Коомдук-саясый гезит
№24_25, 11.09.08-ж.





  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ЖАЗУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Соңку редакциясы)
I. Тыбыш, тамга жана алфавит.

1-§. Кыргыз адабий тилинде 39 тыбыш бар: он төрт үндүү, жыйырма беш үнсүз. Үндүүлөрдүн сегизи - кыска: а, э, о, ө, ы, и, у, ү; алтоо - созулма:
аа, ээ, оо, өө, уу, үү; жетөө - жоон: а, аа, о, оо, ы, у, уу; жетөө - ичке: э, ээ, ө, өө, и, ү, үү. Үнсүздөрдүн алтоо - уяң: м, н, ң, р, й, л; сегизи - жумшак: б, в, д, ж, ж, з, г, г; он бири - каткалаң: п, ф, с, ш, щ, ч, х, к, к, т, ц.
2-§. Кыргыз тилиндеги тыбыштар 36 тамга менен белгиленет: Аа, Бб, Вв, Гг, Дд, Ее, Ёё, Жж, Зз, Ии, Йй, Кк, Лл, Мм, Нн, ң, Оо, Өө, Пп, Рр, Сс, Тт, Уу, Үү, Фф, Хх, Цц, Чч, Шш, Щщ, ь, Ыы, ъ, Ээ, Юю, Яя.
3-§. Созулма үндүүлөр кош тамга менен белгиленет: аа, ээ, оо, өө, уу, үү.
Аары, саат, жаа, жээк, бээ, оор, боор, жоо, өөн, мөөн, төө, уук, суур, буу, жүүн, күү, жөө, тоо, көө, ээр, суроо ж.б.

II. Тыбыштардын
жазылышы.
1. Үндүү тыбыштардын жазылышы
4-§. Жазууда э тамгасы төмөнкүчө колдонулат:
1. Кыргыз тилиндеги сөздөрдө э тыбышы сөздүн башталышында келсе, э тамгасы менен, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин келген учурларда е тамгасы менен белгиленет, ал эми созулма түрү бардык учурда ээ болуп жазылат. М.: сөз башында - эгин, эки, элик, эр, эски, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин - бет, жер, желек, темир, тирек, кетмен, беде, бетеге, кеңешме, кереге, ар түрдүү орундарда - элек, эмгек, эне, эрте, созулма түрүндө: ээр, жээк, жээн, керээз, мээр ж.б.
2. Орус тилинен же орус тили аркылуу чет тилдерден кирген бир катар сөздөрдө жана энчилүү аттарда айтылыш өзгөчөлүгүн айрыкча белгилеп көрсөтүү максатында сөз башында, үндүүлөрдөн кийин жана үнсүздөрдөн кийин да э жазылышына жол берилет. М.: сөз башында - экватор, экономика, экран, экскурсия, экзамен, энергия, экспедиция; үндүүлөрдөн кийин - аэродром, аэропорт, поэзия, статуэтка, фаэтон, алоэ, үнсүздөрдөн кийин - мэр, сэр, Чжу Дэ, Улан-Удэ.
5-§. Үндүү тыбыштар менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган мүчө уланганда үндүүлөрдүн бири түшүп калат: бала-ым- балам, эне-ым-энем, тара-ын-таран, укта-ып-уктап.
6-§. Уңгу сөздөрдө болсун, же сөзгө мүчө уланганда болсун, оо, уу созулма үндүүлөрү йоттошкон тыбыштардан же й тыбышынан кийин катарлаш келген учурларда алардын айкалышы ёо, юу түрүндө жазылат: аюу, коюу, боё+оо - боёо, ая+оо - аёо, тая+оо - таёо, жай+уу - жаюу, кой+уу - коюу ж.б.

2. Үнсүз тыбыштардын жазылышы
7-§. Төл сөздөрдүн аягында б, в, д, ж, г тыбыштары колдонулбайт, бирок өздөштүрүлгөн герб, клуб, араб, гараж, парад, эпилог сыяктуу сөздөрдө сакталат.
