Коомдук-саясый гезит
№24_25, 11.09.08-ж.





  Кылмыш издөө кызматынын 90 жылдыгына карата конкурска

Генералдын байсалдуу ӨМҮР жолу
Көпчүлүккө белгилүү болуп калган инсанды жазыш кыйыныраак болоору айтпасам деле белгилүү го. Андай адамды жазыш үчүн бирге жүрүп , бирге иштешип, анан анын бейнесине ой жүгүртпөсө шарт эле жаза коюу оңой-олтоң иш эмес. Ошондой болсо да көптөн бери ойлоп жүргөн оюмду иш жүзүнө ашырууга ниеттендим. Анын үстүнө оңдой берди болуп быйыл ал киши менен өлкөбүздүн түштүк региондорунда, Талас, Көл өрөөндөрундө бир айга чукул бирге жүрүп, анын чукуп тапкандай насаат сөздөрүн угуп, кээ бир кырдаалдардан жеңил эле чыгып кетээрин баамдап, адамга, жолдошко кылган жакшынакай мамилесин көрүп-билгенден кийин гана бул адам жөнүндө аз да болсо гезит бетине баяндоону туура көрдүм. Анткени бул адамдын ар бир сөзү ташка тамга баскандай таамай айтылышы, уккандын жүрөгүнүн тереңинен орун таба ала тургандыгы байкалды.

Эми кепти табышмактантпай, сөз өзөгүнө өтөлү. Сөз Тогуз-Торо жергесинде жарыкка келген, азыр милициянын отставкадагы генерал-майору Токтожума Жээналиев жөнүндө болмок. Токтожума Жээналиев жөнөкөй кыргыз үй-бүлөсүндө көз жарып, Казарман орто мектебин, андан кийин Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктап, турмуш жолун өз учкан уясы - Казарман орто мектебинде мугалимдик кесиптен баштайт. Бирок бул кесиптен көп узабай, райондук комсомол комитетинин катчылыгына дайындалат. 1955-1958-жылдарда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин Нарын облустук комсомол комитетинин жолдомосу менен ички иштер органына жиберилип, кылмыш издөө бөлүмүндө кызмат кыла баштайт. Эч кандай кесиптик даярдыгы жок эле өзүнүн тубаса кыраакылыгынын, ишке чын дилинен берилгендигинин натыйжасында бир канча кылмыштарды ачып, эл оозуна илине баштайт. Муну байкаган Ак-Талаа райком партиясынын биринчи катчысы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров Т.Жээналиевди Ак-Талаа райондук милициясына начальник кылып дайындоону ички иштер министрлигине сунуштайт. Ошентип Токтожума Жээналиев 30 жаш курагында, ага лейтенант кезинде райондук милициянын начальниги болуп дайындалат.
- Ооба, Корчубек Акназаров сыяктуу кыраакы, тажрыйбалуу жана таланттуу жетекчинин ишеничин аткаруу мен үчүн оңойго турган жок, райондук партия комитетинин биринчи катчысы менен иш үстүндө көп жолу жолугушууга туура келди. Бирок ал агалык, аталык, чыныгы партиялык камкордугун көрсөтүп, менин жемиштүү иштешиме өбөлгө түзүп берип турду. Эсимден кетпейт, адегенде кадрларыңды түзүктөп тандап ал да, анан алардын жакшы иштешине мүмкүнчүлүк түз, ар дайым эл менен бирге болгула, эч качан андан оолактабагыла деген сөздөрү алигиче эсимден кетпейт жана бүт практикалык ишимде ушул айтылгандарды эталон кылып журөм жана жаштарга да ошону айтам, - дейт Токтожума Жээналиевич.
Милицияга жаңы эле кирген лейтенант Тогуз-Торо районунан өзүнүн кыраакылыгынын натыйжасында уурдалган 52 миң сомду ачкан. Убакыттын бир топ өтүп кеткенине карабай дүкөнчүнүн жүргөн -турганын иликтеп жүрүп, 52 миң сомду уурдаган дүкөнчүнүн өзү экенин мойнуна салган. Андагы 52 миң сом деген азыркы бир миллион сомго жакындайт. Айта берсек бул кишинин чапчаң ыкмалары, кыраакылыгы менен ачылган кылмыштар жүздөп саналат. Мунун ичинде канчалаган эпизоддуулары бар.
Эми бул кишинин өзүнө токтоло кетсек, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, ким гана болбосун чечилип сүйлөөгө мажбур кыла билген, маданияты кенири, билими терең, кесиптик чеберчилиги жогору, эл менен, коомчулук менен жана мамлекеттик мекеме уюмдардын жетекчилери менен иштиктүү байланыш түзө билген инсан. Ак-Талаа, Жумгал райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниги, Нарын облустук ички иштер башкармасынын кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниги Нарын облустук ички иштер башкармасынын начальнигинин орун басары, ОИИБнын начальниги болуп туруп, партиянын райондук, облусттук комитеттеринин мүчөсү, райондук, облустук кеңештердин депутаты болуп жүргөндүгү Токтожума Жээналиевдин бейнесин толуктап турат. Катардагы милиционерден милициянын генерал-майорлугуна жетиштин өзү да көп нерседен кабар берип турат. Ушундай адамгерчилик касиет ,жогорку профессионалдуулук Токтожума Жээналиевге жогоркудай ийгилик алып келип кызматтык орундардан көтөрүлүүгө өбөлгө түзгөн. Ардактуу эс алууга жакындап калгандан кийин жаштарга насаатчылык, билим, тарбия берүү багытына бет алып, ички иштер министрликтин даярдоо борборунун начальниги болуп иштөө менен СССР ички иштер министринин жогорку мектебинде жана академиясында сырттан окуп, ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясында улуу окутуучу болуп иштеди. 2002- жылдан бери ИИМдин ардагерлерин жетектеп келатат. Бир канча сыйлыктардын: Эмгек Кызыл Туу орденинин, Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалынын ээси жана ондогон медалдарга, грамоталарга татыктуу болгон. "Кыргыз Республикасынын эмгек синирген юристи", "Милициянын жана билим берүүнүн мыктысы" деген наамдарга ээ болгон. Нарын облусунун "Ардактуу атуулу" да болуп саналат. Демек, анын басып өткөн жолу, иштеген иштери кийинки муундарга үлгү, чоң өрнөк болуп эсептелет. Токтожума Жээналиевичтин өзү айткандай генерал асмандан түшпөйт, талыбаган таланттуу иштен жаралат. Кыргыз милициясынын кылмыш издөө кызматынын 90 жылдыгын белгилөөнүн алдында туруп, Токтожума Жээналиевичке мындан ары да чоң ийгилик, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, адамкерчиликтин, жолдоштуктун бийик чокусун каалайбыз.

