Коомдук-саясый гезит
№24_25, 11.09.08-ж.





  Көзү өткөн уул-кыздарын унутпаган эл - улуу эл

Абдимахит менен пазилет
1921-жылдын жаз айлары. Айлана чөйрө жапжашыл болуп, чымчыктар сайрап, көпөлөктөр учуп жүргөн жаратылыштын эң сонун, адам суктана турган кези. Бектемиров Исабек болуштун үйүндө уул төрөлдү. Ошол эле жылы Жантаев Шүкүр болуш кыздуу болду. Бул эки наристе Абдихамит менен Пазилет, менин таятам менен таенем болчу. Алар болочоктогу жубайлар эле. Анткени Исабек болуш менен Шүкүр болуш дос болушчу. Алар наристелер төрөлө электе эле "Эгерде бирибиз уулдуу, экинчибиз кыздуу болсок, куда болобуз. А эгерде андай болбой, экөө тең уул, же экөө тең кыз болуп калышса, анда кыямат дос кылабыз" деп сүйлөшкөн экен. Ошентип, эки достун тилеги орундалып, Исабек Бектемиров Абдихамит аттуу уулдуу, Шүкүр болуш Пазилет аттуу кыздуу болуп, алар куда түшүшөт.

Бектемиров Исабек болуш аябай акылдуу, чечкиндүү, эл башкарган киши болгон. Ал Лейлек-Сүлүктү аймагынан чыккан Советтик партиялык, коомдук-саясий ишмер, жаңы шарттагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн аталган аймакта түптөөгө жигердүү салымын киргизген талантуу уюштуруучу, Кыргызстандын түштүгүнө гана эмес, кошуна элдерге аттын кашкасындай таанымал эл уулу болгон. Исабек Бектемиров оболу Ходжент шаарынын аскер коменданты, андан соң 20-жылдары башталган жер суу реформасы мезгилинде ошол учурдагы Исфана болуштугунун аткаруу комитетинин биринчи төрагасы болуп дайындалган. Бул жоопкерчиликтүү кызматтар өз мезгилинин билимдүү жана өз элинин түпкү таламын, кызыкчылыгын талаша билген инсан үчүн зор сыноо эле. Исабек Бектемиров кыргыз тилинен башка орус, казак, өзбек, тажик, араб тилдерин да мыкты билген киши болгон. Ал бир эле учурда Сүлүктү-Лейлек аймагында Совет бийлигине каршы көтөрүлгөн басмачы жана башка элементтерден тазалоого, жаңы бийликтин негизин бекем сактоого жетекчилик кылган. Элге башы көрүнгөн таланттуу жетекчини Исфана болуштугунун аткаруу комитетин башкарууга дайындашат, бул мамлекеттик кызматты 1928-жылга чейин аркалаган. Ошол эле учурда кошуна республикалар менен жүргүзүлгөн чек ара маселесине, аны аткаруу, уюштуруу иштерине жергиликтүү кыргыз бийлигинин өкүлү катары жигердүү катышкан. Тарых жана эл баалайт демекчи, эл уулу Исабек Бектемиров журтубуз үчүн ат көтөргүс эмгек жасады. Исабек болуш райондогу эң зээндүү 11 баланы Ходженттеги балдар үйүнө алып барып окууга жайлаштырып, билим алуусун көзөмөлдөп, кадр катары тарбиялап өстүргөн. Алар Усман Элмуратов, Шады Жураев, Гапар Каразаков, Сүйүн Каримов, Разак Мавлянов ж.б.
Бул инсандар кайсы кызматта иштешпесин Исабек болушту "ата" дешип, өмүрлөрүнүн акырына чейин катташып жүрүштү. Кала берсе Исабек Бектемиров атактуу мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун инсан, үлкөн саясий ишмер катары калыптануусуна себепкер болгондугу эл арасында айтылып жүрөт. Исхак Раззаков дайыма Исабек болушка келип турчу.
Пазилеттин атасы Шүкүр болуш да өз мезгилинин атактуу, эл башкарган, адилет, акылдуу, чынчыл инсаны болгон. Ал Исабек болуш менен кыйышпас дос болушкан. Ушундай ишмер инсандардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн Абдихамит менен Пазилет да чоңоюп жатышты. Ал наристелер эки атактуу чоң үй-бүлөгө кубаныч алып келип, досторду жана да жакындаштырды.
Арадан жылдар өтүп, Абдихамит эр жетип, Пазилет да бойго жетти. Абдихамит кара тору, токтоо, мүнөзү оор, бир сырдуу зыңкыйган жигит эле. Ал эми Пазилет болсо ак жуумал, ак көңүл, чечкиндүү, шайыр кыз болуп чоңойду. Алар экөө тең аябай бактылуу эле. Анткени алар бири-бирин абдан жакшы көрчү, урмат кылышчу.
Абдихамит өзүнүн болочок жубайы акылдуу, сулуу, ыймандуу кыз экенин көрүп абдан кубанчу. Пазилет да жолдошунун эң мыкты жигит экендигин ойлоп, тагдырына ыраазы. Алар 1937-жылы 16 жаш курагында чоң той беришип, турмуш курушту. Абдихамит менен Пазилеттин алгачкы турмуш курган жылдары согуш учуруна туура келди.