8-§. Төл сөздөрдө р тыбышы сөз башына келбейт, ошондуктан раазы, рас, раак сөздөрү ыраазы, ырас, ыраак түрүндө жазылат.
Эскертүү: араб, фарс, орус ж.б. тилдерден кирген кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат: рамазан, раис, рубаи, рабат, расмий, райкан, рухий.
9-§. Б тамгасынын жазылышы
б тыбышы эки үндүүнүн ортосунда жылчыкчыл в тыбышына окшош айтылса да, жазууда б тамгасы менен жазылат: ооба, аба, собол ("суроо" маанисиндеги сөз), өбөлгө, обон, үбөлүк, кубаныч, убал, добуш ж.б.
10-§. Г тамгасынын жазылышы
1. Сөздөгү же муундагы жоон же ичке үндүүлөрдүн катышына карай г тамгасы эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
2. Жоон үндүүлөр катышып жүргөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы түпчүл г (гы) тыбышын билдирет: ага, агыш, айгыр, бугу, булгаары, гана, жоогазын, жыргал, кургак, шагыл.
3. Ичке үндүүлөр катышып жүргөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: гүл, дөңгөлөк, илгич, кемеге, тегирмен, үгүт, чегедек, эгин.
4. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: газ, галстук, гигиена, госпиталь, градус, агитатор, агроном, бригада.
5. Бир катар сөздөрдө г тыбышы сөздүн эң аягына келгенде, каткалаң к тыбышы сыяктуу айтылат. Бирок, жазууда г тыбышы сакталып кала берет: педагок (айтылышы) - педагог (жазылышы) налок (айтылышы) - налог (жазылышы), диалок (айтылышы) - диалог (жазылышы), демагок (айтылышы) - демагог (жазылышы), залок (айтылышы) - залог (жазылышы).
11-§. Ж тамгасынын жазылышы
Кыргыз тилиндеги ж тыбышы менен орус тилинен кабыл алынган сөздөрдөгү ж тыбышынын айтылышы бири-бирине туура келбесе да, бул эки тыбыш бир гана тамга аркылуу берилет: жашыл, желек, жигит, жолборс, жөнөкөй, жумшак, жүн, жыгач, жандарм, жюри, пейзаж, мажбур, муктаж.
12-§. К тамгасынын жазылышы
Сөздөгү же муундагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай к эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
1. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн муундарда к тамгасы түпчүл к (кы) тыбышын билдирет: кагаз, как, кайчы, кокту, кокустук, кургак, кызык, аксак, мокок, окуу, сактык, тамак, укук.
2. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: кедей, кекилик, кийим, кичинекей, көгүчкөн, күлкү, ичке, айыпкер, эшик.
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген
муундарда да к тамгасы орточул к(ки) тыбышын билдирет: кадр, казарма, картон, климат, кодекс, курорт, край, лектор, полковник, тактика, факультет, хоккей, экспонат.
13. ф, х, ц, щ тамгаларынын жазылышы
1. Алфавиттен орун алган ф, х, ц, щ тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат: фабрика, фамилия, ферма, фляга, цемент, цех, патефон, плащ, художник, цензура, футбол, химия, экскаваторщик, цирк, циркуль, щетка.
2. Кыргыз тилинде ф тамгасы айрым тууранды жана сырдык сөздөрдө, ошондой эле кээ бир энчилүү аттарда гана колдонулат: Уф! Күндүн ысыгын карачы. Бөф! Жыты жаман экен. Фатима, Фарида (кишинин аттары).
3. Кыргыз тилинде х тамгасы хан, пахта деген сөздөрдө, ха-ха, ах, бах, төх сыяктуу сырдык же тууранды сөздөрдө гана колдонулат.
4. Араб, иран тилдеринен кирип, айрым тектеш тилдерде х аркылуу айтылып жана жазылып жүргөн рахмат, рахат, хурма, хурсант, хуштар сыяктуу сөздөрдүн кыргызча к аркылуу айтылышына жана жазылышына да жол берилет: ыракмат, ыракат, курма, курсант, куштар.