Жолбоду Осмоналиев,
Ысык-Көл ОИИБнын ардагерлер Кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын журналисттерсоюзунун мүчөсү




  Керегем сага айтам

"Кыз кезинде баары жакшы..."
"Кыз кезинде баары жакшы, начар аял кайдан чыгат" деген ылакап кеп асыл аялзаты, биздин "жарымыбыз", жарыбыз болуп турганда түбөлүктүү темалардан боло берет окшойт.
Эмесе аялзатын даңазалаган, начар жагын да көрсөткөн ыр саптары ырдалып, поэмалар, романдар жазылып, жомоктор, уламыштар жана дастандар ооздон-оозго өтүп айтылбайт эле го.
Атам ыраматылык сөзмөр, эл арасында айтылчу сөздөрдү жакшы өздөштүргөн, макал-ылакаптан сүйлөгөн, даанышман киши эле. "Адам атан төөдөн, аргымак аттан жыгылып жаман болбойт. Сүйлөгөн сөзүнөн, жүрүш-турушунан, иштеген ишинен, убадага турбагандыгынан...жаман болот" деп айтып калуучу.
Кыргыздын каада-салттары, нарк-нускалары тууралуу жазган макалаларымдын негизин атамдын айткандары түздү. Эми дагы билип окурмандарга айтып берейин дедим.
Боз үйдө жашоочу кез. Жайдын күнү тамак-аш тышта жасалат эмеспи. Эт салынып, күлчөтай да бышат. Төрдө улгайган ата-энеси олтурушат. Үйлөнгөн баласы, аялы тамак даярдоодо. Этти табакка баласы бөлүштүрөт. Биринчи табак - ата-энесиники, анан бала-чакага, келин-кезекке тартылат эмеспи.
Табак жасап жаткан күйөөсү сыртта жүргөн келинчегине бир кесим майлуу эт калтырып, аны кантип ага берүүнүн айласын таппайт. Экинчи субаланын күлчөсүн алып келген келинчегине: "Ме, мынабу чарым экен, сен да ооз тийип кой", - деп келинчегине сунат. Келинчеги сунган этти ошол замат оозуна сала салып: "Ой, мунуң чарым эмес эле чалпа-чалпа май турбайбы", - деп эринин айыбын ачып коёт. Каракесек эт жеп олтурган ата-энеси ичинен сызып тим болушат.
Ушу менен сөздү бүтүрсөк болмок, бирок сөз чийки болуп калгансыды. Андыктан сөздү биз жубайым Анар экөөбүз уладык.
Анар: "Кептин баары жанагы керкисинде (күйөөсүндө) болуп олтурбайбы, эмесе "чарым" деп тергебей эле, жалпыга жарыя кылбай эле унчукпай табактын түбүнө калтырып койсо, анан деле алат эле", - деп ой учугун улады.
Мен андан кем калмак белем: "Ал келинчегинин кеп жебесин, капталга түрттүргөндүн бири экенин кайдан билсин", - дедим. Ушуну менен сөз бүттү. Ата күткөн, эне баккан жаштарга бир насаат кеп катары, кептин кадырын билеттир деп атамдын айтканын сунуш кылдым.
Ары жагын акылы болсо өздөрү тереңдетип, түшүнүп алар дедим.
Кененсары Сапарбаев,
ардагер, Карабуура району,
Кызыладыр айылы