1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталды. Согушка бардык эр-азаматтар кетип жатты. Алардын арасында Абдихамит да бар болчу. Хамитти узатаарда өзү отряддын командири болуп жүрүп, согуштун эмне экенин жакшы түшүнгөн Исабек болуш кайраттуу киши болгондуктан уулунун эки кулагына азан айтып (соо жаназасын түшүрүп) туруп жөнөткөн. Ал киши уулун узатып жатып, "Уулум мен сени Жеңиш менен күтөм. Өз Ата Мекениңди, элиңди коргоп кайтаарыңа ишенем" - деп Абдихамитти кучактап, эки бетинен өөп, келини Пазилет экөө поезд көрүнбөй калганча узатып карап турушту. Качан гана поезд көрүнбөй калганда кайната менен келин катуу кыйкырып алышты.
Айылда жалаң аялдар менен карыялар, жаш балдар калышты. Алар бардыгы оорукта эмгектенишип, фронтто жүргөн эр азаматтарга азык-түлүк даярдашып жөнөтүп турушту. Пазилеттин эки агасы да согушка кетишти. Бирок, көп өтпөй Пазилеттин эки агасынан тең кара кагаз келди. Пазилет бардык кыйынчылыктарга чыдап, кайнатасын карап, оорукта эмгектенип жүрдү. Күндүн аябай ысык убагында, саратандын ысыгына карабастан кайраттанып иштешип, эл менен чогуу эл көргөн кыйынчылыкты көрдү. Түн жамынып оорукта иштеп жүргөн кыз-келиндердин муң менен арманга жык толгон өздөрү чыгарган ырлары да көп эле:
Жарым кече болгуча,
Жаталбадык, кыйналдык
Түн ичинде түйшөлүп,
Орок оруп кыйналдык.
Абдихамитке атасынын айткан акыл насааттары, сүйгөн жары Пазилеттин айдай сулуу элеси кайрат берип, күчүнө күч кошулуп, душмандар менен аябай салгылашып жүрдү. Ал өзүнүн Ата Мекени, эли-жери менен кошо өзүнүн сүйүктүүсү Пазилетти да коргоп жатканын ойлогондо жүзүнө жылмаюу кирип, жүрөгү толкундап чыкчу да, душмандарга болгон жек көрүүсү ого бетер күчөп, чабуулга өтчү. Абдихамит бир конверттин ичине эки кат жаза турган, бири атасына, экинчиси Пазилетке. Ал каттарынын көпчүлүгүн ыр менен жазчу. Хамиттин Пазилетке жазган катынан:
Туулган айылым Калта-Кол,
Ортосунда катта жол.
Аскерге кеттим коштошуп,
Ардактуу жарым аман бол.
Алып берген ак шайым,
Боюңа кийсең жарашаар.
Баламдын алган жары деп,
Атам жакшы карашаар.
Ал 1942-жылы Сталинград салгылашуусуна катышты. Сталинградда аябагандай катуу согуш болду. Сталинград согушу бүттү. Генералдар баш болгон 96 миң солдат колго түшүрүлдү.
Абдихамит Исабеков 1943-жылдын июнь айында Курск-Орловский согушуна катышты. Бул согушта асмандан бомба жаап, жерден танктар күрүлдөп, эң катуу согуш жүрүп жатты. Ушундай күндөрдүн биринде Абдихамит мылтыгына жөлөнүп уктап кетип, түш көрөт. Түшүндө Абдихамит ат менен сууда баратса, молдо Ташмаат деген тагасы кол булгалап чакырып, колунан тартып суудан чыгарып алат. Ошондо Абдихамиттин калпагы сууга түшүп кетет. Абдихамит ойгонуп кетип, бул түшүн "Демек бүгүн өлбөй калат экенмин, бирок бутумданбы, колумданбы жарадар болот окшойм" деп жоруп койду. "Түштү кандай жорусаң, ошондой болот" демекчи жоруганындай эле Абдихамит түштү көргөндөн 2-3 сааттан кийин бутуна жана көзүнө ок тийип жарадар болду. Бул күн 1943-жылдын 12-июну эле. Ошентип, Абдихамит госпиталга түштү.
1945-жылдын январь айында Абдихамит өз Ата-Журтуна кайтты. Абдихамитти өзү менен теңтуш болгон ошол айылдын уулу Абдивали деген жигиттин атасы Раимберди аксакал алып келди. Күйөөсүнүн кайтып келгени жөнүндө Пазилет минтип эскерип жүрдү:
- Кожоюнум кайтып келди, эсен аман кайтып келди. Кар улуу жааган эле, күн суук эле. Раимберди деген чал алып келип, "Болуш баба уулуңузду алып келдим" деди. Эшикти карасам келип калыптыр. Эң кызыгы итибиз баарыдан биринчи жетип, кучактап турат. Баарыбыз чуркап чыктык. Кайын энем, кайын атам уулу менен кучакташып, ыйлап учурашышты. Раимберди чал беш сом акча берип, "Болуш баба Кудай назар салган адамсыз, мага бата бериңиз, уулум согуштан эсен-аман кайтып келсин, астейдил Кудаа деп бериңиз" - деп кыбыланы карап ыйлап туруп, бата алды.
1945-жылдын 9-майында Совет эли Улуу Жеңишке жетишип, ошондон кийин бардык эр-азаматтар өз жерине кайтып келе башташты. Раимберди чалдын уулу Абдивали да аман эсен кайтып келди. Аны элдер болуш бабанын батасы менен кайтып келди дешти.

