шаарга таза сууну үзгүлтүксүз берүү зарылдыгын, шаар тазалыгын көзөмөлдөө керектигин козгошту.
Адегенде эле суроолорго жооп кылып, шаар Кеңешинин төрагасы Максим Токтосунов: "Анжиян, Наманган өстү дейбиз, алардын ар бир үй-бүлөсү саарлап туруп, короосуна, көчө тушуна суу сээп, шыпырып, тазалап, таштандысын алып коюп, анан тиричилигин башташат. Ал шаарлар ошон үчүн таза. Силердин эмнеңер кем алардан? Өзүңөр аракет эткиле", - деген жообун таасын узатты.
Дүйшөнали Мамасалиевич бүгүнкү күндөн баштап автоээнбаштар кан буугандай ооздукталарын, ал эми "жолго жаткырылган полицай" мыйзамга туура келбестигин, ал өзгөчө кырдаалдын "аргасыз" ыкмасы экендигин, жол эрежесин мыйзам чегинде эле жолго салуу мүмкүндүгүн жолугушууга келгендерге түшүндүрдү.
- Таш-Көмүр шаары келечектүү жана өнөр жайлуу шаарга айланарын өлкө башчысы Курманбек Салиевич баса белгиледи,- деп сөз баштады Дүйшөнали Мамасалиев. - Ирандык инвесторлор Таш-Көмүрдө 211 миллион долларлык долбоор менен иштеп, 4000 жумушчу орундуу цемент заводун курууга белсенип жатышат. Ошондой эле индустар жогорку сапаттагы болот металлын өндүрүү үчүн завод курууга белсенишүүдө. Алар эки жылдан бери жумушчуларды жайгаштыруу үчүн бир көп орундуу жатаканасын куруп бүтүрүп, эми экинчисин куруп жатышат. Буюрса бул заводдо да 4000 жумушчу оруну жаралат. Бул өнөр жайлары ишке кирсе орточо 8 миң жумушчу орунуна ошончо үй-бүлө көчүп келерин, же чет элдерде эмгек кезгининин кейпин кийип жүргөн өз жарандарыбыз өз Мекенибизде сыпайы турмуш кечиришине шарт түзүлөрүн карашыбыз керек.
Союз учурунда өнөр жайлуу шаарлар адегенде гүлдөп, анан ал жердеги кен-байлыктын кору түгөнгөндө "кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жоор эшек" кылып, талкаланган, уратылган, зыяндуу калдыктар калган, Сары-Жаз, Миң-Куш, Макмал, Чаткал, Көк-Жаңак, Таш-Көмүр сыяктуу аймактарыбыздын тарыхынан ачуу сабак алган элибиздин турмушуна калыс баасын берген шаар жетекчиси эмки оор өнөр жайы менен иштеген тараптарга Кыргызстан мындан ары "убактылуулук лимитин" бербестигин, эгемен Кыргыз өлкөсү азыр көзү ачылып калган мамлекет экендигин тастыктап түшүндүрдү.
Кичи райондорду бул шаардагылар буга чейин коомдук комитет деп түзүшүптүр. Мунусу менен Таш-Көмүрлүктөр мэрия тескөөчү-аткаруучу бийлиги эмес, шааркеңештин коомдук тескөөсүнүн ролун жогорулаталы дешсе керек, бирок аткаруу бийлиги тескебеген аймак анархияга, охлократияга толук ооп кетерин эске алышпаган го деген ойдо калдым. Логикалык жактан карасаңыз деле коомдук комитет деп түзгөндө ал комитеттер мамлекеттик материалдык жардамга муктаж эмес, өз зарылчылыктарын өздөрү камсыздап, атүгүл мамлекетке да жардам бере алгыдай аймак болууга тийиш. Ал эми ошол коомдук комитеттерге бириктирилген калктын үнүнө кулак төшөсөңүз атына заты таптакыр жарашпай эле. "Мамлекет эч нерсе кылбай жатат, мэрия кайда жүрөт, шаар депутаттарынын бизге кереги жок" деп чуулдашат.