5. Йоттошкон е, ё, ю, я тамгаларынын жазылышы
14-§. Йоттошкон е тамгасы төмөнкү учурларда жазылат:
1.Үндүү и тыбышынан кийин йоттошкон йэ тыбышын билдирүү үчүн колдонулат: тиешелүү, тиер-тийбес, чие, чиеленген.
2. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө сөз башында жана үндүүлөрдөн кийин йэ тыбышын билдирет: Европа, Египет, евангелие, траектория, реестр, диета, иероглиф, клиентура, проект, уезд.
3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөргө үндүү менен башталган же үндүү тыбыштан турган көбүнчө чакчыл -а (-е) мүчөсү уланганда жазууда йе же йэ түрүндө берилбестен, е тамгасы аркылуу гана берилет: кий - киет, чий - чиет, кеңей - кеңеет. Булардын кийет, чийет, кеңейет же кеңейэт болуп жазылышына жол берилбейт.
15-§. Кыргыз тилинде ё тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. ё тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө о тамгасынан кийин гана жазылып, татаал йо (й+о) тыбышынын ордуна жүрөт: боё, боёк, коён, оён. Бул сыяктуу сөздөр бойо, бойок, койон, ойон түрүндө йо менен жазылбайт.
2. Кой, сой, чой, той сыяктуу аягы -ой менен бүткөн уңгу сөздөргө о тыбышы менен келген мүчөнүн айкалышы йо аркылуу койот, сойот, чойот, тойот болуп жазылбастан, ё тамгасы менен берилет сой - соёт, чой-чоёт, той-тоёт.
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө ё тамгасы төмөнкүчө колдонулат:
- сөз башында үндүүлөрдөн кийин ё тамгасы йо (й+о) тыбыштарынын ордуна жүрөт: ёлка, заём.
- бир катар сөздөрдө ё тамгасы үнсүздөрдөн кийин о тыбышынын ичке айтылышын билдирүү үчүн колдонулат: вертолёт, самолёт, суфлёр, актёр.
- ё тамгасы ф тамгасынан кийин кээ бир энчилүү аттарда жана чет тилдерден кирген айрым сөздөрдө гана жазылат: Фёдор, шофёр.
- орус тили аркылуу кирген бир катар сөздөрдө ж, ч, щ тыбыштарынан кийин ё тамгасынын жазылышы учурайт: дирижёр, стажёр, зачёт, счёт, счётчик, щёлочь, щётка.
- төмөнкүдөй кабыл алынган сөздөр ё тамгасы менен эмес, йо тамгалары менен жазылат: йод, район, майор, Нью-Йорк.
16-§. Кыргыз тилинде ю тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. Уңгу сөздөрдө ю-й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн, уюм, чоюн.
2. Аягы й менен бүткөн сөздөргө таандык мүчөлөр же -ын, -ыл, -ыш сыяктуу үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда тыбыштык йу айкалышы ю тамгасы менен берилет: кой+ым - коюм, кой+ың - коюң, той+ын - тоюн, сой+ыш - союш ж.б.
3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма уу мүчөсү келген учурларда, алардын айкалышы - йуу түрүндө жазылбастан: юу түрүндө жазылат: кой+уу - коюу, сой+уу - союу ж.б.
4. Жазууда ю тамгасы орус тили аркылуу кирген сөздөрдө орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: бюст, жюри, парашют, бюро.
17-§. Кыргыз тилинде я тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. Уңгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет: аяк (айак), аянт(айант), баянда (байанда), даяр (дайар), уят (уйат).
2. Аягы й менен бүткөн сөздөрдөн кийин а тыбышы менен башталган мүчө уланган кезде я тамгасы колдонулат: жай+а+т - жаят, кый+а+быз - кыябыз (кыйабыз эмес), жый+ар - жыяр (жыйар эмес).
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө я тамгасы орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акация, галерея, снаряд, идея, маяк.
III. Баш тамгалардын
жазылышы
18-§. Сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат. Эмгек - бакыт. Биз - элибиздин маданий байлыгына мурасчыбыз.