"Элдин суроо-талаптары канагаттандырылууда"
дейт Ак-Суу районундагы Бозучук айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Каадаев
Жакында гезитибиздин Ысык-Көл облусу боюнча эл кабарчысы Бектур ажы
Мансуров аны менен аңгемелешкенде Т.Каадаев төмөндөгүлөргө токтолгон:
- Бозучук айыл өкмөтү Ысыккөл областынын Аксуу районунун күн чыгыш тарабында жайгашып, областтык борбордон 33 км, райондук борбордон 25 км алыстыкта тoo этегинде орун алган. Бозучук айыл өкмөтү үч айылдан: Нововознесеновка, Ичке-Жергез, Бозучук айылдарынан туруп, калкынын саны 5926 адам жашайт. Түтүндүн саны 1327, эмгекке жарамдуу калк 3218 адам.
Бозучук айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянты 3156 гектар. Мунун ичинен сугат жерлер - 2601 га, кайрак жерлер - 555 га, көп жылдык чөптөр - 20 га, чабынды жерлер - 20 га. Жайыт жерлер - 3983 га, иштетүүгө жарамсыз жерлер (жолдор, жолдордун бою) - 441,8 га. ФПСтин жерлери - 554,8 га, мунун ичинен сугат жерлер - 236, 5 га, кайрак жерлер - 318, 3 га, бак - 5 га.
Айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган калктын басымдуу көпчүлүгү жер иштетүү менен эмгектенишет. Сугат жана кайрак жерлерди иштетишип картошка, буудай, арпа себишет. Эки жылдан бери картошка, буудай кымбатыраак болуп, элдин турмушу оңолуп калды.
Бозучук айылдык кеңешинин курамы 15 депутаттан туруп, айыл өкмөтүнүн ар түрдүү маселелерин сессияларда чечип берип турушат. Айылдык кеңеште төрт туруктуу комиссия иштейт.
Айыл өкмөтүнүн аймагында социалдык объектилерден: 3 орто мектеп, 2 ФАП, 2 ГСВ, 1 ДЭП, 1 ПОМ, 2 аптека, 1 ветаптека, 1 маалымат борбору, 3 клуб, 2 АЗС, 2 кафе, 3 чоң дүкөн, 30 чакан дүкөн, 1 чач тарач салону, бир сүт кабыл алуучу пункт, 2 почта, 1 байланыш түйүнү, 1 чоң тегирмен, 1 суу тегирмен, 1 кичи тегирмен жайгашкан. Бул мекемелер жеке эле айыл өкмөтүнүн калкынын суроо-талаптарын орундатпастан, коңшу Акбулуң, Акчий айыл өкмөттөрүнүн калкынын да суроо-талаптарын канагаттандырып келишет.
Айыл өкмөтүнүн аймагында өтө жакыр адамдар - 117 адам, 8 томолой жетим бала, 13 жалгыз бой кары, 43 16 жаштан жогорку майып адам, 442 көп балалуу үй-бүлө, 311 жардамга муктаж үй-бүлө бар. Бул үй-бүлөлөргө жакындан жардам көрсөтүү үчүн ар бир үй-бүлөгө социалдык паспорттор түзүлүп, алардын абалына жараша иш чаралар белгиленип, иштер жүргүзүлүүдө.
Бозучук айыл өкмөтү 2008-жылдын башында айыл өкмөтүндө жасала турган иштерди талдап, иш-чара кабыл алган. Мына ошол кабыл алынган иш-чаралар боюнча төмөндөгүдөй иштер аткарылды. Биринчи кварталда үймө-үй кыдырып, калктын жана малдын так эсебин алышты. Техникаларды кароодон өткөрүү боюнча иш чаралар жүргүзүлүп, айыл өкмөтүнүн аймагындагы техникалар ийгиликтүү кароодон өткөрүлдү. Афган күнүнө карата иш чаралар уюштурулуп, ар бир катышуучуга 200 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жерди ижарага берүү боюнча атайын комиссия түзүлдү.