Алла буюруп, шаардагы Меңдигулов коомдук комитетинин калкы менен жергиликтүү аткаруу бийлигинин башчыларынын жолугушуусуна да катышып калдым. Бул коомдук комитет Нарын дайрасын Шамалдуу-Сай ГЭСи бөгөгөн жээкте, мурдагы колот-кашаттарды азыр ГЭС тосмосу көлдөткөн кыргакта турушат экен. Тоодон сел ташкыны калктын акыр-чикирин агызып келсе да көлмөлөнүп, тез арада суу тазаланып калчу түрү жок. Ошондой бир балит көлдү насос менен сордуруп жатышыптыр. Көлмө ичинде элдин таштаган акир-чикирлери калкып жүргөнүн көрүп, табият эми пенделеринин күнөөсүн мындан ары кечирбестигин түшүндүм.
Баяндообуз баш айлантпасын үчүн Меңдигулов коомдук комитетинин калкы менен жолугушууда сөз сүйлөгөндөрдүн ар биринин ысмын атабай эле, анда сөз болгон жалпы көйгөйдү сүйлөм ирээтинде баяндайын: "Селден булганыч көл пайда болду. Ошол булганыч көлдү дезинфекциялагыла! (Бери болгондо 500 миң сом керек). СЭС, ӨКМ каякты карап олтурат!? Аймакта жолбун ит толуп кетти. Атпайсыңарбы! Целлофан баштыктары шаарды каптап кетти, бороон болгондо башыбызга оролот, үйүңөрдө эле өрттөбөйсүңөрбү! Биздикилер акир-чикирлерди Нарынга эле төгө беришет, ушундай балит шаар. Ошол сууну сузуп чыгып иче беребиз. Ичөткөк болуп, өлүп кайра тирилдим. Жашым сексенге таяды, үйүм көчкүдө калган, эми бирөөнүн үйүндө өлөмбү?! Башкасы жетишип калгансып, эки-үчтөн ит багышат, улуп-уңшуп, түнү менен уктатпайт. Ити баламды тиштеп алып, кайра мени айыптуу кылышты. Шаар депутаттарынын кереги жок, көчөгө эки лампочка коюп бер десем менин колумдан келбейт деди.
Шопоков көчөсүндө түнү "ууга" чыккан кыздар сөгүнүшсө эркек эмес, пил да чыдап тура албайт. Акир-чикирди түнү келип, белгиленген точкага эмес, жолго, сууга төгүп кетишет. Мойнуна коё албайсың. Эл жогортон эле жардам күтүп отура бересиңер, ишембиликке чыкпайсыңар! Жазда отургузган дарактар көгөрбөйт, өскөн бак жок, жыйынтык маалымат берип кутуласыңар. Сел алган, габион берилген, ошону да биргелешип төшөбөйсүңөр! Сел огородду басып кетип жатат. Акир-чикир толуп кетти, айланайын, чымын көбөйүп, оокат кылдырбай жатат. Чымын дары сээп бергилечи? Ка-ап, өзүңөр таза кармасаңар эле болот эле го. 1000 сом пенсиям унга жетпесе, балдарым биерде кантип жашайт? Базардын баасын арзандатып бергиле, мал арзандап кетти, эттин басы болсо асманда! Мечит-медресенин короосун адам карагыс кир. Молдолор бекинип алып эмне иш кылып жатышканын билбейм. Башка жакта мечит-медресенин короосу гүл эй! Таш-Көмүрдө болсо акир-чикир" - сыяктуу ич-күптүлөр чуурулуп жатты.
Шаардын жаңы мэри жана журналисттер калк менен жолугушууга кошо катышкандыктанбы, шааркеңештин төрагасы Максим Токтосунов аларга жооп кылып: "Депутаттарды мен шайлап берген эмесмин, аймагыңардагы үчөөнү тең өзүңөр шайлагансыңар. Айтканда ойлонсоңор, кыл, кыл… дей бербей. Андан көрө сунуш берсеңер. Калк акир-чикирге 7 айда 2000 сом топтопсуңар. Бир жылда аны тазалатууга 2 миллион сом топтолушу керек. Айына 150 миң сом топтолушу мерчемделген. Шаардагы 25 миң калк 7 айда 2000 сом топтосо, биз келишим түзгөн ПС ГЭС бизге милдеттүүбү? Сартказиевге биз эми жалдырай албайбыз. Ар бир үй огород сугарганга айына 9 сом, акир-чикир чыгарганга 7 сом 50 тыйын төлөшү керек. Аны убагында төлөбөйсүңөр", - деп жолугушууга келген жердештерин кесе каарып өттү.