19-§. Сүйлөмдүн же энчилүү аттын башына келген созулма үндүүнүн биринчи тамгасы баш тамга, экинчиси кичине тамга менен жазылат: Аалам, Ооруктам, Уулум, Ээрден, Аалы ж.б.
20-§. Энчилүү аттар баш тамга менен жазылат (VI бөлүмдү караңыз).

IV. Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы

1. Уңгу сөздөрдүн жазылышы
21-§. Айрым тыбыштары орун алмашып, эки түрдүү айтылган уңгу сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет: айыр//айры, күмөн//күнөм, убакыт//убакты, кайры//кайыр, бакыт//бакты ж.б
22-§. Айрым сөздөрдүн бир же бир нече тыбышынын түшүрүлүп же түшүрүлбөй сакталып айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: алга//алдыга, кең//кеңири, нак//накта, чуму//чумку, бүкүл//бүкүлү, силк//силки, теңир//теңири ж.б.
23-§. Сөз башында н тыбышы түшүрүлбөй жазылат: найза, намыс, нарк, нокто, начар, нөшөр, ноюбас, ным, нике ж.б. Ал эми нечен-эчен, небак-эбак, нары-ары болуп айтылган сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет.
Эскертүү: бул өңдүү сөздөрдүн толук тизмесин орфографиялык сөздүктө берилет.
2. Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы
24-§. Аягы р тыбышы менен бүткөн сөзгө -лык, -луу, -ла мүчөлөрү жалганганда, мүчөнүн башындагы л тыбышы д тыбышына өтүп да, өтпөй да айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: карлуу//кардуу, түрлө//түрдө, шаарлык//шаардык ж.б.
25-§. Чакчыл -а (-й) мүчөсү уланган сөздөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, жак мүчөнүн кыскарып, -м жана толук -мын болуп айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: келем-келемин, окуйм- окуймун, алам-аламын, барам-барамын ж.б.
26-§. Өткөн чактын -ган мүчөсүнөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, булардын -ганмын, -гамын, -гам болуп өзгөрүп же кыскартылып айтылган түрлөрүнүн бардыгына тең жазууда жол берилет: келгенмин-келгемин-келгем, барганмын-баргамын-баргам, окуганмын-окугамын-окугам ж.б.
27-§. Таандык мүчө уланган сөздөн кийин илик, барыш, табыш, чыгыш жөндөмө мүчөлөрү келсе, жөндөмө мүчөлөрүнүн кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: энемдин-энемин, энемди-энеми, энемден-энемен, энеңдин-энеңин ж.б.
28-§. 1-,2-жактын жекелик мүчөлөрүнөн кийин жалпы таандык -ныкы мүчөсү уланганда, мүчөнүн толук жана кыскарган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: баламкы//баламдыкы, иниңки//иниңдики, агамкы//агамдыкы, эжеңки//эжеңдики.
29-§. Чыгыш жөндөмөдө турган мезгил тактоочтордун кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: байыртан//байыртадан, илгертен//илгертеден, эмитен//эмитеден, азыртан// азыртадан.
30-§. -оо, -уу, -өө, -үү мүчөсүнөн кийин -чы мүчөсү уланып жасалган атооч сөздөр уңгудагы үндүүгө карата өзгөрүп жазуучу, тергөөчү, ширетүүчү, бургулоочу түрүндө жазылат.
31-§. Адат өткөн чактын -чу мүчөсү уланган этиш сөздөр жазчу, тергечү, ширетчү, бакчу, иштечү түрүндө гана жазылат.
Эскертүү: этиш сөздөрдүн -ычу, -учу, -үчү формасында жазылышына жол берилбейт: барычумун эмес, барчумун, келүчүмүн эмес, келчүмүн ж.б.
32-§. Башка тилдерден өздөштүрүлүп, аягы жумшак үнсүздөр б, в, г, д, ж тыбыштары менен бүткөн сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт: педагогко эмес, педагогго; Калининградта эмес, Калининградда; Гамбургка эмес, Гамбургга; Алиевтин эмес, Алиевдин ж.б.
33-§. Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн сөздөргө үндүүдөн башталган мүчө жалганса, алар г, б тыбыштарына өтүп айтылышы боюнча жазылат: көк+ыш=көгүш, бак+ар=багар, чап+уу=чабуу, китеп+ы=китеби, бак+ында=багында, топ+ым=тобум ж.б.
Эскертүү: тууранды сөздөрдө бул тыбыштар жумшарбайт: такылда, чакылда, бапылда, тапылда ж. б.
34-§. Аягы уяң үнсүз менен бүткөн сөздөргө таандык мүчө уланганда, уңгунун тыбыштык түзүлүшүнүн өзгөрүп да, өзгөрбөй да жазылышына жол берилет карыным-кардым, мурунуң-мурдуң, эриниң-эрдиң, ийиниң-ийниң ж.б.
35-§. Үндүү тыбыш менен аяктаган этиш сөзгө атоочтуктун -ар//-ыр мүчөсү жалганса, бул мүчө уланган муундагы үндүүнүн созулуп айтылыш формасына жазууда жол берилет: иште+ар=иштээр, башта+ар=баштаар, ойло+ар=ойлоор, ка-ра+ар=караар ж.б.
Эскертүү: -ы, -и үндүүлөрү менен аяктаган сөздөргө -ар//-ыр мүчөлөрү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок жазууда буга жол берилбейт: ири+ир=ирир, чири+ир=чирир, байы+ыр=байыр, жиби+ир=жибир, ысы+ыр=ысыр, ээрчи+ир=ээрчир.
36-§. Үнсүз менен аяктаган этишке -ар мүчөсү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок буга жазууда жол берилбейт: бар+ар=барар, кел+ар=келер, сат+ар=сатар, жүр+ар= жүрөр ж.б.
37-§. Аягы м, п тыбыштары менен бүткөн этиш сөздөргө чакчыл -ып мүчөсү жалганганда, уңгу да, мүчө да тыбыштык жактан өзгөрүп, созулуп айтылгандыктан, андай сөздөр угулушу боюнча жазылат: эм+ып=ээмп, сеп+ып=сээп, өп+ып=өөп, чап+ып=чаап ж.б.
38-§. Аягы н тыбышы менен бүткөн сөздөргө к, г, б, м тыбыштарынын бири менен башталган мүчө жалганса, н тыбышынын ң же м тыбышына өтүп айтылышы мүмкүн, бирок жазууда жол берилбейт: түңкү эмес, түнкү; түмбү эмес, түнбү; күңгө эмес, күнгө ж. б.
39-§. Аягы з тыбышы менен бүткөн сөзгө с, ч тыбыштары менен башталган мүчө жалганса, сөздүн угулганындай жазылышына жол берилбейт: сөссүз эмес, сөзсүз; касса эмес, казса; тоссо эмес, тозсо (эскирсе); асчылык эмес, азчылык ж.б.
40-§. Аягы ч тыбышы менен бүткөн сөзгө с, ч, т тыбыштарынан башталган мүчө жалганса, ч тыбышынын ш тыбышына өтүп айтылышына жазууда жол берилбейт: ушсуз эмес, учсуз; кашты эмес, качты; уушта эмес, уучта; чашса эмес, чачса ж.б.
41-§. Күчөтмө маанидеги кап-, көп, кып-, кип-, күп-, жеп-, чоп-, оп-, ып-, жап-, беп- ж.б.у.с. формалар негизги сөз менен бирге жазылат: капкара, капкайдан, капкачан, күпкүндүз, кипкичине, бепбекер, көпкөк, жепжеңил, чопчоң, опоңой, аппак, жыпжылуу, мупмуздак, ыпысык, жапжалгыз. Ошондой эле тепедентең, тепетең, тападантак, тапатак, чападанчак, чапачак деген сөздөр да бирге жазылат.
42-§. Башка тилдерден өздөштүрүлгөн на-, бей-, анти-, контр-, ди- сыяктуу префикстер өзү айкашкан сөздөр менен бирге жазылат: бейадеп, бейкүнөө, бейбаш, бейжай, бейтааныш, нааразы, натуура, бейкам, бейкапар, антидүйнө, контрреволюция, диалог ж.б.

(Уландысы бар)