Айхан Абдрахманова,
КУУнун Информатика жана
математика факультетинин
2-курсунун магистранты




  Иштемчилдин иши асыл

Калк кадырлаган агартуучу
Каарманым: Баялиева Гүлнара Аскаровна
Эмгек стажы: Кырк эки жыл Сыйлыгы: Эл агартуунун мыктысыТапканы: Элдин сый урматы. Эки кыз, бир уулу.
Дареги: Аксы району. Кербен шаары, Сармат Качикеев атындагы орто мектеп

Атадан калган өрнөкпү Гүлнара Аскаровна көп жылдар партиянын райкомунда түрдүү кызматтарда эмгектенип келди. Анан партиянын райкомунун сунушу менен мектепке келди. Чындыгында кайсыл жерде болбосун тыкан, так, таза иштеп көнгөн Гүлнара Аскаровна ар дайым кесиптештерине принципиалдуу мамиле жасап, алар менен тил табышып жаштарыбыздын эртеңки келечеги үчүн эмгектенип келишет.
Партиялык тартипке көнгөндүгүнөнбү же дээринен жөнөкөй кичи пейил өскөнбү, өзү жөнүндө айтып мактанганды жакшы көрбөйт. Ошентип жүргөнү менен көп эле сыйлык-наамдарга татыктуу болгон адам. Сыртынан көргөн адам жөнөкөй эле мугалим катары көрүп да калышы мүмкүн. Мектепте, болгондо да райондогу эң эски мектепте мугалим болуп иштөө Гүлнара Аскаровнага жеңилге турган жок. Элибизде сөз бар эмеспи "Эскини эки кылганча эсиң оойт" деген. Нускалуу сөз бекер жеринен айтылып калбагандыгын турмуш көрсөтүп келет.
Өткөн жылдарда мен билгенден эле жылуулук системасын жаңылап, көптөгөн класс кааналарынын чирип калган тамандырык тактайларын жаңылап, капиталдык ремонттон чыгарды. Бирок негизи эски болгондуктан, тез эле мектеп кайра эски кейпине келип калып, директордун жүрөгүн оорутуп келет. Райондо жаңы мектеп жөнүндө сөз болгондо эле алыскы айылдагы мектеп сөз болуп, райондун борбору Кербен шаарынын чок ортосундагы бул мектеп кала берет. Мектептин эскилиги деле мектептеги окуу-тарбиялык иштерге өз таасирин тийгизбей койбойт тура. Бирок мугалимдердин уюшкандыгы, биримдиги мектеп директорунун айланасына бекем баш кошкон ынтымак мектеп жамаатын ийгиликтерге багыттап, алга сүрөп келет. Мектепте тажрыйбалуу мугалимдер эмгектенет. Алардын бири Анаркан эжеке ар дайым райондук жыйындарда мектептин түйүндүү маселелерин айтып күйүп-бышып жүгүрүп жүрөт. Негедир акыркы убактарда жаш кадрлардын мектепке келбей жатышы да директор Гүлнара эжекенин жүрөгүн оорутпай койбойт.
Эжекенин өмүрлүк жолдошу Самарбек ага да ушунчалык адамкерчиликтүү жөнөкөй адам болчу, оорунун айынан жалган дүйнөдөн жапжаш эле өтүп кетти. Мына ушул иш да эжеге оор болду. Айла жок, балдарды тарбиялап өстүрүү зарыл, белди бекем бууп, кайраттанып ишке киришти. Аракет натыйжасын берди. Уулу кесипке ээ болуп, иштеп калды. Батма, Зуура эгиз кыздары мектепти жалаң бешке окуп бүтүшүп, бири Ош шаарында, бири Жалал-Абад шаарында жогорку окуу жайларында окуп жатышат. Батма, Зуура биздин көз алдыбызда өсүп чоңоюшту. Мындай кыйынчылык күндөрдө эки баланы мугалимдин айлыгы менен окутуу да жеңил иш эмес экендигин сезем.
Эжедеги жөнөкөйлүктөн, кичи пейилдиктен, сабырдуулуктан мен ар дайым чыныгы мугалимдин бейнесин көрүп келем. Албетте чоң мектеп болгондон кийин ийгиликтер менен бир катар кемчиликтер деле жок эмес. Жалпы эле республиканын мектептеринде окууга окуучулардын кызыгуусу төмөндөп бара жатканы бул мектепте деле сезилет. Бирок, көп окуучулардын областтык, республикалык олимпиада, мелдештерде жараткан ийгиликтеринен карап көрсөк мектепте олуттуу иштер жүрүп жатканын көрсөтүп турат.
Мектептин ичиндеги жасалгалар биз мектепте окуган мезгилдегиден алда канча мыкты жана көркөмдүк деңгээли жогору. Окууда да, билим тарбия берүүдө да ыкмалар жаңы. Бирок жаңы ыкмалар кандай натыйжа берип жатат. Аны мезгил көрсөтөт. Дүйнөлөшүүнүн каптап келе жаткан агымында мугалимдерге деле жеңил болбой тургандыгын турмуш көрсөтө баштады. Бирок, мугалимдер мындай күчкө өз билим тажрыйбаларын, күч-кайраттарын каршы коюп эмгектенип келет. Мен аны Гүлнара эженин ишке жасаган мамилесинен байкап келем.
Жылдар канаттуу куштай мезгилдер менен кошо учуп өтүп келет. Аны кечээги эле жалын жүрөк жаштардын эмгек ардагери болуп өз эмгектерин иш стаждары менен өлчөп калганда айласы жок көрүүгө туура келет.
Гүлнара Аскаровна окуучулар алда качан каникулга кетишсе да мектепке келе жатты. Ичимде бул киши качан эс алат деп ойлодум. Көрсө мектептин жаңы окуу жылына даярдоодогу толгон токой иштер директор эжекени тынч жаткыра койбойт тура. Эми эженин алдыда турган максаты - мектептин шиферлерин алмаштыруу. Мындан отуз-кырк жыл мурда коюлган шиферлер эскирип, сынып, жаңыланууну талап кылып олтурат.
Билбеймин, республиканын элге билим берүү министрлигинин планында бул мектепти жаңылоо планы барбы жокпу? Капиталдык ремонттон көрө жаңы мектеп курган жеңил иш эле деп ойлоймун. Анткени мектептин дубалынын деле кызматы бүтүп калгандай туюла берет.
Кээде ойго батам мына ушул мектепти бүткөн айрым адамдар байлыгы менен мактанууга жараган инсандар, көп соопкерлик иштерди жасап жатам десе оозунан чаң чыгат. Бирөөсү да мектепти ойлоп койгон жери жоктой туюлат. Анткени эң жок дегенде мектептин жаңы долбоорун бүтүрүп, республиканын билим берүү министрлиги аркалуу республиканын бюджетине киргизип берсе гана эми ат көтөргүс иш кылган болот эле го.
Мына ушундай шартта, мектеп жамаатын уюштура билүү менен райондун аймагында мектептер менен ат салышып иштеп келе жаткан мектептин жамаатына, анын директору Гүлнара Аскаровнага ыракматтан башка сөз жок .