Шаар башчысы Д. Мамасалиев мурдагы мэр Шамшарбек Чойбековдун демилгеси менен 4700 метр асфальт жол оңдолгонун, дагы артыкчылыктуу багыттар каралып жатканын, Таш-Көмүр буга чейин бак-дарактуу жашыл шаарга айланганын, мындан ары ар жума сайын ишембилик өткөрүлүп, коомдук комитеттер мэрия менен абдан мерчемдүү иштерди биргеликте жүргүзүүсү жолго коюларын, калктын өздүк демилгесин жогорулатуу иштерин башкы багытка койгондо жогорудагыдай турмуш-тиричиликтик түйүндүү маселелер таасын чечилери туурасында далил келтирип баяндап берди.
Шаардагы базарлардын тушундагы кесилиш жолго белгишам коюлган экен, Буга чейин бул шаардан белгишамды жолуктурбаган айдоочулар аны карабай эле уруп-салып өтүп кетип жатыптыр. Шаар милициясына бул иш катуу дайындалып, эми "авточабандестерди" шаар МАИси эсине келтире турган болду.
Жогоруда ташкөмүрлүктөрдүн күнүмдүк тиричилигинин бир үзүмүнө учкай сереп салганымды сергек окурман "майдачыл" деп түшүнбөс деген ойдомун. Союздан калган мындай "белектер", эски психология менен жаңынын ортосундагы чатырмаштар көп эле жерде толуп жатыры. Жогоруда айтылгандар журналисттик сереп. Эми кепти Таш-Көмүр шаарынын мындан аркы келечегин мээнеткеч мэр Дүйшөнали Мамасалиев кайда бурарына багыттайлы.

КЕСИПКЕР ШААР БАШЧЫ
Таш-Көмүр шаарынын аянты 62,4 квадрат килиметрди ээлейт. Шаарда 82 пайызга жакын кыргыз улуту жашайт. Шаардын мэринин башкаруусуна Шамалдуу-Сай шаарча округу жана Кызыл-Жар айыл округу баш ийет. Калкынын жалпы саны 41 миң адамга жакын. Ал эми 25 миңге жакын адам Таш-Көмүр шаарында жашап, бир нече коомдук комитеттерге бөлүнүшкөн. Шамалдуу-Сай шаарча округу өзүн-өзү каржылай алса, Кызыл-Жар айыл өкмөтү материалдык-өндүрүштүк жана каржылык жактан толугу менен шаардын камкордугуна муктаж экен.

- Мен дем алуу жана ден-соолугумду чыңдоо үчүн жыл башында 4 ай убактымды бөлдүм, - деп кеп баштады Д. Мамасалиев, - Мамлекет башчысы мүмкүнчүлүгүмдү сурап, Таш-Көмүр шаарынын өнөр жайын калыбына келтирүү, калктын тиричилигин жаңы нукта өнүктүрүү учурдун талабы экенин айтып, ушул шаарды башкарууга дайындады. Шаардын турмушу, социалдык мүмкүнчүлүктөрү, өнөр жайынын абалы, инвестициялык келечеги менен алгачкы күндөрү эле таанышып чыктым.
Мэриянын аппаратында 3 компьютер бар экен. Андан бир гана компьютер ишке жарактуу. Бул ишти тез арада толук себилдедик. Себеби, күнү-түнү эл арасында иштеп жатышкан кызматкерлерге шарт түзүп берүүбүз зарыл.

- Дүйшөнали Мамасалиевич, шаардын ажарын тазалык, тартип, мамлекеттик өзбелгилер ачат эмеспи. Мен ушул нерселер жетишпегенин байкадым. Анан да Таш-Көмүрдө өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечектүүлүгү кандай?
- Туура эле баамдагансыз. Жашырганда не, эмгек кезгиндигинен улам шаарда жаштар абдан аз калышыптыр. Негизинен орто жаштан жогоркулар, анан пенсионерлер, кызматкелер эле үйлөрүндө. Бул эми дүйнөлүк түйүндүү маселе болуп жатпайбы. Ошондой болгондуктан мамлекеттик өзбелгилер болгон желектерди, гербдерди, көрнөк-жарнактарды, ураан-чакырыктарды жаңылоону биринчи иреттеги жумуш деп баштадык. Тазалыкты калыбына келтирүү ишин адегенде мэриянын имарат айланасынан баштадык.