Экинчи кварталда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыялап, иш чараларды иштеп чыгып, ошол боюнча иш жүргүздүк. 8-март, 21-март, Аялдар күнүн жана Нооруз майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн атайын иш чаралар кабыл алынып Нооруз майрамында "Жакшы үй-бүлө - дөөлөт" деген кароо сынакты өткөрдүк. Бул кароо-сынакка айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган, жашоосу элге өрнөк боло турган үй-бүлөлөрдөн тандап, эл алдына алып чыгып кароо-сынак уюштурдук.
Жазгы айдап себүүнү жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн үч айыл арасында мелдеш уюштуруп, айдап себүү мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлдү.
Ар бир айыл арасында элдик жыйындар өткөрүлдү. Бул жыйындарда өзүмдүк малдарды жайытка чыгаруу боюнча, алардын тарифтери, айдап себүүнүн тарифтери эл менен бирдикте бул жыйындарда токтом кабыл алынды.
Жакында айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-уюмдардын кышка карата даярдыгы боюнча отчеттору угулду. Дан комбайндарынын күзгү сезонго даярдыгы жөнүндө иш чаралар белгиленип, аткарылды. Күзгү жыйым-терим өз убагында бүткөрүлсө, түшүм майрамы өткөрүлмөкчү. Мектептерди кышкы сезонго даярдыгы боюнча отчеттор угулуп, көмүрлөрү түшүрүлүп берилүүдө.
Бозучук айыл өкмөтү 2004-жылдан бери АРИС программасы менен иштешип келе жатат. 2007-жылы АРИС программасына долбоорлор жазылып, 2190583 сомдук иштер бүткөрүлдү. Мисалга алсак: көпүрөлөр салынды. Ичке-Жергез менен Бозучук айылдарында техсервистер ачылды. Ушул эле айылдарда ФАПтардын капиталдык ремонту бүткөрүлдү. Нововознесеновка айылындагы мектептин ашканасына суу түтүктөрү киргизилди. Ичке-жергез жана Нововознесеновка айылынын мектептерине тренажёрдук зал ачылды. Ичке-жергез айылынын паркы курчалды.
2006-жылы жергиликтүү инвестициялар боюнча атайын программа кабыл алынган. Ошол программанын негизинде айыл өкмөтүнүн аймагында көптөгөн жумуштар аткарылды.
Ичке-Жергез, Бозучук айылдардындагы ФАПтар капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Төрөт үйүнө ПРООН линиясынан 16000 сом бөлүнүп "Аристон" киргизилди.
Нововознесеновка айылындагы орто мектептин спорт аянтчасы ремонттолду. Спорттук шаймандар сатылып алынды.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев тарабынан Бозучук айылындагы Чокуев орто мектебине 103000 сом бөлүнүп, 5 комплект компьютер сатылып алынды.
Социалдык жактан эң чоң жетишкендигибиз - бул Ичке-Жергез орто мектебинин бүткөрүлүшү болду. Кыргыз Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 4000000 сомго бүткөрүлгөн бул мектеп бардык жагынан азыркы талаптарга жооп бергидей мектеп болду.
Ысык-Көл областынын губернатору К.Исаев тарабынан 84000 сом бөлүнүп, ал ушул эле мектептин эски корпусунун үстүн жаңыртууга жана жаңы музыкалык инструмент алынды.
АРИС программасына долбоорлор жазылып, ремонт иштери жүргүзүлүп, спорттук шаймандар сатылып алынды. Айыл өкмөтүнүн административдик айылынын борбордук көчөсү түнкү жарык менен камсыз болду. Эми айылга кире бериш жерге арко салынмакчы.