Абдымомун Калбаев,
Кербен шаары




  Мугалим - ардактуу инсан

(Эскерүү)
(Башталышы 10-бетте)
Биз сабакка даярданып олтуруп калдык. Дал ошол маалда Чолпонго Кызарттан келчү кум учурган шамал башталды. Кыш мезгили эле, Москвалыктардын машинеси калдактап келипжатак мектептин алдына токтоп калды. Текшерүү деген текшерүү да, алар дароо эле жатаканабыздын тазалыгын кароодон баштаса керек. Тышта кум учурган ушунча катуу бороон болуп жатса, биздин жатаканаларда жууркан-төшөктөр аппак, полдор алардын жүзү көрүнчүдөй таза болсо, ашканада тамак-ашыбыз жогорку деңгээлде даярдалса, ошого эле ал текшерүүчүлөр ыраазы болушуптур. Бардык сабактарды да мыкты өтсөк керек. Спорттук ийримдерди да агайларыбыз иш жүзүндө аткарып көрсөтүп беришти. Текшерүүдөн жакшы өттүк деп агай-эжейлерибиздин жүздөрү жарык. Бала болсок да алардын кубанычы менен биз да кубанып калдык москвалыктар Кыргызстанга, борборго аябай мактап барышса керек. Алар кетээри менен эле "Кыргызстан пионери" гезитинен, "Жаш Ленинчи" журналынан кабарчылар келип, гезит-журналга мактап, фото сүрөттөр менен "Чолпон мектеп интернатында" дешип кабар чыгарышты. "Мугалимдер гезитине" да макталып жарыяландык. Радиого да макталдык. Иши кылып биздин жатак мектеп дүңгүрөп эле макталып жатып калды.
Акырында айтаар кеп, кесиптердин төрөсү мугалим экен, анткени бардык кесип ээлери бүт мугалимден өз кесибине жолдомо алат тура. Ошон үчүн Ч.Айтматов өзү окуткан мугалимдерин өз чыгармаларында каарман кылып, пир тутат окшобойбу??! Мен эми мугаламдик кесипти аркалап, башка акча кучактаган, май мыкчыган кесип ээлеринче байлыкка жетпесем да айлыкка жетип, келечек ээлери болгон балдар менен бала болуп өмүр сүрүп келе жатканыма сыймыктанам. Мен окуткан окуучулар жылуу жүз менен салам берип "Жакшы агай эле", деп коюшса, ошол мага сыймык да, байлык да болмокчу. Бизди агайлар байлыкка, мансапка, арамдыкка кызыктырып окутуп тарбиялаган эмес. Ошол Чолпон жатак мектебин чогуу бүткөн 32 классташымдын бир экөө гана жөнөкөй кесиптин ээси болуптур. Калгандары бүт жогорку билимдүүлөр, алардын ак үйдөн төбөсү көрүнгөндөрү жок, бирок башкы бухгалтер,башкы эсепчи, башкы инженер болуп иштеп жүрүшкөндөрү толтура. Иши кылып бардык классташтарым жерде калбай эл ичинде бараандуу өмүр сүрүп жүрүшөт. Кудайдын мунусуна шүгүрчүлүк кылам.Кээде неберем: "Ата, сиздин классташтар кайда?" - деп сураса: "Менин классташтарым Чолпондо, ошол жактан жолугушуп жүрөм", - деп коём. Дегинкисин айтканда Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов 80 жаштын саресине чыгып, ал эми акын Байдылда Алатоону кыйбай айланчыктап жүрүп көзү өтсө, а мен байкуш айылымдан алыс кете албай, балалыгым өткөн экинчи үйүм болуп калган Чолпон жатак мектебин, анан киндик кан тамган айылымды кыйбай, карапайым мугалимдик кесипти туу тутуп, өмүр сүрүп келе жатам. Жараткандын мунусуна да шүгүрчүлүк!

Зарылбек Осмонов
КР Элге билим берүүсүнүн мыктысы,
Кочкор районундагы
Мамбеталиев атындагы
орто мектептин мугалими