Ар жума сайын ишембиликтерди уюштуруп, коомдук комитеттерде, ишкана-мекемелерде тазалык-тартипти, ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасоону көзөмөлдөп жатабыз. Коомдук комитеттердин (кичи райондордун) башчылары мэриянын аппараттык жыйынына катышышпайт экен. Ушундай болгондуктан Сиз жогоруда сөз кылгандай, шаар аймактарынын тургундары түйүндүү маселелерин кимге айтарын билбей, тазалык-тартип маселеси татаалдашып калып жатпайбы. Эми алар аппараттык жыйындарга катышып, ички маселелер күн сайын чечилип туруусун жолго коёбуз. Ошондо бийлик менен элдин бири-бирине болгон ишеними ишке ашат.
Шаарда жергиликтүү байланыштык ички түйүндөр да иштебей келген. Бул маселени интернеттик байланыш деңгээлине тез арада келтиребиз. Шаарда мындай мүмкүнчүлүк бар. Тышкы инвесторлорду шаар өнөр жайына тартуу үчүн Таш-Көмүр шаарынын веб-сайтын ачып, дүйнө эли интернет аркылуу бул шаардын өнөр-жайлык мүмкүнчүлүгүн таанып-билүүсүнө, бул аймака кызыгуусуна жетишүү биздин алгачкылык максатыбыз.
Учурда шаарга караштуу бир да таштанды тазалоочу автоунаа жок экен. Шаар кеңеши болсо өз мойнуна көп жоопкерчиликтерди алып алган, бирок материалдык мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, коомдук комитеттер мамлекеттик аткаруу бийлиги мэрия менен иштешин жолго коёбуз деп жатпайбызбы. Ал эми таштандыларды ПС ГЭС менен түзүлгөн келишимге жараша алар айына бир жолу тазалап кетет экен. Бул санитардак талаптарга таптакыр туура келбейт. Буга чейин Оштон бир таштанды тазалоочу машина алынып, каражат бөлүнгөн экен, ошол машина алып келинсе, утурумдук ишке жарап берет. Келечекте дагы андай техникаларды кошумчалайбыз.
Президент Курманбек Салиевич Таш-Көмүрдү өнөр-жайлуу шаар катары кайрадан өнүктүрүүнү табыштап жатат. Буюрса, шаар келечеги абдан кенен. Эки жылдан бери Индустар менен иш жүргүзүлүп, ферросплав, же жогорку сапаттагы болот өндүрүүчү заводдун пайдубалы негизделип жатыптыр. Бул завод ишке кирсе 4 миңге жакын жумушчу оруну камсыздалат.
Экинчи компания - Ирандык инвесторлор менен башталган. Алар 211 миллион долларлык долбоор менен иш баштап, цемент заводун курууга белсенишүүдө. Бул завод ишке ашса газ жок болгондуктан, көмүр шахталарыбыз 100 пайыз иштеп, киреше кире баштайт. Бул иштер алардын долбоорунда толук көрсөтүлгөн.
- Шаардын аймагында табийгый агын суу булактары жок экен. Нарын дайрасы болсо абдан эле төмөн жакта агат. Таза суу, сугат суу маселеси элди да, мэрияны да кыйнап жатканы көрүнүп турат.
- Биз күнүгө түшкө чейинки убактыбызды эл арасында, ишкана-мекемелер арасында өткөрөбүз. Шаарда суу абдан эле чоң түйүндүү маселе. Антсе да "Жаштык" сейилбагын тазалап, бактарды актап, эгемендүүлүк майрамын шаардыктар жаркын маанайда майрамдашты. Шаардын курулганына 65 жыл болду. Суу түтүктөрү да ошончо жылдан бери көмүлүп жатат. Суу чарбасы, Кыргыз Өкмөтү менен иштеп, мурдагы эски долбоор боюнча Таш-Көмүр ГЭСинен пластикалык түтүктөр менен өзү агып келчү долбоорду иштетүүгө аракет кылабыз. Ансыз калктын таза жана агын сууга болгон муктаждыгын чечүү оор. Бул абдан ири сумманы талап кылат, бирок Кыргыз Өкмөтү бул маселени чечип берүүсүн өтүнөбүз. Калктын чөнтөгү сутка боюу электр энергиясы менен Нарындан сордурулуп алып турчу сууга туура келбейт. Саар эки саат, кеч эки саат чыгарылган суу менен жашоо кыйын болот.
Дегеле, суудан башка да түйүндүү маселелер толтура. Жогоруда жолугушууларда сөз болгон майда-барат иштер ири өндүрүштөр ишке киргенде өзү эле чечилип калат. Маселен, шаардагы "Кристалл" заводу 2 линия менен ишке киргени турат. Буга Россия Өкмөтү да кызыкдар. Учурунда Таш-Көмүр абдан бай шаар болгон. Буюрса дагы өнүгүү келечеги бар.
Борбордук көчөлөр болгон Ш. Сыдыков, Токтогул атындагы көчөлөргө түнкү жарык берүүчү лампаларды койдуруп, аны бир жерден иштетүүчү жабдыктарды коюу маселеси чечилди. Ал эми Таш-Көмүр ГЭСи курулуп жатканда шаарга ГЭСтин үстүңкү дэңгээлинен түтүк менен суу өзү агып келгидей деңгээлди ырастай кетсе болмок экен. Муну азыр да Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте карап көрүүгө болот деп ойлойм. Шаардан ГЭСке чейинки 3 чакырымдай аралыктын горизонталдык өйдө-ылдыйын дагы деле карап көрүүгө болот. Анткени, жалаң электр энергиясы менен суу алып туруу ички да, тышкы да мүмкүнчүлүктөрдү оорлоштуруп келатат.
АРИС программасы менен 4 миллион 700 миң сомдук долбоор иштелип жатат. Муну менен шаардын эскирген, сел алдында калган агындылоо түйүндөрүн жаңылоо башкы максат.
- Шаардын эскиден калган мүмкүнчүлүктөрүн жаңы өндүрүш уюштуруу үчүн пайдаланууга болгудайбы?
- АРИС программасы менен 4 чакырым асфальт жолду жаңылоого 21 миллион сом ажыратылган экен. Мунун 8 миллион сому жумшалып, калган каражат иштелбей жатыптыр. Муну суук түшүп кете электе иштеттирип, жолду бүтүрөбүз. Транспорт жана байланыш министрлиги 2 миллион 250 миң сомго шаардагы кире бериш 4 чакырым көчөнү ШПОлотуп берди.
Социалдык объектилер сакталып келатат. Заводдор иштесе кайрадан көп үй-бүлөлөр келет да. Союз таркарда курулуп бүтпөй калган көп кабаттуу үйлөр бар. Агындылоо түйүндөрүн оңдоп, кубаттуулугун жогорулатып алган соң, 50-60 жыл мурда курулган барак түрүндөгү жыгач жана эскилиги жеткен үйлөрдү алдырып таштап, калкка жаңы батирлерди уюштурууга болот. Таш-Көмүр тууралуу өлкө Президентинин пикири да ушундай.
Мурдагы тамеки ферментациялоочу заводду, автобазалардын имараттарын азыркы мезгилге зарыл болгон өндүрүштү курууга багыттай алчу мүмкүнчүлүктөр бар. Баса, Таш-Көмүрдүн калкынын көпчүлүгү Ош-Бишкек автотрассасынын жээгиндеги чоң көпүрөнүн айланасында жүргүнчүлөрдү тейлеп соода-сатык менен тирикчилик кылышат. Бирок, ошол аймак Ноокен районуна карайт. Тейлөөчүлөр бардык эсеп-кысабын Ноокен району менен жүргүзүшөт. Ушул маселени да кеңештердин сессиялары аркылуу чечип, ошол аянтты Таш-Көмүр шаарына каратып берилсе, эл үчүн жеңилдиктер жаралмак. Анткени, ал аянт өз өлкөбүздүн ичинде өз элибиз үчүн эле кызмат кылат эмеспи.
Шаарда саламаттыкты сактоо тармагында 20 пайыз, билим берүү тармагында 30 пайыз, инженердик-технологиялык тармактарда да ушундай көлөмдө кадрдык таңсыктыктар бар. Базарларыбыздагы соода-сатык да күн сайын Шамалдуу-Сайдан жана башка жактардан ташылып келинген товарлар аркылуу жүргүзүлөт. Алдыда дагы арбын маселелер мерчемделүүдө. Буюрса, шаарга келип жаткан инвесторлордун жана өлкөнүн өз мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен шаар кызыкчылыгына пайдалануу менен аймактын келечегин мындан ары да жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр жарала берет.

Уланбек ПАРМАНОВ,
"Айыл өкмөтү" гезитинин
Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчысы